Манастын туула элегиндеги бабалары

Түп атасы Түгөл кан, 
үбүнөн Кыдыр даарыган, 
Башкы атасы баары кан, 
Башынан Кыдыр даарыган. 
Түнөп өткөн жерине 
Түптүү мазар орногон 
Муну түбүнөн кудай оңдогон. 
Басып өткөн жерине 
Базарлуу калаа орногон, 
Муну башынан кудай оңдогон. 
Он эки бирге кол берип, 
Калыйпадан кат алган, 
Муну менен зайыппуруш аталган. 
Түп атасы Бөйөн кан, 
Бөйөн кандан Чаян кан, 
Чаян кандан Огой кан, 
Огой кайдан оңойдур 
Муну менен беттешкен 
адам жоголгон. 
Сомдуктун суусун бойлогон, 
Огойго согушкан адам сойлогон, 
Атасынан бабасы 
Арысландын тукуму 
Ичсе канга тойбогон, 
Огой кандан Балакан, 
Балакандын баатыры, 
Канча жерге тараган, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып сабаган. 
Эңкейтип адам албаган, 
Бет алып менде барбаган, 
Балакандан Каракан, 
Кайраттуу, мыктуу, заары күч, 
Бу да катылганды кылган түз, 
Кыргыздан тарап туулган, 
Мунун кайратынан жан чыгып, 
Кытайга салган чуулган. 
Кайраттуу, мыктуу, заары күч, 
Бу да катылганды кылган түз. 
Каракан ээлеп турганда 
Мейманкана беш сарай, 
Берендин жайын сураба, 
Мунун белгилүүсү бир далай, 
Билеги жоон, таш жүрөк, 
Каракан болуп аталып, 
Ал дагы бир мүчөлүү бадирек, 
Айзакерден артык эр, 
А дагы катылганды кылган түз. 
Айбаты бийик, заары күч, 
А дагы ааламга чыр салган, 
Ал Каракан өлгөндө, 
Кайра келбес чын жайды, 
Ошол киши көргөндө, 
Аргын менен кыргыздын 
Кереге-уугун кыйратып, 
Кытайдан Молто кан чыгып, 
Келин-кызын ыйлатып, 
Кылымга татып чатагы, 
Алөөкө деген да чыгып, 
Балбандарын шайлашып, 
Балбанын мыктуу камдашып. 
Аргын, кыргыз аралаш 
Өзөн бойлой конгондо, 
Каракан өтүп дүйнөдөн 
Өрт өчкөндөй болгондо, 
Каяшаякка жан калбай, 
Каяша айтып коюуга 
Калың журттан ал калбай, 
Кытайлардын Молто кан, 
Калайманды баштады, 
Каяшаяк бергенди 
Койбой кырып таштады. 
Алымын артык жороду, 
Кайра айтып койгонду 
Кызыл канга боёду, 
Кылча жанды койбоду. 
Кайраттанып алганда 
Калың кыргыз, аргындын 
Каны суудай ташыды, 
Каракан түшүп эсине 
Калың журттар жашыды. 
Кара калмак, манжуу журт 
Каарын салып узду алды, 
Олжо кылып оңбогур, 
Беш көкүлдүү кызды алды, 
Талдын баарын сулатты, 
Тамдын баарын кулатты, 
Такыр чаап алды эми 
Акыр татыр заманды, 
Журт башына салды эми. 
Түтүнгө алман салганы, 
Тутанып кеткен бул доңуз 
Такыр жыйып алганы. 
«Ай, Каракан, өлбө - деп, 
Бул өңдөнгөн кордукту 
Мендесине бербе! » - деп, 
Калайыктын баары ыйлап, 
Карып калган чал ыйлап: 
«Эртең тартып алат» - деп, 
Ойноо өспүрүм кыз ыйлап, 
Кан талоосу бек азап, 
Кандан калган кыргызды 
Камчыга ченеп бөлүптүр, 
Молто менен Алөөкө 
Арага мыктап алыптыр, 
Азапты бекем салыптыр, 
Алы жок, алсыз кыргызга 
Түтүнгө асый салыптыр, 
Түгөнүп кеткен ал чочко, 
Такыр жыйып алыптыр. 
Аргын менен кыргыздын 
Жаккан отун өчүрүп, 
Жабылта баарын көчүрүп, 
Ал Каракан өлүптүр. 
Каяша берген киши жок, 
Аргын менен кыргызды 
Кечээ камчыга ченеп бөлүптүр. 
Аргын менен кыргызды 
Астын бапан айдаптыр, 
Алсыратып ал журтту 
Түк койбой баарын жайлаптыр. 
Каарланган капырга 
Же кармап берер мал калбай, 
Же каяша айтар жан калбай, 
Тополоңу тоз болуп, 
Токтобой качып кайран журт, 
Капаланып кайгырып, 
Калк айласын табуучу 
Каракандан айрылып, 
Айласын таппай быркырап, 
Кан өлгөндө эки кан 
Кайратты мыктап салыптыр, 
Кара кылбай калың журт, 
Капкайда тентип алыптыр. 
Алымына чыдабай, 
Бирөө тентип Алтайга, 
Бирөө тентип Каңгайга, 
Бирөө тентип Урумга, 
Бирөө тентип Кырымга, 
Элсиз эркин жер калып, 
Каны жок, каңгып эл калып, 
Каракандын катыны 
Кара кийип тул калып 
Каракандын өзүнөн 
Казына толгон бул калып, 
Каракандын сегиз уул, 
Мунун баары жаш тегиз уул, 
Бул Каракан өлгөндө 
Боортокто баары жаш калып, 
Болбогон баары мас калып, 
Атасы өлүп жаш калып, 
Ошо Каракандын сегиз уул 
Кээси жалкы, кээси эгиз, 
Мунун эрдиги журтка эң тегиз. 
Калайыктын баарысы 
«Жетим балдар чоңойсо 
Мунун бир байдасы тиер» - деп, 
Тилек кылып жүрүүчү. 
Атасы Каракан кан эле, 
Каракандын сегиз уулу бар эле, 
Аман жүрүп чоңойсо, 
Ажыратып кыргызды 
Ала турган бала эле, 
Балдардын эрени Жакып, Улак кан, 
Кыр жагынан чалдырып, 
Казына менен калың эл, 
Дүйнөсүн талап алыптыр, 
Муну менен ал балдар 
Талаада боздоп калыптыр. 
Балдар эрешен тартып, эр болуп 
Кечээ эр уулу менен тең болуп, 
Балдар эрбейип атка мингенде 
Абаң Балтай барыптыр. 
Акбалтай жайын сурасаң - 
Нойгуттун мыктуу каны экен, 
Ордолуу журту нойгутту 
Алөөкө канга алдырып, 
А дагы азып калган чагы экен. 
Адырда түмөн көп жылкы, 
Ак үйлүү турган Алөөкө - 
Акбалтай өңдүү каныңдын 
Төбөсүнөн басыптыр, 
Дүнүйөсүн чачыптыр, 
Кирип кетер көр таппай, 
Корголоорго жер таппай, 
Акылдан чындап шашыптыр, 
Төрөнүн уулу экен - деп, 
Жакыпты көздөй качыптыр. 
«Каракандын сегиз уул 
Бириктешип көрсөм - деп, 
Өлсө бирге өлсөм - деп, 
Чалгынды бирге чалсам - деп, 
Чампандан жылкы алсам - деп, 
Тек туруп алым бергенче 
Тиштешип жүрүп өлсөм - деп, 
Кара калмак, манжууга, 
Кагышып жүрүп өлсөм» - деп, 
Кайран Балтай канетсин, 
Караан кылды Жакыпты. 
Кою болду короолош, 
Абаң Балтай көк жалдын 
Ашы болду жороолош. 
«Чалгын барса - чаң бирге, 
Бололук, Жакып, кулунум, 
Өлүм орток, жан бирге, 
Тирүү болсок жыйгандаш, 
Өлүп калсак ыймандаш, 
Балам, Жакып, кебимди ук, 
Менин Алөөкө элимди 
Чыгарып ийди жеримден, 
Суутту менин демимди, 
Сындырып ийди белимди, 
Тийип алды жылкымды, 
Тим эле ачты уйкумду, 
Сындырып кетти белимди, 
Кырып салды элимди 
Тыргооту тыйпыл чогулуп, 
Калкыма кара калмак доо кылып, 
Түбүнө тирүүлөй жеткени, 
Түгөнгөн нойгут журтумду 
Түк койбой кырып кеткени. 
Балбандарын байлады, 
Эрендердин баарысын 
Түк койбой кырып жайлады, 
Чалдын баарын сабады, 
Кыздардын баарын талады, 
Калың казды орумду, 
Кытайлардын Алөөкө 
Кайнатып ийди шорумду, 
Буланы бузуп алганы, 
Кадимки нойгут журтума 
Бузукту абдан салганы, 
Каарын төгүп камады, 
Каарына чыдабай, 
Кан абаң Балтай жадады. 
Укурук тийгис азоо мал, 
Үйүң күйгөн Алөөкө 
Манжуусуна мингизди, 
Кан-казына ордомо 
Күрмөлөрүн күлдүйткөн 
Күчтүүлөрүн киргизди, 
Калайман салып элиме, 
Каран түн салды өзүмө. 
Козголгондо кор чыгып, 
Манжуулардан Алөөкө 
Эсеби жок зор чыгып, 
Жапаа салды бир далай, 
Кечээ айкырып, алым салганда 
Нойгуттун журту чыдабай, 
Апсиси жок Алөөкө, 
Кытайды кудай урганы, 
Алты миң жамбы, миң кундуз, 
Алым алып турганы, 
Ашкере мүшкүл иш болду, 
Ушул Алөөкөнүн кылганы. 
Айтканына көнбөсөк, 
Ал алымын бербесек, 
Шуру отогот, маржан таш, 
Өрттөнгүрдүн жанында 
Луң-туңдун каны аралаш, 
Каары келип какайса, 
Дал-дал болот кайран баш. 
Алөөкөнүн заарынан 
Бет алып менде барбады, 
Айкырык салса Алөөкө, 
Адамдын жаны калбады. 
Алөөкөнүн алдында 
Албан түрдүү алпы бар, 
Алпын алып Бээжинден 
Атайы «Бурут, сени» - деп, 
Бул аттанган экен каркыбар. 
Он эки кылым салбаптыр, 
Бул Каракан өлгөнү, 
Каарланган капырга 
Укурук кайрар калбаптыр. 
Балбаны башка түрү суук, 
Катылган аман калбастай, 
Алдадан буйрук болбосо, 
Адамдын алы жеткисиз, 
Үркүн-дүркүн балбаны, 
Кагылышкан жандардын 
Жөн эле чыга турган алдары. 
Көк темирден тон кийген 
Баатырлары башкача, 
Көк күбөнү жамынып, 
Көрчү болсоң Алөөкө 
Көк жолборстой чамынып, 
Кыргызды кырып кетүүгө 
Келген экен камынып, 
Аскер алып, кол жыйнап, 
Козголоң туман чуу салып, 
Ак үйлүүгө келиптир, 
Каарынан жан чыгып, 
Канча адам өлүптүр. 
Балбандары башкача, 
Баатырлары бир канча, 
Кытайдан жыйган калкы бар, 
Каяшаяк бергенди 
Канын ичмей салты бар, 
Казына мыктап жыюуга, 
Камынган экен каркыбар. 
Кериги бар, били бар, 
Алөөкө оңой жоо эмес, 
Кейиштүү, балдар, билип ал! 
Алөөкөнүн күчөшү 
Адам билип алгысыз, 
Кагыша кеткен менденин 
Бирөө да тирүү калгысыз. 
Секидеги кароолу - 
Санап койсок сексен төрт, 
Үйүң күйгөн кытайдын 
Серп алган жагы кызыл өрт. 
Түзү суук балбаны 
Тутанып кеткен ал доңуз 
Түк койбой жыйып алганы. 
Адамдан башка сөздүү бар, 
Балбанынын ичинде 
Түрү суук жалгыз көздүү бар, 
Балбанынын баарысы 
Чапчышканды койбогон, 
Бир чочконун этине 
Бир жегенде тойбогон, 
Мендеден бөлөк сүрү бар. 
Арысландай түрү бар, 
Кармаганды кандаган, 
Кез болгонду жайлаган, 
Чын айбатын көргөндө 
Кез болгон аман калбаган, 
Аны эңкейтип менде алабы, 
Атасы кытай долусу, 
Адам тилин билбеген 
Айбанга чалыш доңузу, 
Алөөкөнүн балбаны 
Кечээ айылды талап турганда, 
Ар шумдуктуу балбаны 
Адамдын мурду-кулагын 
Тумар кылып тагынган, 
Мунун желдети жетик балбаны. 
Издеген экен Алөөкө 
Бул дүйнөлүк пайданы, 
Ушул азыр кезинен, 
Алөөкөнүн күчүнөн 
Өлбөй менде калабы? 
Калайманды карасам, 
Салганы келген кези экен, 
Жердин жүзүн майдандап 
Алганы келген кези экен. 
Аты Алөөкө чоң бааша 
Айзакерден ыктуу экен, 
Ажайыптан окуган, 
Акылы жетик кан экен: 
«Кызыталак, бурут, сени» - деп, 
Ал Каракан өлгөндө, 
Кекенип калган жан экен. 
Алөөкөдөн туулган 
Алтымыш уулу бар экен, 
Чынмачындын Бээжиндин 
Чындаган мыктуу каны экен, 
Чындап: «Бурут, сени» - деп, 
Кастарын тиккен жан экен. 
Алтын менен күмүштү 
Алым салып алгыдай, 
Күчөп кетсе бир күнү 
Такыр кырып салгыдай, 
Эстеп, Жакып балам, бил, 
Бул Алөөкө капырдын, 
Дүйнөгө тойбос баатырдын 
Чалгырты турат көзүндө, 
Чаманын баарын түгөтүп, 
Эми чалганы турат өзүмдү. 
Бөтөнү турат көзүндө, 
Бөлөгү турат сөзүндө, 
Чамасы келсе бул капыр 
Бөлгөнү турат өзүңдү. 
Каарланды Алөөкө 
Катыныңды күң кылат, 
Эркегиңди кул кылат, 
Каарланган капырга 
Каяша берген оңобу, 
Ит менен теңелишер адам жок, 
Бизге каран күн мынча болобу. 
Же качып кирер токой жок, 
Же кармаш кылар чамам жок, 
Же таап качарга жолум жок, 
Талкалашып урушуп, 
Анан кийин өлүүгө 
Жыйыл алган колум жок, 
Белги кылган белим жок, 
Белиме таңуу бир кылып, 
Кытай итке уруш кылууга 
Караканым дагы жок, 
Чалыша турган чамам жок, 
Алыша кетер айлам жок, 
Бүгүн көргөн эртең жок, 
Ээ, чиркин ушундай экен, 
дүйнө бок! 
Айланы кантип кылабыз, 
«Атасы өлгөн бала» - деп, 
Айланса болот, Жакыбым, 
Силерге караан кылып турабыз. 
Белгилеп уккун сөзүмдү, 
«Беренден калган бала - деп, 
Белек кылдык өзүңдү». 
Акбалтай зарлап муну айтып, 
Алөөкөгө алдырып салган 
шумду айтып, 
Акбалтай абаң турганда 
Текечи кан, Шыгай кан 
А да келди антаңдап, 
Чакчелекей чаң болуп, 
Башы челек кан болуп, 
Кыясыз жолун чалдырып, 
Кыйын дүйнө, сан мүлкүн 
Кытайларга алдырып, 
Азапты мыктап тарттырып, 
Кароолдогу балбандан 
Алтымышын Алөөкөгө аттырып, 
Каны качып алсырап, 
Элтелеңдеп жүгүрүп, 
Эми өлүп кетчүдөй 
Кайран жандан түңүлүп, 
Элтеңдеп экөө муну айтат: 
«Кытай алды жылкымды, 
Калмак бузду мүлкүмдү, 
Тыргоот төктү канымды, 
Койбос болду кылайтып, 
Бир чымындай жанымды. 
Калың кытай түптүү журт, 
Каканчынын калкы бар, 
Караканың өлгөндө: 
«Такыр кырып кетсек» - деп, 
Камынган экен каркыбар. 
Катылгандын баарысын 
Канын ичмей салты бар, 
Кыйшактасак кызыталак, 
Кыйратып чогуу кырат го, 
Өкүмүнө көнбөсөк, 
Каалаганын бербесек 
Тукумсуз журтту кылат го. 
Ал Алөөкө баатырдын, 
Каны Молто капырдын 
Ажайыбы, мүлкү бар, 
Алты айчылык азапты 
Азыр билип берүүчү 
Сыйкырчылуу кары бар, 
Тутанып өлгөн чочконун 
Ажайыбы дагы бар, 
Кериги бар, били бар, 
Келжиребей балдарым, 
Ушул сапар тилимди ал! 
Каары күчтүү капырдын 
Айтканына көнөлү, 
Дегенинин баарысын 
Назыр кылып берели. 
Ушул кезде Алөөкө 
Балбаны бар, колу бар, 
Баарыбызды кырууга 
Балбандары чогуу бар, 
Жосуну бөлөк, заары күч, 
Балдарым, аны жолотсоң, 
Жандарыңдан күдөр үз! 
Жоругу бөлөк Алөөкө 
Жолборсу он беш төлдөптүр, 
Буга жолоп адам келбептир. 
Бет алып адам жеңбептир, 
Азыркы кезде Алөөкө 
Ажыдаары алтымыш, 
Анын ар жак жагында 
Кылыч тумшук били бар, 
Буга бет алып менде баргысыз, 
Береним, балдар, тилимди ал 
Алөөкөнүн аскери 
Абайлап көрсөм, балдарым, 
Албан түрдүү көрүнөт, 
Ал балбанды көргөндө 
Акылым кетип бөлүнөт, 
Топон суу каптап кетсе да, 
Тозголдошот көрүнөт, 
Буттай темир курчанган 
Жолум үйдөй күрсү алган, 
Жолукканды бир салган, 
Байлануу жатат балбаны, 
Жолугушуп баргандын 
Чыгып кетет далдалы. 
Жердеп жүрдүк карлуу тоо, 
Аңырайган капчыгай 
Атасы жок балдарга 
Мен арманым айтам бир далай. 
Ырымы бөлөк, заары күч, 
Ырас кудай эми урду, 
Каптап кирди кытай журт, 
Баарыбызды кылат түз!» 
Алөөкө камап келгенде 
Аргын, кыргыз аралаш 
Алек болуп кайран баш, 
Алакандай бусурман 
Айласы кетип кысылган, 
Нойгуттан бар Акбалтай, 
Текече кан, Шыгай кан, 
Улак кан бар, Жакып кан, 
Каракандын сегиз уул 
Айласы кетип дал болуп, 
Үйүрмөнүн сазына 
Үйрүлүп жыйын кылды эми, 
Калк чогулган дөбөгө 
Калдайып жыйын кылды эми. 
Текече айтып кыйла кеп: 
«Кызыталак кытайга 
Кыйрашалы журтум - деп, 
Калкы тыргоот, манжууга, 
Кантип сурак беребиз?» 
Шыгай туруп муну айтып, 
Адам уккус шумду айтып: 
«Молто менен Алөөкөгө 
Алышып ал жетеби, 
Айбаты бийик баатырга, 
Кара курттай капырга? 
Уламадан уласак, 
Билгичтерден сурасак 
Топон суу тийбес кытай журт 
Тозокту эчен салыптыр, 
Мындан мурун кыргызды 
Так токсон чаап алыптыр. 
Бабам Огой чыкканда 
Басташкан экен кытайга, 
Чынмачындын Бээжинди 
Чындап уруш салыптыр, 
Айдап тоону жердетип, 
Азганакай бул журтту 
Бабам күтүп калыптыр. 
Ал Каракан өлдү - деп, 
Кабардан угуп алыптыр. 
Бизди чаап алууга, 
Чаркы келсе кытайың 
Кулдантып чогуу алууга, 
Кара курттай кол болуп, 
Келген экен бул кытай 
Какандан бери козголуп, 
Жери Бээжин жери экен, 
Көптүгү курттан көп экен, 
Түптүү кытай эли экен, 
Түгөтмөккө капырың 
Камына чыккан кези экен. 
Моюнга түштү күйгөн чок, 
Манжуу, кытай жабылса, 
Алууга бизди камынса 
Каяша айтар адам жок. 
Кытай милек, биздер аз, 
Кыларым барбы кудайга 
Дегенине көнөлү, 
Түбү түптүү капырдын 
Каяша айтпай, сөз айтпай 
Сураганын берели. 
Бизде каяша айтар кан да жок, 
Күркүрөгөн капырга 
Күрөшө кетер ал да жок, 
Чапчышарга чама жок, 
Акыр заман салды го 
Ит менен алыша кетер ал да жок. 
Теңелишсек капырга, 
Кан Алөөкө баатырга, 
Жарлык кылса жаңжуусу, 
Жабылып каптап өтөт го 
Тыргооту тыйпыл чогулуп, 
Азганакай журт элек 
Жерге таптап кетет го. 
Кара калмак-солоону 
Калайманды салат го. 
Жети жашар баланы 
Каарланса капырлар 
Денекул кылып алат го. 
Астына сунар айза жок 
Бу журт менен алыша кетер айла жок. 
Мына, бүгүн көргөн эртең жок, 
Кайран башка күн түшсө 
Тойпоңдошсок капырга 
Топурактай тоз кылып, 
Токтотпой чаап алат го, 
Толкуп жаткан капырлар 
Тозокту башка салат го. 
Балдар, бизге медер кылар бел да жок, 
Бет алышып салышчу 
Белге таңуу эр да жок, 
Чалышарга чама жок, 
Эңкүгө бүткөн пас болдук, 
Эзелден бери аз болдук. 
Тогуз бөрү бир койду 
Таласа тарпын коёбу, 
Толгон кытай аз журтту 
Сабаса тарпын коёбу, 
Калың кытай, түптүү журт 
Буга катылган киши оңобу? 
Алөөкө менен Молтонун 
Айтканына көнөлүк, 
Каалаганын берелик. 
Жетимиш кызыл нар айдап, 
Кызыл алтын, ак жамбы 
Нарга артып алалы 
Бөйдө канды төкпө - деп, 
Тартуу кылып баралы. 
Бээжинден келген Алөөкө 
Ак үйлүүгө келиптир 
Кан көтөрүп алалык». 
Бай менен Балтай чамынды 
«Көп эле болсо өлөрбүз, 
Өлүп калса кайран баш 
Кыямат жүзүн көрөрбүз, 
Ажал жетип, күн бүтсө 
Көр азабын көрөрбүз! 
Сурак тийсе кытайың 
Барабанды тартпайбы, 
Баарыбызды олжолоп, 
Тыйпыл кырып карыңды 
Андан кийин кайтпайбы! 
Букара кылса кытай журт: 
«Ууру кылдың» - дебейби, 
Эбин таап кытайың 
Элдин баарын жебейби! 
Луңтуң деген каны бар, 
Колго түшсө бул кытай 
Артыкча башым барында 
Айылымды кантип берейин, 
Кутурган экен Алөөкө 
Ит менен кулжуңдашып көрөйүн!» 
Текече кан, Шыгай кан, 
Кайраттуусу Акбалтай 
Кайран Балтай муну айтып, 
Оозун жыйып алгыча 
Бозала желек, кызыл туу 
Кудай бетин салбай кал, 
Бой-бойлогон ызы-чуу, 
Чаң обого бурулуп, 
Туш-туштан сан кол куюлуп, 
«Каканчылап» чуу тартып, 
Жез түтүк үнү чыркырап, 
Жез най үнү дыркырап, 
Айзанын башы кылкылдап, 
Эми аскердин башы былкылдап, 
Балтачаны бөлүнүп, 
Асты менен айзачаны көрүнүп, 
Чаң обого бурулуп, 
Тыргооту тыйпыл жыйылып, 
Калмагы бөлөк бөлүнүп, 
Асты менен манжунун колу көрүнүп, 
Жаңылбаган мергени 
Жабылып каптап келгени. 
Жаа тартуучу ыктуусу, 
Чалма уруучу мыктуусу 
Колодон чырмап айзасын 
Колойтуп өйдө аштаган, 
Согуш десе сүйүнүп, 
Коркуп колтук ачпаган, 
Койгулашкан адамды 
Коёндой жерге таптаган, 
Алышканды буй кылган, 
Балбандары башкача. 
Бука моюн, буура сан, 
Булкушканды куураткан 
Баатырлары бир канча, 
Дөңгөнүн колу бир илек, 
Күн чыгыштан жабылып, 
Алөөкө колу алты илек. 
Күн батыштан камынып, 
Айбаты бийик, заары күч 
Эми аманат жандан күдөр үз. 
Алек болуп Акбалтай өңдүү кандары 
Чыркырап ыйлайт 
Каракандын жетим балдары, 
Таш күмбөзүн талкалап 
Такыр чаап өттү эми 
Куралган ишин кулатты, 
Кез болгонду сулатты, 
Кадырман кыргыз калкыңдын 
Эми келин-кызын чуулатты, 
Кытай селдей каптады, 
Каяшаяк бергенди 
Кара жерге таптады. 
Жан айласын табалбай 
Шашкан кыргыз мындан көп. 
«Жаным калар бекен» - деп, 
Энтелеңдеп тоо бойлоп, 
Качкан кыргыз мындан көп. 
Карылардын баарысы 
Тизелери бүгүлүп, 
Кайраты жок жамандар 
Кытайлардын астына 
Келин болуп жүгүнүп. 
Ошондо кытай Алөөкө 
Ордону бузуп бул кылып, 
Катындардын баарысын 
Кара элечек тул кылып, 
Кайраттуунун баарысын 
Такыр айдап кул кылып, 
Каракандын казына, 
Мейманкана беш сарай 
Бекемдиги бир далай 
Түркүгүн сууруп алды эми, 
Дүмөктү башка салды эми, 
Казына бузуп өттү эми, 
Түпкө минтип жетти эми. 
Алөөкө кан, Молто кан 
Адам билбес жообу бар, 
Адамды карап кылуучу 
Кумурскадай жайнаган 
Арт жагында колу бар, 
Каптап кирди калың кол 
Эми бусурман журттун шору бар. 
Калың колдун ичинде 
Кытайдан Дөңгө балбан бар, 
Дөңгөнүн жайын сураба 
Мунун жан казандай башы бар, 
Жана жаткан иттей кашы бар, 
Майлаган буудай жүздөнүп, 
Баатырдыгы башкача 
Ачкан ороо көздөнүп, 
Зорлугу тоонун теңиндей, 
Кол алдында чоң Дөңгө 
Козголсо жанды жегидей, 
Чоюнбаш чапчу ыктуу экен, 
Чоң чочко кытайдан чыккан 
мыктуу экен. 
Кынсыз кылыч байланып, 
Кармаса жутуп ийчүдөй 
Каары бетине айланып, 
Айкырык салып сумсайып, 
Буруп темир курчанып, 
Мурунтан чыккан эр экен, 
Каканчылуу Бээжинде 
Атагы Дөңгө дээр экен. 
Жети батман буудай жеп, 
Дан жыттанган эр экен, 
Жеткендин баарын өлтүргөн 
Кан жыттанган кул экен. 
Кез болгонду койбогон, 
Бир камандын этине 
Бир жегенде тойбогон, 
Бээжиндин Кары канынан 
Буйрук алып шаарынан 
Кан талоосун кылууга 
Камданган экен каркыбар 
Кара бурут кыргызды 
Калтырбай чогуу кырууга 
Камданган экен каркыбар. 
Дөңгөнүн жайын сураба 
Чынмачындан Бээжинден, 
Чын какандын өзүнөн 
Тегиз жыйнап, кол алып, 
Албан түрдүү мол алып, 
Көк күбөнү жамынып, 
Көрүүчү болсоң чоң Дөңгө... 
Көк жолборстой чамынып, 
Керинейин чуу тартып, 
Чаң обого бурулуп, 
Тыргоот, шибе, манжуусу 
Тыйпыл баары чогулуп, 
Кытайлардын добулбас 
Чогуу баары кагылып, 
Балбаны такыр жабылып, 
Молто менен Алөөкө 
Буйрук кылып Дөңгөгө: 
«Тили башка тилинде, 
Кызыталак буруттун 
Бизге душман зилинде, 
Союп жерге тапта - деп, 
Баатыр Дөңгө, капта - деп, 
Өлтүрүп жерге тапта - деп, 
Кечээ бурут Огой барында 
Оторго койгон сан кара, 
Бажыга алган түмөн мал 
Түгөл тийип кетти эле, 
Түбүмө минтип жетти эле, 
Менин түгөнбөй турган өчүм бар. 
Төрөсү өлгөн буруттун, 
Мунун төбөсүнөн басалы, 
Төрт түлүгүн чачалы, 
Мунун төрүнө казан асалы! 
Канын байлап кыралы, 
Карасын талап туналы, 
Каяшаяк бергенди 
Калтырбай чогуу кыралы! 
Кызыталак буруттун 
Кызыгына кирели, 
Кулжуңдап кетсе кууратып, 
Куйкасын кармап тилели. 
Айда, Дөңгөм, кол айда, 
Колдун баарын чогуу айда! 
Кайраттуусун камайлык, 
Кыз-келинин түк койбой 
Үй үстүнөн талайлык. 
Кызыталак буруттун 
Жаккан отун өчүрүп, 
Үч үйлүүсүн бир койбой 
Жан-жабылта көчүрүп. 
Камчылан, Дөңгөм, камчылан 
Түйшүктү мыктап салалык, 
Кыз-келинин буруттун 
Түк койбой талап алалык! 
Каарлуу Дөңгөм, кебимди ук, 
Кайраттуусун кыралы, 
Кайраты жок жаманын 
Олжо кылып туналы. 
Кыстап алман салалы, 
Эл четине Алөөкө 
Ак үйлүү кылып баралы, 
Кутуруп жаткан буруттан 
Алманды мыктап алалы, 
Түпкү журтун түк койбой 
Түгөтүп чаап алалы!» - 
Каарланып Молто кан 
Дөңгөгө айтып бул сөздү, 
Жер жайнаган кол болуп, 
Кол санатсыз мол болуп, 
Чаң обого бурулуп, 
Кытайы кыйын жыйылып, 
Беш жагынан кол каптап, 
Белгиси жок мол каптап, 
Жезнай үнү такылдап, 
Барабан үнү баркылдап, 
Кылычы кынсыз көрүнүп, 
Көргөндүн көөнү бөлүнүп 
Керней-сурнай тартылып, 
Калың кытай какайлап, 
Эми келип жетти катылып, 
Жаа жамгырдай атылып, 
Жер карарып түн болуп, 
Көргөнгө дүмөк күн болуп, 
Чаң обого бурулуп, 
Көптүгүн көрсөң кара курт 
Тыргооту тыйпыл жыйылып, 
Айзанын башы кагышып, 
Адамдын башы чабышып, 
Асты элди таптады, 
Аркасы селдей каптады, 
Кайрат кылып, кеп айтпай 
Текече кан, Шыгай кан 
Ала-Тоо бойлоп качканы. 
Көктөн көк ала булут тутулуп, 
Текече кан, Шыгай кан, 
Бечара аман кутулуп, 
Нойгуттардын Акбалтай 
Арсланың калды тутулуп, 
Кудай бетин көргөзбө, 
Адырда жылкы алты сан 
Аны тийип кетти эми, 
Тоодагы жылкы тогуз сан 
Токтотпой айдап өттү эми. 
Тополоңун тоз кылып, 
Түпкө минтип жетти эми, 
Кыйла жанды кырды эми, 
Кыздарды олжо кылды эми, 
Буланы булап алды эми, 
Бузукту башка салды эми. 
Келеңкер чачпак, кең соору 
Келини сулуу кыргыздын 
Кытай кеп кылбай, олжого алды эми. 
Кызыл көйнөк, айча бел 
Кыргыздардын кылактаган сулуу кыз 
Кара калмак, манжуу журт 
Олжо кылып калды эми. 
Мурун Каракан аттуу кан өлүп, 
Каны өлгөндө кара журттун баары өлүп, 
Алөөкө менен Молтонун 
Сурак кылган азабы 
Буттап алтын зер алат, 
Ал алтынды таппаса 
Жайылып жүргөн малды алат, 
Малдан кемип бир калса 
Башты чаап жанды алат, 
Тура чапкан кыргызды 
Туура кункор тул кылды, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып кул кылды. 
Буланы булап алганы, 
Бузукту мыктап салганы, 
Бу Алты-Шаар, Маргалаң 
Аяк жагы Кокон кан, 
Ордолуу шайык көк жөкөр 
Орчуну Букар, Самаркан 
Саны кетип тарады, 
Ак үйлүү күттү Алөөкө, 
Журттун баарын карасаң 
Дал ошого карады. 
Бээжинден келип зор болуп, 
Алөөкө аттуу кан чыкты, 
Алөөкө менен Молтонун 
Добушунан жан чыкты. 
Ааламга өкүмдү 
Салып турду Алөөкө, 
Алык-алман алтындан 
Чалып турду Алөөкө, 
Ал алманды таппаса 
Курмандыкка барганы 
Салып турду Алөөкө. 
Алөөкөнүн азабы 
Ажыдаардай толгонду, 
Алөөкө келет дегенде 
Ыйлаган балдар сооронду. 
Каары келсе Алөөкө 
Катуу мүшкүл иш кылат, 
Каарына тийгенди 
Кара жердей түз кылат, 
Бет алдына барганды 
Бейпай салып жадатат, 
Чындап жини кармаса, 
Бет алдына барганды 
Калдайларга сабатат. 
Каары күчтүү, кан аты, 
Букарасын сабамак - 
Бул кытайдын түбүнөн бери адаты. 
Маргалаңга ажайып 
Салып турду Алөөкө. 
Каарын төгүп кайкайып, 
Канча жерден алымын 
Алып турду Алөөкө. 
«Ай, Каракан, өлбө - деп, 
Бул өңдөнгөн кордукту 
Жан - деп, кудай жаратсаң 
Мендесине бербе» - деп, 
Калайык ыйлап, калк ыйлап, 
Катын-бала жалпы ыйлап, 
Күздүн күнү болгондо 
Түтүнгө асый салганы, 
«Түгөтөмүн азыр» - деп, 
Дүмөктү чогуу салганы, 
Түк койбой жыйып алганы. 
Жазга маал болгондо 
Жалдуу байтал мингизбейт, 
Жалпы жыйып бир алат, 
Күздүн күнү болгондо 
Куйруктуу козу жегизбей, 
Буга күчтү бир салат. 
Үч үйлүүгө бир казан 
Жалгыз үйгө каратты, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып сабатты, 
Калың журттун баарысын 
Калайман салып жадатты, 
Каяшаяк бергенди 
Колун чеге кадатты, 
Акыр-такыр күч кылды, 
Кайран журттун баарысын 
Дүмүрчөгүн түз кылды. 
Кыштын күнү болгондо 
Жана: «Алымга бергин» - деп, 
Кыздан алым баштады, 
Каарына чыдабай, 
Калайыктын баарысы 
Бузулуп кете таштады. 
Өөдө-төмөн өкүрүп, 
Туйлап жүргөн мындан көп. 
«Кыз да болсо 
Өзөктөн чыккан бала эле 
Атаа, өлүмгө кантип бердик!?» - деп, 
Ыйлап жүргөн мындан көп. 
«Алөөкөнүн заары - деп, 
Куткарбады бир кудай 
Бу капырдын каары - деп, 
«Өлөйүн» - деп, өлө албай, 
Өкүрүп турат кайран журт 
Өз жанын өзү кыя албай. 
Калайык антип турганда 
Каракандын сегиз уул - 
Башчысы Жакып, Улак кан 
Баары катар кеп баштап: 
«Минтип тирүү жүргөндө 
Туубай туна чөгөлү, 
Тирүү жүрбөй өлөлү, 
Бу кытайдын кордугун 
Өлгүчө кантип көрөлү, 
Биз дагы Каракандын уулу элек, 
Баары жаман болбосок 
Канзааданын бири элек. 
Тирүү жүрбөй өлдүк го, 
Бу кытайдын кордугун 
Кыяматка көрдүк го! 
Өлбөй тирүү жүргөндө 
Кай мураска жетебиз, 
Күчөгөн экен бу кытай 
Биз бир күрпүлдөшө кетелик! 
Өтүп кеткен Каракан 
Атабыздын чоңдугу 
Аз болсо тоонун сеңирдей, 
Каракандын сегиз уулу 
Атасын тартпай баарысы 
Акмак болду дегизбей, 
Кара-Тоону бет алып, 
Ой беките конолу, 
Кайран Балтай баш болсо, 
Кызыталак кытайдын 
Баласын уурдап соёлу, 
Бир кишиге билгизбей, 
Бир адамга туйгузбай 
Муну четтетип жүрүп соёлу. 
Колдогусун биз жетим 
Билгизбей уурдап соёлу». 
Аттанууга камынып: 
«Азирет!» - деп, жалынып, 
Жай-жарагын шайланып, 
Жоо кылычын байланып, 
Тулпардан жыйып ат алып, 
Тууганы кыргыз журттан бата алып, 
Сай тулпарды токунуп, 
Шашып амаз окунуп, 
Арсландай таптанып, 
Баштыгы Жакып, Акбалтай 
Алтымыш балбан аттанып, 
Кең Кашкар ылдый жакалап, 
Сай буудандын баарысын 
Кайра баштан такалап, 
Кара байыр, казанат 
Калбыр өпкө, жез билек 
Ат тулпарын минишип, 
Түгөнгөн тоонун бетине, 
Тетиги кум арыктуу дайранын 
Оңкойгон тоонун урчуктан, 
Оңурайган тумшуктан 
Супа садык чалганда, 
Кечээ таң дүмпүйүп калганда 
Оргуп-оргуп чаң чыгат, 
Оргуган чаңды караса 
Алтын, жакут, дилде артып, 
Күндүзүн өргүп, түн катып, 
Кызыл дилде, жакут таш 
Кымбаттыны төөгө артып, 
Калдайдан сексен балбаны 
Бээжинге жүрүп калганы. 
Кез болгон экен ошо жол 
Кытайдын токсон балбаны, 
Арсыланы Жакып, Акбалтай 
Талаадан кармап алганы, 
Таш-талканын чыгарып, 
Такыр кырып салганы, 
Жүк арткан төөсү токсон беш, 
Кызыл куйрук кара нар 
Олжо кылып алганы. 
Карактап кармап төөнү алып, 
Балдар келип кыргызга 
Дегенине көнүшүп, 
Ар түтүнгө бир бирден 
Муштумдай алтын беришип, 
Олжого мыктап канышып, 
Ойронду мыктап салышып, 
Таң кашкая атышып, 
Тамаша кылып жатышып, 
Киречилер жол тартып 
Конуп жаткан кезинде, 
Балбандардын баарысын 
Союп жаткан кезинде, 
Аябаган калайман 
Салып жаткан кезинде, 
Балбандарды курманга 
Салып жаткан кезинде, 
Алөөкөнүн алдында 
Жөө желдет деген балбаны 
Ошол акмак кутулуп, 
Канына аман барганы. 
Канына барып муну айтып, 
Алөөкөнүн алдына 
Адам билбес шумду айтып: 
«Каным көрдүм кызыкты, 
Качып келдим бузуктан. 
Таң кашкайып сүргөндө, 
Жерге жарык тийгенде 
Боз алалуу туу көрдүм, 
Ач кыйкырык, куу сүрөөн 
Бир айкайы күчтүү чуу көрдүм. 
Калайманды баштады, 
Эсенкандын алдына 
Алтын жүктөп баруучу 
Балбаныңдын баарын 
Такыр кырып таштады. 
Кара байыр казанат, 
Калбыр өпкө, жез билек 
Кайыпка катар ат минген, 
Илек-илек жоо чыкса 
Сезгенбей жоого бир тийген, 
Курун селде чалынган, 
Катар айза сунганда 
Кудуреттеп жалынган, 
Көрсө бурут өзү экен, 
Казынаңдын баарысын 
Карактап алганы жүргөн кези экен! 
Төбөбүздөн басканы 
Жүктөлгөн дилде, көп алтын 
Олжо кылып чачканы 
Көрдүм бурут өзү экен, 
Карасам кара көзү экен. 
Казып кетти орумду, 
Кайнатып кетти шорумду, 
Чачып кетти мүлкүмдү, 
Кырып кетти элимди, 
Сындырып кетти белимди, 
Укпай кетти сөзүмдү, 
Олжо кылды малымды, 
Агызды суудай канымды. 
Андан көрө таксыр кан, 
Колду жыйып алыңыз, 
Таланып кеткен алтынды 
Такыр жыйып алыңыз!» 
Кабарчысы барган соң 
Мунарга жарык жагылып, 
Добулбас бекем кагылып, 
Айзанын баары кыйылып, 
Адамдын баары жыйылып, 
Канынан буйрук келген соң 
Кытайдын баары ээлигип, 
Кыйындын баары жээлигип, 
Баатырдын баары шамданып, 
Балбандын баары камданып: 
«Түбүнө чогуу жетем» - деп, 
Түк койбой кырып кетем» - деп, 
Карапчы тонун шайлатып, 
Буудандарын камдатып, 
Алөөкөнүн кийгени - 
Көөхардан топчу муштумдай, 
Эми көрүүчү болсоң ушундай, 
Каарланып чамынып, 
Добулбас бекем кагылып, 
Алөөкө кылды буйрукту, 
Кара калмак, манжууга 
Кайра салды шумдукту. 
Алөөкөнүн жанында 
Күрмөчөнүн күлдүйтүп, 
Күчтүүдөн бар бир миң кан, 
Карыпчысын калдайткан 
Калдайдан бар бир миң кан. 
Өрттөй көзү бек жайнап, 
«Алтының алды» дегенде 
Кан ичмеси бек кармап: 
«Акылга дыйкан эриң кел, 
Бул азапты көрүңөр!» 
Акылман экен каркыбар, 
Ааламдын баарына 
Чалдырбай турган чаркы бар. 
Алөөкөнүн эшикке 
Жолборсу он беш төлдөптүр, 
Жолоп адам келбептир. 
Астында алтын тагы бар, 
Алтайчылык өлөрдү 
Азыр бейлеп билүүчү 
Алты аяры дагы бар. 
Атагын уккан чочуган, 
Алтымыш бурку илийди 
Жетик билип окуган, 
Бичиктерин алышып, 
Аяр менен сыйкырчы 
Балын ачып салышып, 
Алты аяры капырдын, 
Ал Алөөкө баатырдын 
Канына айтып бир топ сөз - 
Аярдын баары жабылды 
«Сиздин алтыныңыз табылды! 
Же Каракандын сегиз уул 
Эрешен тартып эр болду, 
Эр уулу менен тең болду. 
Тыңдуудан жыйнап кол алып, 
Эрендерин чогуу алып, 
Булаңды булап алыптыр, 
А балдар бузукту мыктап салыптыр. 
Сенин кызматчыңды кармаптыр, 
Балбаныңды түк койбой, 
Түгөл баарын жайлаптыр. 
Токсон беш төөдө алтынды 
Талап олжо кылыптыр, 
Балбандардын баарысын 
Талаадан басып кырыптыр. 
Эч ким тийбей балбанга 
Букарадан эл жүрөт, 
Каракандын сегиз уул 
Тышка чыккан кытайды 
Талап-булап жеп жүрөт. 
Башчыларын сойбосоң 
Таш-талканын чыгарып, 
Быйыл такыр бөлүп койбосоң, 
Эгерде бизди оң кылбайт, 
Эзелде бизди соо кылбайт. 
Балбан айдап, кол жыйып, 
Колдун баарын мол жыйып, 
Үй үстүнөн басалы, 
Үйүң күйгөн буруттун 
Капкайда жинин чачалы. 
Бокчолорун тинтели, 
Төрүнө чийип сызыкты, 
Кызыталак бурутка 
Бир кылалы кызыкты. 
Суук кептен салалы, 
Ал алтынды бербесе 
Сулуусун тартып алалы». 
Деп, - ошентип, аярлар 
Айтып өтүп кеткенде, 
Алөөкөнүн добулбас 
Буйрук кылып койгондо 
Камынып чабат балбаны, 
Ал добулбас чабылса 
Кулактын чыгат далдалы. 
Добулбас катуу кагылып, 
Добулбас үнүн укканда 
Балбанынын баарысы 
Эми жетти жабылып. 
Күрмө кийген кытайдын 
Күчтүүлөрү оолукту, 
Таш сайынган кытайдын 
Тазалары чогулду. 
Тыргооту тыйпыл чогулуп, 
Керинейин чуу тартып, 
Кез-кез жерде бор атып, 
Кара калмак, манжуунун 
Балбандары чогулуп, 
Алтынын таап алууга 
Жана мүшкүл доо кылып, 
Алман салып калганы. 
Кумурскадай кыжырап, 
Каптады кытай быжырап, 
Кынжылалуу балбаны 
Сегиз уулдун башына 
Кыйын мүшкүл салганы. 
Баштыгы Балтай кан экен, 
Акбалтайдын жанында 
Сегиз жетим бала экен. 
Ал балдарга барганда 
Кайраты бийик, заары күч 
Катылса кылат кырып түз, 
Эми бу капырдан күдөр үз. 
Себилдүү балбан сексен төрт 
Серпишкен жагы кызыл өрт. 
Адам тилин билбеген 
Балбандары бир башка, 
Баары каптап чуркурап, 
Балакет салды куу башка. 
Ал балбанын көргөндө 
Ааламдын калкы жыйылды 
«Кылып иер эми» - деп, 
Каарына чыдабай 
Кыйла кыргыз кырылды. 
Бүгүн көргөн эртең жок, 
Ушундай экен дүйнө бок! 
«Түбүбүзгө жетер - деп, 
Каарланса бул баатыр 
Түк койбой кырып кетер» - деп, 
Калайыктар күйүнүп, 
Эс билгендин баарысы 
Эр Алөөкө алдына 
Келин болуп жүгүнүп, 
Акылман экен Акбалтай 
Аттан түшүп жүгүрүп 
Алөөкөнүн алдына 
Тизеси жерге бүгүлүп, 
Акбалтай турду жүгүнүп, 
Сөзгө чечен Акбалтай 
Кара тилин кайрады, 
Кан Алөөкө алдына 
Кайран Балтай сайрады 
«Баатыр, кан экениң чын болсо, 
Ээлесең кызык жер мына, 
Кырып ийсең, букара кыргыз эл мына, 
Баатыр, жайлап салсаң мен мына! 
Менин чапчыша турган чамам жок, 
Сиз менен алыша турган айлам жок, 
Менин кайра айтар тилим жок, 
Менин кагыша кетер күнүм жок. 
Тойгуча алсаң мал мына, 
Агызчу болсоң кан мына, 
Күтүп алсаң букара, 
Аргын, кыргыз эл мына. 
«Бузук» - деп, кырып жиберсең 
Башчысы Балтай мен мына!» 
Балтай мындай деген соң: 
«Бул айтканың ырас» - деп, 
Молто кан карап турганы, 
Алөөкөнүн өзүнө 
Чоң буйрукту кылганы 
М А Н А С 
«Карактаткан алтындын 
Кайда кеткен дайыны жок, 
Же кармап алган ээси жок, 
Кылмышсыз бар, момун бар, 
Кыйлада нече сонун бар, 
Муну кырып ийсек болобу!? - 
Бу журтта каракчы бар, күрө бар 
Калың журт таза эмеспи, 
Муну кылып жүргөн бирөө бар. 
Кубалашып куушуп, 
Муну куп мойнуна салалы 
«Куураган бурут кылды» - деп, 
Бул журтту кантип кырып салалы! 
Жан сактоого жер керек, 
Алым алып турууга, 
Казынаны жыюуга 
Бизге калың кара эл керек! 
Кылмыштууну табалы, 
Бу кызыталак буруттун 
Капкайда жинин кагалы». 
Анда Алөөкө муну айтат: 
«Бу кызыталак бурутту, 
Токсон беш төөнүн алтынын 
Мына ушул бурут курутту. 
Бу Каракандын сегиз уул 
Чаткалга жыйган малы бар, 
Чамасы келсе бу бурут 
Биз менен чапчышам деген алы бар. 
Бөтөнү турат сөзүндө 
Бөлөгү турат көзүндө, 
Чамасы келсе бу бурут 
Чалышкан турат өзүмө. 
Ушунчада күтүнүп, 
Мунун үйүрүн бузуп тийбесек, 
Эгерде бизди соо кылбайт, 
Муну туш-тушка бөлүп ийбесек! 
Жаккан отун өчүрүп, 
Кызыталак бурутту 
Жан-жабылта көчүрүп, 
Буга жер бербейли конушка, 
Мунун бирөөнү айдап оруска, 
Мунун бирөөнү айдап ийренге, 
Муну түшүрүп жибер тереңге! 
Бирөөнү айда казакка 
Мына минтип түшүр азапка. 
Бирөөнү айда кабыргалуу Каңгайга, 
Бирөөнү айда кара калмак Алтайга, 
Түп коргонун түз кылып, 
Түгөл айдап жоголткун!» 
Муну менен Молто кан 
Алөөкө тилин алганы, 
Балбандары башкача 
Басып кызык салганы, 
Өлтүрбөстөн житирбей, 
Тирүү байлап алганы. 
Кан буйругу эки эмес - 
Кайран Балтай, Жакыпты 
Кырк үйлүү кыргыз баш кылып, 
Алтай көздөй айдады. 
Бирөө айдалды ийренге, 
Бирөө түшүп кетти тереңге, 
Бирөө айдалды оруска, 
Жер табалбай конушка. 
Оболку дарты козголду, 
Тополоңу тоз болду. 
Колу артына байланып, 
Кордук көрүп айдалып, 
Буларды бөлүп турганда 
Калайык ыйлап, кары ыйлап, 
Калайык журттун баары ыйлап: 
«Ай, Каракан, өлбө - деп, 
Азапты бу журт көрбө - деп, 
Бул өңдөнгөн кордукту 
Мендесине бербе» - деп, 
Көөдөнгө батпай көп санаа, 
Талан көргөн кайран журт 
Көзүнүн жашы он талаа. 
Дүмөктүү түйшүк салды эми, 
Каракандын сегиз уул 
Түк койбой байлап алды эми, 
Төрүнө казан асты эми, 
Төрт түлүгүн чачты эми. 
Адырдан тийди бээсин, 
Жакын келсе моминтип 
Жайната муштап мээсин, 
Чыгарып ийди бул журттун 
Капкайдагы кээсин. 
Кайратсызын байлады, 
Кайрат кылган мыктуусун 
Кармап алып жайлады, 
Алардан калган балдарды 
Денекул кылып алганы, 
Какандын кароол канына 
Кызматчы кылып салганы. 
Кайраттууну сабады, 
Катын менен баланы 
Олжо кылып талады. 
Тоодо жылкы тогуз миң 
Токтотпой тийип өткөнү. 
Өрүштөгү төөнү, 
Союп салды Алөөкө 
Баатырсынган дөөнү. 
Ургаачыдан узду алып, 
Бейилиң курган Алөөкө 
Беш көкүлдүү кызды алды. 
Калың казды орлорду, 
Кайнатты такыр шорлорду, 
Бош койбой байлап колдорду, 
Такыр кырып салды эми 
Буларга кол кайруучу чоңдорду. 
Агала желек туу салды, 
Ач айкырык чуу салды. 
Эңкейиштеп бас экен, 
Кыргыздын колу аз экен, 
Өөдөгө чыккан чөп экен, 
Кытайдын калкы көп экен. 
Түрлүү-түрлүү алпы бар, 
Түбүнөн бери куралып, 
Келген экен каркыбар. 
Колуна тийген адамды 
Койбой сабап, талкалап, 
Бөлүп кетер наркы бар, 
Кыйыгына тийгенде 
Кылычтап башын чаап салмак 
Бу кытайдын салты бар. 
Дүмбүрчөгүн түзөтүп, 
Түк койбой талап алды эми. 
Кемпирлерин ыйлатып, 
Абышкасын кыйнатып 
Аябай дүмөк салды эми. 
Коломтосун казды эми, 
Кордук менен талкалап 
Кыргыз журтту чачты эми, 
Өкүм менен иш кылып, 
Өз билгенин кылды эми. 
Каканчынын калкы экен, 
Катылганды бул кытай 
Канын ичмей наркы экен. 
Кытайдан Молто чоң улук 
Кыргызды кырып кетүүгө 
Көк жалың 
Какандан келген тоорулуп, 
Балбандары башкача 
Каары толук капырдын 
Бил мингени бир канча. 
Атсыз жүргөн дөөлөрү 
Кумурскадай быжылдап, 
Курчап келди жөөлөрү. 
Кынжысы бар мойнунда 
Албан түрлүү балбаны, 
Ал балбаны катылса 
Адамдын чыгат далдалы. 
Алөөкө менен Молтого 
Акыл айран, заары күч, 
Каарланган капырың 
Катылганды кылат түз. 
Заары күчтүү балбаны 
Таш күмбөзүн талкалап 
Кыргызды такыр чаап алганы. 
Эр Алөөкө, Молто кан 
Калың колун каптатып, 
Талоон кылып турганда 
Ажалы жеткен жан өлүп, 
Кыргыздан кыйла бала өлүп, 
Шибенин каны чоң Дөңгө, 
Калмактардан Ылама 
Кажылдаган капырдын, 
Кан Алөөкө баатырдын 
Бу кордугун сураба! 
Казанды олжо кылышып, 
Олжолоп алып тунушуп, 
Кара курттай кыжырап, 
Жер тумандап быжырап, 
Асман ачык, жер бүркөө 
Жеткилең кытай жеткени, 
Алөөкөнүн токсон нар 
Кызыталак бурут алдың - деп, 
Акыр заман дүйнөнү 
Башка салып турганы. 
Кан Алөөкө капырга, 
Улугу Молто баатырга 
Олжо болду көп кыргыз, 
Каяша айтар бир жан жок 
Жорго болду көп кыргыз. 
Түндүктү жагып кыйратты, 
Түйшүктү салып ыйлатты. 
Ажалды анык жеткизди, 
Чаманын баарын кеткизди. 
Азаматты кул кылды, 
Катындын баарын тул кылды. 
Кара курттай капырга 
Кайрат кылар бир жан жок, 
Кайран Дөңгө баатырга 
Белгилүү жок, бел да жок, 
Бет алышып турганда 
Же кайрат кылар эр да жок, 
Бүгүн көргөн эртең жок, 
Атаңдын көрү, алакчы 
Мында кырылгандар санда жок, 
Ажыратып алуучу 
Ал Каракан мында жок! 
Сурап ичсе тойбогон, 
Сугалагын койбогон, 
Караңгыда айдаса 
Кабылан сындуу жойлогон, 
Кайран кыргыз эл элек, 
Өзөн бойлоп конуппуз, 
Эр Каракан өлгөндө 
Өрт өчкөндөй болуппуз 
Обол мурда кан өлүп, 
Айла табар жан калбай, 
Же калайыктын баары өлүп, 
Өзөн бойлой конуптур, 
Өйдө кылар бир жан жок 
Өрт өчкөндөй болуптур, 
Баатырлар жатат сабоодо, 
Малдар жатат камоодо, 
Ай караңгы белгисиз 
Түн ушундай экен - деп, 
Алакчы дүйнө, оңбой кал, 
Кытайдын каары келгенде 
Бизге күн ушундай экен» - деп, 
Муңканып ыйлап калың журт 
Арманын айтып тургуча, 
Ачып оозун жыйгыча, 
Андай-мындай дегиче 
Кытайлардан Алөөкө, 
Кырмышанын Мурадыл 
Манжуулардан чоң Молто, 
Таш сайынган кытайдын 
Тазалары чогулуп, 
Күрмө кийген калмактын 
Күчтүүлөрү чогулуп, 
Белбоо кийген кытайдын 
Берендери чогулуп, 
Акылдуусу, ыктуусу, 
Алөөкө менен зор Молто 
Жоонун айласын билчү мыктуусу. 
Айзасы артык учтуусу, 
Кылычы кыйын курчтуусу, 
Чоюнбаш чапчу балбаны, 
Чоң акылман жандары, 
Бичик ачкан сыйкырчы 
Чогулушуп алганы. 
Чаң обого бурулуп, 
Тыргооту тыйпыл жыйылып, 
Кылыччаны шайланып, 
Очогор айбалтасын 
Оңураңдап байланып, 
Каканчын Бээжин дээр экен, 
Каарланса кытайың, 
Каптап кетер эл экен. 
Жарлык кылса жаң-жусу 
Такыр келген эл экен, 
Алакандай кыргызды 
Алек кылып таптакыр 
Алып салган кези экен. 
Өз билгенин кытай журт 
Кылып калган кези экен, 
Олжого катын-кыз алып, 
Тунуп калган кези экен, 
Каяшаяк бергенди 
Т/* о и 
Кайра тартып тим койбой, 
Кырып салган кези экен, 
Калың кытай, какан журт 
Тунуп калган кези экен, 
Кыргыздын баарын кыйратып, 
Олжо кылган кези экен. 
Алтын, күмүш мол алып, 
Жүктөй албай калыптыр, 
Агача келин, сулуу кыз 
Олжосуна көп алып, 
Үптөй албай калыптыр. 
Кытайдын ишин сураба 
Кызыл куйрук нарды алып, 
Кызыл жамбы, көөхар таш, 
Кызыл алтын, жамбы алып, 
Шибелерден эр Дөңгө 
Кынсыз кылыч байланып, 
Кайра жаачу булуттай 
Каары бетине айланып, 
Баатырлыгы башкача, 
Балбандыгы бир канча 
Комокойлуу сыр найза 
Колойтуп өйдө аштаган, 
Ааламга азап баштаган, 
Койгулашкан жоо чыкса 
Коркуп колтук ачпаган. 
Койгулаша келгенде 
Коёндой жерге таптаган, 
Беттешкен аман калбаган, 
Бет алып менде барбаган. 
Көк камандай күүлөнүп, 
Молто менен Алөөкө 
Бул экөөнө сүйлөнүп: 
«Атаңдын көрү, эки кан, 
Азыркы кезде тилимди ал, 
Чоң зыйкырчы жан элем 
Менин айтканымды билип ал! 
Ушу турган бурутка, 
Бурут деген бу журтка 
Калайманды баштайлы, 
Эркеги түгүл буруттун 
Катынын кырып таштайлы. 
Өзү бурут тилинде, 
Кызыталак бурутуң 
Бизге душман зилинде. 
Бул буруттун ырымы - 
Үчтөн-төрттөн көрүнөт 
Атына таккан жырымы. 
Заңгел тоону жердеген, 
Бет алып менде жеңбеген, 
Кароолдоп жолун чалбаган, 
Эңкейтип киши албаган 
Мээнет баскан эл экен. 
Кокустан, тирүү койсок карысын, 
Өлтүрбөй койсок баарысын, 
Асты Какан Бээжинге 
Айыл конуп албасын, 
Сырын алып ал элдин, 
Сыртын көрүп бу жердин 
Семирип сергип албасын. 
Кубары кыргыз кутуруп, 
Көчүп барып жериңе, 
Айыл конуп элиңе 
Обол мурун ыр тартып, 
Андан кийин сыр тартып, 
Семирип-сергип калбасын, 
Андан кийин биздерге 
Укумунан тукуму 
Серпишип уруш салбасын, 
Чынмачындан Бээжиндин, 
Чын какандын элинен 
Тутанып кеткен бурутуң 
Чындашып өчүн албасын!» 
Дөңгө туруп муну айтты. 
Ошол кезде Алөөкө 
Билеги жоон, таш жүрөк 
Өзү бил мүчөлүү бадирек: 
«Атаңдын көрү, эр Дөңгө, 
Ит экенсиң, сен Дөңгө, 
Атым - балбан Алөөкө, 
Каарыма алганда 
Астымда керик малым бар, 
Бурутуң турмак мен өзүм 
Он сегиз миң ааламды 
Талкандай чалар алым бар! 
Ушу кезде байкагын, 
Жолборсум он беш төлдөгөн, 
Ушул кезде өзүмө 
Жолоп адам келбеген. 
Ажыдаарым - алтымыш, 
Анын ар жак жагында 
Кылыч тумшук пилим бар, 
Кыңкылдаган, ой Дөңгө, 
Менин бу күчүмдү билип ал, 
Жүргөнүмөн чаң чыгат, 
Менин добушуман жан чыгат, 
Ушу башым барында 
Эч ким назар сала албайт, 
Мени эңкейтип менде ала албайт. 
Менин каканчыда каным бар, 
Менин канча жерде шаарым бар, 
Ал шаарымды жердеген 
Менин канча жерде жаным бар. 
Бу дүйнөнүн адамын 
Менин ала турган алым бар, 
Аскерим бар, колум бар, 
Бел байлаган белим бар, 
Менин бекип жаткан жерим бар, 
Шуру отогот бөркүм бар, 
Бурутуң эмес ааламды 
Менин буй кыла турган эрким бар. 
Жан багууга жер керек, 
Биз өңдөнгөн кандарга 
Букара болчу эл керек. 
Азканакай бурутту 
Багынтып алсак, 
Бурут деген бу журтту, 
Каарды кантип баштайбыз, 
Катын менен баласын 
Не - деп, кырып таштайбыз?» 
Алөөкө айтып ар кыл кеп, 
Айтып өттү мындай деп: 
«Биз менен алыша турган алы жок, 
Же буруттун акыл тапчу каны жок, 
Катын менен балдарын 
Тегиз кырып таштасак, 
Тентек болот мунуңуз, 
Айласы кеткен буруттун 
Артынан коркуп турасыз, 
Так, алдыңкы жерде туруңуз! 
Улукка мойнуң буруңуз, 
Дөңгө, уят болот мунуңуз! 
Колго тийген букараны 
Не бетиң менен кырдыңыз?» 
Алөөкө оозун эми жыйганда, 
Айтып муну турганда 
Бала каздай баркылдап, 
Баатыр экен кытайдын 
Баягы Молто таркылдап, 
Шуру отогот маржан таш 
Төбөсүндө жаркылдап: 
«Атаңдын көрү, эр Дөңгө, 
Сен айта бербе андай - деп, 
Ушу турган бурутуң, 
Бурут деген бу журтуң 
Ак буудайдай үрөндөш, 
Тукуму бирге сүрөөндөш». 
Андан көрө бу журтту 
Жаккан отун өчүрүп, 
Жалпы баарын көчүрүп, 
Бурамалуу жез найза 
Бурчунан кармап имерип, 
Эрен кабырга жиберип, 
Бирөөнү айдап оруска, 
Жер бербегин үч үйлүү 
Бурут конушка 
Мунун бирөөнү айда ийренге, 
Муну түшүрүп жибер тереңге. 
Мунун бирөөнү айда казакка, 
Түшүрүп ий бурутту 
Кайра тарткыс азапка. 
Бирөөн көчүр кең Оркондун жонуна, 
Түшүрүп жибер, 
Оркондо тыргоот колуна. 
Мунун бирөөнү көчүр Каңгайга, 
Көчүрүп Каңгай жонуна, 
Энчисине басып төмөнкү 
Манжуу шибе колуна. 
Бирөөн жибер Алтайга, 
Адам кирбес түшүнө 
Жибергин, кара калмак ичине. 
Мунун кайраттуусун көрөлү, 
Өлтүрбөстөн, житирбей, 
Кызыталак бурутту 
Камчыга ченеп бөлөлү!» 
Каны буйрук кылган соң 
Калың журт карап турабы, 
Кандын сөзүн эки кылабы, 
Кадырман кыргыз кайран журт 
Каракандын сегиз уул 
Тополоңун тоз кылып, 
Токтотпой байлап алды - дейт, 
Тополоңун тоз кылып 
Тозокту башка салды - дейт. 
Каракандын сегиз уул - 
Улуусу Бай, Үсөндүр, 
Үсөндүн колун байлады, 
Оркон көздөй айдады. 
Байдын колун байлады, 
Төмөн Желпиниш көздөй айдады. 
Улак кан колун байлады, 
Ийренди көздөй айдады, 
Баштыгы Балтай, Жакыпты 
Алтай көздөй айдады, 
Азганакай кыргыздан 
Алышар алдуу калбады. 
Казганы калың ор болду, 
Кайнатылуу шор болду, 
Добушунан жан чыгып, 
Алөөкө башаа кан болду, 
Маргалаңга ажайып 
Салып урду Алөөкө, 
Алты-Шаар, Кокондон, 
Айда сабап сарттардан 
Алым алды ошондон. 
Алөөкө аттуу башааны 
Артыкча кудай урганы, 
Айда сабап сарттардан 
Алты миң жамбы, миң кундуз 
Алым алып турганы, 
Ал алымын таба албай 
Журт тукурап турганы. 
Кытайдан Молто кан чыгып, 
Жүргөнүнөн чаң чыгып, 
Мунун добушунан жан чыгып, 
Сандан кетти калың журт 
Аны мындай таштайлы, 
Байлоого кеткен баатырлар, 
Айдалып кеткен бакырлар, 
Ошондон кабар баштайлы. 
Баштыгы Балтай, Жакыптын 
Эки колу байлоодо, 
Эки көзү жайноодо 
Алты миң кытай, сан калдай 
Өзүлөрү тегеректеп айдоодо. 
Алты өгүз, төрт качыр 
Күчүн берип айдады, 
Алты эчки, үч уйдун 
Сүтүн берип айдады, 
Кырк үйлүү кыргыз журт эле 
Мунун кылайган алы калбады. 
Эти болду көк жашык, 
Каны калды бир кашык. 
Жер жүзүнө даңкайтып, 
Баткызбай айдап баратат, 
Эки күнү бир жерге 
Жаткызбай айдап баратат. 
Же жашынарга кабак жок, 
Жакшылап жеген тамак жок, 
Балдар баспай чуркурап, 
Арык болуп баратат. 
Айласын таппай айдалып, 
Артына колу байланып, 
Карып болуп баратат. 
Күндүзүндө тынч албай, 
Минтип айдап алды эми. 
Түнүчүндө уйку албай, 
Күндө тынып калган жок, 
Күн мезгилин алган жок, 
Айда тынып калган жок, 
Ай мезгилин алган жок. 
Былкылдак куурай бышкыча, 
Мыйзам гүлү учкуча 
Мыктап алты ай айдалды. 
Тоңкойгон эчен тоону өттү, 
Толкуган эчен суу кечти, 
Адыр-будур бел ашты, 
Мунарык тарткан чөл басты, 
Эчки-Өлбөстөн эңкейди, 
Кордой менен Маңканды 
Кошо ашып калды эми, 
Иленин башы Үч-Арал 
Амалсыз кечип барды эми. 
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу, 
Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз 
Тегиз басып алды эми, 
Ары жак жагы - Ак-Талаа 
Ак-Талаага барды эми. 
Ай, жаныбар, Ак-Талаа 
Баба баскан жер эмес, 
Жердиги тыргоот, көп калмак 
Жети ата көргөн эл эмес. 
Ак-Талаа жетип конду эми, 
Ал күнү Ак-Талаа конок болду эми. 
Таң кашкайып сүргөндө, 
Жерге жетип жарык тийгенде, 
Супа садык чалганда, 
Таң дүмпөйүп калганда 
Төбөдөн жылдыз зирилдеп, 
Кыбыла көздөп бириндеп, 
Асмандан жылдыз бөлүнүп, 
Мунарык тартып бүрүлдөп, 
Таң шоокуму көрүнүп, 
Таңдын муздак жели зыркырап, 
Камыштын башы чыркырап, 
Балапан торгой чуркурап, 
Кумунун үстү чийилип, 
Талынын башы ийилип, 
Жаткан экен Ак-Талаа 
Адыр-бүдүр бел экен, 
Абыдан сонун жер экен. 
Бөөт көлчүк, сазы бар, 
Бөлүнгөн өрдөк-казы бар, 
Алмасы бышып көң болгон, 
Жаңгагы бышып сай толгон, 
Кызгалдак чөбү кылкылдап, 
Кымыздык чөп, ышкыны 
Тегиз бышып былкылдап, 
Жаткан экен Ак-Талаа. 
Ортосунда оргуган булак суусу бар, 
Жылтыргандуу шыбагы 
Жыргалдуу экен убагы. 
Суу боюнда өзөнү, 
Бу жерге басып адам келбеген 
Элкин экен жерлери. 
Чырпыктары чынардай, 
Чынарлары мунардай, 
Чымчыктарын карасаң 
Тоодо улуган улардай. 
Кескелдирик жыландай, 
Жыландарын карасаң 
Тогуз кулач аркандай, 
Алда Таала кудурет 
Жан жараткан ар кандай, 
Ак-Талаа жайы ушундай. 
Эркин экен талаасы, 
Бөрсө деген бир жан бар 
Курсагынан бөрсөңдөп, 
Чыгып жүрөт баласы. 
Түрлүү-түрлүү жаныбар, 
Жан көрбөс жандын баары бар. 
Киши кийик, төө кийик 
Адырында мунусу. 
Элкин жаткан жер экен, 
Мунун аягын Алтай дээр экен, 
Ал Алтайды жердеген 
Кара калмак, манжуу журт, 
Кайнап жаткан эл экен. 
Балтай, Жакып баштыгы 
Эмгекке колу байланып, 
Кыргыздан чыгып кырк үйлүү 
Алтайга барды айдалып, 
Айдалып барган карыптар 
Артык Алтай жер тапты, 
Кара калмак эл тапты. 
Кыргыздан каңгып жоголду, 
Кыйланын баары кайгырды, 
Кыйналып журттан айрылды. 
Кара калмак дээр экен, 
Өзү кадырман сонун эл экен, 
Кең Алтайды жайлаган, 
Эшигинин алдына 
Миңден кысыр байлаган. 
Аркысы тыргоот, көп калмак 
Окто тийбей карыган 
Ойноп жүргөн аты бар, 
Төрт түлүктүү калың мал 
Калмагың күткөн экен каркыбар 
Айдалып барган кырк үйлүү 
Баштыгы Жакып, Акбалтай 
Кырк үйлүү кыргыз курган журт 
Саанчы кирип, сүт ичип, 
Минтип жанын бакты эми, 
Жылкы жайып, күч минип, 
Антип жанын бакты эми. 
Кара калмак, манжуудан 
Эчкинин тоңгон майын жеп, 
Эбин таап кысыр тайын жеп, 
Минтип жанын бакты эми. 
Бул калмакка келгени 
Он эки айга толду эми. 
Кырк үйлүү кыргыз ичинен 
Акылманы Акбалтай 
Кыргыздан келген көк бука, 
Көк буканы союшуп 
Көңүл толгон көп капа 
Көп капаны жоюшуп, 
Бала каздай каркылдап, 
Ак сакалы жаркылдап, 
Абаң Балтай кыргызга 
Акыл айтты жаркылдап: 
«Кырк үйлүү келген күнөкөр 
Алыста калды бусурман 
Ордолуу шайык көк жөкөр 
Айдалып келген бусурман 
Жерибиз Алтай дээр экен, 
Алтайда кара калмагың, 
Эң эле сонун эл экен. 
Балдар капанын баарын чачалы, 
Кайгырсак кыргыз табылбайт, 
Алтындын кенин казалы. 
Кетмендеп жерди оёлу, 
Кайран жан өлүп кеткиче 
Балдарым, кең-кесири тоёлу. 
Балдар, капанын баарын коёлу, 
Кайгырсак кыргыз табылбайт, 
Көрүнсө абийир жабылбайт. 
Бизде, балдар, 
Бел байлаган бел да жок, 
Медер кылып жүрүүчү 
Белгилүү кыргыз эл да жок, 
Бизде калка кылар Огой жок, 
Качып кирер токой жок, 
Биздин эл аккан булак жок, 
Дардайып жатар убак жок. 
Жан багуучу карыппыз, 
Кара калмак, манжуунун 
Ортосунда калыппыз. 
Алтай артык жер экен, 
Калмак да караандуу 
Журту артык эл экен. 
Кыйбат сөз айтам билип ал, 
Керүүгө тиккен бак да жок, 
Керсейип жатар чак да жок, 
Талаага турган бак да жок, 
Бизде талтайып жатар чак да жок. 
Сегиз, тогуз жыл болсун 
Жан аябай турушуп, 
Аябай жанды багалык, 
Кара жер менен урушуп. 
Атагы Алтай жер экен, 
Кара калмак, манжуу журт 
Бул аштык билбес эл экен. 
Кырсыкты чечсе жараткан 
Дардайышып жатасың, 
Алып койгон эмгектин 
Табагын тайга сатасың. 
Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, 
Ачкан курсак тоюнат, 
Арыганы семирет!» 
Акыл айтты Акбалтай, 
Олуязаада жан экен, 
Акбалтай аттуу карынын 
Чоң акылы бар экен. 
Айзакерден мыктуу экен, 
Айла тапкыч ыктуу экен. 
Акбалтай бизге кан экен, 
Каңгып келсек бул жерге 
Акбалтай берди жараткан 
Бизде өлбөчү күндөр бар экен. 
Баатыр Балтай кырааның 
Билбегенди билгизген 
Билимдүү Балтай эр экен, 
Туйбаганды туйгузган 
Туйгун Балтай шер экен, 
Касиеттүү жан экен, 
Сүйлөп турса сөзү ачык, 
Бу дүйнөдө көзү ачык, 
Касиеттүү жан экен, 
Атагы нойгут каны экен. 
Азып келдик алыстан, 
Акбалтайды берди кудурет, 
Ушу турган калың журт 
Бир ырысы бар экен. 
Медер кылды Балтайы 
Ушул Акбалтай тилин алалы, 
Чекеден тер агызып, 
Аштыкты кенен салалы. 
Кайгынын баарын жоёлу, 
Кара жерди быйыл 
Кетмендеп жатып оёлу. 
Келжейип басып жүргүчө 
Быйыл кең-кесири тоёлу, 
Акбалтай тилин алалы, 
Быйыл арыптап малды табалы. 
Тирүү жанга мал керек, 
Малды жыйнап калалык. 
Семирип-сергип алалык. 
Жан аябай мал жыйнап, 
Кара калмак, манжууга 
Тең тууган болуп калалык. 
Капанын баарын таштайлык, 
Быйыл кайратты мыктап 
баштайлык». 
«Карып Балтай абаңдын 
Айткан сөзү акыл - деп, 
Акбалтай тилин албастын 
Жети атасы капыр - деп, 
Жетик Балтай муну айтып, 
Жетелүү сөзү акыл» - деп, 
Абам Жакып муну айтат. 
Кырк үйлүүнүн баарысы, 
Азып барган бул журттун 
Акбалтай, Жакып карысы, 
Кырк үйлүү кыргыз баарысы 
Кызматка кирди баарысы. 
Алтын кенин казышты, 
Казып алган алтынды 
Дорбого салып катышып, 
Керек десе калмакка 
Төрт түлүк малга сатышып, 
Шамыянын шайлатып, 
Кош өгүзүн байлатып, 
Жердин жүзүн ачтырып, 
Уучтап тукум чачтырып, 
Эгин айдап, жай болуп, 
Эсепсиз кыргыз бай болуп, 
Ак буудай данын чайнашып, 
Эшигинин алдына 
Алтыдан тулпар байлашып, 
Айдап алган эгиндин 
Кочушун койго сатышып, 
Табагын тайга сатышып. 
Жан аябай жарышып, 
Сан кара күтүп бай болуп, 
Көңүлү мындан жай болуп, 
Санаасы менен болтуруп, 
Сандыгынын баарысын 
Сары алтын мүлккө толтуруп. 
Байлыгын мүлккө толтуруп, 
Короосун чаңга жашырып, 
Бай Жакып деп аталып, 
Сан кара күтүп эр Жакып, 
Төрт түлүгү шай болуп, 
Төрө агаң Жакып бай болуп, 
Астыңкы эрдин шалпайтып, 
Эки өркөчүн каркайтып, 
Атаны алты сан болуп, 
Абаң Жакып бай болуп, 
Ал Алтайда турганда 
Абаң Жакып көкжалдын 
Алтыны жети там толуп, 
М А Н А С 
Адырда жылкы алты сан, 
Аргымак, буудан аралаш 
Жакып күтүп сан кара, 
Көңүлү күндө жай болду, 
Абаң Жакып кайрандын 
Көңүлү журтка жай болду, 
Алтайда манжуу, калмактан 
Баарынан Жакып бай болду. 
Байлыгы журтка билинип, 
Улук экен Эсенкан 
Анын даңзасына чийилип, 
Аты жетти Алайга, 
Абаң Жакып берендин. 
Атагы журтка жайылып, 
Сан кара күтүп бай болуп, 
Бичик чийип кат алып, 
Бай Жакып - деп аталып, 
Өрүшкө малы толуптур, 
Алтайдагы көп журтка 
Аты Жакып берениң 
Олуя чалыш болуптур. 
Атактуу Жакып бай болуп, 
Эчен жылы болгуча 
Бир балага зар болуп. 
Ошондо Жакып: «Ушунчалык сан кара мал күтүп алып же балам жок, 
көргөн күнүм кандай болот?» - деп, кырк үйлүү кыргызды жыйып алып: 
«Бул каран калган көп малды ким ээлейт?» - деп, адам таппас ой кылып, 
ааламга жетер той кылып, Жакып жараткандан бала сурап муңканып ый- 
лап турган жери. 
«Малды күттүм, балам жок, 
Жараткандан көп тилейм - 
Менин бала күтөр чамам жок. 
Тоодогу жылкым тогуз сан 
Тобурчак тулпар алам жок, 
Тозокко жыйган каран мал, 
Муну тосуп алуучу 
Тозоктуу дүйнө балам жок, 
Тобурчак, тулпар мээси жок, 
Муну тосуп алчу ээси жок! 
Кудайдын кылган ишине 
Муну көтөрбөскө чара жок, 
Ээси жок каран мал 
Муну тосуп алчу балам жок, 
Куу дүйнөнү көп жыйдым, 
Же бала табаар чамам жок, 
Бу дүйнөнү көп жыйнап, 
Мураска минтип жетемби? 
Атаным алты сан болду, 
Баласы жок сандалган 
Жакыбың мындай жан болду. 
Тегинге жыйган ээсиз мал 
Теңшерсем эркек балам жок, 
Тегеренет эсен жан. 
Турага толду кайран мал, 
Туякка эркек бала жок, 
Тура албас болду кайран жан. 
Менин жүктөрүм атан, пил болду, 
Береки алган жарым Чыйырды 
Алганым эчен жыл болду, 
Солбуп чачын тарабайт, 
Соолгур кандай күн болду?! 
Баатыркан кызы Бакдөөлөт 
Менин баштатан жарым ушу эле, 
Барктасам бала төрөбөй 
Баарыдан мүшкүл иш болду!? 
Ээси жок малды көп күтүп, 
Ээ мураска жетемин, 
Баана кылган бала жок 
Туяксыз өтүп кетемби?! 
Аргымак бактым мээси жок, 
Муну баптап минер ээси жок! 
Мен Алтайга келгени 
Каран малды көп жыйып, 
Бастырып төргө чыкпадым, 
Же «баа» эткен үнүн укпадым. 
Арманым калың, ичим чок 
Алтайга минер буудан жок, 
Өзүм менен уялаш 
Айдалган сегиз тууган жок, 
Ичим капа, боорум чок. 
Мал үзүрүн көрүүчү 
Баатыр кыргыз журтум жок, 
Эңкейип кетсем элим жок, 
Ээсиз малды жаюуга 
Менин эзелки турган жерим жок. 
Бул Алтайда курган журт 
Эңкейип кетсем элим жок, 
Элим турмак бул жерде 
Эш кармарга жээним жок. 
Астымда турган ага жок, 
Алтайда туруп күн көрдүм, 
Арка кылган тага жок, 
Менин байлыгым калың санда жок 
Сурап ичсе тойбогон, 
Сугалагын койбогон 
Менин арсланым кыргыз элим жок! 
Кудайдын салган дүмөгүн 
Көтөрбөскө чарам жок, 
Көп ээсиз малды мен жыйдым, 
Муну күтүп алар балам жок. 
Кырк үйлүү кыргыз биз болдук, 
Кара калмак, манжуунун 
Ортосунда турабыз, 
Же калкты табар айла жок, 
Калайык, кандай арга кылабыз? 
Бу калмактын ичинде 
Абаңыз Жакып өлөбү, 
Баласыз Жакып экен - деп, 
Каран калган көп малды 
Калмак кечили келип бөлөбү? 
Кочкусу кордук салабы, 
Баштатан кордолуп келген эл элек, 
Каран калган бу малды 
Кытайың ээлеп алабы? 
Жез түркүктүү чатырга, 
Каяша берген адам жок 
Бу кара калмак баатырга! 
Долоно саптуу ай Балтай 
Муну толгонтуп ийбей ким аштайт, 
Бу тосуп жүргөн көп журтту 
Томсортпой муну ким баштайт? 
Кара жаак ай Балтай 
Муну кайкалатпай ким аштайт, 
Камоодо жүргөн калың журт 
Муну капа бир кылбай ким баштайт? 
«Балам жок» - деп зарланып, 
Байыңыз Жакып муну айтып, 
Чылгый ичи өрт жанып, 
Чындап тилейт баланы, 
Минтсе да бала көргөн жок, 
Арданып Жакып өлгөн жок. 
Жакып арман кылганда 
Кырк үйлүү кыргыз жашыды, 
Жакып кандын сан кара 
Көктөмдө чөптөй ташыды. 
Эки көздөн аккан жаш 
Эсил Жакып карынын 
Эки бет ылдый кулады, 
Эбедейи эзилип, 
Эр экен Жакып байыңыз 
Эгемден бала сурады, 
Аны мындай таштайлы 
Бу учмактуу Бээжин шаарынан 
Улук экен Эсенкан 
Эми ошондон кабар баштайлы. 
Каканчынын Бээжинден 
Атактуу Эсенкан экен, 
Алты жылдык азапты 
Азыр ойлоп билүүчү 
Зыйкырчысы бар экен. 
Бал ачуучу төлгөчү 
Малакай калпак кийүүчү, 
Жети жылдык кекерди 
Жеткилең ойлоп билүүчү, 
Ачык айтчу жарчысы, 
Зыйкырчысы, балчысы. 
Бээжиндин жайын сураба, 
Бээжин бекер жер эмес, 
Кытай оңой эл эмес. 
Кечээ Нук байгамбар тушунда, 
Топон суу жүргөн ушунда. 
Топон суу толкуп ашканда, 
Дүнүйөнүн баарысын 
Карап кылып басканда, 
Көөдөндө калган көп арман, 
Топон суу толкуп жете албай, 
Ошондо тогуз жүз түтүн эл калган. 
Кечээ ак байгамбар Мукамбет 
Аршыга чыгып турганда, 
Нур төгүлгөн Бээжинге 
Буга эч ким назар салбаган, 
Кайраттуу сурак албаган, 
Байгамбардын барында 
Ушул турган Бээжинде 
Эчен түркүн эл калган. 
Капырга казат салганда, 
Чынмачындын канын 
Аламын деп барганда, 
Катын алып Бээжинге 
Калып калган туркана, 
Чындаса таап алабыз, 
Чын бусурман дуңкана. 
Бээлесең болот бейарман 
Чын кыргыздын тукуму 
Чынмачындын Бээжинде 
Салалык деген эл калган. 
Элдин жөнүн билгенге 
Эсел экен Эсенкан, 
Түп атасы Чылаба, 
Орноткон кымбат шаары бар, 
Жети жылдык азапты 
Жети күндө билүүчү 
Жети аяры дагы бар. 
Зыйкырчысы билиптир, 
Эсенкандын алдына 
Калайман салып кириптир. 
Эсенкандын алдында 
Кароолго чыкчу мунара, 
Мунара жайын сураба - 
Токсон миң кулач бийиги, 
Мунардагы коңгуроо - 
Коңгуроосу коло жез, 
Жоондугу үч кулач, 
Үнүн уксаң оолак кач. 
Эңдеме коңгуроо 
Коңгуроосун бир урса, 
Эсенкандын билими - 
Алты күндүк жерине 
Ашпай-шашпай угулат, 
Бу капырдын тийими. 
Мунарга жарык жагылды, 
Коңгуроо бекем кагылды, 
Коңгуроону укканда 
Зыйкырчы тегиз жабылды. 
Илийи бичик колго алып, 
Бичигинен көрүптүр: 
Майлаган буудай жүздөнгөн, 
Күүгүм туман көздөнгөн, 
Ач арыслан түрлөнгөн 
Атактуу Манас кан чыгат, 
Ошонун каарынан жан чыгат, 
Ал бурутта туулат, 
Манас атка мингенде 
Сенин тыргоотуң тыйпыл кырылат. 
Орто бойлуу, кең далы 
Кыргыздан Манас кан чыгат 
Мунун каарынан жан чыгат. 
Телегейин тең тубат, 
Буруттан Манас шер туулат, 
Жүргөнүнөн чаң чыгат, 
Добушунан жан чыгат. 
Арысландай шер туулат, 
Ааламды бузган эр туулат. 
Ошол Манас туулса, 
Себилдүүсү сексен төрт, 
Серп алган жагы кызыл өрт. 
Манас туулуп чоңойсо, 
Эгерде бизди оң кылбайт, 
Бу Бээжинди соо кылбайт. 
Түп атабыз Чылаба, 
Түгөнгүрдүн эрдиги 
Ааламды буй кылат, 
Ал Манастын шердиги. 
Ичсе канга тойбогон 
Бейжай салчу эр ошол, 
Алышканды койбогон. 
Карап кылат каныңды, 
Карайлатат баарыңды, 
Чыркыратат жаныңды. 
Таш-талканын чыгарат, 
Бел байлаган белиңди, 
Кызыл канга бөлөнтөт 
Ушул турган кытай элиңди. 
Улугуңду, каныңды 
Буруттан Манас эр чыгып, 
Уйпалайт Бээжин шаарыңды. 
Ошол Манас туулса, 
Ак маралды уй кылат, 
Ушул турган Бээжинди 
Алда нече буй кылат. 
Көк марал кууп уй кылат, 
Бээжин эмес, ал Манас 
Көрүнгөн жерди буй кылат. 
Он эки кылым түк салбайт, 
Ойрон Манас туулса 
Укурук кайрар түк калбайт, 
Кагышып Манас чыкканда 
Бет алып менде баралбайт, 
Укурук кайрар түк калбайт, 
Манас чыкса жан калбайт. 
Буруттан туулат ал Манас 
Бусурмандын диниде, 
Бурмалабай чын айтам 
Бээжинге душман зилинде. 
Кынсыз кылыч байланат, 
Кызыталак ал көк жал 
Каары тышка айланат. 
Ичсе канга түк тойбойт, 
Бет алганды түк койбойт. 
Кабагы бийик, заары бар 
Аркасында белгиси 
Кара көк жал жалы бар. 
Анын колдогону кожо сан, 
Чын жолдошу кырк чилтен. 
Ошол Манас туулса 
Каарды катуу салбайбы, 
Капкайда кегин албайбы, 
Каканчылуу Бээжинди, 
Таш сайынган кытайдын 
Тазасын кырып салбайбы, 
Кызык кылып кытайды 
Кыйла жерге жөлөнтөт, 
Каарына тийгенди 
Так кыпкызыл канга бөлөнтөт. 
Өлбөй адам калабы, 
Аман болсок көрөрбүз 
Аты бар Манас баланы, 
Ачуу салып ичирет. 
Тамакка салып тузуңду, 
Ошол Манас чоңойсо 
Аман болсо көрөрсүң, 
Олжо кылып талкалап, 
Так беш көкүлдүү кызыңды, 
Өрттөйт Бээжин шаарыңды, 
Талкан кылат баарыңды. 
Ошол Манас катылса 
Эгерде бизди оң кылбайт, 
Эзели бизди соо кылбайт, 
Таш сайынган каныңды, 
Талкан кылат шаарыңды. 
Айдарлууңду кул кылат, 
Күрмө кийген күчтүүңдү 
Таманга салып жүн кылат. 
Төбөңдөн кирип басуучу, 
Канкор бурут чоңойсо 
Сенин төрт түлүгүң чачуучу, 
Бейлеп, каным, күтүнгүн 
Бейлебей жатып сен алсаң, 
Сен эртеңки күндө көрөрсүң, 
Сен, каным, көзүңө кирген түтүндү. 
Бедөөнүн чачын өрүп ал, 
Бейлебей койсоң бул ишти, 
Он чакты жылдын ичинде 
Берен Манас көк жалды 
Сен бул Бээжинден көрүп ал! 
Ошол Манас чоңойсо 
Тийип алат жылкыңды, 
Буюрбасын калп айтсам, 
Сенин умачтай ачат уйкуңду. 
Жаздын күнү болгондо 
Жалдуу байтал мингизбей, 
Какан кандын Бээжинге 
Калайман салчу эр ошол. 
Айтсам мүшкүл билинди: 
«Атактуу Манас эр чыгып, 
Бээжинден сурак алат» - деп, 
Алдыңдагы чоң даңзага чийилди. 
Менин сүйлөгөнүм жаттанды, 
Бээжинге мүшкүл аттанды. 
«Сулайман тийбес Бээжиндин 
Тагын тартып алат» - деп, 
Бир атагы Манастын 
Бичигиңе катталды. 
Шумдуктун асты билинди: 
«Аты Манас көк жал» - деп, 
Таксыр, сиздин боотайыңа чийилди. 
Даңзадан көрүп күйүндүм, 
Ушунчалык шаардын 
Улугу элең, Эсенкан, 
Таксырым, сизге жүгүрдүм. 
Бузулуп кетти көргөн түш, 
Таксыр, Эсенканым, ук 
Манасы кандай мүшкүл иш! 
Туулса Манас каркыбар, 
Атагы Манас аты бар, 
Мунун бичикке түшкөн каты бар. 
Окуп алып ал катын 
Таксыр, боконо сөөгүм болкулдайт, 
Болкулдаган себеби - 
Аты Манас шер ошол, 
Кытай эмес кылымды 
Кырып кетчү шер ошол. 
Угулуп мынча сааты бар, 
Ок жетпеген аты бар, 
Ок өтпөгөн тону бар. 
Арслан Манас көк жалдын 
Ичсе канга түк тойбос, 
Кытай эмес кылымды 
Туулса жанды түк койбос, 
Арбагы оор, аты улук 
Берени ошол, бели ошол 
Бул Каканчылуу Бээжинди, 
Топон суу кирбес жериңди 
Тополоң салчу эр ошол. 
Ошол буруттан Манас эр чыкса, 
Алышып ааламдын алы жете албайт, 
Аган арсландын тиши өтө албайт. 
Анын жылаңач Кыдыр болжошу, 
Ар бириси Манаска тете эр ошол, 
Кырк жерден келген жолдошу, 
Кыркынын жөнү кырк башка, 
Кыркы кылымдан чыккан 
көй кашка. 
Ошол кыркы бириксе 
Кытайда болот көп арман, 
Кытай эмес, ал Манас 
Кылымга салат чоң жаңжал. 
Кырк кабылан бириксе 
Эңкейтип адам алабы, 
Буга кез болгон тирүү калабы? 
Мынчасында күтүнүп, 
Сынчыларың жиберип, 
Айдатып келгин Бээжинге 
Таксыр, Манас аттуу баланы, 
Кырк аркан бойлуу чоң зындан 
Жер чуңкурга салалы, 
Аты Манас туулса 
Мунун эсебин минтип табалы!» 
Ушунчалык шаардын 
Улугу экен Эсенкан 
Так жүз жашка келиптир, 
Бээжиндеги Карыкан 
Манастын атын укканда 
Бул кытайдын бейили тарыган. 
Барабан бекем кагылып, 
Эшикке манар жагылып, 
Карыкан менен Эсенкан, 
Кабар угуп мынча жан 
Чыңыроон тартып жез найдан, 
Барабан жыйып сурнайдан 
Зыйкырчыдан кеп угуп: 
«Атагы Манас буруттан 
Туулат экен» - деп угуп, 
Бул кабарды укканды 
Даңзасынан көрүптүр. 
Окуу билген манжуудан, 
Бичиктен көрүп алган соң 
Так он экиси өлүптүр. 
Топурак учуп, тоз күйүп, 
Калаанын ичи тапталып, 
Зыйкырчыны чакырып, 
Буйрук салып караса: 
«Аты Манас туулат» - деп, 
Калган экен кызыталак 
Бичигине катталып, 
Шер экени билинген, 
Туулбастан жети жыл 
Каканчылуу Бээжиндин 
Бичигине чийилген. 
Калайманды баштады, 
Каканчылуу чоң Бээжин 
Манастын атын укканда 
Бузулуп кете таштады. 
Бээжиндеги Карыкан 
Манастын атын укканда 
Чоң кандын көөнү тарыган, 
Бээжиндеги алтын так, 
Тегереги чынар бак 
Менде назар салбаган, 
Жанына бейдаарат адам барбаган. 
Нук байгамбар тушунда 
Нур чачылган жер ошол, 
Каны Какан аталып, 
Бузулбай турган жер ошол. 
Доор-кыямат болгуча 
Кыйшайбай турган эл ошол. 
Карыкандын алтын так - 
Тегереги мунар бак. 
Кырк жылы сууга чыласа 
Кылайып оңуп койбогон, 
Сексен жыл сууга чыласа 
Серпилип чирип койбогон, 
Алтын түрлүү килемден 
Алтымышы жайылуу. 
Анын үстү алтын так, 
Жосунун киши чалбаган, 
Жолоп адам барбаган, 
Көргөн менде таң калган. 
Түркүгү алтын, көөхар таш 
Адам минер жеринде 
Жакут, бермет аралаш. 
Мына ошондо Карыкан 
Каарлуу бейили тарыган. 
Карапчы кийген балбаны 
Каны буйрук кылган соң 
Каканчыда кырк эшик 
Катар ачып алганы. 
Добулбас бекем кагылып, 
Зыйкырчыдан кыркы бар 
Тизе жерге бүгүлүп, 
Үйдөй чокмор колго алган, 
Балбандары жүгүрүп, 
Балбан такыр жыйылып, 
Кан алдына келгени. 
Каарланып Карыкан: 
«Балбандарым, баарың ук, 
Башкача желдет зыйкырчы, 
Узун кулак карың ук! 
Түп атасы буруттан, 
Туулуптур Манас эр 
Бурут деген журттан. 
Калың тыргоот каның кел, 
Зыйкырчы, сынчым, баарың кел, 
Билүүчүдөн миңиң кел, 
Ушул сапар жарап бер, 
Аты Манас уул болсо, 
Ал буруттан карап кел, 
Он жетиден ылдыйкы, 
Жарым жаштан өөдөкү 
Аты Манас уул болсо 
Кол-аягын байлап кел, 
Койбой бери айдап кел, 
Тирүү койбой тим эле 
Бери карай айдап кел! 
Атаңдын көрү, балбаным, 
Ал Манасты таппасаң 
Көрүнбөгүн көзүмө, 
Жолобогун өзүмө! 
Билинбегин шаарыма, 
Атаңдын көрү, балбандар, 
Келбей кырыл жаныма! 
Ал Манасты таппасаң, 
Башыңа коок кийгизем, 
Коржоңдотуп баарыңды 
Кордукту жаман билгизем. 
Оорутам такыр башыңды, 
Үшүнтүп сурайм жашыңды. 
Ал Манасты таппасаң, 
Аркан байлап мойнуңа 
Дарыга чогуу тартамын, 
Манасты таап келбесең, 
Жаза салып мойнуңа 
Бириңди койбой атамын. 
Билгенимди кыламын, 
Тирүү койбой баарыңды 
Тамам баарың кырамын, 
Манасты таап келбесең, 
Эсебиңди таптырам, 
Кылыччан балбан такыр көп 
Кыйла баарын, чаптырам!» 
Эми Карыкан буйрук чачканы, 
Карапчысын калдайтып, 
Канча балбан шашканы, 
Эселектин баарысы 
Эшикке чыга качканы. 
«Жердин үстүн сыдыргын, 
Төгөрөктүн төрт бурчун 
Бүтүн койбой кыдыргын. 
Ак сакалдуу карың ук, 
Абайлап балбан баарың ук, 
Айзакерден ыктууң ук, 
Жоонун айласын билген 
мыктууң ук! 
Каадалуу балбан ойлогун, 
Буруттан чыккан Манасты 
Кармап келбей койбогун! 
Зынданым бар, орум бар 
Колго тийсе салайын, 
Тирүү койбой Манасын 
Тындым кылып салайын. 
Манасты кармап сойбосок, 
Бу дүнүйө жүзүнөн 
Бир жоготуп койбосок, 
Бусурмандын дининде 
Бизге душман зилинде. 
Кокустан Манас чоңойсо, 
Оңой Манас уул эмес, 
Ушул турган Бээжинди 
Оң таптырчу кул эмес!» 
Карыкан айтты шумдукту, 
Кан Эсенкан бул экөө 
Кылган экен буйрукту. 
Бейжай Манас чоңойсо 
Бекер калчу уул эмес, 
Ошо Манас чоңойсо, 
Эрешен тартып эр болсо 
Талкан кылат шаарды, 
Сындырат Бээжин багыңды, 
Талашат алтын тагыңды. 
Жерге көмөт байдаңды, 
Кызыталак Манас чоңойсо 
Кетирет кытай айлаңды. 
Каканчылуу Бээжинди 
Какайлатат кытайды 
Оңой туулган жоо эмес, 
Туулса Манас алакет, 
Чынмачындын Бээжинге 
Бир чын жаралган балакет. 
Туулса Манас эр ошол, 
Кара кытай, манжууга 
Калайман салчу эр ошол. 
Балбандарым, баарың ук! 
Табылбай Манас калбасын, 
Таппай келип антаңдап, 
Балбандар силерди кудай албасын. 
Кокустан, 
Манасты таппай келсеңер 
Жалынсаң укпайм сөзүңдү, 
Жарлык айткан сөзүм бул - 
Жадалдап чыккан көзүңдү 
Таппай келсең көрөсүң, 
Тыргоот, манжуу, көп кытай 
Тыптыйпыл менден өлөсүң! 
Ат оюнчу, жөө күлүк, 
Ардактуу балбан чоң Дөңгө, 
Ажайып зыйкыр окуган, 
Төлгө тартып, бал ачкан 
Төртөөң тең чыгып издешкин! 
Бээжиндеги кырк аяр, 
Түп атасы буруттан, 
Бурут деген журттан 
Буйгатыңда калбасын, 
Түрү өзүңө белгилүү 
Түзүн көрүп таанырсың». 
Эсенкан менен Карыкан 
Эсепсиз буйрук кылганы, 
Сынчысы тегиз чогулуп, 
Кытайды кудай урганы. 
Бал тартуучу дарыгери, 
Көзү ачык мыктуусу, 
Жаман менен жакшыны 
Айра билчү артыгы, 
Кылычы кынкай курчтуусу, 
Кара көңүл мыктуусу 
Бээжинден чыкты миң аяр, 
Мунун билимдүүсү бир далай, 
Билге жүктөп ок алып, 
Оңой кытай журт эмес 
Билимдүүсүн чогуу алып, 
Бээжинден чыккан аярлар. 
Балбаны Дөңгө баатыры 
Адам тилин билбеген 
Айбанга чалыш капыры, 
Шибеден бар Музкиндик, 
Тыргооттон бар Солобо, 
Кажылдаган капырдын 
Сынчысы мындай болорбу. 
Токушкерден Бозкертик, 
Солоңдон бар Ороккыр, 
Кыргызды көздөй бет алып, 
Кытайдын кармап шайтаны 
Кажылдаган капырдын 
Кайсы бирин айталы. 
Кытайлардын чоң Дөөдүр, 
Боз качырчан Маамытбек, 
Атагын көргөн чочуган, 
Айткандардын баарысы 
Ажайыптан окуган. 
Алышып адамдын күчү жетпеген, 
Арслан тиши өтпөгөн 
Адам билбес сөздүү бар, 
Башында чакадай жалгыз көздүү бар, 
Жалгыз көздүн себеби - 
Атасы кытай долусу, 
Адам тилин билбеген 
Айбанга чалыш доңузу. 
Ороккыр менен Музкиндик 
Кытайдын мыктуу балбаны, 
Туула элек, Манас дайыны жок 
Бурутту көздөй жол жүрүп, 
Бала издеп калганы. 
Зыйкырчысы сындан көп, 
Ажайыптан окуган 
Капырлардын аярлары андан көп. 
Эл сыначу жакшысы 
Буйрук алып канынан, 
Эр куралып, кол алып, 
Күрсүлдөгөн капырлар 
Күл азыкты мол алып, 
Бир аярда миң балбан 
Кызматына бериптир, 
Кырк күнчүлүк чөлдөрдө 
Кутургандай желиптир, 
Алтай, Каңгай эки жай 
Буга Дөңгө келиптир. 
Кырк үйлүү кыргыз баласын 
Койбой жыйып алды эле, 
Чубатууга салды эле. 
Он жетиден ылдыйкы, 
Жарым жаштан өөдөкү 
Балаларын жыйнады. 
«Балдарды кырып кетет - деп, 
Түпкө чогуу жетет» - деп, 
Айдалып келген карып журт 
Баштыгы Балтай кан болуп, 
Айласы кетип ыйлады. 
Алты аяр катар тең туруп, 
Алты күн катар сынады. 
«Манас болсо белгиси - 
Кулагы учу тешилүү, 
Сүрүнети кесилүү, 
Белгисинин баары бар, 
Оң далынын үстүндө 
Табактай кызыл калы бар, 
Аркасында баланын 
Кара көк жал жалы бар, 
Аты «Манас» коюлган 
Айылыңда бала барбы?» - деп, 
Жар чыкырып сурады. 
Балбандардын минткени 
Айылдын баарын тинткени, 
Мындан бала табалбай 
Андан ары жөнөдү. 
Буйрук алган балбандар 
Ат бороюн сыдырып, 
Ааламдын баарысын 
Издеп жүрүп кыдырып, 
Төгөрөктүн төрт бурчун 
Төрт айлана кыдырып, 
Жердин түбү Желпиниш 
Жети айлана кыдырып, 
Мындан бала табалбай, 
Көөнө-Турпан, кең Барбар, 
Көчүк жагы Лоп дайра 
Мунун баарын кыдырып, 
Топурактуу чөл менен, 
Толкуган кумдуу бел менен, 
Тозокту тартып балбандар 
Ааламды сыдырып, 
Так алты жыл кыдырып, 
Мындан бала табалбай, 
Алты-Шаар, Кокон кан, 
Аяк жагы - Самаркан, 
Маңдай жагы - Маргалаң, 
Алкым жагы - Анжыян, 
Бузулган-Чамбыл, Букара, 
Мунун буйгат жагы Сары-Арка, 
Сары-Аркада Айдаркан 
Казактардын каны экен, 
Аты казак колунда 
Канча журту бар экен, 
Андан бала издеди, 
Андан бала табалбай, 
Букардагы Каракан 
Мындан бала издеди. 
Бузулган-Чамбыл жердеген 
Ошондогу Буудай кан 
Мунун журту мынчалык 
Муну жыйып алганы, 
Жаш балдарын чубатууга салганы, 
Мындан бала табалбай 
Кайра тартып калганы. 
Сайылган жери Самаркан, 
Самарканга келди эми, 
Түтүнгө бала салганы, 
Түк койбой жыйып алганы. 
Энелери чуу туруп, 
Элди бузуп жиберди, 
Аталары чуркурап, 
Арыкты бузуп жиберди, 
Жеткилең эли чуулады, 
Жети күн бала чубады. 
Самарканда Чоң Эшен 
Касиеттүү жан экен, 
Ал Эшендин колунда 
Аты Манас коюлган 
Бир дардайган бала бар экен. 
«Аты Манас коюлган 
Айылыңда бала барбы?» - деп, 
Кыстоо салып турганда: 
«Караган балаң ушу» - деп, 
Калкты кудай эми урду, 
Аты Манас бала - деп, 
Калайыктар кеп урду, 
Эл чогулуп кат койдук, 
Эрдигинен балага 
Жар Манас - деп ат койдук. 
Кара тилин кайрады, 
Калың кытай ичине 
Бир абышка сайрады 
«Аты Манас бу бала 
Балбандыгы бир канча, 
Баатырлыгы бир мынча, 
Жети жашка келгенде 
Өз билгенин кылганы, 
Ойноп жүргөн баладан 
Так он экисин кырганы. 
Атасы Эшен чоң экен 
Кыйналбай таптың Манасты 
Балбандарым, эгерде ишиң оң экен! 
Аты Манас бул бала 
Кабагы бийик, заары күч, 
Каныңа барсаң жактырат 
Катылганды кылат түз». 
Тилин алып ал чалдын 
Кытайлардын зыйкырчысы- 
балчысы, 
Көзү ачык эрени, 
Көптү көргөн чоң сынчы 
Аты Дөңгө берени, 
Бээжиндеги кырк аяр 
Катар туруп калганы, 
Жылаңачтап баланы 
Чубатууга салганы, 
Эртелеп аяр караса 
Эр баланы кааласа: 
«Аты Манас ушу» - деп, 
Сынчылары сынады. 
«Аты Манас экен» - деп, 
Сүйүнбөй балбан турабы, 
Кээ бирөөсү сынады 
Эңчегей бойлуу, кең далы 
Эр экени чын экен, 
Чын Манастын өзү экен, 
Өзү тургай көзү экен, 
Кээ бирөөсү муну айтат: 
«Оң далысы кең экен, 
Өзү ойротту бузар эр экен». 
Кээ бирөөсү муну айтат: 
«Опол тоодой көркү бар 
Ааламдын баарысын 
Кырып кетер эрки бар 
Бээжиндин каны Карыкан 
Муну чын эле билген экен 
каркыбар». 
Кээ бирөөсү муну айтат: 
«Бул ак маралды кубалап, 
Уй кылуучу уул экен, 
Эрешен тартып эр болсо, 
Эр уулу менен тең болсо 
Каканчылуу Бээжинди 
Кырып кетер уул экен». 
Кээ бирөөсү муну айтат: 
«Аты Манас бу бала 
Карап турган жолборстой, 
Буга кагышкан аман болбостой, 
Мунун кабагы бийик, заары күч 
Катылганды кылат түз. 
Чын Манастын өзү экен, 
Өзү тургай көзү экен». 
Кээ бирөөсү муну айтат: 
«Мендеден бөлөк көркү бар, 
Чынмачынды Каканды 
Кырып иер эрки бар. 
Душман колго тийдиби, 
Чындап кудай берди» - деп, 
Байлап таштап баланы 
Өлүп кетер ой кылып, 
Өңчөй балбан чогулуп, 
Ок эки күн той кылып, 
Капанын баарын жоюшуп, 
Качырын тойго союшуп, 
Желдеттин баары желигип, 
Балбандын баары ээлигип, 
Бусурман журтуң ийилип, 
Кытайдын журту сүйүнүп, 
Манас - деп, байлап зордуктап, 
Кара курттай кытай журт 
Самаркан журтун кордуктап, 
Кетирди журттун чамасын, 
Самаркандан тартып алды 
Манас - аттуу баласын. 
«Аты Манас ушул - деп, 
Бул айтылган иштин тушу» - деп, 
Темир аркан торчону, 
Тегеректеп алды эле 
Баланы тегиз канжар колчону. 
Чоюнбаш чапчу ыктуусу, 
Бээжинден чыккан чоң аяр: 
«Аты Манас ушул» - деп, 
Жар Манастын башына 
Темирден коок кийгизди. 
Бут-аягын шайлады, 
Бекитип көзүн байлады, 
Самаркандын журтуна 
Акыр заман салганы. 
Жар Манас аттуу бу экен, 
Самарканды жердеген 
Чоң Эшендин уулу экен. 
«Эр Жар Манас кетти» - деп, 
Калайык ыйлап, калк ыйлап, 
Калың журттун баары ыйлап, 
Алты айчылык жол деген 
Бээжинди менде көрөбү, 
Ага барган адам келеби? 
Барса-келбес жер деген 
Каканчынын журтуна 
Барган адам келеби? 
Самаркан журту кайгырды, 
Он жети жашка чыкканда 
Жар Манастан айрылды. 
Кырк уруу кытай чогулуп, 
Бузду жаман санааны, 
Тартып алды баланы, 
Кайнап жаткан капырга 
Кагышкан аман калабы! 
Бусурман көөнү тыныптыр, 
Тартып алып баланы 
Капырды кудай уруптур. 
Бээжинге карай жол жүрүп, 
Ат аябай мол жүрүп, 
Ара жерге барганда 
Алты күлүк ат берип, 
Бээжиндин каны Карыкан 
Буга алакандай кат берип, 
Теңи коло, жез буркан 
Бурчунан кармап имерип, 
Ат оюнчу, жөө күлүк 
Чоң аярды жиберип, 
Чоң аяр кирип барганда: 
«Манасты кармап келдик» - деп, 
Канына кабар салганда, 
Кан ордонун ичинде 
Калың эл турган кендеме 
Кендемеде Кен-Тунду 
Ал Кенинин жанына 
Келип жайнап эл турду. 
Кендемеде мунара 
Мунара кызык абыдан, 
Мунараны сураба. 
Түбүн таштан түптөткөн, 
Курчап таштап жыйдырган, 
Көк чоюндан куйдурган. 
Мунараны сурасаң 
Тогуз жүз кулач бийиги, 
Үстүндөгү коңгуроо - 
Коңгуроосун урганда 
Тогуз күндүк жерине 
Ашпай-шашпай угулган, 
Ырас экен тийими. 
Мунарга жарык жагылып, 
Коңгуроо бекем кагылып, 
Тыргооту тыйпыл чогулуп, 
Кайнап жаткан көп улук 
Күрмө кийген кытайдын 
Күчтүүлөрү чогулду, 
Таш сайынган кытайдын 
Тазалары чогулду, 
Эсенкан менен Карыкан 
Экөөнө кабар барганы. 
Эсенкан менен Карыкан 
Экөөнө кызмат кылуучу 
Так миң экен балбаны, 
Алтын түрлүү килемге 
Ал экөөнү салганы, 
Каны чыкса сейилге 
Ал кытайдын ырымы 
Балбаны чуркап калганы. 
Астындагы балбаны 
Келе жатат кош-коштоп, 
Аркасында тулпарды 
Он эки төрө бош коштоп, 
Каны келсе сейилге 
Калкынын баары жыйылып, 
Канча доңуз, далай мал 
Тойго союп кырылып, 
Кырк кулачтуу жез казан 
Көчөгө асып алыптыр. 
Кырк чочкону да союп, 
Муну катар салды эле. 
Кырк өгүздү да союп, 
Аны катар да салды. 
Кырк качырды да союп, 
Аны дагы салды эле. 
Ар уруудан кырк-кырктан, 
Бу кытайдын ырымы 
Алып келип салды эми, 
Колодон кылган жез буркан 
Кудайым - деп, ошону 
Аса байлап калды эми. 
Зыйкырчысы чочунуп, 
Таш сайынган кытайдын 
Тазалары чогулуп, 
Адам таппас ой кылып, 
Душманды таап келдик - деп, 
Так кырк беш күнү той кылып, 
Алтын тактын түбүнө 
Жар Манас айдап барды эле. 
Манжуулары башкача, 
Балбандары бир канча 
Алтын тактын түбүндө 
Бийиги кырк аркан бойлуу 
чоң зындан 
Өлтүрбөстөн житирбей, 
Тирүү бойдон салды эле. 
«Манастын аты өчтү» - деп, 
Улуктун баары тараптыр, 
Өлтүрбөстөн житирбей 
Ал байкушту 
Он эки жылы камаптыр. 
Аны мындай таштайлы, 
Эми бери жактан баштайлы. 
Алтайга барган бакырлар, 
Айдалып барган баатырлар, 
Өлбөй-житпей кайгырган, 
Тирүүлөй журттан айрылган, 
Күнөөгө колу байланган, 
Алтайды көздөй айдалган. 
Алтын кен казып бай болгон, 
Аштык айдап, мал күтүп, 
Сан кара айдап, бай болгон, 
Ал Жакыптын колунда 
Калмактан Кочку бар болгон. 
Койго койгон Ошпурду, 
Төөсүндө малай бар. 
Ошо Жакып кайран бай 
Жуманын кадыр түнүндө, 
Түн ортосу мезгилде 
Уктап жатып түш көрүп, 
Түшүндө жакшы иш көрүп, 
Бөлүнгөн Жакып байкуштун 
Бөдөнөдөй көзүнөн 
Бөлөк-бөлөк жаш кетип, 
Карагаттай көзүнөн 
Камчы бою жаш кетип, 
Көңүлү жаман бөлүнүп, 
Жакып сындуу байыңдын 
Көзүнүн жашы төгүлүп, 
Кабырга сөөгү сөгүлүп, 
Түшүндө бейиш көрүнүп, 
Түштү көрүп бай Жакып 
Көңүлү жаман бөлүнүп, 
Кыдырата карабай 
Кыйын мүшкүл иш түшүп, 
Кылча жанын аябай: 
«Күтүп алган сан кара 
Түшүм орун келсе - деп, 
Түбүнө чогуу жетсем - деп, 
Ушул турган сан кара 
Түгөл кырып кетсем» - деп, 
Байыңыз Жакып муну ойлоп, 
Кырк үйлүүнүн жакшысы 
Өпкө чабар бакшысы, 
Өөдө чабар жакшысы, 
Башчысы бабыр Акбалтай, 
Берениң Жакып ыйлаптыр, 
Кырк үйлүү кыргыз, Акбалтай 
Ошонун баарын чакырып, 
Түндөгү көргөн асыл түш 
Жорутууга жыйнаптыр. 
Бай Жакыптын түшү - деп, 
Кырк үйлүү кыргыз келди эми, 
Жыйнап алып кыргызды 
Бай Жакып ыйлап берди эми: 
«Менин малым арбын, башым жок 
Баарыдан азап бул мүшкүл 
Менин бала тапчу айлам жок. 
Ичим капа, тышым чок 
Каран малга ээ болчу 
Карасам эркек балам жок, 
Же менин бала тапчу чарам жок, 
Бадышам Алдам болбосо 
Андан бөлөк чара жок, 
Топозум токсон миң болду, 
Менин байлыгым журтка даң болду, 
Менин малым түмөн, балам жок, 
Жараткан себеп болбосо 
Менин андан башка чарам жок. 
Бээ баштаган беш тогуз 
Тилекке кармап сойду эми, 
Төө баштаган төрт тогуз 
Мискин менен бакырга 
Назырга байлап койду эми, 
Көңүлгө бүткөн көп муңду 
Таптакыр Жакып койду эми, 
Калың жаткан далай бээ 
Даам берүүгө сойду эми, 
Бай Жакыптын үйүнө 
Кырк үйлүү кыргыз толду эми, 
Кырк үйлүү кыргыз тойгондо: 
«Оомийин!» - деп, кол жайып, 
Бата кылып койду эми. 
Бала каздай баркылдап, 
Баатыр сүйлөп таркылдап, 
Адам угаар эпти айтты, 
Баатыр Жакып кепти айтты, 
Түндөгү көргөн түштү айтты, 
Түйшүгү жакшы ишти айтты 
«Журтум, 
Түндө бир жатып түш көрдүм, 
Мен түшүмдө мыкты иш көрдүм, 
Журтум, кадыр түн чалар түн барбы, 
Калмактан кудай куткарып 
Кыргызды көрөр күн барбы? 
Менин түндөгү түшүм ыктуу түш, 
А түшүмдүн байдасы 
Силерге тийчү мыкты түш. 
Түндө жатып түш көрсөм, 
Ала-Тоо башын жайладым, 
Мен бир бала барчын 
бүркүт кармадым 
Салбурун чыксам салууга, 
Канаттын күүсү угулду, 
Каарына карап туралбай 
Мунун качырган жандар жыгылды. 
Ааламды чардап учкандай, 
Кара кулак кабылан 
Астында болду чычкандай. 
Томогосун тартканда 
Калайманды салыптыр 
Кара чаар жолборс, каманды 
Каршы-терши жарыптыр, 
Кайыр кылган бир жан жок 
Канаттуунун баарысы 
Астына түшүп калыптыр. 
Көтөрсө боосу сексен төрт, 
Ал бүркүттүн серп алган жагы 
кызыл өрт, 
Күн чыгышка көтөрүп 
Салбурунга барыпмын, 
Азуулуунун баарына 
Мен акыр заман салыпмын, 
Жалгыз бирөөн куткарбай 
Жардырып союп алыпмын, 
Кызыккандан бир жайды 
Кыпкызыл канга түшүрүп, 
Капчыгай кылып салыпмын. 
Бул эмине болучу, 
Бул түшүмдү жоручу? 
Жана уктап түш көрсөм 
Тоодо жүрүп атыпмын, 
Басып түшөр дайыны жок 
Мен бир зоодо жүрүп атыпмын. 
Капаланып тура албай, 
Каарланып турганда 
Абийирим минтип жабылды, 
Ошо көргөн түшүмдө 
Кайыбынан колума 
Бир зулпукор кылыч табылды, 
Кармап алып качырдым, 
Жол бербей турган кара зоо 
Кара зоого качырдым, 
Шилтесем зоо быркырап 
Кылычымын каарына чыдабай 
Кара зоо кулай берди быркырап, 
Түптүү тоону кулаттым, 
Түз чапкандын баарысын 
Талкан кылып ураттым. 
Ташты чаап жол кылдым, 
Чытырман токой-черлерди 
Талкан кылып жойлоттум, 
Ташты бузуп жол кылдым, 
Далай зоону кор кылдым, 
Дарыяны соолттум, 
Бет алганды өрттөдүм. 
Өлөңдүү жерге өрт койдум, 
Жардуу жерди жай кылдым, 
Бу башымды кан кылдым. 
Жүргөнүм ээн жай, чет болду, 
Кылычты шилтеген жагым өрт болду, 
Бул эмине болучу, 
Журтум, түшүмдү жоручу? 
Жана да жатып түш көрдүм, 
Жана жакшы иш көрдүм, 
Дөбөгө жатып түш көрсөм, 
Төгөрөктү курчаган 
Ааламга тийип көлөкөм 
Чатыр болуп жатыпмын, 
Бир танабын байланган 
Күндүн чыгаар жерине, 
Менин бир түркүгүм орноптур 
Күн батуучу белине. 
Көлөкөм тийип ааламга 
Жайнап жатып калыпмын, 
Арсландай чамынып, 
А кудайга жалынып, 
Оң кол менен бир чапчып, 
Күндү кармап алыпмын. 
Сол кол менен бир чапчып, 
Айды кармап алыпмын. 
Оң колумда күн турат, 
Сол колумда ай турат, 
Күндү кармап имерип, 
Ай ордуна салыпмын, 
Айды кармап имерип, 
Күн ордуна салыпмын, 
Күн менен айга аралаш 
Мен чакмак уруп алыпмын. 
Бул түшүмдү жоручу, 
Бул эмне болучу?» 
Жакыптын түшүн укканда 
Сары атандай кыйгачтап, 
Уксуз жерден жол баштап, 
Акырын айтып, бек таштап, 
Абаң Балтай кеп баштап, 
Көргөн түштү жоруган 
Акбалтай асыл кан экен, 
Акбалтайды коштогон 
Анда бир жылаңач бала бар экен. 
Чын олуя, көзү ачык, 
Акбалтай абаң сураба. 
Айтып турса көзү ачык, 
Тилге балбан Акбалтай, 
Чечендиги дагы бар, 
Динге балбан Акбалтай 
Эшендиги дагы бар. 
Кара тилин кайрады, 
Кайран Балтай канетет 
Калк ичинде сайрады. 
Сүйлөгөндө баркылдап, 
Кейиштүү кыргыз ал журтка 
Кеп баштады жаркылдап: 
«Кырк үйлүү кыргыз, жакыр журт 
Сары адырмак шыбыргак 
Белди табат экенбиз, 
О, кудай, киндик кесип, кир жууган 
Жерди табат экенбиз, 
Баана берип жараткан 
Элди табат экенбиз! 
Кудуреттин бергени, 
Ушу бай Жакып түштү көргөнү, 
Артык кырсык чечүүчү 
Ушу бай Жакыптын түшү экен, 
Жаратканга бу кыргыз 
Жалбара турган иш экен. 
Ушул түшүң чын болсо 
Ааламга бузук салуучу 
Кара калмак, манжуудан 
Ажыратып алуучу 
Бизге бир арыслан бала табылат! 
Үзүлгөнүң уланат, 
Чачылганың жыйылат, 
Өчкөн отуң тамылат, 
Өлгөн жаның тирилет! 
Кырк үйлүү кыргыз журт элең, 
Кара калмак, манжуунун 
Ортосунда эл элең. 
Баабединиң бат айткын, 
Жараткандын өзүнө 
Ай туяк баштап ат айткын 
Кайгынын баарын өчүргүн, 
Журтум, кырсыктын баары кесилди! 
Жакып кандын түшүнө 
Жалбырап кетип баратам, 
Ушу көргөн ишине. 
Болкулдуп барат жүрөгүм, 
Балдар, бул калмактын ичинде 
Көрсөң күнөөкөр болуп жүрөмүн. 
Ээй, чиркин, ар нерсе түшөт эсиме 
Кыргыз кайда, эл кайда, 
Жакып, кызык түштү көрүпсүң 
Элге жетер күн кайда? 
Бала Жакып, баатырым, 
Сенин кабыл келди акылың! 
Жоруюн көргөн түшүңдү, 
Бай Жакып, балам, байкачы 
Оңдосун кудай түшүңдү! 
Балам, тоого чыгып алганың 
Толкуган кара калмактын 
Төбөсүнө чыкканың, 
Бала барчын куш салсаң 
Азуулуу кырып дагы алсаң 
Балам, ааламды билер экенсиң, 
Барчының бала болбойбу, 
Атаңдын көрү бай Жакып, 
Сен балалуу болот экенсиң! 
Кайгырганың кой, балам, 
Тоюңа токсон сой, балам. 
Кара барчын куш салсаң 
Жакып бай, балалуу болот экенсиң! 
Кыр жагыңда кытайды 
Кырып берер уул экен, 
Кара калмак, манжууга 
Калайман салчу кул экен. 
Капалуу болсоң жоёсуң, 
Балалуу болсоң, кулунум, 
Атын Манас коёсуң, 
Кара көк жал эр болот, 
Ааламды буй кылган 
Аябаган шер болот. 
Жан-жолдошу сексен төрт, 
Серп алган жагы кызыл өрт, 
Бет алып менде келе албайт. 
Душман жүзүн көрө албас 
Берендүү болот экенсиң, 
Балалуу болсоң Жакып бай, 
Анын кармашар жоосу Каканчын, 
Басташар жоосу Бакбурчун. 
Азуулууну алганы 
Аман жүрүп туулса 
Таманы менен тик түшөт, 
Муну менен кагышкан душман бүк түшөт. 
Уулдуу болсоң, Жакыбым, 
Ааламга тиет айзасы, 
Аз журтка тиет экен го 
Ал балаңдын байдасы, 
Коргон болор шер туулат, 
Козголбос берен эр туулат. 
Түштө кылыч да тапсаң - 
Ташты чаап жол кылган, 
Далайды бузуп эл кылган, 
Кара сууга кан куйган, 
Өзөнчөнү майлаган, 
Каарына тийгенди 
Кармап алып жайлаган, 
Аты - Манас, арслан-шер 
Алда Жакып, кулунум, 
Уулдуу болот экенсиң! 
Ай менен Күндү кармасаң 
Балаң баатыр атыгып, 
Баатырым, Жакып, угуп ал 
Он сегиз миң ааламдын 
Сен туткасын кармар экенсиң! 
Байкап чапсаң ааламга 
Атың келет экен го, 
Балалуу болсоң дүйнөгө 
Сенин датың кетет экен го! 
Балалуу болсон, Жакыбым, 
Ошо бала эр болуп, 
Он эки мүчө тең болуп, 
Ааламга чыр баштап, 
Санат кылат экен го, 
Кырк үйлүү кыргыз байкушту 
Кара калмак колунан 
Азат кылат экен го! 
Ай менен Күн алганың, 
Бусурмандын жерине 
Капырды айдап салганың, 
Капырыңдын жерине 
Бусурман айдап салганың, 
Ушунчалык көп журттун 
Жакыбым, түркүгү болуп калганың! 
Кырсыгын чечип жараткан 
Бай Жакып, 
Калбаптыр сенин арманың. 
Сенден туулса шер туулат 
Он эки мүчө тең туулат. 
Алты шердин кенжеси 
Алданын чын сүйгөн мендеси 
Зайыппуруш аты улук, 
Ары балбан, ары шер 
Таалайың артык султан эр 
Уулдуу болоор экенсиң». 
Акбалтай баштап бусурман, 
Кол көтөрдү бусурман, 
Бата берди чуркурап, 
Жакыптын зайыбы Чыйырды 
А дагы ыйлап чыкты чыркырап: 
«Ушу күндөн, ушу күн 
Же медер кылган бала жок, 
Капанын баарын коёлу, 
Каран калган көп малдын, 
Жылкынын баарын соёлу. 
Дүнүйөнү чачалы, 
Сандыктын оозун ачалы, 
Жыйып алган каран мал 
Малдын баарын чачалы. 
Бул жалганчы дүйнөдө 
Упасыз малды үрөйлү 
Дүйнөдөн бото тилейли!» 
Безге сайган эмедей 
Ыргып түштү эр Жакып: 
«Зарып кылбайм малымды, 
Кетире бербейм алымды. 
Мал чачууга чамам жок, 
Же сенин төрөп жаткан балаң жок. 
Жок эмеге ой кылбайм, 
Жок балаңа той кылбайм, 
Бекер малды жок кылбайм! 
Бекер сөзгө баспаймын, 
Түш көрдүм - деп, ой кылбайм, 
Түгөнгөн, катын, той кылбайм». 
Баштап жатып жумушту, 
Бай Жакып байбиче менен урушту. 
«Ырымым бар, мындай иш - 
Балалуу болуп каларбыз 
Байбичем, 
Үч жылдан кийин күдөр үз! 
Мал башчысы кула бээ, 
Баш башчысы куу катын, 
Бойдок жүрөт кула бээ, 
Төрөбөй жүрөт куу катын. 
Кула бээм тууса тулпар туур, 
Кула бээнин кулуну 
Кулунунун кыйыны 
Төрөсө казанат ат болор 
Аны сураган адам жат болор. 
Чалгын минсе чаалыкпас, 
Оорукка минсе оорунбас, 
Кагышка минсе камсыкпас, 
Алты ай минсе арыбас, 
Алтымыш асый болгуча 
Азуу сөйкөп карыбас, 
Айкай укса шашпаган, 
Жер жарылган чуу болсо 
Бир изин ката баспаган, 
Сыны бийик, сырты түз, 
Байбичем, 
Үч жылдан кийин күдөр үз! 
Кула бээм тууса тулпар тууйт, 
Сыпаты сыны ушундай, 
Кош басмайыл жырымым, 
Менин ушундай кылган ырымым. 
Куу катын тууса шумкар тууйт. 
Кайгынын баарын жоёлук, 
Кудай берсе бир уулду 
Атын эл айткан атты коёлук. 
Жекене белге курчанар, 
Куу катын эркек уул тууса, 
Жети түмөн кол келсе 
Жеке аралап кол салар. 
Бел байлаган бел болор, 
Кудай эркек уул берсе 
Мендеден артык шер болор», - 
Бай Жакып айтты мындай деп. 
Кайран Жакып чоң байдын 
Түгөнбөгөн кеби бар, 
Бала көрбөй той кылбай, 
Ушундай бир малга кароо жери бар. 
Батасын берип Акбалтай 
Кең Алтайдын баткалда 
Кейип кыргыз жатканда 
Күн кечигип, түн өтүп, 
Күз ортолоп, жай өтүп, 
Семизчилик убагы 
Үч айга убак толуптур, 
Чыйырды аттуу байбиче 
Ал Жакыптын зайыбы - 
Күмөндүү талгак болуптур. 
Жылкыдан сексен бээ сойду, 
Эт экен деп тойгон жок, 
Ал байбиче Чыйырды 
Талгагын такыр койгон жок. 
Төө баштаган бир тогуз 
Жана Жакып мал сойду, 
Байбиченин алдына 
Сойгон этти да койду, 
Сойгон этин жеген жок, 
Муну тамак экен деген жок. 
«Шердин этин тапкын» - деп, 
Болбой турду байбиче. 
Шер атаар мерген табылбай, 
Же шердин эти кабылбай, 
Ал Чыйырды байбиче: 
«Атаа шердин эти» - деп, 
Бөдөнөдөй кайран көз 
Бөлөк-бөлөк жаш кетип, 
Бөтөнчө ыйлап алды эми, 
Карагаттай кайран көз 
Кайгырып ыйлап алды эми. 
«Шердин этин көрсөм - деп, 
Анан кийин өлсөм» - деп, 
Бөдөнөдөй бөкчөйүп, 
Бөгүп калды байбиче, 
Көздүн жашын иргилтип, 
Төгүп алды байбиче. 
Түнүчүндө уйку албай, 
Минтип ыйлайт байбиче. 
Күндүзүндө уйку албай: 
«Алда, шердин эти» - деп, 
Ак эткенде так этет. 
Байбиче жатып алганы, 
Жапаны башка салганы. 
Шер эти кайдан табылсын, 
Дүмөк кылды байбиче. 
«Шер этин таап алсам - деп, 
Казаныма салсам - деп, 
Мыктап жатып тойсом - деп, 
Аңкаганым койсом - деп, 
Андан кийин өлсөм - деп, 
Кыямат жүзүн көрсөм» - деп, 
Тилек кылат байбиче. 
Ошо кезде бай Жакып 
Төрт түлүктүү каран мал 
Зарып кылып шер издеп, 
Шердин эти табылбай 
Кырк үй кыргыз тең ыйлап, 
Малдан ашты баарды, 
Шердин этин издетип, 
Кыдыртты далай шаарды. 
Кырк үйлүүнүн ичинде 
Кыйын экен Акбалтай 
Акбалтай акылды таап турганы, 
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп, 
Токсон төөнүн буудайын 
Алман салып жыйнады, 
Кырк үйлүүдөн кырк мерген 
Шерге уу кылып калганы. 
Салбурун тартып, жол жүрүп, 
Жан аябай мол жүрүп, 
Мергенге шер табылбай 
Бейпай тартып турду эле, 
Балтай, Жакып башчысы 
Токсон төөнүн буудайын 
Кочкусуна бергени, 
Аткан экен бир шерди 
Кытайдын Кочку мергени. 
Шердин эти табылып, 
Кырк үйлүү кыргыз бакыр журт 
Абийири мындан жабылып, 
Жок буюму табылып, 
Баары кыргыз чуркурап, 
Баабединге камынып, 
Баабедин айтып алышып, 
Топоңдотуп торпогун 
Баса калып чалышып, 
Жеткендери төө союп, 
Жеткилеңи бээ союп, 
Ар тилегин бат айтып, 
Адам тапкыс ой кылып, 
Кырк үйлүү кыргыз бакыр журт 
Жан-жабыла той кылып. 
Акбалтай менен Жакыбың: 
«Айланайын, калың журт, 
Шердин эти табылды, 
Ушул бала туулса 
Бизге бир шердей бала кабылды!» 
Бай Жакып айтып мындай кеп: 
«Малым менен жанымды 
Талап кеткин, журтум - деп, 
Экөөмдү коюп, бирөөмдү ал, 
Көлүгүм таштап, төөмдү ал, 
Кызыл куйрук билимди ал, 
Кымбатым, журтум, тилимди ал, 
Силерден сурайм угуп ал! 
Ак сакалдуу карың ук, 
Кырк үйлүү кыргыз, баарың ук! 
Кара калмак, манжуу журт 
Ортосунда турабыз. 
«Бай Жакыптын катыны 
Шерге талгак болду» - деп, 
Кара калмак, манжууга 
Угулуп ушак жетпесин, 
Талгак болгон катынды 
Таш коргонду талкалап, 
Такыр кырып бул журтту, 
Бээжинге тартып кетпесин. 
Туудурбастан, төрөтпөй 
Түпкө чогуу жетпесин. 
Күнөөлүү кыргыз эл эле, 
Алтайда калмак көп эле, 
Бу катындын кабарын 
Укса калмак соо кылбайт, 
Эзелде бизди оң кылбайт. 
Киши ишенип болобу, 
Атагы манжуу капырга! 
Укса бизди оң кылбайт, 
Талгак болгон катынды 
Тартып алса соо кылбайт». 
Бай Жакып айтып мындай кеп: 
«Бекиткин, журтум, оозуң - деп, 
Айтып коюп калмакка 
Каза көрбө орумду 
Кайната көрбө шорумду». 
Жакып тилеп муну айтып, 
Акбалтай турду күүлөнүп, 
«Болду, Жакып баатырым, 
Сенин бул айтканың акыл - деп, 
Кара калмак, манжууга 
Бүлкүлдөгөн кишинин 
Жети атасы капыр - деп, 
Шерге талгак катынды 
Эркек тууйбу, кыз тууйбу 
Эминеси болсо да 
Шер туучу баатырды 
Уламадан уладым, 
Билгичтерден сурадым, 
Ушул Чыйырды тууса шер тубат, 
Кара көк жал эр тубат. 
Ушул кара калмак, манжууга 
Өлбөсөң журтум көрөрсүң, 
Чылап койгон уу тубат, 
Чын кыргыз бизге туу тубат. 
Бел байлаган бел тубат, 
Белге таңуу шер тубат. 
Кырк үйлүү кыргыз журт элең 
Ак буудай унун чайнап бер, 
Шерге талгак болду - деп, 
Журтум, айтпаска куран кармап бер!» 
Муну укканда, кыргыз журт 
Өлүп кетер ант кылып, 
Убаданы бат кылып, 
Убада кылып буркурап, 
Түп көтөрө кыргыз журт 
Бекитти оозун буркурап: 
«Айтып койгон адамдын 
Малы, башын талайлы, 
Билгизбей кармап алалы, 
Койбой жүзүн дүйнөгө 
Курмандыкка чалалы!» 
Калың журт мындай дегенде, 
Убадасын бергенде 
Ошол кезде бай Жакып 
Бээ баштаган беш тогуз 
Берен Жакып сойду эле, 
Журттун оозу бек болуп, 
Артыкча тойду кылды эле. 
Капшыттагы кара арак 
Бай Жакыптын үйүндө 
Калмакча көөкөр менен бир арак, 
Капшыттан сууруп куюшуп, 
Эр башына сунушуп, 
Кара калмак, манжуунун 
Бала издеген дүмөгү 
Сан кара күткөн Жакыптын 
Балада болот тилеги. 
Айланайын, калайык - 
Деп, ошентип, Жакып кан 
Айтып оозун жыйганча 
Бүткүл шерди сойгону, 
Сойгон шердин этине 
Байбиче мыктап тойгону, 
Талгагын анан койгону. 
Кыймылдаса кыйналып, 
Ыйлай берди байбиче, 
Ай мезгили толуптур, 
Төрөй турган катындын 
Убактысы болуптур. 
Тогуз ай, тогуз күн болду 
Күндү эсепке алыптыр, 
Күндү катка салыптыр. 
Акбалтай баштап карысын 
Жыйып алды бай Жакып 
Кырк үйлүү кыргыз баарысын: 
«Үй үйлөнүп, мал күттүм 
Эч мураска чыкпадым, 
Эрешен тартып эр болуп, 
Эр уулу менен тең болуп, 
Бир баланын үнүн укпадым. 
Менин малым арбын, балам жок, 
Байбиче бала төрөсө 
Баланын үнүн укканда 
Менин өлбөй калчу чамам жок. 
Баланын үнүн укканда 
Менин көңүлүм жашып кайгырар 
Сүйүнгөн бойдон жүрөгүм 
Ортодон тарс - деп айрылар. 
Бала убайын көрө албай 
Кокустан Жакып өлөбү, 
Кызыктуу кыйын сүйүнүп, 
Жакыбың кыямат жүзүн көрөбү? 
Малым арбын, балам жок, 
Балалуу болсом сүйүнүп, 
Менин өлбөй турган чамам жок. 
Эмгектен тапкан сан кара 
Бу жерге туруп нетейин, 
Ушул жылкыны көздөй кетейин, 
Мен жылкыга барганда, 
Көп кечигип калганда 
Катын аман төрөсө, 
Эркек болбой, кыз болсо 
Атап койгон ала бээ 
Тоюна союп жеп койгун, 
Кайран Жакып көк жалың 
Туяксыз өттү - деп, - койгун. 
Жылкыдагы өзүмө 
Бирөөң басып барбагын, 
Бирөөң кабар салбагын. 
Эгерде эркек уул тууса, 
Тоюна токсон соё көр! 
Айкырып азан чакырып, 
Атын Манас коё көр! 
Тоюна токсон соё көр, 
Сүйүнчүлөп кала көр, 
Эрениң мага бара көр! 
Эркек атын угузсаң 
Дегениңе көнөйүн, 
Багып жүргөн сан кара 
Баарын сага берейин, 
Топозум токсон миң болгон 
Баарысын сага берейин. 
Сүйүнчүгө баргандын 
Дегенине көнөмүн, 
Төрт түлүктүү каран мал 
Түгөл бойдон беремин. 
Адырда жылкы алтын сан 
Аргымак-буудан аралаш, 
Сүйүнчүгө барганың 
Тандап буудан малымды ал, 
Аздык кылса ал малым 
Менин көөкөргө куюп канымды ал! 
Кааласаң төөдөн кошуп ал, 
Калайык ук, карың ук, 
Калың журтум, баарың ук!» 
Мурасына жеткени, 
Муну айтып, бай Жакып 
Жылкысына кеткени. 
Ойлосо кетет дарман-ал, 
Кандай бала төрөр - деп, 
Тутамга келбейт кайран жан. 
Кабырга сөөгү сөгүлөт, 
Жакыптын көңүлү нече бөлүнөт. 
Санаа тартып тура албай, 
Сан малга Жакып барыптыр, 
Камбар ата кара айгыр 
Көп жылкыдан кары айгыр 
Кармап алып бай Жакып 
Мойнуна кисе салынып, 
Жаратканга жалынып, 
Камбар ата айгырды 
Ай туякка чалды эми, 
Айгырды Жакып сойду эми, 
Этине мыктап тойгондо 
Ак каңкыны жазданып, 
Кыбыланы баштанып, 
Жакып бай уйку салды эми. 
Кементайды жамынды, 
Бир кудайга жалынды. 
Чыканактап уйку алып, 
Чырым этип тынч алып, 
Уйкуга көзү илинип, 
Жараткан кылдың убара 
Жылаңайлак, жылаңбаш 
Жакып кандын түшүнө келип 
кириптир 
Бир ак сакалчан дубана: 
«Атыңдын оозун бур, Жакып, 
Алда! - деп, өйдө тур, Жакып! 
Кызыр алейки салам мен элем, 
Кыр жагыңа келгеним - 
Жараткан берди бир бала 
Ошону айтып бергени. 
Кайгынын баарын жой, Жакып, 
Бүгүн эркек уулдуу болосуң 
Атын Манас кой, Жакып! 
Бул уулуң Алтайга келип туулган, 
Аман жүрүп чоңойсо 
Ааламга салат чуулган. 
Бул уулуңдун серп алган жагы 
кызыл өрт, 
Себилдүүсү сексен төрт, 
Бул уулуңдун серп салган жагы 
кызыл өрт. 
Жети жашка келгенде 
Калыйпа кирип кат алат, 
Канзаададан бата алат. 
Он эки бирге кол берип, 
Кырк чилтен баштап жол берип, 
Өзү зайыппуруш аталат. 
Кан ичип жүрүп катыгат, 
Бет алганды мерт кылып, 
Өзү канкор Манас аталат. 
Кара көк жал шер болот, 
Телегейи тең болот. 
Алты шердин кенжеси, 
Өзү кудайдын сүйгөн мендеси. 
Душман азар салбаган, 
Беттешкен тирүү калбаган 
Телегейи тең болот, 
Ичин карап отурсаң 
Ушул жер жүзүнөн кең болот. 
Манас менен беттешип, 
Менде азарын сала албайт, 
Он сегиз миң ааламда 
Укурук кайрар түк калбайт. 
Каканчынын Бээжинге 
Калайман салчу шер ошол, 
Топон суу жүрбөс Бээжинге 
Тополоң салчу эр ошол. 
Кабылан Манас уул келди 
Эми карап, Жакып, угуп ал! 
Атын койгун Манас - деп, 
Капаңдын баарын жоё көр, 
Кара калмак, манжууга 
Чоң Жинди атка коё көр! 
Ушул бүгүн тууган балаңдын 
Колдогону - Кожосан, 
Жөлөгөнү - кырк чилтен. 
Бул балаңды көргөндө 
Адам тапкыс ой кылгын, 
Жылма болгон жылкыңдын 
Көбүн союп, той кылгын! 
Бүгүн куу катының шумкар тууйт, 
Сенин кула бээң бүгүн тулпар тууйт. 
Бүгүн Кызыр айткан азылзат ушул, 
Кабылан Манас шер уулуң 
Казатка минер ат ушул. 
Бүгүн экөө бир күн туулду, 
Биттейинде бирикти, 
Кенедейде кезикти, 
Керишке минчү мал ушул. 
Артык тулпар мал болот, 
Алты ай минсе арыбайт. 
Алтымыш асый болгуча 
Азуу сөйкөп карыбас, 
Куйругу саяң, жалы аз, 
Кулан кууса куткарбас, 
Сөөгүнүн баары көпкөк таш, 
Астындагы мингени 
Батырак өлөр өмүр аз. 
Атканым ушул, тилимди ал, 
Баатыр, Жакып, билип ал! 
Айтканым ушул, кеп ушул, 
Балаң Манас кулунуң, 
Мендеден башка тууган туйгунуң 
Чоңоёру кеч болор, 
Кыжылдаган капырдан 
Кытайдын журту өч болор. 
Жашы он экиге келгенче 
Эрешен тартып, эр болуп, 
Эр уулу менен тең болуп, 
Колуна айза алгыча, 
Эңкейип айза сайгыча, 
Ок жетпес атын мингиче, 
Ок өтпөс тонун кийгиче, 
Манас, Манас болгуча, 
Алчайып атка мингиче, 
Калк ичине жүргүчө, 
Ордолуу кыргыз журтуна 
Ордо болуп калгыча 
Он экиге келгинче: 
«Уулумдун аты Манас» - деп, 
Бир адамга билгизбе, 
Бир калмакка туйгузба! 
«Уулумдун аты Манас» - деп, 
Айтып койсоң дардаңдап, 
Манастын даңкы билинди, 
Мындан мурун жети жыл 
Чыны Какандын даңзасына чийилди. 
Манастын атын укканда 
Калайыкка чыр салып, 
Бээжиндин каны күйүнгөн 
Белгилүү Манас уул ошол. 
«Уулум Манас аттуу» - деп, 
Угуза көрбө кытайга!» 
Ошонтүп айтып, ал адам 
Көздөн кайып болгону. 
Ошол кезде бай Жакып 
Уйкудан чочуп ойгонуп, 
Оң жагына толгонуп, 
Мойнуна курун салынып, 
Кудурет - деп жалынып, 
Баабединин бат айтып, 
Бай Жакып турду камынып, 
Ошол күндө Жакыптын 
Уйкусу кетти чачылып, 
Умачтай көзү ачылып, 
Ыргып турса ал Жакып 
Жанында адам турмак, айбан жок. 
Сүйүнүп жүрөк акылдап, 
Ошол кезде таманы жерге такылдан, 
Башынан буу буркурап, 
Жаратканга чыркырап, 
Ыйлап турду бай Жакып: 
«Уктап турсам түш экен, 
Бул кудайдын кылган иши экен!» 
Ыргып турса түн экен, 
Ошол кезде Жакыпка 
Кадыр түн болор түн экен, 
Айтып кеткен ошол жан 
Кыдырыңдын өзү экен. 
«Аты Манас болду» - деп, 
Алды каткан бай Жакып 
Угуп турган кези экен. 
Мойнуна курун салынып, 
Ошол кезде бай Жакып 
Жаратканга жалынып, 
Супа садык чалыптыр, 
Тараза жылдыз бириндеп, 
Бирөө калбай батыптыр, 
Жакып ыргып турганда 
Таң кашкайып атыптыр, 
Жерге жарык тийиптир. 
Ыргып турса бай Жакып 
Табылган малга төл башы 
Төрөбөй жүргөн кула бээ 
Ырысы күлдөй жөнөптүр, 
Ошол кула бээ кулун төрөптүр. 
Ырымдаган кула бээ 
Кулун тууган кези экен, 
Кулун эмес тууганы 
Кыйын тууган кези экен. 
Малдын башы кула бээ 
Быйыл тууган кези экен, 
Тууганда мыктап кула бээ 
Куюн тууган кези экен. 
«Туш-тушунан караса 
Жал, куйругу төгүлөт, 
Жаныбарым Торучаар 
Мунун тулпарлык сыны көрүнөт. 
Кыл мүчөсүн караса 
Кызыктык түрү көрүнөт. 
Куйругу бар, жалы бар 
Ошондой сулуу жаныбар. 
Аман болсо Торучаар 
Толкуган тулпар ат болот, 
Муну сураган адам жат болот. 
Ар мүчөсү бөлүнөт, 
Жаныбардын артыкча сыны көрүнөт. 
Аман жүрүп ат болсо, 
Чылбыры тутам калгыча 
Чындаган жоого алдырбайт, 
Чын кырсык миңдеп чалбаса 
Мингенин жоого сайдырбайт. 
Чуу укса мүчө сөгүлгөн, 
Айгай укса жаныбар 
Тулпардык сыны көрүнгөн. 
Очогор атса шашпаган, 
Жер жарылган чуу укса 
Бир изин ката баспаган, 
Оозун коё бергенде 
Тулпарлардан бөлүнгөн, 
Айгай укса жарыктык 
Тулпарлык сыны көрүнгөн. 
Басып өтсө кара жер 
Кат-катынан бөлүнгөн. 
Тайгылбаган бийиктен, 
Такыр жери кем эмес 
Ташка баскан кийиктен. 
Минген адам шарт болот, 
Аман жүрсө Торучаар 
Эрге ылайык ат болот. 
Кетмен туяк, кең соору 
Аман болсо Торучаар 
Керишке минер ат болот. 
Кара байыр казанат 
Аман болсо Торучаар 
Тоорушка минер ат болот. 
Айзакерден кабылан 
Ыктуу минер ат болот, 
Ааламга чыр салчу 
Мыктуу минер ат болот. 
Багалчагы майышпас, 
Баатыр чалыш жылкы экен. 
Бекер куйрук, жал эмес, 
Бул жаныбар Торучаар 
Мен көргөндөй мал эмес!» 
Кулунду сынап алганы, 
Кубангандан бай Жакып 
Кайра көзүн салганы. 
Торучаарды караса, 
Мал жыргалын кааласа 
Жерди чапчып Торучаар 
Таптап турган кези экен, 
Энесинин үстүнөн 
Ары-бери түйүлүп, 
Аттап турган кези экен. 
Муну көрүп бай Жакып 
Көңүлү кетип бөлүнүп: 
«Минүүчү ээсин бергин» - деп, 
Тилек кылып кудайдан 
Көңүлү кетти бөлүнүп, 
«Минүүчү уулду берсе - деп, 
Мингенин көзүм көрсө - деп, 
Анан кийин өлсөм» - деп, 
Торучаарды көргөндө: 
«Баабедин!» - деп бакырып, 
Жылкычысын чакырып, 
Боконо жүрөк болкулдап, 
Көкүрөгү кирилдеп, 
Тула бою дирилдеп, 
Айтып оозун жыйганча 
Андай-мындай дегиче 
Карарган тоонун урчуктан, 
Кайкалаган тумшуктан 
Оргуп-оргуп чаң чыгат, 
Чаңды көрүп бай Жакып 
Дене бойдон жан чыгат. 
Оргуган чаңды караса 
Телкүрөңдүн чаңы экен, 
Үстүндөгү мингени 
Акбалтай өңдүү жан экен. 
Кабарга Балтай келгени, 
Араң турган бай Жакып 
Сүйүнчүлөй бергени. 
Акбалтай айтып мындай кеп, 
Бай Жакыпка мындай деп: 
«Бай Жакып, балам, сүйүнчү! 
Бүгүн сенин багыңа 
Ач арслан шер келди, 
Кайгырсак колго тийбеген 
Кабылан султан эр келди! 
Чыдап адам калбады, 
Колуна кош колдоп заар кармады. 
Курсакта жатып бакырды, 
Мунуң «Манастап» ураан чакырды. 
Сары саамай көк койдо 
Сары башыл ирик тууду, 
Манасыңды тууганда 
Таманы менен тик тууду! 
Оң колуна кара кан 
Кармай түштү кан Манас, 
Оң колуна кара кан кармай түшкөнү - 
Кармашууга жоо болсо, 
Кара кандай агызып, 
Канын төгөм дегени. 
Сол колуна сары алтын 
уучтай түшкөнү - 
Салышарга жоо болсо, 
Сары алтындай саргайтып, 
Мен түбүнө жетем дегени. 
Курсактан балаң түшкөндө 
Кулагынын учу тешилүү, 
Мунун сүрүнөтү кесилүү, 
Көргөн жан болду бышмана, 
Ой, Жакыбым, ойлончу 
Курсактан түшкөн балаңдын 
Мынчалык болду жышана. 
Баркырап бала түшкөндө 
Түшкөн жерден чаң чыкты, 
Ыйлаганда балага 
Жүрөк туйлап жан чыкты. 
Көрбөгөндү көрүптүр, 
Бала эмес, бир желмогуз экен - деп, 
Тогуз кемпир бечара 
Жүрөгү түшүп өлүптүр. 
Көргөндүн көөнү бөлүндү, 
Арт жагында балаңдын 
Кара көк жал жалы көрүндү. 
Манасың жерге түшкөндө 
Нур төгүлүп тоюнду, 
Кара көк жал кабылан 
Аты «Манас» болсун - деп, 
Балаңдын аты коюлду. 
Катындар ороп аларда 
Бу белгиси дагы бар, 
Кара чаар кабылан 
Капталында чамынды, 
Ал ымыркай баланы 
Ары-бери үч аттап, 
Караса көзгө илинбей 
Кайда экени билинбей 
Кайып болуп жоголду. 
Көсөө куйрук көк арслан 
Оң жагынан чамынды, 
Арсланды көргөндө: 
«Кандай шумдук болду?» - деп, 
Катын качты чуркурап, 
Калайыктын баарысы 
Түп көтөрө зыркырап, 
Туулган бала Манастын 
Оң ийинден бир жыттап, 
Сол ийинден бир жыттап, 
Күр-күр этип толгонуп, 
Берен менен арслан 
Кошо жатты комдонуп, 
Бир карасаң баладай, 
Бир карасаң сур жолборс, 
Аман жүрүп чоңойсо 
Беттешкен адам аман түк болбос. 
Чекеси жерге жеткени, 
Асмандан кудайдын нуру чачылып, 
Зилзала жүрүп кеткени. 
Төрөгөн Манас уулуңуз 
Кудайдын сүйгөн кулу экен, 
Ар мүчөсүн карасаң 
Токсон миң жандык уул экен. 
Аман жүрүп чоңойсо 
Эрешен тартып эр болот, 
Кара көк жал кабылан 
Каары толук шер болот. 
Жүргөнү күйгөн чок болот, 
Атаары болот ок болот, 
Аты Манас коюлду 
Ааламда жок болот. 
Аты Манас шер ошол, 
Айдалып келдик алыстан, 
Тууганыбыз кыргызды 
Таап берүүчү эр ошол, 
Муңуңду чечер шер ошол, 
Бизди муңкантпай күтчү эр ошол. 
Өзү Алтайда туулду 
Билсең кадыр түн келди 
Ойлоп көрсөң, Жакып кан, 
Бизге бир жакшылык тиер 
күн келди. 
Мурун кааласаң сизге туш келди, 
Бүгүн сенин түшүңө туушар 
иш келди. 
Жакып бай, кабыл келди көргөн түш, 
Эркек төрөп Чыйырды 
Аты Манас коюлду, 
Калкыңда барбы мындай иш!? 
Сөлөкөтү, сөлбөтү, 
Төрөлгөндө келбети 
Чукул келди көргөн түш, 
Кызырлуу Жакып, угуп ал 
Кылымда болбойт мындай иш! 
Балаңдын ар белгиси чак келди 
Алда Таала кудурет 
Өзү каалап бак берди. 
Туулганда кара жер 
Токтоно албай тербелди, 
Аты Манас арслан 
Байкасаң бизге шер келди! 
Жакыбым, 
Жалынсак болбойт мындай иш, 
Жакында келбейт көргөн түш, 
Жараткан Манастай бала берет - деп, 
Жадыда барбы ушул иш?! 
Белгилүү экен, бел экен, 
Берен Манас бул уулуң 
Белге таңуу шер экен, 
Байланып жаткан бактынын 
Багын аччу уул экен, 
Кордукта жүрчү адамдын 
Колун чечер уул экен. 
Муңканып жүргөн адамдын, 
Муңун табар уул экен, 
Кайнап жаткан капырга 
Казат кылар шер экен, 
Алтайдагы карып журт 
Аман Манас чоңойсо 
Азат кылар шер экен. 
Кечээ, Жакып, көргөнсүң 
Кабарыңда бар бекен, 
Текече кан, Шыгай кан 
Бир караанын тийгизбей, 
Же эр экенин билгизбей, 
Алек болуп жан менен 
Акылынан шашканда 
Бул экөө тоого чыга качканда, 
Тирүүлүккө жутунду 
Бир караанын тийгизбей, 
Туугандыгын билгизбей 
Өздөрү качып кутулду. 
Чалышарга чама жок, 
Алышарга айла жок 
Кара калмак, көп манжуу 
Төбөбүздөн басканда 
Кечээ быт-чыт кылып 
баарыбызды чачканда, 
Кордукту койдой салганда, 
Мал менен башка ээ кылбай 
Кытайың такыр талап алганда 
Кол менен аяк байланып, 
Кордук көрүп айдалып, 
Капаланып кайгырып, 
Өз туугандан айрылып 
Белгилесек каран түн, 
Мендеде барбы мындай күн? 
Кол-аяк чогуу байланды, 
Кордук көрүп айдалдык. 
Бирөөбүз кеттик Эйренге, 
Бирөөбүз түштүк чыкпай турган 
тереңге. 
Көбүбүз түштүк кордукка, 
Жолуктук чоң чокмор алган 
зордукка. 
Калайман башка салганда, 
Бул капырлар айдап алганда 
Союп жээрге кой таппай, 
Тыныч алууга жер таппай, 
Жалы бар жетим тай таппай, 
Же бир жан жыргатар жер таппай, 
Жабыркап тентип келгенде 
Алтайга келдик, ал таптык, Жакып, 
Алтын кен казып, 
Мал таптык, Жакып! 
Каадада барбы көргөн түш, 
Алда Таала жараткан 
Манастай бала берет - деп, 
Теги каадада барбы ушул иш! 
Ушул бир бала чоңойсо, 
Кегиңди алар кен ошол, 
Сенин чериңди жазар эр ошол. 
Туш-тушка кеттик айдалып, 
Аман болсок тууганды табар эр ошол. 
Байкасаң жакшы көргөн күн, 
Билгенге Манас кадыр түн. 
Арыган атың семирди, баатыр, 
Бизге ачкан бир курсак тоюнду, 
Сенин үзүлгөнүң уланат, 
Балаң аман чоңойсо, 
Көөдөндөн капаң чачылар, 
Өрттөнгөн жүрөк басылар, 
Аман болуп чоңойсо, 
Сенин умачтай көзүң ачылар! 
Үзүлгөнүң уланат, 
Чачылганың жыйналат» - 
Акбалтай айтып турган кеп, 
Балалуу болдуң Жакып - деп, 
Агарып таңың чыктыбы, 
Сенин кызарып күнүң келдиби, 
Аты бир Манас кабылан 
Айкөлдү кудай бердиби?! 
Көрсөң бир ичте бышман бар, 
Учмактуу Бээжин улуу шаар 
Ошонун улугу мыкты Эсенкан. 
Уламадан кеп уктум: 
«Аты Манас эр чыгып, 
Бээжинге дүмөк салат - деп, 
Бээжиндин каны Эсенкан 
Бул кыргыздын журтунан 
Бала издеди» - деп уктум. 
Аты Манас бала - деп, 
Балчысы айтып билиптир, 
Тили кыргыз тилинде, 
Бээжинге душман зилинде. 
Ойлоп, билип балчысы 
Ал Эсенкан капырдын 
Айтып берип жарчысы 
Көзүнө айтып далайы 
Билген экен Манасты 
Казыналык аяры. 
Аярдан анык кеп угуп: 
«Манас душман» - деп, угуп, 
Албан түрдүү кол алып, 
Ушул кырк үйлүү кыргыз журт элек 
Чогуу жыйнап алганда 
Кабарыңда бар бекен, 
Балдардын баарын чуулатып, 
Чубатууга салганда, 
Манас издеп Эсенкан 
Уламадан уласам, 
Билгичтерден сурасам, 
Калайманды салды - дейт, 
Тутанып өлгөн кызыталак 
Туш-тушка кабар кылды - дейт, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып кырды - дейт. 
Чоң экенин билгизип, 
Чогулган журттун баарысын 
Кыйнап, сабап, күйгүзүп, 
Бала издеди - деп уктум, 
Аты Манас, жалы бар 
Жан издеди - деп уктум, 
Өз билгенин ааламга 
Кылып кетти - деп уктум, 
Кежирине тийгенди 
Кежигесин кержейтип 
Кырып кетти - деп уктум, 
Аябаган дүмөктү 
Салып кетти - деп уктум, 
Самаркандын шаарында 
Туулган экен бечара 
Чоң Эшендин Жар Манас 
Зордук кылып кытайлар 
Алып кетти - деп уктум. 
Каканчынын калкы бар, 
Кайнап жаткан кытайдын 
Канча түрдүү алпы бар 
Каны буйрук кылганда 
Ушундай зордук кылмай салты бар. 
Ордолуу шайык көк жөкөр 
Орчун журт Кокон, Маргалаң 
Кызык кылды - деп уктум. 
Анжыянды жердеген, 
Муну эңкейтип душман жеңбеген, 
Анжыянда Айкожом, 
Айкожо уулу - Билерик, 
Айкожо жайын сураба - 
Өзү олуя жан экен, 
Айкожонун Билерик 
Өзү өлгөндө көргөн бала экен. 
Жети-Өзөн суунун талмызы, 
Айкожонун өлгөндө көргөн Билерик 
Ата уулунун жалгызы, 
Салым кылып алтынды 
Артып алды - деп уктум, 
Курун селде чалынып, 
Кудуретке жалынып, 
Төөгө булун жайлашып, 
Кытайды көздөй айдашып, 
Кытайдан чыгып, чоң Дөңгө 
Өз билгенин аларга 
Кылып салды - деп уктум, 
Медиян суусуз чөлүндө 
Соодага барган кожону 
Кырып салды - деп уктум, 
Ошондо кожо кырылып, 
Сооданын баары тыйылып, 
Олжолоп алып чоң Дөңгө 
Жолго түштү - деп уктум, 
Айкожо уулу Билерик 
Колго түштү - деп уктум, 
Темир аркан чыкпаган 
Торго түштү - деп уктум, 
Кытай эрмек кылууга 
Дууга түштү - деп уктум, 
Айыкпаган бир үлкөн 
Чууга түштү - деп уктум, 
Кожолорун коржойтуп, 
Жайлап кетти - деп уктум, 
Бу дагы бусурмандын эли - деп, 
Билерикти моминтип, 
Байлап кетти - деп уктум. 
Жарманас менен Билерик 
Экөөнү кошуп алды - дейт. 
Кан тагында чоң зындан 
Бийиктиги кырк аркан 
Ал зынданга салды - дейт, 
Өлтүрбөстөн житирбей, 
Аларың бакырча болуп калды - дейт. 
Кытай бүлүк болуптур, 
Атын угуп Манас - деп, 
Абайлагын, бай Жакып, 
Ааламда барбы мындай кеп, 
Уруусу Манас кыргыз - деп, 
Уяны Манас бузар - деп, 
Бээжинге салды мыктуу чеп, 
Бээлеп, Жакып, кебимди ук, 
Мендеде барбы мындай кеп, 
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп, 
Айта көрбө, Манас - деп. 
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп, 
Капанын баарын жоёлу, 
Кыргыздын баары чогулуп, 
Кызыр чалган көк жалды 
Азырынча Чоң Жинди атка коёлу. 
Жашы он экиге келгенде 
Билбегенди билгизип, 
Минтип жолго салалы, 
Кайнап жаткан капырдан 
Биз капкайдагы кекти алалы. 
Он төрткө жашы келгенде 
Канга тоюп катыгат, 
Карап тургун Манаска 
Каканчындын Бээжинге 
Канкор Манас атыгат. 
Белгилүү ушул, бели ушул 
Каканчындуу Бээжинге 
Калайман салчу эр ушул. 
Бай Жакып, балам, кебимди ук, 
Бала келди, шер келди, 
Мал менен башың тең келди, 
Таалайың артык кабылан, 
Үйүңө Манас эр келди! 
Аман болсо бул уулуң 
Кыяны чаап жол салат, 
Айтканым жалган болбосо, 
Алдам өзү билбесе 
Бул уулуң кытайды чаап олжо алат. 
Сан кара күткөн, ой Жакып, 
Малга кароо жан элең 
Сараңыңды кой, Жакып! 
Сенин адырда жылкың алты сан, 
Мунун көбү сонун ала баш, 
Ичинде аргымак-буудан аралаш. 
Капанын баарын жой, Жакып, 
Табылып Манас уул келди, 
Далайын тойго сой, Жакып, 
Далай жылкы, далай кой 
Бир далайын сой, Жакып, 
Баланын аты «Манас» - деп, 
Эч адамга билгизбей, 
Эч адамга туйгузбай 
Өз ичиңен: «Манас» - деп, 
Баланын атын кой, Жакып! 
Сан кара малың чач, Жакып, 
Элдин оозун бас, Жакып! 
Уй менен төөң союлсун, 
Бул Алтайдын түзүнө 
Чоң кемеге оюлсун, 
Бул Манастын тоюнда 
Календер, бакыр, мискиндер 
Калбай баары тоюнсун!» 
Акбалтай айтып мындай кеп 
Сүйүнчүлөп калганы. 
Баласы жок Жакып бай 
Айтканына көндү эми, 
Боз айгыр үйүрү миң байтал 
Айткан Акбалтайыңа 
Сүйүнчүгө берди эми. 
Алдыңкы эрдин шалпайтып, 
Эки өркөчүн аркайтып, 
Өрдөктөй мойнун койкойтуп, 
Бир өркөчүн зоңкойтуп, 
Балпаң-салпаң маң баскан, 
Төрт аягын тең баскан, 
Чуудаларын чаң баскан, 
Нардан чыккан төрт жүздү 
Айдап Жакып келди эми, 
Ал Акбалтай абаңа 
Сүйүнчүгө берди эми. 
Шаа мүйүзүн койкойтуп, 
Өзү сүрөк, сүтү май 
Баркы кымбат жаныбар 
Малым жетпейт бир далай, 
Байкуш Жакып аянбай 
Уйдан берди төрт жүздү. 
«Ой, Акбалтай, абаке 
Ушул сөзүң чын болсо, 
Жылкыдан тулпар малымды ал, 
Аздык кылса бергеним 
Көөкөргө куюп канымды ал, 
Ырас болсо айтканың 
Өгөөмдү таштап, бүлөөмдү ал, 
Экөөмдү таштап, бирөөмдү ал, 
Алтайга таштап, айылымды ал, 
Баламды таштап, зайыбымды ал, 
Мүлкүмдү жыйнап, бөзүмдү ал, 
Оорубаса, ой абам, 
Чукуп бир жак көзүмдү ал, 
Жылкы жыйдым дүйнөсүз, 
Ээсиз малды көп жыйдым, 
Сүйүнчүлөп калыпсыз, 
Айтканың ырас чын болсо, 
Малым түгүл, мени да ал! 
Акбалтайдын кебине 
Эзилип кетип барамын, 
Кебин угуп кан Балтай 
Сүйүнгөнгө чыдабай, 
Күйүп барат жүрөгүм. 
Айланайын Акбалтай 
Аты Манас коюлса 
Ал баламды көрөйүн, 
Бул Алтайга келгени - 
Малым арбын, балам жок, 
Бала үчүн тарттым жапаны, 
Мына ушундай экен, дүйнө бок! 
Айланайын Акбалтай, 
Бир туткан бирим сен элең, 
Жанды кудай жаратат, 
Ал баланы көргөнчө 
Менин жаным чыгып барат!» - 
Деп, - ошентип, бай Жакып 
Турага толгон (түмөн) мал 
Баланын жөнүн укканда 
Тутамга келбей шордуу жан 
Көңүлү кетип бөлүнүп, 
Балалуу болдуң дегенге 
Байкуш калган бай Жакып 
Көзүнүн жашы төгүлүп, 
Шашып атын токунуп, 
Ээрчиткени эр Балтай 
Чоң Алтайдын оюнан, 
Чоң өзөндүн боюнан, 
Салып келсе үйүнө 
Ырыс-таалай жөнөптүр, 
Байбичеси Чыйырды 
Манас шерди төрөптүр. 
Манасты төрөп турганда 
Байбиче белги көрүптүр, 
Ал белгини көргөндө 
Он эки катын бечара 
Жүрөгү түшүп өлүптүр. 
Түшкөндө бала тик түшүп, 
Көргөн кемпир бүк түшүп, 
Бар-бар-бар ыйлап, 
Баркырап көк жал бек ыйлап, 
Көк жал жалы бөлүнүп, 
Аягы менен тик келип, 
Абайласа баланын 
Арслан түрү көрүнүп, 
Манасты төрөп турганда, 
Кудай кылган убара 
Байда болуп келиптир 
Бир ак сакалчан дубана: 
«Бул төрөгөн балаңыз - 
Алты шердин кенжеси, 
Алланын сүйгөн мендеси. 
Аты Манас артык шер, 
Жан жаратып мендеден 
Эзелде чыкпайт мындай эр, 
Айза имерип, топ бузат, 
Муну менен алышкан адам окко учат. 
Берен ушул, шер ушул, 
Шер кенжеси эр ушул. 
Аман болуп чоңойсо, 
Жолсуз жерге жол салат, 
Тийишкенге кол салат, 
Себилдүүсү сексен төрт, 
Аман болсо көрөрсүң, 
Мунун серпишкен жагы кызыл өрт, 
Жүргөнүнө чаң жетпейт, 
Мунун сайышына ал жетпейт, 
Беттеп менде келе албайт, 
Муну душман жеңип алалбайт, 
Түгөнгөн сайын түтөгөн, 
Түптүү Манас шер ушул, 
Өлгөн сайын өөрчүгөн 
Өкүм Манас эр ушул. 
Каканчындын Бээжинди 
Аман жүрүп чоңойсо, 
Какайлатар эр ошол. 
Калайман салып кагышып, 
Чоң-Бээжин менен чабышып, 
Көргөндө болбойт эч арман, 
Кырааның Манас чоңойсо, 
Кытайга салат чоң жаңжал. 
Белгилүү ушул, бел ушул 
Бу дүйнөдө жашаган 
Белгилүү Манас шер ушул. 
Кыраан уулуң чоңойсо, 
Кытайга бүлүк кылуучу, 
Бет алганда токтобой 
Бээжинге найза сунуучу. 
Кайнап жаткан калыкка 
Качырып согуш кылышса, 
Ажалдуусун кырышса, 
Мылтык атып, жаа тартып, 
Каршы-терши турушса 
Айбалталап чабышып, 
Карсылдашып урушса, 
Күпсөрдөн дары күбүлсө 
Ок-дарысы түгөнүп, 
Тизелешип салышып, 
Тим эле жандан түңүлсө, 
Каалап берген болот ок 
Капырга казат кылууга 
Манас өңдүү менде жок. 
Дегениме көнүңүз, 
Даам ичирбей балага 
Ушул болот ок менен балаңа 
Оозандырып бериңиз, 
Айтканымды билиңиз, 
Айгайлаган жоо келсе 
Бир кереги чын тиет, 
Ушуну жакасына тигиңиз». 
Маңдайынан үч сылап, 
Көздөн кайым болду эле, 
Олуя чалдын өзү экен, 
Төрөлгөндө Манасты 
Даарымак болгон кези экен, 
Кабылан - деп, катыгып, 
Калың элдин баарына 
Кан Манас - деп, атыгып, 
Баласы жок Жакыпка. 
Бала көрүп бай болуп, 
Ар көңүлү шай болуп, 
Адам тапкыс ой кылып, 
Балалуу Жакып болду - деп, 
Калайык тегиз чогулуп, 
Камынмак болду бай Жакып 
Баласына той кылып. 
Ошондо Жакып берендин 
Малы түмөн, бала жок, 
Баалуу болуп турганда 
Бай Жакып той бербеске чара жок. 
Калайыктын ою - деп, 
Балалуу болуп турганда 
Бай Жакыптын тою - деп, 
Бээ баштаган беш жүздү 
Эркек перзент көрдүм - деп, 
Берен Жакып сойду эми, 
Уй баштаган үч жүздү 
Союуга байлап койду эми. 
Санат жетпес кой союп, 
Кой сойгондо мол союп, 
Кочкор союп, той кылып, 
Адам билбес ой кылып, 
Бай Жакыптын тою - деп, 
Кара калмак, манжуу журт 
Калкынын баары чогулуп, 
Тыргооту тыйпыл жыйылып, 
Жакып байдын далай мал 
Тойго зарып кырылып, 
Ала-Тоодой эт болуп, 
Ала-Көлдөй чык болуп, 
Бичик чийип, кат коюп, 
Манастын атын бурмалап, 
Чоң Жинди - деп, ат коюп, 
Калмактын кочкулары короңдоп, 
Күрмөчөнү, таштуусу 
Жакыпты ушак кылып сороңдоп, 
Чоң Жиндини тууду - деп, 
Адам, чоң той кылды бул бурут, 
Башаалыктай мал сойгон 
Адам, байыган экен бул бурут. 
Дүнүйөнү шай койгон, 
Кымыз да аш, арак да аш 
Адам, кызыкты көрдүк буруттан, 
Ушул кезде кайран баш! 
Тойго келип буруттан 
Кызык көрмөк болдук ээ, 
Айгыр койбой төө сойгон, 
Ар түлүгүн тең сойгон, 
Адам, артык экен бул бурут. 
Улугу бар, таштуу бар 
Тойго келип тоюнуп, 
Аң-таң калды каркыбар. 
Кан Жакыптын малы бар, 
Кара калмак каны бар, 
Жакыбым той кылганда 
Калың журттун баары бар. 
Адам таппас ой кылып, 
Ал Манастын тоюна 
Ат чаптырып той кылып, 
Бай экенин билгизип, 
Калмактардан душаңы 
Арбаң-дөрбөң кылышып, 
Тойго калып тунушуп, 
Кымыз ичип кызышып, 
Сөөк терин сызышып, 
Арак ичип алкынып, 
Күчтүүлөрү күпүлдөп, 
Канча мал тойго союлуп, 
Баланын аты Чоң Жинди болду 
коюлуп. 
Таш сайынган калмактын 
Тазалары жыйылып, 
Ал баланы көрчүдөй, 
Ар кимиси колуна алып салмактайт, 
Ал балага энчи бөлүп берчүдөй. 
Жакыпка жакын Ошпурбай 
Кою бирге короолош, 
Аштыгы бирге ороолош 
Ашы бирге жороолош, 
Мал багышса күч бирге, 
Саан саашса сүт бирге. 
Манастын тоюн бергенде 
Ушак кылып чуу кылды, 
Кара калмак, манжуу журт 
Калың элге чуу кылды. 
Ошпур угуп ойлоду, 
Уккан кебин Ошпурбай 
Жакыпка айтпай койбоду. 
Бир күнү калмак кеп кылып: 
«Улукча кармап мал сойгон, 
Дүнүйөсүн шай койгон, 
Алтайдагы буруттун, 
Бурут деген бу журттун 
Күрдөлү кармап мал сойгон, 
Күчөгөн экен бул бурут. 
Бекер сойгон мал эмес, 
Бекер бурут бул эмес. 
Катыны тууса мал сойгон, 
Бар дүйнөсүн тең койгон 
Күпүлдөгөн буруттун 
Күчөгөнүн карачы!» - 
Күңкү кылды көп калмак, 
Эли жогу курусун 
Жакыпка тийди көп салмак. 
«Баашалыктай мал сойгон 
Жакып оңой бай эмес, 
Туулганда мал кырылды 
Ушул баласы оңой бала эмес! 
Баланын аты Чоң Жинди 
Аржакы атын ким билди! 
Баласы күйгөн уу белем, 
Аман жүрүп чоңойсо, 
Бээжинге бүткөн чуу белем! 
Кең Каканчын-Бакбурчун 
Келип көрдүк бул журттун 
Мындай малды ким сойгон, 
Мал сойгонун кылыгын. 
Чоң даңзага чийгизип, 
Жакыптын мал сойгонун 
Чын-Бээжинге билгизип, 
Баашалыктай мал сойгон 
Мааниси кандай буруттун, 
Бул бурут деген журттун. 
Бээден беш жүз мал сойгон 
Берен экен бул бурут, 
Астыңкы эрдин шалпайтып, 
Эки өркөчүн каркайтып, 
Төөдөн сойгон беш жүздү, 
Адам таппас ой кылган, 
Ааламга жетер той кылган, 
Кулак угуп, көз көрүп, 
Мындай тойду ким кылган?! 
Бул Алтайга келгени 
Эчен жылга жетиптир, 
Бул буруттун байлыгы 
Ааламдан ашып кетиптир. 
Катыны тууса той кылган 
Бул буруттун эрдигин, 
Белги кылбай бээ сойгон, 
Төрт түлүк малды тең сойгон, 
Бу Какандын шаарында 
Мындай малды ким сойгон. 
Тоюна барган ток экен, 
Бул Какандын шаарында 
Буруттай адам жок экен. 
Бул арагы менен кымызы 
Ааламга сыйгыз иш болду, 
Улуңтуң, Даң-Шаң, Бакбурчун 
Улугун көрдүк бул журттун, 
Адам көргүс ой кылды, 
Күрмө кийген кытайдын 
Күчтүүсүнөн өйдөрөөк 
Ушул бурут той кылды. 
Тоюна адам жайланды, 
Кара калмак, манжуунун 
Балдары уча байланды, 
Тоюна толук малы союлуп, 
Баласынын атын сурасаң 
Чоң Жинди атка коюлуп, 
Катыны тууса той кылып, 
Адам көргүс ой кылып, 
Кутурган экен бул бурут! 
Учмактуу Бээжин чоң шаарда 
Улугубуз Эсенкан 
Ошого кабар салалык, 
Мал сойгон бурут кыргыздын 
Кабарын айтып калалык». 
Кара калмак, манжуудан 
Калкынын баары жыйылып, 
Бээжиндин Эсенканына, 
Каканчынын белине, 
Кайнаган кытай элине, 
Сепил тозгон тамына, 
Бек бекиткен шаарына, 
Бээжиндин Эсенканына 
Бейили кетип калмак журт 
Алты күлүк ат берип, 
Алакандай кат берип, 
Жезден кылган добулбас 
Сабынан кармап имерип, 
Каканчынын шаарына 
Чоң желдетти жиберип. 
Мына ошондо чоң желдет 
Күндөп-түндөп жол жүрүп, 
Ат аябай мол жүрүп, 
Толкуп жаткан суу кечип, 
Тоңкойгон эчен тоону өтүп, 
Ашып-шашып жол жүрүп, 
Ат аябай мол жүрүп, 
Арада эче күн жүрүп, 
Мунарыктап көрүнгөн, 
Чет-Бээжиндин айылына, 
Барып жетти ал желдет 
Эсенкандын айылына. 
Кырк эшиктүү Чет-Бээжин - 
Капка баккан жайсаңы, 
Эшиктеги бирөөсү, 
Кечил турган күрөөсү, 
Бул күрөөнүн жайын сураба 
Өгүзү карып, өзү өлөт, 
Өлүп калган адамдын 
Өлчөп малын тек бөлөт. 
Серкесин сетер көтөрөт, 
Мингени ыйык ат болгон, 
Ырымын көрсөң бул журттун 
Ургаачы менен жүрбөгөн. 
Азоо атын токунган, 
Ырымын көрчү бул журттун 
Колодон кылган чоң буркан 
Кудай - деп, ошого чокунган. 
Эсенкандын жанында 
Кечилден турат бир миңче. 
Баягы барган чоң желдет 
Ашып-шашып антаңдап, 
Катынын кара баскансып, 
Мунун куугуну жакын качкансып, 
Эсенкандын алдына 
Баштай берди бузукту, 
Айта кирди кызыкты 
«Айдалып келген буруттан 
Алтайга келип конду эле, 
Азып келип журтунан 
Бизге букара болду эле, 
Көңүлү ташып жай болду, 
Көбүнчө аштык айдап бай болду, 
Бай болгондо ал Жакып 
Адам тапкыс ой кылды, 
Баашалыктай мал союп, 
Катыны тууса той кылды». 
Чоң желдет айтып турганда 
Ачуусу келди Эсенкан: 
«Балалуу болсо той кылмак - 
Баары журттун адаты. 
Айдалып келген ал бурут 
Төрт түлүк малы жай болсо, 
Атаңдын көрү калмак журт, 
Сенин араңа келип бай болсо, 
Малдуу малын сойбойбу, 
Качан болсо арыкта бар 
Калайык баланын атын койбойбу? 
Малы бар экен бай Жакып 
Баашадай малды сойду - деп, 
Мынчалык неге кутурдуң? 
Колунда малын сойбойбу, 
Тоюна келген тойбойбу, 
Калайыктар чогулуп, 
Баланын атын койбойбу!? 
Балалуу болгон ал бурут 
Мал көзүнө карайбы 
«Малын көп союп салды» - деп, 
Маа келгениң жарайбы? 
«Букара малын сойду» - деп, 
Бузулуп кантип кетемин. 
«Бурутум малын сойду» - деп, 
Күнүлүк кылып нетемин. 
Букарам кармап той кылса, 
Ошого бузулган адам оңобу? 
Тоюна тоюп кутурдуң, 
Бер жакка чаап жутундуң, 
Адам бир деген оңобу, 
Адам сендей болобу?» - 
Кууп ийип желдетти, 
Зың-зың этип кенебей, 
Жатып алды Эсенкан 
Айтып барган ал кепти 
Бучкагына теңебей. 
Мына ошондо Манас эр 
Күндөн-күндөн күн өттү, 
Күн мезгили да жетти, 
Жетиге келди зор Манас 
Мунун коюлган аты Чоң Жинди, 
Кара көк жал султандын 
Шер экенин ким билди, 
Сегизге чыгып серпилип, 
Оң жол менен жүрбөдү, 
Адам айткан сөз болсо 
Муну кулагына илбеди, 
Айтса адамдын сөзүн билбеди. 
«Чын Чоң Жинди экен», - деп, 
Кара калмак, манжуу журт, 
Айың кылып жүргөнү. 
Балача чуркап шашпады, 
Бешке чыга келгенче 
Берениң Манас баспады. 
Чыкырган аты Чоң Жинди, 
Чын Манас атын ким билди? 
Кара калмак, манжуу журт: 
«Жакыптын бечел уулу» - деп, 
Калмак көзү көргөнү, 
Айың кыла бергени. 
Артык Манас опсолоң, 
Бешке чыга келгенде 
Бутун жыйнай басканы, 
Жети жаштан сегиз жаш 
Бала чыгып келгенде 
Күйүп турган чок болду, 
Кырк үйлүү кыргыз ичинде 
Мындай тентек жок болду. 
Балдар менен ойноду, 
Ойногондо ал берен 
Ойногонду койбоду, 
Ойной берген балдардан 
Эчен балдар сойлоду. 
Каары келип кармаса, 
Чыңырып балдар чыркырайт. 
Чындап кармап жиберсе, 
Талкан болуп быркырайт, 
Бир күн Манас кабылан 
Оолугуп токтобой, 
Кырк үйлүүдөн кырк бала 
Кыйбатын жыйып алыптыр, 
Чоң Алтайдын талаага 
Чогулуп оюн салыптыр. 
Бул кырк үйлүү кыргыз балдары 
Кыйындап ойноп алыптыр, 
Кыраан Манас ичинде 
Кымбаттап оюн салыптыр, 
Кара калмак, манжуудан 
Он беш менен он алты 
Экөөнүн орто жеринен 
Сексен бала барыптыр. 
Ал баланын ичинде 
Боз калмактын чоң уулу 
Ары чогоол, ары эр 
Сексен бала оңбоду. 
«Кызыталак бурут» - деп, 
Ал балдарды кордоду. 
Анда балдар муну айтып: 
«Тентип келген бурут - деп, 
Бул буруттун балдарын 
Буркуратып курут» - деп, 
Сексен бала качырып, 
Кырк балага асылып, 
Кырк балалар чуркурап, 
Кылайган жаны калбады. 
Кырк баланын баарысы 
Тизеси жерге бүгүлүп, 
А балдардын алдына 
Башынан корккон кырк бала 
Сексен бала алдына 
Келин болуп жүгүндү. 
«Жакелер жан соога» - деп, 
Чымындай жандан түңүлдү. 
Карап турса кырк бала 
Билегинен сап кеткен, 
Жүрөгүнөн кап кеткен, 
Чыркырап качып жүгүрүп, 
Чымындай жандан түңүлүп, 
Балдар минтип турганы, 
Кырк баланы сексени 
Жалынса болбой урганы. 
Даакысы кетти тытылып, 
Мурду канап быркырап, 
Кырк бала ыйлап чыркырап, 
Балдар ыйлап бой-бойлоп, 
Манас турат калмактарды 
«Кой, кой» - деп, 
Кой, койлосо болгон жок, 
Кара калмак оңгон жок. 
Кой, кой - деп турса Манаска 
Желигип балдар жеткени, 
Жети чокмор, төрт муштум 
Манаска тийип өткөнү. 
Бул чокморду жегенде 
Кыдырата карабай, 
Кырааның салды бузукту. 
Кылча жанын аябай, 
Тегерегин карабай, 
Теги жанын аябай 
Майлаган буудай жүздөнүп, 
Күүгүм туман көздөнүп, 
Өрттөй көзү бек жайнап, 
Кан ичмеси чын кармап, 
Каалгадай кашка тиш, 
Калайыктан башка тиш 
Кашкайып чыгып алыптыр. 
Кырк бала кыйрап калганда 
Кызыр чалган кургуруң 
Кызык мушташ салды эми: 
«Кара калмак, манжуу журт, 
Калкың менен кырайын, 
Кутурган экен сексенин 
Кырып жүрүп тынайын! 
Кырк үйлүүнүн баласы 
Айдарлуу кара калмагын. 
Тим турган жанды тим койбой, 
Тийди жаман салмагың, 
Бууданын кармап алгансып, 
Бузукту мурда салгансып, 
Бу күйүткө ким көнсүн, 
Күчөсө түпкө жетейин, 
Күчөгөн экен бул калмак 
Мен бир күрпөңдөшө кетейин!» - 
Айтып муну эр Манас 
Каарланып бакырып, 
«Кыргыздап» ураан чакырып, 
Кызыгын көрчү баланын 
Кара даакы жонунда, 
Кара чокмор колунда, 
Үйрө кармап чокморду 
Балдарга карап жетти эле, 
Ойноп-ойноп өттү эле, 
Он эки бала бир өлдү. 
Сексен бала дыркырап, 
Быт-чыт түшүп дыркырап, 
Калмагынча калдырап, 
Кытайынча балдырап, 
Шашкан балдар мындан көп, 
Жаны калбай жабылып, 
Качкан балдар мындан көп. 
Манастан коркуп ал балдар 
Тоголонуп жыгылып, 
Шашканынан балдардын 
Кудайга үнү угулуп. 
Каарланып Манасың 
Калайман бүлүк салды эми, 
Он эки бала калмактан 
Тырайып өлүп калды эми. 
Балдар качып жүргөндө 
Токтобой Манас оолугуп 
Кыргыздын кырк баласы 
Караан болуп чогулуп, 
Калмактын сексен баласын 
Кезиккенин жанчыптыр, 
Кордукту койдой салыптыр, 
Койгулаша кеткенин 
Манас кокосун жулуп алыптыр. 
Түбүнө чогуу жетерде, 
Кууп отуруп балдарды 
Тонунун баарын тытарда, 
Жетсе канын жутарда, 
Кызык кыргын саларда, 
А калмактын балдарын 
Чөл түшүрүп баарысын 
Айылына кууп барарда, 
Чөл түшүрүп баарысын 
Түбүнө чогуу жетерде, 
Кармаганын соо кылбай 
Тырайта муштап өтөрдө, 
Калмак билип каларда, 
Катуу бүлүк саларда 
Атакеси бай Жакып 
Мал жайытын чалыптыр, 
Боз айгыр менен кампайып, 
Кара ниет Жакып бай 
Үстүнөн чыгып калыптыр. 
Кырк баланы кайра айдап, 
Манасты кармап алыптыр: 
«Атаа, балам, түпкө жеттиң» - деп, 
Армандуу кайгы салыптыр. 
«Алып келип мал күттүм, 
Алтайым жакшы жер эле, 
Эли сонун, ичи кең 
Менин калмагым сонун эл эле. 
Минте берсең, сен балам, 
Казмак болдуң орумду, 
Кайнатмак болдуң, кулунум, 
Капкайдагы шорумду, 
Кетиресиң алымды, 
Бул тентегиң койбосоң 
Талатасың малымды. 
Тентектигиң сында жок, 
Теңдешип союл чабуучу 
Теңиз кыргыз мында жок. 
Балам, биз тентип келдик Алтайга, 
Сенин тентегиң жетет далайга. 
Жөн жүрбөй сийип иесиң 
Кымыз куйган күбүмө, 
Куу балам жетет экенсиң 
Капкайдагы түбүмө! 
Бул тентегиң койбосоң 
Козголоң салат уйкума, 
Эртең чабуул койбойбу 
Өрүштөгү жылкыма! 
Кара кылар токой жок, 
Баана кылар огой жок. 
Калмак зордук кылбайбы, 
Бул тентегиң койбосоң, 
Жыйып алган үбүмө, 
Акыры жетет экенсиң, 
Ушинтип жүрүп түбүмө. 
Чийбейби чогуу сызыкты, 
Бул тентегиң койбосоң, 
Кара калмак, көп манжуу 
Кылбайбы маа кызыкты, 
Чачмак болдуң, чунак уул, 
Сан кара жыйган малымды, 
Төктүрмөк болдуң, чунак уул, 
Бул калмактан канымды, 
Койчу, кыймак болдуң жанымды, 
Бул кылыгың койбосоң, 
Баштамак болдуң бузукту!» 
Балдардын баарын бакырып, 
Жапырып Жакып тозгону, 
Тосуп алып баарысын 
Байыркыны козгоду: 
«Бала сурап, кудайдан 
Ырас эле бир балакет 
Көргөн экемин, 
Тогузга жашың келелек, 
Тозокту мынча не салдың? 
Казмак болдуң орумду, 
Кара калмак кутурса, 
Байлап кетет колумду, 
Көргөзбөйбү көзүмө 
Киши кылгыс сонунду. 
«Уулуң бала кырды» - деп, 
Уятты калмак кылбайбы, 
Уулум, сенин айыңдан 
Ушу турган кыргызды 
Такыр кырып салбайбы! 
Кыра турган себеби - 
Кара калмак кеги бар: 
«Буруттан Манас чыгат» - деп, 
Бул капырдын башынан бери 
шеги бар. 
Балам, сенин кылыгың, 
Кылып жүргөн бузугуң 
Аярына датталуу, 
Атың Манас билинип, 
Кайнап жаткан капырдын 
Даңзасына катталуу. 
Балам, баштаганың бузукпу, 
Салмак болдуң башыма 
Менде көргүс кызыкты. 
Жасатмак болдуң чараны, 
Жараткан берген экен го 
Сен өңдөнгөн тентек баланы. 
Кетирмек болдуң алымды, 
Талатмак болдуң малымды, 
Кырдырмак болдуң кытайга 
Кыргын кылып жанымды. 
Сенин бабаларың өлгөндө, 
Бабаңдан калган сан мүлктү 
Кара калмак бөлгөндө, 
Каракандын сегиз уул 
Бытыратып баарысын 
Туш-тушту көздөй бөлгөндө, 
Биздин бирөөбүз кеттик Иренге, 
Түшүп кеттик моминтип, 
Кулак угуп, көз көргүс 
Аябаган тереңге. 
Билгенге кадыр түн көрдүк, 
Биз Алтайга келип күн көрдүк. 
Бала өлтүрүп, чыр кылдың, 
Төктүрөсүң канымды, 
Менин кырдырасың малымды!» 
Жакып бай айтып мындай кеп: 
«Атаа, тентек уулум» - деп, 
Ачып көздү жумганча, 
Андай-мындай дегиче 
Абам Балтай акжолтой, 
Сүйлөгөнү жарыя, 
Кырк үйлүүнүн ичинде 
Абаң Балтай карыя 
Акбалтай айтат бир сөздү: 
«Атаңдын көрү, ой, Жакып, 
Бул жемеңди кой, Жакып, 
Жылкың менен жерге кир! 
Аты Манас бул уулуң 
Береке ушу, бел ушул, 
Калмак турмак канчага 
Кыргын салар шер ушул! 
Эркек бала шок болсун, 
Мал багар уул болгунча 
Бар болгунча жок болсун! 
Артыңа колуң байланып, 
Бери карай айдалып, 
Ошол күнү өлгөнбүз! 
Бейлесек, далай бейарман 
Ушул уулуң чоңойсо, 
Бээжинге салар чоң жаңжал. 
Караса канбайт куу жүрөк 
Аман уулуң чоңойсо, 
Каканга салат чоң дүмөк! 
Талаадан жыйнайт көчүңдү, 
Алып берет Манасым 
Капкайдагы өчүмдү, 
Ушул Манас зор болсо, 
Атагы журтка дүң болсо, 
Бет алган жагы түз болсо, 
Сайып кырган дөөсүнүн 
Атагы туура жүз болсо, 
Көңүлүң артып жай болдуң, 
Балаң жокто, бай Жакып, 
Сан кара күтүп, бай болдуң, 
Малга ишенген болобу, 
Малың бала болобу? 
Көрдүң, Жакып, алыңды 
Жоо ээлесин малыңды! 
Угуп турам чамаңды 
Кудайдан тилеп, ай Жакып, 
Көргөзгөн жалгыз балаңды, 
Арбактуу Жакып аты улук, 
Балам малды чачар - деп, 
Азыр болдуң макулук! 
Айтканымды азыр бил, 
Аңкоо Жакып экенсиң, 
Малың менен жерге кир. 
Кыраң кайда, бел кайда 
Кыйналасың малыңа, 
Кызырлуу кыргыз эл кайда? 
Уулум тентек чыкты - деп, 
Уйпаланып калыпсың, 
Каңырыгың бек түтөп, 
Кара баскан эмедей, 
Сен малыңды аяп алыпсың. 
Айтканымды азыр бил, 
Кайгыланба, бай Жакып, 
Сенин малың менен жерге кир. 
Абайлап, Жакып, кебимди ук, 
Уулум тентек чыкты - деп, 
Мал аяган болобу, 
Кара ниет экенсиң, 
Жакып, сени адам деген оңобу. 
Тентек уулдан мал аяп, 
Теги жок киши экенсиң, 
Атаа, мал күндү киши экенсиң! 
Кара адырмак каркайган 
Кара өзөн кайда, бел кайда, 
Сенин издегениң мал беле? 
Абайлап, Жакып кебимди ук, 
Аргын, кыргыз эл кайда? 
Малың караан болобу? 
Мал түгөндү - деп кейип, 
Сени адам деген оңобу? 
Кечээ, атаң Каракан өлгөндө, 
Каракандын казына 
Кара калмак, манжуу журт 
Карсылдатып токмоктоп, 
Камчыга ченеп бөлгөндө, 
Болбогон ачуу күткөндө, 
Бокчонун баарын тинткенде, 
Кылчайганды кырганда, 
Ак сарай үйдү талкандап, 
Кара калмак киргенде, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып талкалап, 
Как куйкасын тилгенде, 
Кедеңдеген кежирдин 
Тирсегинен илгенде, 
Каяшаяк бергенди 
Кармап алып сабатып, 
Жонунан кайыш тилгенде, 
Бээлеп билгин, Жакып бай, 
Мына ошондо өлгөнбүз, 
Бул кытайдын кордугун 
Так эки миң көргөнбүз! 
Бардыгер күчүн салганда, 
Баланы тартып алганда, 
Кол артка чогуу байланып, 
Кордукту көрүп айдалып, 
Бурулбай басып кайгырдык, 
Малың турмак, Жакып бай, 
Бир туугандан айрылдык, 
Биздин бирөөбүздү айдады 
Ойлосоң боло, ой Жакып, 
Адам жеткис белине, 
Биздин бирөөбүздү айдады 
Күндүн чыкчу жерине. 
Кара калмак күч кылды, 
Калкыбызды бүт кырды. 
Адырдан тийип малды алды, 
Айылдан басып жанды алды. 
Кечээ кызыкты кытай кылганда, 
Калың элди жоготуп, 
Билгенин бизге кылганда 
Биздин ургаачы, кызды олжолоп, 
Күл чыгарган күң кылды, 
Жаш чоң эркек баланы 
Уй кайтарар кул кылды. 
Ойлосоң боло, ой Жакып, 
Мындай ишти ким кылды, 
Бирөөбүз кеттик Иренге, 
Бирөөбүздү түшүрдү 
Кайра чыккыс тереңге. 
Алтайга келдиң айдалып, 
Айлаңды таппай зарланып, 
Бул Алтайга келгенде 
Аштык айдап, кен каздың, 
Ар түйшүктү көп кылып, 
Сан кара жыйып, мал күттүң. 
«Уулум тентек чыкты» - деп, 
Сени кудай урабы, 
Кейип жаткан бул малың 
Кыяматка барабы?! 
Айтканым ушул, анык бил, 
Атаа Жакып, жарыктык, 
Шул жылкың менен жерге кир! 
Аркар, кулжа тоонуку, 
Сенин кейип жаткан бул малың 
Күчөсө бир күн жоонуку. 
Бул тентек балаң оңолот, 
Өлбөсө бир күн журттуку, 
Бекерге жыйган куу малың, 
Кыйкырса бир күн жуттуку. 
Жүрдүң беле, бай Жакып, 
Малың арбын, балаң жок 
Балам тентек чыкты - деп, 
Байкасам, сендей сараң жок!» 
Кашатча жерин тебелеп, 
Кан Балтай турду кайгырып, 
Бай Жакыпты жемелеп; 
«Бай Жакып, конолу Алтай талаага, 
Садагасы кетелик, 
Өзү тентек Манас аттуу балага, 
Мойнуна тумар тагалы, 
Муңуңду чечер уул болор - 
Бул баланы багалы. 
Карачы, Жакып, кебимди 
Бизге караан да ушул, бел да ушул 
Касташкан кара кытайды 
Жеңип берчү уул ушул. 
Аман болсо көрөрсүң 
Ак марал айдап уй кылат, 
Ушул Манас чоңойсо 
Ааламдын баарын буй кылат, 
Берен уулуң чоңойсо 
Беттеп менде келеби, 
Муну бет алып, душман келеби, 
Эңкейтип адам алабы, 
Буга кез болгон аман калабы? 
Келжиреп кепти көп айтып, 
Кесир кылып турасың. 
Андан көрө, бай Жакып, 
Адырда жылкы алты сан 
Айдап жыйып калалык, 
Каран малдын баарысын 
Чубатууга салалык 
Алты ай минсе арыбас, 
Алтымыш асый болгунча 
Азуу сайып карыбас 
Ат мыктуусун табалы, 
Каран калган бул малды 
Күтүп жүрбөй чалалы, 
Адырда жылкы алты сан 
Тегиз жыйып алалы, 
Ал жылкынын баарысын 
Чубатууга салалы, 
Айгай укса шашпаган 
Ай караңгы түн келсе 
Бир изин ката баспаган 
Кара байыр казанат, 
Калбыр өпкө, жез билек 
Бир ат күлүгүн табалы, 
Бир адамга билгизбей, 
Бир кишиге туйгузбай, 
Ок өтпөс тон кийгизип, 
Ок жетпес ат мингизип, 
Киши жүрүп, эл билбес, 
Кара калмак, манжууга 
Бирөөсүнө билгизбей, 
Бирөөсүнө туйгузбай 
Манасты тоого сактап багалы. 
Эрешен тартып, эр болсо 
Эр уулу менен тең болсо, 
Билбегенди билгизип, 
Минтип жолго салалы, 
Туйбаганды туйгузуп, 
Туура жолго салалы, 
Өйдө чыксак Манасты 
Өбөк кылып алалы, 
Ылдый түшсөк Манасты 
Жөлөк кылып алалы. 
Бул Манастын тентегин 
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп, 
Эркелетип көрөлү, 
Ээленсе кара калмактан 
Ушул Манас бала үчүн 
Ажал жетсе өлөлү!» 
Акбалтай айткан сөзүнө 
Кырк үйлүү кыргыз эп көрүп, 
Билбегенди билгизген 
Билимдүү экен, Акбалтай, 
Туйбаганды туйгузган 
Туйгун экен, Акбалтай. 
Айлакерден акылман 
Абаң Балтай кургуруң 
Ак шумкардай баркылдап, 
Ак сакалы жаркылдап, 
Кара тилин кайрады, 
«Манас - деп айтпа элге» - деп, 
Кайран Балтай сайрады. 
Ошол кезде коюлган 
Манастын аты Чоң Жинди, 
Манастын Манас болот - деп, 
Кара калмак ким билди? 
Азабын тартып Манастын 
Алек болду бай Жакып. 
Манастын түрүн көргөндө: 
«Түбүмө чогуу жетет - деп, 
Бу баланын саатынан 
Дүмүрчөгүм түзөтүп, 
Түгөл кырып кетет» - деп, 
Кайгыланды бай Жакып. 
Барып Жакып ыйлады, 
Байбичени кыйнады 
«Ай, байбичем, Чыйырды, 
Алда Таала кудурет 
Бизге бала берген экен го, 
Сууга сийген Чоң Жинди 
Чала берген экен го! 
Өрүштүн малын жый, катын, 
Бул балаңды тый, катын! 
Бул балаңды тыйбасаң, 
Бузук салса калмакка 
Кытай илек, биз жалгыз 
Кырыша кетсек кытайга 
Тирүү кармап алат го, 
Зынданына салат го! 
Балаң тентек минтпесин, 
Баса калып бул калмак 
Бир бокчону тинтпесин. 
Уулуң теңтек, шок чыкты 
Бул балаңдын тентеги 
Ааламда жок чыкты. 
Кырк үйлүү кыргыз балдарын 
Жыйып оюн баштады, 
Кара калмак, манжуунун 
Так он эки баласын 
Ойрон кылып таштады, 
Билбей кара калмагың 
Бир биринен көрүштү. 
Келгендерден кеп уктум: 
«Кара калмак, манжуулар 
Жаңжалдашып, чырлашып, 
Кыргын болду - деп, уктум. 
Жерден бакан алышып, 
Желеден айгыр минишип, 
Жакалашып салышып, 
Жаман согуш болду - дейт, 
Бээ тийишип, эр өлүп, 
Аябай бузук болду - дейт. 
Байбичем, сенин уулуң оң кылбайт, 
Минте берсе бул Манас 
Эгерде бизди соо кылбайт! 
Балам жок - деп зарланып, 
Бир балакет сурап алыппыз. 
Алтайга келдик айдалып, 
Арганы таппай сандалып, 
Бала сурап алыппыз, 
Бала десек бадирек 
Куу мүшкүлгө калыппыз. 
Бул тентегин койбосо, 
Билсе кара калмак журт 
Төбөбүздөн басат го, 
Төрт түлүктү чачат го. 
Чаңдатып тиет бээни, 
Жакын барсак бул калмак 
Жайната муштайт мээни. 
Чыгарат го - деп, турам 
Капкайдагы кээни. 
Тентек болду бул уулуң, 
Тентегин калмак көрбөйбү, 
Тентиген бурут дебейби! 
Теминишер айла жок, 
Жыйып алган каран мал 
Бирөөн койбой жебейби. 
Ушул турган кыргыздар 
Айласын таппай качпайбы, 
Ушул жыйып алган сан кара 
Такалуудан тай койбой, 
Такыр калмак чачпайбы! 
Кержеңдеп тентек бул уулуң 
Калмакка кежир иш кылып, 
Менин сан кара малым курутат. 
Кой, байбичем, угуп ал 
Тентегин бул уул койбосо, 
Казат экен орумду, 
Ушул уулуң чоңойсо, 
Кайнатат экен шорумду, 
Көргөзөт экен сонунду. 
Малдан жыйган күбүмө, 
Чоңойчу болсо, бул уулуң 
Жетет экен түбүмө! 
Бул уулуңдун сыягы - 
Жүргөнүнөн чаң чыгат, 
Добушунан жан чыгат. 
Адам, кыйкырса кулак укпаган, 
Койгулашкан балдарды 
Коёндой жерге ыктаган, 
Колуна тийген балдардан 
Бирөө тирүү чыкпаган, 
Балаң салат балакет, 
Бул баарыга жетет алакет. 
Эңкейиште чеп экен, 
Бул калмактын журту көп экен, 
Бул буруттун баласы 
Тентек чыкты дебейби, 
Түбүндө мени жебейби. 
Каралашып бир жүргөн 
Калмагым сонун эл эле, 
Алтын казып, бай болгон 
Алтайым сонун жер эле. 
Бул Алтайга келгени 
Менин ырысым толуп күчөдү, 
Төрт түлүк малдын баарысы 
Сан кара болуп күчөдү. 
Чачат го уулуң малымды, 
Кетирет го алымды. 
«Уулуң тентек экен» - деп, 
Калмактар кармап алат го 
Жол үстүнө сүйрөтүп, 
Даңгыттарга жарат го, 
Ай касаба туу алып, 
Айылга бузук салат го, 
Түгөнгөн жанды түк койбой, 
Түгөтүп чаап алат го, 
Аман болсо көрөрсүң, 
Түйшүктү башка салат го!» 
Ак байбиче Чыйырды 
Анда туруп кеп айтат: 
«Баатырым, 
Бала үчүн бузба санааңды, 
Оорсунуп калган экенсиң, 
Төрөм, өлгөндө көргөн балаңды! 
Бул боз ала туйгун болпоңду, 
Оорсунбагын, ой төрөм, 
Бул өлгөндө көргөн чолпонду». 
Ак байбиче Чыйырды 
Төрөсү мындай деген соң, 
Бөдөнөдөй кара көз 
Бөлөк-бөлөк жаш кетет, 
Айтып оозун жыйгыча, 
Көздүн жашын тыйгыча, 
Койчулар башчы Ошпур бар, 
Ошол Ошпур келиптир, 
Бул келгенин байбиче туруп көрүптүр. 
Бөлөккө бурду санааны, 
Ошпурга берди бай Жакып 
Аты Чоң Жинди аттуу баланы. 
Чыйырды ыйлап чыркырап, 
Мойнуна курун салынып, 
Ошпурбайлап жалынып: 
«Айланайын, Ошпур бай, 
Сен, өзөндө жаткан дөө элең, 
Бай Жакыптын көп коюна ээ элең. 
Бизде дүнүйө далай, бала жок, 
Өлгөндө көргөн бул бала 
Тентегин тыяр чара жок. 
Торко тон кылдым кийгизгин, 
Жылкы ичинде Торучаар 
Тулпарды кармап мингизгин, 
Төбөсүнө калмактын ташын тага көр 
Аманат койдум колуңа 
Дагы бир төрт жыл бага көр!» 
Баланы Ошпур алган соң, 
Бай Жакып анда калган соң, 
Торучаарды мингизип, 
Торконун күлүн кийгизип, 
Тобокелдеп кой жакка 
Алып жүрдү эр Ошпур. 
Ошпурга Манас барганда 
Анда Манас боло элек, 
Берениң Манас атка коно элек. 
Ошпурга барып көк жалың 
Эрешен тартып, эр болду, 
Эр уулу менен тең болду, 
Карарып күйгөн чок чыкты, 
Кара калмак, манжуудан 
Мындай тентек жок чыкты. 
Бир күнү Манас оолугуп, 
Койчуларды сабады, 
Жылкычысын сабады. 
Койчу качып короктоп, 
Жылкычынын баарысы 
«Чоң Жинди бурут келет» - деп, 
Качып жүрөт сороктоп. 
Койбой Манас аталып, 
Койду жыйып, ой кылды, 
Койчулардан кырк бала 
Жыйып алып ал Манас, 
Койду союп талаага 
Койбой Манас той кылды. 
Торпок минип топоңдоп, 
Толгон бала чогулду. 
Кызыкты Манас баштады 
«Төрөм - деп, мени айткын» - деп, 
Ал балдардын торпогун 
Такыр союп таштады, 
Бузукту мындан баштады. 
«Төрө» - деп койгон балага 
Кементайын керсейип 
Салып берет талаага. 
Ошол кезде Манастын 
Тилегин кудай бериптир, 
Ошол кезде Манасың 
Он эки жашка келиптир. 
Ок өтпөстөн тон кийип, 
Жылкыдан Торучаар өңдүү ат минип, 
Ошол кезде Манас шер 
Урунарга тоо таппай, 
Урушарга жоо таппай, 
Жулуп алар баш таптай. 
Тиштээрине таш таппай, 
Эң кызыгып ээлигип 
Токтоно албай жээлигип, 
Таалайы артык кайран шер 
Эми, тамаша салган ошол жер. 
«Төрөм - деп айт мени» - деп, 
Өзүн өзү билдирип, 
Билген жанды күлдүрүп, 
Ай-талаага кырк таман 
Кадимки ордо чийдирип, 
Көк жалдыгын билдирип, 
Ошпур баккан көп койдон 
Миң козусун союптур, 
«Баатыр - деп айт мени» - деп, 
Баглан козу, ширин баш 
Бор кайнатып коюптур, 
Ордо салып, чүкө атып, 
Көк жалдын кылган иши бул. 
Кең Алтайдын баткалда, 
Кырк баласы жанында 
Күн кылкылдап батканда, 
Жан-жаныбар, макулук 
Кыймылдабай жатканда, 
Бала ичинде көк жалың 
Чыканактап уйку алып, 
Чырым этип, тынч алып, 
Ак каңкыны жазданып, 
Кыбыланы баштанып, 
Асыл Манас көк жалың 
Алп уйкуну салыптыр, 
Күн шашке болгончо 
Күлүстөн абыдан уктап калыптыр. 
Уйкудан Манас тургуча, 
Жылкычы алпы Канжаркол 
Ошол жылмайгыр келип калыптыр. 
Астындагы ала айгыр - 
Жаман күлүк ал айгыр: 
«Жайып ийсем оозун 
Куштай учуп кетет» - деп, 
Кутургурду карасаң 
Кум салынып алыптыр, 
Жан казандай башы бар, 
Жаткан иттей кашы бар, 
Кара келтек чокморду 
Кармап үйрүп алганы, 
Кырк балага умтулуп, 
Качырып колду салганы. 
Канжар алп түрүн көргөндө 
Кырк бала качты чыркырап, 
Эти турмак, бети жок 
Балдардын баары качты быркырап, 
Качып балдар сабылат, 
Кан Манаска жалынат. 
Уйкудан Манас ойгонуп, 
Оң жагына толгонуп, 
Баш көтөрүп караса, 
Бала аманын караса, 
Балдардын баары качыптыр, 
Балдардан кармап төртөөнү 
Айгырдан түшүп, ал алпы 
Төрт баланы басыптыр. 
Төртөөнү катар союптур, 
Азык эттин баарысын 
Шиш менен сайып тоюптур. 
Көрүп алып, зор Манас 
Ал балбандан чочунуп, 
Торучаарды токунуп, 
Жоо кийимин кийинип, 
Оодарышмай ойнойм - деп, 
Оңбогон бала сүйүнүп, 
Каары келип, көз жайнап, 
Кан ичмеси чын кармап, 
Каалгадай кашка тиш - 
Калайыктан башка тиш, 
Кашкайып чыгып алыптыр, 
Кара келтек чокморун 
Балаң үйрө кармап алыптыр. 
Бекем белин курчанып, 
Торучаар санга бир салып, 
Баскан жерин уратып, 
Балбанды көздөй чуратып, 
Торучаар оозун бурду эми, 
Ал балбанга келгенде 
Бул сөзүн айтып турду эми: 
«Атаңдын көрү, Канжар алп, 
Сен - жылкычы, мен - койчу, 
Балдардын баарын кыйратып, 
Бул зордукту сен койчу! 
Талап жедиң этимди, 
Он эки балбан болсоң да 
Эми жору чукуйт бетиңди. 
Ай, Канжар алп, арача, 
Арачага көнбөсөң 
Азыр салам тамаша!» 
Манас айтып турганда 
Канжар алп тура калганы. 
Каргыш тийген Канжар алп 
Катуу басып чунайып, 
Кырк баладан төрт бала 
Өлгөн экен тырайып, 
Өлүп бала жатканда 
Манасың карап турабы 
«Атаңдын көрү, Канжар алп, 
Талаада кырк бир бала элек, 
Талаага козу кайнатып, 
Ойноп жүргөн жан элек. 
Зордуктап этке тойгудай, 
Төрт баланы тырайтып, 
Бөйдө өлтүрүп койгудай, 
Адырдагы бээңди 
Тийип алып чачтыкпы», 
Сенин айгырың мине качтыкпы? 
Сенин каалаганың бузукпу? 
Өзүң тийдиң өпөйүп, 
Эми менден көрдүң кызыкты!» 
Үч кыйкырып бакырып, 
«Манас», - деп ураан чакырып, 
Үйдөй кара чокморду 
Үйрө кармап алганы, 
Качырып кирип Канжарды 
Как төбөгө салганы. 
Манастан чокмор жегенде 
Башы кетти быркырап, 
Балбан жерге жыгылып, 
Жаны кетти чыркырап. 
Балбанды союп, жай кылды, 
Кайра козу союшуп, 
Бала султан кабылан 
Төрт баланы карасаң - 
Аргасы эчак кетиптир, 
Кабыргасы быркырап, 
Кудай Таала кылганы, 
Төрт баланы ал балбан, 
Бирөөнү койбой кырганы. 
Төрт бала өлүп тоңкоюп, 
Дүнүйөдөн көчүптүр, 
Эт бышырып жаккан от 
Кыпын калбай өчүптүр. 
Ошондо Манас көк жалың 
Алпты союп, жай кылып, 
Ал жолдо бүлүк салганы, 
Төрт баладан бөлөгүн 
Аман алып калганы, 
Катуу кирген балбандын 
Башын бөлүп салганы, 
Кабылан көк жал умтулуп, 
Эми калмакка салган жаңжалы. 
Балбанды союп жай кылып, 
Балдарды жыйып алды эми. 
Бай Жакыптын козудан 
Жүзүн кармап сойду эле. 
Балдарды Манас чакырып: 
«Төрө - деп айткын мени» - деп, 
Атаңдын көрү кырк бала, 
Айтканым менен болуп бер, 
Тегерете конуп бер, 
Маа чоро болуп бер! 
Кармап алып төө союп, 
Бээ баштаган кой союп, 
Кызык салды тамаша. 
Кара көк жал кабылан 
Отун жыйса, оту жок, 
Кара калмак, манжуунун 
Коюлган аты Жырынта 
Козу издеп келиптир, 
Келгенин Манас көрүптүр. 
«Абышка бери келгин - деп, 
От күйгүзүп алууга, 
Талаага жанды багууга, 
Оттугуңду бергин» - деп, 
Сурап көк жал турду эле. 
«Атаа, кумка бурут - деп, 
Атаа, курган кыргыз» - деп, 
Айтканына көнгөн жок, 
Атаңдын көрү, как баш чал - 
Чал оттугун берген жок. 
Кара ниет капыр чал - 
Кара калмак ал элдин 
Канчасынан баатыр чал, 
Эң жортормон ыктуу чал. 
Ары балбан, ары эр 
Зың-зың этип кенебей, 
Талаада жүргөн баланы 
Бучкагына теңебей, 
Чалды кудай урду эми. 
Ээликкенден желикти, 
Көк жал Манас ээликти: 
«Чалым, сураса бербес отуңа 
Суук колум саламын, 
Кесирленсең көбүрөөк 
Кержейген кара калмагым, 
Курмандыкка чаламын, 
Керек болду оттугуң 
Сенден минтип тартып аламын!» - 
Деп ошентип, умтулуп, 
Чалды курдан алды эле, 
Айгырынан оодарып, 
Көтөрүп жерге салды эле, 
Куру үзүлүп ал чалдын 
Кисеси колдо калды эле, 
Чалың шашты, жүгүрдү: 
«Алда эмине кылат?» - деп, 
Чымындай жандан түңүлдү. 
Тизе жерге бүгүлүп, 
Ашып-шашып абышка 
Эликтен бетер түйүлүп, 
Темир таман үзөңгү 
Теппей чурап минди эми 
Жаагынан кан тамчылап, 
Көк айгырды камчылап, 
Чакчелекей чаң болуп, 
Башы-көзү кан болуп, 
Өкүрүгү таш жарып, 
Кыйкырыгы баш жарып, 
Калмак кетти жолуна. 
Кой башчысы Ошпур бай 
Дөбөгө чыгып караса, 
Кырк баланы кааласа - 
Көктөн түтүн бөлүнөт, 
Көп козуну чогултуп, 
Көк жал Манас кабылан 
Кырып салган көрүнөт. 
Оромпой оюн чаң салып, 
Кырк баланын баарысы 
Тегеректеп Манасты 
Ортосунда эр Манас 
Опол-тоодой көрүнүп, 
Козуну кармап союшуп, 
Башка көрдү балдарды 
Шишке сайып тоюшуп. 
Кунан чаап ойноп, бакырып, 
Балдардын бакырыгын байкасаң 
«Манастап» ураан чакырып, 
Быяк жакта алачык, 
Алачыгын байкасаң - 
Калк башчысы он миң жан, 
Кең-кесири баткандай, 
Бир жагында кырк бала 
Манас баштап ичине 
Кеңири ордо аткандай. 
Кара чаар кабылан 
Кадимки Манас баланын 
Капталында чамынат, 
Чолок көк жал арслан 
Ошпурду жара тартчудай, 
Бет алдында камынат. 
Секи жагы сексен төрт, 
Серп алган жагы кызыл өрт, 
Көрүп туруп Ошпурдун 
Боконо сөөгү болкулдап, 
Боктуу ичеги солкулдап, 
Болбой эси бир чыкты, 
Билегинен сап кетти, 
Манастын түрүн көргөндө 
Жүрөгүнөн кап кетти. 
«Бул Жакыптын жинди уулу 
Катылганды оң кылбайт, 
Кармашканды соо кылбайт. 
Билеги жоон, таш жүрөк, 
Бил мүчөлүү бадирек, 
Жетилип алган кези экен, 
Эми калмакка салат чоң дүмөк. 
Бир түрү бар - арслан, 
Муну бир карасам - кабылан, 
Кан ичменин өзү экен. 
Көз кашайып, көп калмак 
Көрбөй калган кези экен. 
Чынмачынга чыр салат, 
Кармаганды оң кылбайт, 
Кара жолтой бул бурут 
Кармашканды соо кылбайт. 
Жерге сайып коюптур 
Комокойлуу айзасын, 
Ааламга чыр салат 
Бул баланын айласы. 
Атаа, оңбогурдун баласы 
Оолугуп жини кармаса 
Ойротту бузар шер экен, 
Өз билгенин талаага 
Кылып салган турбайбы, 
Бай Жакыптын козусун 
Баарын койбой окшойтуп, 
Кырып салган турбайбы! 
«Козуну неге кырдың?» - деп, 
Кокусунан сурасам - 
Этектен алса оң кылбайт, 
Эгерде мени соо кылбайт, 
Бул жерге туруп нетейин, 
Балаңды тыйып алгын - деп, 
Бай Жакыпка жетейин! 
Атасын алып келбесем, 
Анан кийин көрбөсөм 
Ажалды бачым жеткирет, 
Амалды азыр кетирет», - 
Муну айтып эр Ошпур 
Жакыпты көздөй дыр койду, 
Жан аябай чуу койду. 
Астындагы айгырды 
Оңдоп-солдоп камчы уруп, 
Оң-тетири теминип, 
Талаа-түздү уратып, 
Айгыр менен чуратып, 
Ашып-шашып токтобой, 
Каран калган көп койдун 
Канча өлгөнүн жоктобой, 
Кайран Ошпур канетет 
Ашып-шашып токтобой, 
Катынын кара баскансып, 
Куугуну жакын качкансып, 
Куугунун чукул куугансып, 
Катыны эркек туугансып, 
Бай Жакыптын ордого 
Барып түштү Ошпур бай, 
Балакеттүү шумдук сөз 
Салып түштү Ошпур бай: 
«Уулуң Манас эр болду, 
Айтсам кулак укпады, 
Баргандардын баарысын 
Коёндой жерге ыктады. 
Кырк баланы жолдошко 
Кыраан балаң жыйыптыр, 
Бөрү кырган эмедей, 
Талаага койду кырыптыр. 
Балаң өңдүү жан болбос, 
Жанындагы жолдошу - 
Жаланып турган сур жолборс. 
Айткан сөздүн бекери, 
Кара чаар кабылан 
Ал уулуңдун жөкөрү. 
Ай талаага кырк бала 
Алачыктан салыптыр, 
Ортосунда жинди уулуң 
Султан болуп калыптыр. 
Этке тойгон кырк бала 
Жөө кунан чаап бакырат, 
Астыга келген балдары 
«Манастап!» - ураан чакырат. 
Уулуңдун аты Чоң Жинди, 
Мунун Манас атын ким билди? 
Козуну балаң союптур, 
Кырк бала түгөл жыйылып, 
Муну Манас атка коюптур. 
Бала туубай, Чыйырды, 
Бир баатыр тууган экенсиң, 
Ичсе канга тойбогон 
Капыр тууган экенсиң. 
Сенин буурсунуң бурдурбайт, 
Минте берсе бул уулуң 
Бул Алтайга тургузбайт. 
Чатак салат бул уулуң, 
Айзанын башы кагышат, 
Жашы он экиге келиптир, 
Кара калмак журт менен 
Ушул бүгүн салышат. 
Кечээ кабарыңда бар бекен? 
Эсенкандын элчиси, 
Билген экен зыйкырчы 
«Буруттан Манас чыгат» - деп, 
Мурунтан издеп жүргөнү. 
Бул Алтайдан туулду, 
Айткан Манас өзү экен, 
Өзү турмак Манастын 
Караган кара көзү экен. 
Тутанып кеткен сен, Жакып, 
Арамга бөлүп санааңды 
«Уулумдун аты Жинди» - деп, 
Айтпапсың Манас балаңды. 
Өзөн-талың кыйып ал, 
Өрттөмөк болду Алтайды 
Ал балаңды тыйып ал! 
Калмакты көрсө камады, 
Манжууну көрсө сабады, 
Кой кайтарган мен Ошпур 
Балаңдын тентегинен жадады. 
Элдин мыш-мыш кеби бар, 
Жылкычы башы чоң Канжар, 
Аны да Манас шум уулуң 
Өлтүрүп салган чени бар. 
Бул уулуңду тыйбасаң, 
Кара калмак, манжуу журт, 
Мунун көптүгүн көрсөң кара курт, 
Кеп мисалы ушундай, 
Жети бөрү бир койду 
Таласа тарпын коёбу? 
Жети миз киши бирөөнү 
Сабаса тарпың коёбу? 
Балаңды тыйып, тилимди ал, 
Менин айтканым ушул билип ал!» 
Айтып оозун жыйганда, 
Бай Жакыптын байбиче, 
Аты артык Чыйырды 
Бөдөнөдөй кара көз 
Эми бөлөк-бөлөк жаш кетти. 
Асыл катын Чыйырды 
Ак эмчегин булайтып, 
Ак тамагын кылайтып, 
Акырын сүйлөп, муну айтып: 
«Малың арбын, бала жок 
Зарланып көрдүк Манасты, 
Алтайдан чыктык айдалып, 
Бото көрбөй зарланып, 
Өзөндөгү булагың, 
Аты Манас бул балаң 
Өлгөндө көргөн чунагың. 
Боз ала туйгун болпонуң, 
Көргөн Манас жалгызың, 
Боз карчыга чолпонуң. 
Бала көрбөй кылдың зар, 
Сенин Манастан бөлөк кимиң бар?! 
Көргөн Манас жалгызың 
Боздон тоодак куткарбас, 
Боз ала шумкар Манасым, 
Тоо башына токтобос 
Карала барчын ал эле. 
Кармаган ээси сен элең, 
Адырдан аккан булагың, 
Айкөл Манас чунагың, 
Белгилүү ушул, бел да ушул, 
Бет алышкан душманга 
Бейпай салчу шер ошол, 
Капаланба, Жакып бай, 
Жалгызың Манас - шериң ал, 
Белгилүү ошол, бел ошол, 
Бек кудурет жараткан 
Мендеден артык шер ошол. 
Манас бойго бүткөндө, 
Чабылган менен чачылган 
Капанын баарын жойгомун, 
Балаңа талгак болгондо, 
Шерге талгак болгомун. 
Төрөгөндө жөнү бар, 
Айтсам эчен кеби бар. 
Бел байлаган кара кыр, 
Белиң Манас эмеспи, 
Сенин сан түмөн малың чачуучу, 
Шериң Манас эмеспи. 
Кайыбынан кабылган, 
Балаң Манас жалгызың, 
Какшап жүрүп табылган. 
Карап турган эки көз 
Жашы Манас эмеспи, 
Зыркыраган көкүрөк 
Дарты Манас эмеспи. 
Өлгөндө көргөн Манасың 
Эрешен тартып, эр болсо, 
Эр уулу менен тең болсо, 
Балтыры барып толгондо, 
Балбандык атка конгондо, 
Санаасы менен болтурат: 
«Балам тентек чыкты» - деп, 
Зарланбагын малыңа, 
Сандыгыңдын баарысын 
Сары алтын мүлккө толтурат. 
Туурдугуң май кылат, 
Аман жүрсө жалгызың 
Сени туш-туш жерге кан кылат. 
Үзүлгөнүң уланат, 
Уулуң Манас бар болсо 
Чачылганың жыйналат. 
Адалга бур бейилиңди, 
Айлантып кудай жеткирер, 
Сурап ичсе тойбогон, 
Сугалагын койбогон 
Кайрылтып кудай жеткирер 
Кайран кыргыз элиңе. 
Армандуу иш кайдан оңолду, 
Жети бирдей жан бооруң 
Бул кытайдын заарынан 
Айдалып кетип жоголду. 
Бул жетөөнүн кеткени, 
Аты угулбайт, өзү жок, 
Кайгырбагын, бай Жакып, 
Чуркурап журттан бөлүндүк, 
Караан кылып отурган, 
Жалгызың Манас болбосо, 
Ал журтка кайдан көрүндүк. 
Аман болсо Манасың 
Кең-Кол, Талас жер табат. 
«Атамдан калган мураа» - деп, 
Аргын, кыргыз эл табат. 
Аман болсо Манасың 
Күйүттүү кабак ачылат, 
Күйүккөн жүрөк басылат. 
Упасы жок куу малга: 
«Уулум тентек чыкты» - деп, 
Убара болуп кейибе, 
Жалгызың Манас куттуку, 
Кыйналып баккан бул малың 
Кыйкырса шамал жуттуку. 
Өлгөндө көргөн Манасың 
Бул Алтайда туулган, 
Аман болсо көрөсүң, 
Каканчылуу Бээжинге 
Өлбөсө салат чуулган. 
Чуулган салар себеби, 
Жаңы төрөп турганда 
Таманы менен тик түштү, 
Арка жагын карасам, 
Көк жал жалы төгүлдү, 
Этегими өйдө ачканда 
Арслан түрү көрүндү. 
Чарайнада жатканда 
Он эки кемпир көрдү эле: 
«Бай Жакыптын байбиче 
Балакет тууп салды» - деп, 
Он эки кемпир өлдү эле. 
Таянып жерге түшөрдө 
Каарланып бакырган, 
Кабар салып билгенге 
«Манастап!» ураан чакырган. 
Жышаанасы мынчалык - 
Кулак учу тешилүү, 
Сүрүнөтү кесилүү. 
Ыйлаганда келме айткан, 
Ырас түрү мынчалык, 
Денеси жерге жетти эле, 
Жөө туман түшүп, мөндүр жаап, 
Бул Алтайдын өлкөгө 
Зилзала жүрүп кетти эле. 
Манасты тууп алганда 
Чылка канга боёлуп, 
Чыдай албай шордуу жан 
Чыйырды болгон убара. 
Чын Кызырдын өзү - деп, 
Ушул кезде таң калам. 
Жылаңайлак, жылаң баш, 
Ак сакалчан дубана 
Чекесинен үч сылап, 
Дубана туруп муну айтат: 
«Кейибегин, сен катын, 
Кайгырган капаң жазылды, 
Келип колуңа шер тийди, 
Эми көөнүң ачылды. 
Кан ичип жүрүп катыгат, 
Капырга кыргын көп салып, 
Канкор Манас атыгат. 
Ташты бузуп, жол салат, 
Талкан кылып далайды, 
Эчен жерге кол салат. 
Бет алып менде келе албайт, 
Беттешип душман жеңе албайт. 
Күмүрөй күчтүү жоо болсо, 
Кырк чилтен менен экөөлөйт. 
Онжоңдотуп кула атын 
Он эки чоро жетелейт. 
Кудай берди өзүңө 
Кырааным Манас баланы, 
Безенишкен жоо чыкса, 
Бет алган өлбөй калабы? 
Аман Манас чоңоюп, 
Токойду кесип, жол салат, 
Кулак угуп, көз көргөн 
Жер жүзүнө кол салат. 
Калыйпа кирип, кат алат, 
Он эки бирге кол берип, 
Өзү зайыппуруш аталат. 
Азыр тууган бул балаң 
Алты шердин кенжеси, 
Алданын сүйгөн мендеси. 
Телегейи тең ушул, 
Ичин карап отурсаң 
Жер жүзүнөн кең ушул. 
Адам азар салбаган 
Он сегиз миң ааламда 
Укурук кайрар калбаган, 
Кабагы бийик, жарык жүз, 
Катылганды кылат түз. 
Телегейи тең ушул, 
Шай колдогон шер ушул. 
Аман уулуң чоңоёт, 
Ак марал айдап, уй кылат, 
Атышкандын баарысын 
Айдап жүрүп буй кылат. 
Ушул уулуң чоңойсо, 
Каркайган кара тоо болот. 
Каарланып катылса, 
Кантип душман соо болот. 
Келишкен Манас шер ушул, 
Дубана айткан кеп ушул, 
Манаска келет кырк кашка, 
Кыркынын жөнү кырк башка, 
Чоркок айтса кырк чоро, 
Кырк чоро эмес кырк жоро, 
Кыркынын жөнү кырк башка, 
Кыркы кылымдан озгон көй кашка, 
Ат семирип ык болот, 
Бул уулуңдун жолдошу 
Капкайдан келип кырк болот. 
Он экиге келгенде 
Каарлуу белин курчанар 
Кара калмак, кытайга 
Какайлатып кол салар. 
Ордо бузуп, олжо алар, 
Орчун жерге кол салар, 
Жүрүшүнөн чаң чыгар, 
Мунун добушунан жан чыгар». 
Ырымкай бала кезинде 
Дубана айтып койду эле, 
Айтып ийип ал адам, 
Көздөн кайып болду эле. 
Жараткандын жиберген 
Белги кылган иши экен, 
Аты Кызыр ал адам 
Алейки салам өзү экен, 
Манасыңды байкасаң, 
Даарып жүргөн кези экен, 
Кызырыңдын өзү экен, 
Өзү турмак көзү экен. 
Манаска жолдош болууга 
Жолугуп турган кези экен. 
Ал адам кебин укканда, 
Кубангандан курган жан 
Жүрөгүм кайнап чок болду, 
Айтып турган ал адам 
Көздөн кайып жок болду. 
Кейибе, Жакып, малыңа, 
Жыйганың бала чачпайбы, 
Ишенбегин малыңа, 
Балаңдан арка болбосо, 
Караса канбайт кумарың, 
Кайгырып көргөн бул балаң 
Кара кашка тынарың. 
Быйыл уулуң буюрса 
Казатка кирер убагы, 
Күн эсептеп калганда, 
Күн болжолун алганда, 
Быйыл кезде Манасың 
Он экиге толгон кез, 
Ушул быйыл чунагың 
Он эки жашар болгон кез. 
«Уулум тентек чыкты» - деп, 
Кайгырбагын малыңа, 
Кайрат бергин балаңа. 
Балаңа кайрат бербесең, 
Каптал жакта Каңгай бар, 
Каңгайда кара калмак бар, 
Кайгыланбай кайрат кыл, 
Сага түшчү салмак бар, 
Сенин кыр жагыңда кытай бар, 
Кыйрашчу жооң далай бар. 
Маңдайыңда манжуу бар: 
«Баягы бурут экен» - деп, 
Сени менен басташчу жооң далай бар. 
Койчуңдун башчы Ошпурдур 
Ошпуруң кара калмакты 
«Уулуң тентек чыкты» - деп, 
Сенин үйүңө айтты салмакты, 
Бул Алтай сага жер эмес, 
Бул Ошпур сага эл эмес, 
Ошпурдун тилин сен алсаң, 
Жакып бай, бөлөкчө кылат 
санааңды. 
Кызыл-тазыл кырмызы 
Кыргагын тартсам бөлүнбөйт, 
Калмактан койчу Ошпуруң 
Кыргыздан тийсе колуна 
Кылчаяр арам көрүнбөйт. 
Жашыл ала тал жибек 
Жан-жанын тытсам бөлүнбөйт, 
Жакын көргөн Ошпуруң 
Жаңжуң келсе жамандап, 
Жан коёр адам көрүнбөйт. 
Жылкысын айтат: «Мөрүн» - деп, 
Жакын көргөн Ошпуруң 
Жан коёр адам көрүнбөйт. 
Бала берген Ошпуруң 
Казбасын калың оруңду, 
Калмак келсе жамандап, 
Кайнатпасын шоруңду. 
Таппасын кылча кырыңды, 
Айтып коюп кытайга 
Кетирбесин суруңду. 
Бул Ошпурга ишенсең 
Бөлүнтөт сенин санааңды. 
Кармап берет кытайга 
Манас аттуу балаңды. 
Атаганат дүнүйө, 
Алтайды айттың жерим - деп, 
Сен калмакты жүрдүң элим - деп, 
Бул Алтай бизге жер эмес, 
Бул калмак бизге эл эмес, 
Уу чылайт идиш күбүңө, 
Бул балаңа шылтоолоп, 
Бул калмак жетет түбүнө! 
Сан дүйнө малды чачыңыз, 
Арка кылып Манасты, 
Бул Алтайдан качыңыз. 
Бул Алтайдан качпасаң 
Коруп алат мал оттогон талааңды, 
Кармап кетет өлгөндө көргөн балаңды. 
Кармаса соёт Акбалтай баштап бириңди, 
Манжуу кагат капкайда кеткен жиниңди. 
Малың арбын, балаң шок 
Он экиге келиптир 
Сен Манасты тыяр чамаң жок! 
Кара болот зулпукор 
Кынынан сууруп кырдашар, 
Калмак эмес Манасың, 
Кытай каны Эсенкан, 
Ошону менен чырдашар. 
Буурсунуң бурдурбас, 
Бузук тил кара калмагың 
Бул Алтайга тургузбас. 
Азапка салар чамаңды, 
Кармап кетет кокустан 
Береки Манас балаңды, 
Кан эшиги - кыямат, 
Катуу буйрук кылганда: 
«Балаңды бер» - деп турганда, 
Басып кирер жол барбы? 
Кара курттай капырга 
Кан Жакыбым, кебимди ук, 
Чалыша турган чамаң жок, 
Бел байлаган белиң жок, 
Бекип жаткан элиң жок, 
Бет алышып урушуп, 
Бекем өчүн алуучу 
Белгилүү кыргыз элиң жок. 
Качып кирер токой жок 
Караа кылып отурган 
Кан атаң Огой дагы жок. 
Бел байлап турган белиң жок, 
Бет алып согуш бир кылып, 
Бул кытайга чыр кылып, 
Ажыратып алуучу, 
Белгилүү кыргыз элиң жок. 
Кара калмак, көп манжуу 
Кечээ, тегеректеп алганда, 
Кыргынды кызык салганда, 
Качып, үркүп кайгырдык, 
Караа кылып отурган 
Туугандардан айрылдык. 
Алтын казып, дан айдап, 
Алтайга келип турабыз, 
Уулуң тентек чыгыптыр, 
Эми эмне айла кылабыз? 
Айтканым ошол билип ал, 
Ай, бай Жакып, тилимди ал, 
Бул капырдан кетүүгө, 
Бир мураска жетүүгө, 
Көп дүйнөнү чачууга, 
Көп кыргыз көздөй качууга, 
Калмакка моюн бурбаска, 
Бул Алтайга турбаска, 
Ат семирип, ык болсо, 
Эр семирип, бук болсо, 
Кочкоруң биттеп ирик кылгын, 
Коюңдун баарын түрк кылгын, 
Айгырың биттеп ат кылгын, 
Жылкыңды шайдоот бат кылгын. 
Эркегин битте малыңдын, 
Эртелеп жыйгын алыңдын, 
Өлчөлө качар чамаңдын, 
Тилегин тиле өткөрө Манас балаңдын». 
Чыйырды айтып мындай сөз, 
Оозун жыйып алгыча, 
Андай-мындай дегиче, 
Ачып көздү жумганча, 
Ошпур келди күүлөнүп, 
Бай Жакыпка сүйлөнүп: 
«Малыңа бачым барыңыз, 
Балакет Манас балаңды 
Өз колуңа алыңыз, 
Атанга жүгүң артыңыз, 
Азабын өзүң тартыңыз. 
Берген Манас балаңыз 
Айткан тилди түк албайт, 
Айдаган жолго түк баспайт, 
Кеп укпаган бала экен, 
Аман жүрсө ал бала 
Кейишке салар жан экен, 
Ордо бузуп, олжо алып, 
Же ал уулуң сени бай кылат, 
Омуроо кагып, чыр салып, 
Же ал уулуң сени жай кылат. 
Кара калмак, манжуу журт 
Бул Алтайга кондурбайт, 
Кебимди уккун, бай Жакып, 
Бул уулуң сени оңдурбайт, 
Элден ушак кеп уктум: 
«Эчен койчу, жылкычы 
Талаага кырды» - деп уктум. 
Муну укканда бай Жакып 
Көңүлү кетти бөлүнүп, 
Көзүнүн жашы төгүлүп, 
Мал кунду экен бай Жакып 
Мал үчүн көөнү бөлүнүп, 
Тентек уулу Манасы 
Теги көзгө жаман көрүнүп, 
Каарланып бай Жакып 
Басып атка минди эми, 
Ошпур экөө биригип, 
Койду көздөй жүрдү эми. 
Сары адырмак урчукка, 
Салаңдаган тумшукка 
Салып чыгып караса, 
Чоң Алтайдын оюнда, 
Кең өзөндүн боюнда, 
Адыр-күдүр баткалда 
Бай Жакып кою жатканда, 
Оргуп түтүн бөлүнөт, 
Жыйнаганы кырк бала 
Ээсиз калган каран кой 
Тең жарымын эр Манас 
Талаага сойгон көрүнөт. 
Оолукмасы бек кармап, 
Адам билгис ой кылган, 
Койду союп талаага 
Ала-Тоодой той кылган. 
Түнөп турган жерине 
Түптүү мазар орногон, 
Он экиде кылыгы 
Мындай адам болбогон. 
Талаага салган алачык, 
Ал алачык жанына 
Кай адам барган жанашып, 
Бир жак бурчу алачык - 
Манас баштап кырк бала 
Кенен ордо аткандай, 
Бир жак бурчун карасаң 
Сексен киши жөн эле 
Кең-кесири жаткандай. 
Койду кырган жерине 
Короолоп мазар орноптур, 
Муну Мустайыптар колдоптур, 
Үч айланган жерине 
Үйдөй мазар орноптур, 
Ошол кезде Манасты 
Үстүртөн кудай оңдоптур. 
Кырк чилтен, Кызыр Ныязы 
Ошол күнү Манаска 
Кыйындап жолдош болуптур. 
Жаратып мындай жан болбос, 
Бир мүчөлүн карасаң 
Комдонуп жаткан көк жолборс. 
Кара чаар кабылан 
Капталында чамынып, 
Чолок көк жал арслан 
Оң жагында камынып, 
Асмандан алп кара куш - Зымырык 
Азыр эңип кетчүүдөй 
Арбайтып бутун салыптыр. 
Колдогону бир тогуз, 
Коржоктотуп Манасты 
Колдоп жаткан кези экен, 
Телегейи тең экен, 
Өзү Шай колдогон шер экен. 
Алты шердин кенжеси, 
Өзү кудайдын сүйгөн мендеси, 
Кырк бала жыйып Манасың 
Оюнду опсуз коюптур, 
Жакып кандын көп коюнун 
Тең жарымын союптур, 
Жетпеген мискин, календер 
Ал Манастан тоюптур, 
Ошол тойгондордун баарысы 
Манасты төрө - деп атка коюптур. 
Кыялды кызык баштаган, 
Ошпур баккан көп койдун 
Теңин союп таштаган. 
Мал күндү экен бай Жакып, 
Баарыдан билбес чын жаман, 
Бадырек экен ал жаман 
Капаланып кайгырып: 
«Керденге бүткөн Манасым, 
Кетирипсиң алымды, 
Талаага не деп сойгонсуң 
Жоо ээлеген малымды?» 
Анда Манас муну айтат, 
Киши билбес шумду айтат: 
«Кокуй, ата, не дейсиң? 
Ээсиз малды көп кылып, 
Күтүп жүрүп нетесиз, 
Не мураска жетесиз?» 
Манас айтып чунайып, 
Бай Жакып турду кубанып.