Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Ботокөз

(Трагидрама)

Бул трагидрама бараар жери жок, көчөдө калган адамдардын турмушун чагылдырат. Автор алардын ортосундагы жылуу мамилелерин айтып, коомго жат бул көрүнүштүн ар кыл тарабын көрсөтүүгөө далалат кылат.

Эта трагидрама рассказывает о тяжелой жизни людей без определенного места жительства. Автор пытается обратить внимание зрителей на нежные взаимоотношения между бомжами, чтобы ярче раскрыть корни этого социального зла.

 

КАТЫШУУЧУЛАР: 

1. БОТОКӨЗ
2. АКЫЙКАТ
3. ШАМШАР
4. СЫРГАК
5. АЯЛ
6. ЭРКЕК
7. ЧАЛ

Окуя биздин күндө өтөт.

 

БИРИНЧИ КӨРҮНҮШ

Борборубуздагы бийик кабаттуу үйдүн подвалынын ичи. Түпкүрдөн эркектин ыкшып жөтөлгөнү угулат. Баш аламан чачылып жаткан бөтөлкөлөр, жерде кат — кат салынган коробкалар. Маңдай жакта «КЫРГЫЗСТАН – НАШ ОБЩИЙ ДОМ» деген чоң плакат илинип турат. Жөтөл барган сайын күчөйт. Бул Сыргак эле. Каптал жакта Шамшар бычак курчутуп, улам капталда турган жыгачка ургулаполтурат.

СЫРГАК: Жөтөлгөн сайын ичегилерим түйүлүп жатат.Өлүп калбаймбы.
ШАМШАР: (тигиле) Мүмкүн. Кече жанымдан түңүлдүм. Ботокөз ыйлап сыктап ээрчитип келген врач аял мындан чыкканча шашып, аркасына карабай качты.
СЫРГАК: Алар ошентишет. Биздей БОМдордон коркушат.
ШАМШАР: Эмне? Эмне болгон БОМ?!
СЫРГАК: Чечмелей келгенде, “Борбордук опурталдуу мафия!” Эмне күлөсүң.ШАМШАР: (каткыра) Ой, боорум! Ой боорум, ай! Андан көрө “СЭС” деп эле койгула. “Сайрандаган эркин селсаяктар!” БОМ деп! Ээ, Сыргак, сен мага таарынба. Азыркы заманда тентигендер эмес, соолор деле араң жашап жатышат.
СЫРГАК: Акыйкат менен Ботокөз качан келишет. Кеч болуп кетти го.
ШАМШАР: Кызматтары бүткөндө келишет да.
СЫРГАК: Тигинден даагы барбы, Шаке?
ШАМШАР: Болду жетет. Өлүп калсаң сени кайда ташыйм. Тынчтык кыл.
СЫРГАК: Жанагындан бир аз жакшымын. Мына, жөтөлбөй да калдым. Бышпаса мейли, шорпосунан берчи. Шаке, чын эле өлүп калсам кандай болот.
ШАМШАР: Койчу эй! Жаман катын кетем деп коркутат болбой. Кечке чейин “өлүп калам го” дегенден башканы айтпайсың. Өлөм десең ичпе!

Денесин кармай албай калчылдаган Сыргак алайган көздөрү менен Шамшарга аянычтуу, жалдырай тигилет.

СЫРГАК: Шаке... сен болбосоң... (кыжына) Өлүп деле калгым келет. Бирок...
ШАМШАР: Ушул акыркысы.
СЫРГАК: (бөтөлкөдөн көздөрү өтө) Акыркысы Шаке. Акыркысы!
ШАМШАР: Кан кусуп жатсаң дагы бөтөлкөнү кучактап өлөт экенсиң да. Ме, ич! Сен өлбөйсүң. (кол шилтей) Сен өлгөндө жердин кеми толмок беле. Жашай бер.
СЫРГАК: Ырахмат. Оңоло түшпөдүмбү. Милиция текшерген жокпу?
ШАМШАР: Текшерди. Ары турчу бутка чалынбай. Кайсы катып койгон алтының бар эле. Чала була баш багышып, экөө тең качып чыгышты. Жалдырап олтурган Акыйкатты кечке тиктеп, – Мындан кеткиле, карааныңарды жоготкула! — деди.
СЫРГАК: Анда жоготушат. Кыш келсе каякка барабыз. Ап... ап... Ап -чү — үү!!!
ШАМШАР: Куркуттай болгон түрүң дурайын! Булбулдун үнү жакпай турганда сенин азабың өттү. Өпкөңдүн баары чирип кетти го. Мында эмне сасып жатат.
СЫРГАК: Келемиш чычкандар да. Ой, эмне гана жок мында. Шаке, Шаке дейм... Ботокөз сага жагабы? Жаман сулуу ээ? Сен келгени күзгүдөн чыкпайт. Жакшы көрүп калган окшойт. Тили болсо кана. Боорум ооруйт.
ШАМШАР: Барчы, ары! Мааниси жок суроолоруңдан баш ооруп кетти.
СЫРГАК: (бүжүңдөй) Болдум, болдум. Кечир мени?
ШАМШАР: (өзүнчө) Жамгыр да токтобос болду. Эркиндик дегениң ушул болсо...
СЫРГАК: Шаке, бир жакка кеткени турасыңбы. Биз кантебиз?
ШАМШАР: Убагы келгенде баарыбыз бул жерден кетебиз. Ээ — ээ, Сыргак! Бул тирүүчүлүктүн биз сезип, билбеген оош – кыйыштары көп турбайбы.
СЫРГАК: (кыжына кейип) Эми ошо биртке жашоону кыйнабай эле жашатса болбойбу. Кудайга да таарынып кетем.
ШАМШАР: Жетем дегендин баарына колуң жете берсе кана. Алдыда даагы кандай сыноолор күтүп турат, аны бир гана бизди жараткан Кудай өзү билет.
СЫРГАК: Туура, туура. (көккө тигиле) Бирок Кудайыңа жеткирбей эле мындагылар жайлап жатпайбы. Энеңди! Азыр биздин Кудай тогуздагы катын!
ШАМШАР: Антип Жаратканга акараат келтирбе! Биз бул жалган тирүүчүлүктүн убактылуу гана коногу экенибизди унутпа.
СЫРГАК: (сөгүнө) Ой, энеңди! Кандай адамдар жыргап жашайт?!
ШАМШАР: Жыргап кеткен ким бар экен.
СЫРГАК: Ошону айтам да энеңди!
ШАМШАР: (өзүнчө) Баарыбыздын тилегенибиз жыргал заман. Бирок ошол биз каалаган жыргал заман кайда? Көксөтүп көзүбүздү агызган теңчилик кайда? Барчылыкты жокчулук басып, барган сайын адамдардын пейли кетип, эмнеге айланып баратканыбызды байкабагандайбыз. Азыркы замандын кулагы керең, көзү көр! Мен да баарына тоюп жүрөм.

Өз оюу менен алектенген Шамшар Сыргакты көрүп чоочуп ыргып турат.

...Ой, Сыргак?! Сага эмне болду? Эми эмне кылам. Мага ушул гана жетпей турат эле. Сыргак! Көзүңдү ач дейм! Сыргак?!
СЫРГАК: (көздөрү аңтарыла) Мени таштабачы, Шаке. Мен... мен...
ШАМШАР: Сыргак! Сыргак! Тентиген акмагым! Алкаш болсоң да мейли, иши кылса өлбөй жашачы. Сен жашашың керек. (далбастай)Мунун сырын Ботокөз гана билчү эле. Сыргак! Сыргак мени кара!

Ушул учурда сырттан жүгүрүп кирген Ботокөз жерде жаткан Сыргакты көрүп алаңдай коркконунан колундагы пакетти шашкалактай Шамшарга сунат.

ШАМШАР: Бото, жакшы келбедиңби. Муну эмне кылам. Бул эмне? Аракпы?
БОТОКӨЗ: Ай... ааайа... (колундагы аракты бер деп жаңсай түшүндүрөт).
ШАМШАР: Бердим.
БОТОКӨЗ: И – ии— ииее... (даагы бер дегендей, бөтөлкөнү көрсөтөт).
ШАМШАР: Багың бар экен да, иттин гана баласы. Мындайды ким көрүптүр. Сени кандай Кудай айдап келди Бото. Көзүңдү жумба, мени кара. Сыргак! Сыргак!
БОТОКӨЗ: (жаңсай) С – уууу...
ШАМШАР: Суу? Апкел. Ой, бул өлүп баратпайбы. Тез! Тез!
БОТОКӨЗ: (суу берип) Тт... аа... ма...ма...
ШАМШАР: Бердим. Ичпей койду. Азыр дагы берем. Эй, Сыргак шорпо ичесиңби?

Ботокөз бир суу, бир шорпо куюп тызылдап жүгүрүп жүрөт. Бир убакта жансыз жаткан Сыргакты ары бери жулкулдатып, кучактай калып ыйлап жиберет. Шамшар аны сооротуп кирет.

ШАМШАР: Коркпо, өлбөйт! Мен көп көп тамак берем.
БОТОКӨЗ: (жаңсай көрсөтөт) А – ай – айа... айа...
ШАМШАР: Даагы аракпы? Азыр. Сыргак ач көзүңдү. Ме, ич! Болбосо азыр өлүп каласың. Сенин жайыңды Ботодон мыкты эч ким түшүнбөйт турбайбы. Түү, алкаш энеңди урайын. Тамагынан арак да өтпөй калган го. Ач, оозуңду!

Экөөлөп жатып эптеп Сыргакты эсине келтирген экөө бири бирин тиктеп олтуруп калышат. Аттиң! – деп, ичине катуу күрсүнүп алды Шамшар. Шамшардын көз карашынан уяла жер караган Ботокөз оордуна казанды көздөй тура жөнөдү. Бир чыныга шорпо куюп келип, сунуп жатып чыныны кайра тартып алды. Ал тамак быша элегин сезди. Шамшар кызды уялтпайын деп колунан чыныны алды.

ШАМШАР: Бышып деле калды. Келе. Сен анан ич ээ? Даагы бир кайнап кетсин.
БОТОКӨЗ: (жаңсай) Ти... ти... акы... акы...
ШАМШАР: Ооба, Акыйкат келгенде чогу ичебиз.
БОТОКӨЗ: (жаңсай) Ммы... мы... мы...
ШАМШАР: Барып апкелесиңби. Макул. Силер келгенче тамак да бышып калат.

Ботокөз Сыргактын жүрөгүнө башын кое тыңшап, үстүн бир сыйра жаап, эми арак бербе, тамак бер дегендей жаңсай түшүндүрүп, Шамшарды оттуу көздөрү менен наздуу карап чыгып кетет. Көптөн бери ушул көз карашты байкап жүргөн Шамшар кыздын аркасынан ары боору ооруй, ары өзүн ыңгайсыз сезип кала берет.

 

ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ

Күндөгүдөй эле подвалдын ичи. Сыргак менен Шамшар ойлуу олтурушат. Сырттан тапыр – тупур добуштар чыгып, кошуна подвалдан чаңкылдаган аялдын үнү угулат.

АЯЛДЫН ҮНҮ: Кара! Жайлоодо жаткансып... Тим эле жайылып жатып алышкан тура. Тургула! Тур, дейм! Тур!!! Мындан карааныңарды жоготкула! Кеткиле! Тур, тур!

Коркуп турган Сыргак алаңдай, шашкалактап калат.

СЫРГАК: (алаңдай) Келатат, келатат! Тогузунчу кабаттагы катындын үнү. Ошол. Энеңди! Быш быш, күш күш этип араң басат. Эшиктен кантип батат билбейм. Кошуна подвалдагыларды кууп жатат. Шаке, Шаке, жашыналы!
ШАМШАР: Эмне алаңдайсың!
СЫРГАК: Бул үйдүн чердагы да, подвалы да ошонун менчиги! Бомждарды кууйт. Акча алыш үчүн калп эле кууйт. Чердакта балдар туруп жатышкан. Мен да жашагам. Тигилердей жаш болбогон соң кирип чыккан мага оор болду. Анан бул жерге жабыштым.

Кичинекей айнектен түшкөн жарыктан баары даана көрүнүп турду. Топураган бомждар качып жөнөшөт. Араң баскан чалды аял кууп жатты.

АЯЛ: Ушул тентиген бомждардын азаптары өттү. Сен эмне жатасың. Тур!
ЧАЛ: Мага тийбей эле койчу балам.
АЯЛ: (кетип бараткандарга) Өчүр үнүңдү бежиребей. Жөн да кетишпейт.
ЧАЛ: Мына, бул акчаны ал. Мага тийбе. Мен ушул кебетем менен кайда барам?
АЯЛ: (кетип жаткан аялга) Сасыбай жоголчу! Сенден акыл сураган эч ким жок.(чалга) Кайда барам? Кайда барам?! Кайда бараарың менен менин ишим эмне. (дагы бирөөсүнө кыйкырат) Ай! Сен кайда? (баарын кууп) Бул жерден алыс кеткиле!

Ошол учурда апсыйган, араң баскан бир келин чалдын аркасына жабыша, чапанынын этегине кирип жата калат. Чал кууйт. Келин ого бетер жабышат. Аял аны көрүп калат.

АЯЛ: (чалга) Айла жок экен го. Алдыгы апсыйган немени кайдан таап келдиң.
ЧАЛ: (шашкалактай) Билбейм. Билбейм! Мен муну тааныбайм!
АЯЛ: (айкыра) Өзүң өлө албай чалынып араң жүрөсүң. Муну кайдан таптың?!
ЧАЛ: (жалына) Тааныбайм. Алсаң алып кет. Мага тийбе балам. Эшикте жамгыр...
АЯЛ: (жийиркене) Кайсы арыңа бука болосуң дейм да. Чык мындан! Тур! Тур!
ЧАЛ: (чапкылап) Кет ай, кет жанымдан.
АЯЛ: (экөөнө) Бул жерден карааныңарды жоготкула! (келинге) Сени милицияга салып берем. Мени тааныбай калды деп турасың го ээ? Эй, алкаш! Кече эле чердакта жүрбөдүң беле. Сени мен жүз метирден тааныйм. Тур, жогол!

Баягы жүдөгөн келин тура калып сылтый качып жөнөйт.

ЧАЛ: (боору ооруп) Үй жайы жок ал да бир бечара да. Түндө ушунда келген. Белин сындыра чапкан окшойт. Араң басып жүрөт бечара.
АЯЛ: (чалга) Бечара! Бечара! Элди эмне кыласың. Сени ойлогон киши барбы. Тигинин каргап баратканын. Ай, катын! Айтышпа мени менен. Сандалган гана өлүгүңдү! Чык! Булар кайдан кирип кетишкен. Чыккыла дейм! (ачуулу) Эй, чал. Сен да кет!
ЧАЛ: (жалына) Балам... балам... Менин бутум...
АЯЛ: (ачуулу) Кайдагы балам, барчы ай! Мага эмне өлүмтүгүңдү артасың. Бутуң ооруса көчөгө чыгарып салган балдарыңа айт. Көрүнгөн жертөлөгө тыгылбай, карылар үйүнө барбайсыңбы. Өкмөт карабайт, өкмөт бакпайт дейсиңер наалып. Мамлекет силер үчүн атайын килейген үй салган. Ошондо бар!
СЫРГАК: Энеңди!!! Айтканын уктуңбу?
ШАМШАР: Акырын!
СЫРГАК: Ит эле катын да энеңди! Карылар үйүнө бар деп коет.
ШАМШАР: Анан өзүнүн үйүнө киргизип алмак беле. Бежиребей басылчы.
АЯЛ: (тегерегин аңтара карап) Келемиштерден эч айырмасы жок булардын. Быяктан куусаң тиягына кирип кетет, тияктан куусаң даагы бир жыртык табышат. Жаткандары аз келгенсип, тегеректин баарын булгап кетишет. (кыйкыра) Силерди элеби! Бирден санап, милицияга салып берип тынбасам. (өзүнчө наалый) Мындай немелерди милициясы да албайт. Сен эмне олтурасың жалдырап.
ЧАЛ: (жалдырай) Чөнтөгүмдө болгону ушул. Бутум ооруп эки күндөн бери сыртка чыга элекмин. Ачкамын карындашым.
АЯЛ: (акшыя) Келе! (чалдын акчасын алат) Азыр тигилер менен чогу чыккын да, ананыраак байкатпай акырын кирип кет. Уктуңбу?! Жаныңдан тигил жалмаңдаган алкашты көрсөм, экинчи боору ооруйт экен дебе. Же, ага да төлөйсүңбү?
ЧАЛ: Жок, жок! Мен аны тааныбайм.
АЯЛ: Жөнө! Мен айткандай кыл.

Чал сүйрөлүп чыгып кетет. Аял подвалдын ичин аңтарып жатты.

СЫРГАК: (жиндене)Энеңди! Ит эле катын да. Акчасын шыпырып алды.
ШАМШАР: (тыят) Акырын!
СЫРГАК: Эми, ошол баса албаган чалды жөн эле койбойбу.
ШАМШАР: Ар ким өз ишин кылат да. Тынч!
СЫРГАК: (кейип кирет) Ана, сөгүнүп кетип баратышат. Эми кайда барышат.
ШАМШАР: Аларды коюп өзүңдү ойло. Элге тынчтык бербесе кууйт да.
СЫРГАК: (алаңдай) Азыр бизге да келет. Тамакты эмне кылам, Шаке?
ШАМШАР: Ташта! Бас!

Сыргак менен Шамшар жашына калышат. Түпкүрдөн колуна фонарик кармаган жанагы аял көрүнөт. Ал дале наалып жатты.

... Чердактан куусаң подвалга, подвалдан куусаң чердакка чыга качышат. Эми, жайы — кышы подъездерге түнөөчү болуп алышты. Жолбун иттердей самсаалашып бири кирсе артынан баары келет. Андан да айылдашчыл, жердешчил болуп кетишет. Бир айылданбыз! — дештип. Жашоо не болуп баратат. Шаардын теңи таштанды, теңи бомж!

Аял Сыргактар жайгашкан жакка кирет. Баарын тинтий карап чыгат.

... Мында эмне жыттанат. Кечке жетелешип сурагандары кайыр... (кайнап жаткан казанды карап) Ики – ии... Кара, мен жебеген этти жешет.Тентиген өлүгүңдү!.. Тобо кылдым Жараткан, тобо кылдым. Каякка житип кетишти. Ай, сокур! Бери чык! Мен келгенде жаналгыч көргөндөй бекинип алышат. Ээ, байкушум, мындан кетип сен кайда жан сактамак элең. Бириң сокур, бириң дудук! Ананыраак келээрмин, тыйын тыпырыңарды даярдап койгула. Мен кеттим. Казаныңарды карагыла, подвалды өрттөп жибербегиле. Жакшынакай коробкаларды кайдан таап келишкен. Ай, сокур! Бир эки коробкаңды алдым. Банка санкасалганга таппай жаттым эле. Тиги кайда баратат. Ай, ай, силер кайда?! Чык! Чык!

Аял эки үч коробканы, жерде жаткан бош бөтөлкөлөрдү алып чыгып кетет. Сыргак менен Шамшар жашынган бурчта бир топко үн чыгарбай корунуп, коркуп олтурушту. Анан акырындап чыга башташты.

СЫРГАК: (алаңдай) Энеңди! Иттин катыны! Баарын кууп чыкты окшойт.
ШАМШАР: Туура айтат. Булгап кетишет. Кетирсин.
СЫРГАК: Ач көз аял да. Ой энең, картошка салган коробканы да алып кетиптир.
ШАМШАР: (күлүп) Ал дагы оокат да.
СЫРГАК: (санап кирет) Беш эле бөтөлкө калыптыр. Баарын алган турбайбы.
ШАМШАР: Бөтөлкөлөрдү өткөзөт. Ал да бир топ тыйын.
СЫРГАК: Алгач мен да көрүнгөн подъездерде жатып жүрдүм го. Алар жакшы болчу. Кышы менен эч ким кууган жок. Тоңуп калбасын дешти окшойт. Подъезди тазалаган орус кемпир кээде тамак салып келип берчү. Кордукту көргөндө өзүбүздүн кыргыздардан көрдүм. Ары өткөнү деле, бери өткөнү деле, жаман сөз айткандары аз келгенсип, — Тирүүбү, же өлүүбү?! – деп, буттары менен тээп өтүшчү. Ап... ап... ап...ап... Ап — чүү!!! Мына, чын дейт.
ШАМШАР: Жерди тиртиретип элден башкача чүчкүрөсүң да.
СЫРГАК: Катын качан кетет деп, муунуп да кала жаздадым. Кенен жашоону мындай кой, кенен чүчкүрө албайсың. Жашооң дурайын! Ушул дагы жашообу?.. Ап... ап... ап... апчүү!!!
ШАМШАР: Азыр тигил комендант аял жетип келсе курудук.
СЫРГАК: Болдум, болдум, Шаке. Үнүмдү чыгарбайм.
ШАМШАР: Заман ошондой! Үнүңдү чыгарбай, бутуңдун учу менен басчу ахвалга жетип калбадыкпы. Даагы баштадыңбы.
СЫРГАК: Болбой жатпайбы. Ай! Бул жакта бирдеме кыбырап жүрөт. Келемиш...
ШАМШАР: Жан жок сенде. Токтот! Азыр жаман чулгооңду оозуңа тыга салам.
СЫРГАК: Азыр… азыр... Шаке, мени урушпачы.
ШАМШАР: Сүйрөлбөй айылгакетпейсиңби. Бөөдө өлүм болгону жүрөсүң.
СЫРГАК: Шаке, мен... мен...
ШАМШАР: Тирүү өлүк болбой кет! Катын, бала -чакаң издеп жүргөндүр.
СЫРГАК: Эч кимисин көргүм жок. Кереги жок, айтпа аларды. Мен жокмун.
ШАМШАР: Эмдиге ашыңды да берип коюшкандыр. Азыр чындап муунтуп салам. Баарыбызды өпкө кылып өлтүргөнү калдың. Эмне тиктейсиң?
СЫРГАК: Мен болбой калдым окшойт. Ап...ап... Чыкпай калды.

Жаман төшөккө оронгон Сыргак сүйрөлө басып келип, калп ырсая капталга жата кетет. Ары— бери баса баштаган Шамшар илинип турган плакатты кечке тиктей бир күрсүнүп алат. Сыргак бышылдай ыйлап кирет.

ШАМШАР: (сөгүнө) Общий дом! Общий дом! — деп... Общий дом болбой оңкоңдон кет! Сага эмне болду Саке? (күлүп жиберет) Жаныма баткандан чыккан сөз да.
СЫРГАК: (үшкүрө) Общий домду оштонуп,
Чыгарды кайдан атабыз.
Ооп келгендей бир жактан,
Өз үйгө батпай жатабыз.
ШАМШАР: (каткырып жиберет) О – хоо! Жамактатып жибердиң го, Саке.
СЫРГАК: (ызалуу)Жамактабай жабышайын. Тентитти го бул заман, тентитти го, Шаке! Үйүм кайда, жайым кайда? Чиренген мансап... Тебелеп жүргөн байлык кайда?!..
ШАМШАР: (аяй тигилет) Ээ, Саке, мени карачы. Эмне үчүн күнөөнү өзүбүздөн издебейбиз. Өзүбүздүн түбүбүзгө өзүбүз эле жетип жатпайбызбы.
СЫРГАК: (актанып кирет)Менин түбүбүмө жанагы Алмаш жетти. Кудай турат Шаке, минтип тентип калам деп кимдин оюна келиптир. Үч уктасам түшкө кирбеген жашоону башымдан кечирип жүрөм. Ким элем, ким болдум?.. Ким... ким...

Музыка. Сыргак башын кучактай, жаман төшөгүнө ороно бүк түшөт.Оор тунжуроо. Баятан ачуусу келип кыжырынып турган Шамшар эми Сыргакты чындап аяп кетти.

ШАМШАР: (Сыргакты аяп) Турмуш деген эмнени гана көрсөтпөйт. Мүмкүн тагдыр... (тыным) Ээ, тагдыр! Тагдыр! Кай учурда кай жээкке апарып чаап салаарыңды билсек кана?.. Сенин ар убак байкатпай көрсөткөн «сюрприздериңден» кийин минтип башыбызды мыкчып, дубалга ургулап олтурбайбызбы. Тигинин айтканын уктуңбу? Ким элем, ким болдум?! А, менчи? Мени да ушул суроо жейт. Ким элем, ким болдум?!..
Менинче түз жолунан адашкан ар бир пендең ушул суроону өзүнө берип, анан жооп издесе керек. Анан, Тагдыр! Тагдыр!!! – деп, бар күнөөнү биринчи кезекте сага жүктөйт. Сени сөгөт! Антпегенде кантет. Баарына сен... Кечир, Тагдыр? Мен да сени далай ирет сөктүм. Мындай эмес, башкача Тагдыр болуп келбейт белең дедим. Ошенттим. (тыным) Энемдин:  — «Тагдыры тайкы балам ай!» — деген сөзү, кулагымдан эч кетпейт. Мүмкүн бул жарыкчылык менен коштошуп жатып да, ушул сөздү акыркы деми чыкканча кайталады го... Аны мен укпасам да сен уктуң Тагдыр. Сен ошол кезде энекемдин маңдайында олтурдуң. Сен кошо кейип, кабыргаларың кайышты. Сен кайгырдың. Мүмкүн энеме кошулуп экөөң тең мага кейип ыйладыңар. Мен жок болдум. (томсоро) Мен энеме топурак да сала алганым жок. Кечир, энеке?! Кечир, Тагдыр?! Кечиргиле!!!
...Энем мага күйгөндөй мен энеме керек учурда күйө албадым. Ал кыйналган учурларда мен анын жанында болгонум жок. Жада калса акыркы саатында да бир чыны суу суна албадым. Ошенсем да, ал мени балам деп, баарын кечирди. Ооба, кечирди. Ал мени аяды, даагы кандай болуп кетет деп, жүрөгү сыгыла мен үчүн кыйналды. Муну мен жүрөгүм менен сезем, туям. Бирок мен өзүмдү эч качан кечирбейм! Кечирбейм!!! (тыным) Асылым энекебайым! Кечир? Кечир?! Миң кайталап сурагандан тажабайм, кечир!
Бирок баары кеч болуп калды ээ? Эми, — Жүрү балам, жүрөгөй! – деп, эч качан колумдан жетелеп баспайсың да. Жыгылып кетсем, колуман тартып тургузбайсың да. Эркелетип тамак бербейсиң, чекемден сылап акыл насаат айтпайсың. Бооруңа кыспайсың! Билем, армандуу кеттиң. Биз убагынан эрте коштоштук. Кечир, кечир энекебайым?! Эми өзүң тапшырган Тагдырды колунан кармап, жаңылбас жолго түшсөм деп турам. Каякка барам, азырынча белгисиз. Ушунчасы да жетээр, эми сага жаман сөз тийгизгим келбейт. Алыс кетем. Айылга адам болгондо кайрылаармын. Үй жайды кошунага тапшырдым. Жакында баласы үйлөнөт экен, жашай бергиле дедим. Баарын жакшы карайбыз дешип, кубанып калышты. Мен окуумду улантуум керек. Мен адам болушум керек! Адам! Адам! (оор тунжуроо) Эми баары башкача болууга тийиш. Сен... сен да кечирчи Тагдыр?! Эми мени сен таштабачы. Кандай болгон күндө да бул туңгуюктан чогу чыгуубуз керек!

Музыка. Канча кайраттуу болгусу келсе да, бул сапар көз жашын тыя алган жок. Ал жалгыздыкты, жашоонун эң татаал толкундарын дал ушул жертөлөдө жашаган күндөн сезгендей болду. Жаак ылдый куюлган жашын сүртө Шамшар тээ алыска тигилет. Анын оюу алыста. Түрмөдөн чыкканы эч жерге ишке кире албай бир топ сандалды. Мындагы адамдардын көз караштары аны тажаткандай. Кайра тигил жакка кетип калгысы да келип кеткен күндөр болду. Бирок, — Адам болуу керек! – деген чоң максат – ой аны алыска жетелеп турган. Музыка. Сахна караңгылап кайра жарык болот. Баягы эле көрүнүш. Ойлуу олтурган Шамшардын жанына жаман төшөгүн сүйрөлө жамынган Сыргак келет.

СЫРГАК: (шектүү) Шаке?.. Сага эмне болду?
ШАМШАР: Эч нерсе. Ойлонуп кетипмин.
СЫРГАК: Ошондой. Кыйкырсам деле укпайсың.
ШАМШАР: (тигиле) Эмне мынча куусуң. Кайдан кыйкырып жүрүң. Жаныңда эле олтурбаймбы. Кыйшалаңдабай айтпайсыңбы.
СЫРГАК: (шыйпалаңдай) Шаке, бирдеме бар беле?
ШАМШАР: Шыйпалаңдаган кургур. Адамдын боорун оорутуп сурайсың да. Ме,
аман – сооңдо тартып жибер. Тиякка аттанып кетсең, мага дооңду артаарсың. Ич! Ич! (өзүнчө күбүрөнө) Арактан атаң өлгөнсүп биротоло мойнуна минип алыпсың. Көзүңдү ачтың издегениң бөтөлкө. Адамдай жашайын деген ниети деле жок мунун. (Сыргакка) Ой, жок дегенде аркасынан суу ууртап койсоң боло.
СЫРГАК: (шашкалактай)Азыр, азыр. Мына. Баарына жанагы катын күнөөлүү.
ШАМШАР: (ачуулу) Кагынбачы ой! Жабышкан бүргө — сургөлөрүң түз эле секирип мага жабышчу болду. Какпа төшөгүңдү! (кайра аяп) Катынга эрегишип тентиген, сенде мээ барбы. Түрүң бул, өлсөң сени ким көмөт. Алдыгы чайнектин түбүндө ысык чай бар. Куюп ич. Келе, мага да куюп кой.
СЫРГАК: (калчылдап чай куят)Тамагыма эч нерсе барбайт.
ШАМШАР: Араккакүйүп калган да. Өлбөй жүргөнүңө таң калам. Кыйратып тамак жебесең. Арак сага эмне, суубу?!
СЫРГАК: (бүрүшө, эстей) Былчылдата май чайнаган жашоом түшкө кирет. Береги колдорум акча саначу эле, Шаке. (өзүнчө ырахаттана) Шарт, шарт! Шуу... шуу... шуу...

Шамшар менен тиктеше түшүп тып токтойт.

ШАМШАР: (аяп кетет)Ай, Сыргак! Сыргак! Ээрчишкен алкаштарың менен арыкта оонап жаткан жериңден «оо дүйнөгө» оодарылып кетмексиң. Ой, өлдү дешпедиби. Кайда коебуз деп, жай издеп калдык го. Ит эле экенсиң. Ботого ырахмат айт!
СЫРГАК: (жагалдана) Ырахмат! Ырахмат! Шаке, Ботокөз сага жагабы?
ШАМШАР: Жагат. Абдан жагат.
СЫРГАК: Жакса алып албайсыңбы.
ШАМШАР: Эмне?!
СЫРГАК: Минтип жалгыз жүргөндө жаныңа аял керек да.
ШАМША: Сен тирилдиңби? Катынды ойлоп калыпсың.
СЫРГАК: Тирүүмүн, Шаке. Тирүүмүн!
ШАМШАР: Тирилбей куру. Ой, эмне антип тиктейсиң.
СЫРГАК: (эзиле) Сени жакшы көрүп жүрөт. Мен баарын байкап жүрөм го. Жаман сулуу ээ? Кылыгы чыгып, сен келгени абдан өзгөрдү. Көзүн албай кечке тиктегенин эмне көрбөй жүрөсүңбү. Ох! Мени ошентип караса го...
ШАМШАР: (каткыра) Эсиңе келе албай далдырап олтурасың. Качандан бери аныбайкап жүрөсүң?
СЫРГАК: Сен келгени. Сүйүү дегениң — сокур, дудук, жана башкаларга карабайт. Мүмкүн бул – сүйүү!.. Чын айтам. Мына мен канча жабыштым. Болбойт. Керек болсо бетимди тытып салган күндөр болгон. Ачуусу жаман. Мен мындан корком. Мени сени карагандай караса эмне. Төбөмө көтөрүп жүрөт элем.
ШАМШАР: (токтоно албай) Ой, Сыргак аке! Мунуң бир укмуш болду. Сүйүү... сүйүү... Эмне?! Эмне карайсың? Өзүң мойнума көтөрүп жүрөм деп айтпайсыңбы.
СЫРГАК: Жашсың да. Мени минтип шылдыңдап жатасың. Мен сага сүйүүнү айтып жатам. Сен азыр жашсың, күчтүүсүң. Ким билет. Тили сайрап турганда сени да карамак эмес. Минтип биз менен жүрбөй эле да. Шаке, үйлөнүп албайсыңбы. Кир коогуңду жууп, тамак бышырып турат. Жетелешип кетип баратсаңар мунун дудук экенин деле эч ким билбейт. Болдум, болдум. Мен оюмдагыны айттым да. Энеңди, Алмаш!..
ШАМШАР: Мага жеңе болгону жүрөсүңбү?Болду эми. Бырылдабачы!

Жашоосунан катуу нааразы болгон Сыргак наалып, даагы ыйлактап алат. Анан жайпактай Шамшарга тигилет.

СЫРГАК: Ушинтип тентип жашап калам деп... Шаке, Шакебай! Бир идея бар.
ШАМШАР: Эмне? Ал кандай идея? Ойлоп тапкыч болуп кеттиң да. Айт.
СЫРГАК: Баягы мен иштеген үйдү айтам. Бир айласын таап жайлабайлыбы, ыя? Баарын байкап жүрөм. Дүнүйө деген батпайт. Өлгүдөй бай. Катыны болсо, ойсолоңдоп кара машинаны кайкалата айдаган бойдонкетет. Чалга дүнүйөсү үчүн тийсе керек.
ШАМШАР: Ушу сенин колуңдан эмне келет?
СЫРГАК: Сен жардам бересиң да.
ШАМШАР: (ыргып турат) Турган жериңде жыга чабайынбы.
СЫРГАК: Кечирип кой Шаке? Мен... мен...
ШАМШАР: Түртүп койсо өлчүдөй түрүң алдыгы. Бирөөлөрдү тоногонду коюп, кыштан аман — эсен чыгып алчы. Түрмө эмне экенин билесиңби?!
СЫРГАК: (бүк түшкөн калыбында) Болдум. Болдум, Шаке!
ШАМШАР: Жат. Темселеп дагы кайда бара жатасың.
СЫРГАК: (жагына) Ой, пахан! Пахан! Кечирип кой мени. Мына, сеники жыргал! Көчөгө чыктың дегиче, — Ассалоом алейкумпахан! Кандайсыз, пахан?! Баары жол бошоткончо шашышат. Шамшар аке... Шамшар аке...
ШАМШАР: Мени сыйлашса, мен да ошончолук жакшылык кылгам да. Ал жакта мындагылар түшүнбөгөн көп нерсе бар. «Пахан» деп айтпа деп канча эскертем. Угузба! Унут! Эч кандай пахан жок!
СЫРГАК: Мен жетине албай сыйлаганымдан айтып жатам. Кечир, Шаке.
ШАМШАР: Сен куруп кет. Мынча кошоматты кимден үйрөнгөнсүң.
СЫРГАК: Мындагы эркиндикте кор болгондон көрө, ошол жактагы жашоо деле жакшыбы деп ойлойм. Кеч киргенде, — Эми каякка барып баш калкалайм, кантип тамак таап жейм? — деп, башыңды оорутпайсың. Жатар төшөгүң даяр, үч маалтамак берет.
ШАМШАР: Эмне сүйлөп жатканыңды деле билбейсиң.
СЫРГАК: Тирүүнүн өлүгүндөй болуп ушул жашоо жашообу? Менин жашоомо караганда түрмөдөгүлөр «хандай» эле жашап жатышпайбы.
ШАМШАР: Кээде адамдай сүйлөп койсоң, уккан киши аргасыздан ойго түшөт. Ичкениң гана болбосо жакшы кишисиң, Саке. (ойлуу) Түрмө, түрмө дейсиң. Кайыр сурасаң да эркиндикте жүргөн жакшы.
СЫРГАК: Тентип жүрүп, подвалдан подвал калган жок.
ШАМШАР: Жашоо күрөш! – деп, ошол үчүн айткан. Айылга кет десе укпайсың. Алкаш досторуң чекесинен өлүп жатышат. Андан да катын — эркеги болуп, уюгушкан топ иттей самсалаашып ээрчишип аласыңар. Ичкениң арак! Сүйлөгөнүң асман!
Ушул учурда чуру — чуу болгон элдердин үндөрү угулат. Сыргак шыкалай карап, кайра оордуна жата кетет. Чуу акырындап басылат.

СЫРГАК: Өзүмө капамын. Адам баласынын ниети байыган сайын тарыйт дегенге анча маани берчү эмес элем. Тиги байларды айтам. Эри эртең менен, — Буларды жакшылап тамактандыр, мага даттануу болбосун! – деп, буйрукту катыра берип кетчү. Кайдан, эри кетээри менен артынан кара машинасына түшүп кайкалаңдаган бойдон кеткен катыны кабак башын бүркөп кечинде араң келчү. Сулуу аялдар өтө “опасный” келет ээ, Шаке. Ой энеңди! Энеңди... Катыны ырасында эле жаман сулуу катын болчу!
ШАМШАР: (бырс күлө) Бир жумадан бери ошол аялды айтып түгөтө албайсың. Деги ашык болуп калгандан соосуңбу?
СЫРГАК: (ызырына) Сараңдардын сазайын ошентип берүү керек! Ашканасына кирдим дегиче, колума илингендин баарын шыпырчумун. Мен ак эмгек менен иштедим да. Убагында кишидей тамак бербегени аз келгенсип, “тентигендер” деп, теңине албай кордошот. Айтсамурушасың. Ушундан көрө түрмө жакшы эмей эмне.

Шамшар колундагы бычагын кайрап — кайрап «Кыргызстан наш общий дом» деп илинип турган ураан плакатка мелдеп урат. Коркуп кеткен Сыргак кыйкыра бүрүшүп жата калат.

СЫРГАК: Айланайын Шамшар аке! Жан соога?! Жан соога?!
ШАМШАР: Ой, сага эмне болду?
СЫРГАК: (алаңдай) Мен... мен... Тигил бычактан корком.
ШАМШАР: Суу жүрөк! Дагы уурулук кылат имиш. Тур! Кел, чай ичели.
СЫРГАК: Азыр, азыр. Шаке, ал жактагылардын баары сендей жакшыбы.
ШАМШАР: Мен жакшымынбы?
СЫРГАК: Түрмөдөн чыкты дешсе эле элдер коркуп качышат. Көрсө...
ШАМШАР: Ал кишиден качпайт. Түрмө деген сөздөн качат. Ошол сөздүн өзүндө канча сүр жатат. Темир тордун ары жагында олтургандардын баары эле жырткычтар эмес. Эч күнөөсү жоктор дагы куурап жатышпайбы. Койчу, бажырабай. Башым ооруп кетти.
СЫРГАК: (дардалактай) Сен мында келгени жыргап калдык.
ШАМШАР: Ээ, Сыргак, мен кеткенден кийин деле өлбөгөн оокатыңар өтөт. Андан көрө аман – сооңдо айылга жөнөсөңчү. Аялың, бала – чакаң издеп жүрүшкөндүр.
СЫРГАК: Мениналар үчүн өлгөнүм качан. Акчаны уучтап, кара папкени көтөрүп кайкалактай басып жүргөндө Сыргак болчумун. Бир кабинетти ээлеп, алдымда машина!Баары бир көргөн түштөй болуп өтүп кетти. Доорду сүрдүк го! Менин Сыргак, Сыргак болуп турган кезимди көрбөй калбадыңбы Шаке.
ШАМШАР: Көргөндө ашык болуп калат белем.
СЫРГАК: Ушинтип шылдың кылбачы. Кайда кетесиң, Шаке?
ШАМШАР: Эч ким тааныбаган, билбеген жакка. Эч жерден иш чыкпайт. Баары шектүү карашат. Ишенишпейт. Каякка барам? Каякка?! Бул жер мага экинчи түрмө болду.
СЫРГАК: Түшүнөм.
ШАМШАР: Түшүнгөнүңө ырахмат.
СЫРГАК: (тыным) Шаке, Ботокөз айыбы жок сулуу ээ? Сен келгени өзгөрдү.
ШАМШАР: Кыялданбай куруп кет десе. Эй, куркут! Тамагыбыздын тузу жок го.
СЫРГАК: Ботокөздүн каткан оокатын ит менен издесең да таппайсың. Магазинге жүгүрүп барып келе коеюн.
ШАМШАР: Сак бол.
СЫРГАК: Сыргактын киргенин да, чыкканы да билинбейт. Учтум, Шаке! Учтум!

Сыргак кыйраңдай чыгып кетет. Шамшар аркасынан ойлуу карап калат.

ШАМШАР: А — аа, байкуш! Учтум дейт. Жада калса денесин да түз кармай албай калыптыр. Арактын иши арак! Даагы, — Аялыма бир көрүнсөм! — деп коет. Жашооң бул, түрүң алдыгы, досуң арак. Сыргак, Сыргак! Катынга көрүнмөк тургай, кара жерге жетпей жертөлөдө келемиш чычкандарга жем болоор бекенсиң.

Ачуусу менен илинип турган плакатты бычак менен сайгылап кирет.

Жыргатам! Кыйратам! Кылымды багынттык деп көкүрөктү ургулайбыз. Кырылып жок болуп баратканыбызды эсепке алган киши жок. Ой, жашооң дурайын!.. Кыргызстан наш общий дом! Мына сага общий дом! Мына! Мына! Мына!!!

Бир топко тунжурай олтуруп калат. Алыстан муңдуу музыка угулат. Шамшар тээ алыска тигиле күңгүрөнөт.

... Төбөңдөн урган кыргыз...
Төрдөгү карың улагада уйпаланды.
Адашып жолдон чыкканды,
«Арак досу» куйкалады.
Кап көтөрүп катыны,
Кыздарың жолдо сатылды.
Жылуу үйдө бала багып,
Жан багууда «баатыры»!..
Кайран кыргыз!
Кайран кыргыз!!!
Эй, кыргызым! Кыргыздар…
Оокат издеп ооп кетишти,
Ооп кеттиңер нечениң.
Ого эле көптөр баткан мында...
«Общий дом» кимиңерди батырды?!
Же, силердин Мекен энеңер,
Өз эмес, «өгөй» катынбы?!
Кыргызмын! – деген,
Кечээки тукум,
Бүгүн мында жатыңбы?!
Акылым жетпей айран таңмын,
Апчыймын минтип башымды.
Качан... качан...
Качан эле минтип тентип...
Оо, Теңирим!
Тирүүлөй көрдө оонады эле кыргыз?!

МУЗЫКА. Шамшар ойлуу оор тунжурайт. Анан капыс тура калып ачуулу илинип турган плакатты айрып кирет. Ошол учурда сырттан Сыргак алактай шашып кирет.

СЫРГАК: (алактай) Шамшар! Шамшар! Кара көзүбүз кашайды. Шаке... Бото...
ШАМШАР: (ыргып турат) Эмне, Бото?!.. Ботокөзгө эмне болду?!

 

ҮЧҮНЧҮ КӨРҮНҮШ

Музыка. Ортодо Ботокөз жатат. Акыйкат, Сыргак, Шамшар. Үчөө теңүн – сөзсүз мелтирешип ортодо жаткан Ботокөздөн көздөрүн алышпайт. Алактаган Сыргак Ботонун үстүнө жаман төшөктү жабат.

АКЫЙКАТ: (тынчы кетет) Эмне унчукпай калдыңар? Ботонун абалы кандай?
ШАМШАР: Али эсине келе элек. Күтүү керек.
СЫРГАК: (чоочуй) Шаке, Бото өлбөйбү? Өңү чүпөрөк болуп калыптыр да.
АКЫЙКАТ: (жулкуна)Оозуңа таш! Андан көрө мен өлөйүн. Мен! Мен!
ШАМШАР: (жоошутат)Акыйкат... Акый...
АКЫЙКАТ: (ыйламсырап)Алар жырткычттар!

Оор тунжуроо. Баары Ботокөздү тегеректеп ойлору он талаа болуп турушту. Колундагы бычакты капталдагы жыгачка мелдей урган Шамшар оордунан атып турат. Коркуп кеткен Сыргак Шамшарды кармап калат.

СЫРГАК: (чоочуп кетет) Шаке!
ШАМШАР: (токтоно албай) Иттер! Иттер!!!
АКЫЙКАТ: Кой, Шамшар! Ачууга алдырба иним.
СЫРГАК: Алар сени өлтүрүп коюшат. Алар Кудайданда коркпогон айбандар.
АКЫЙКАТ: (бүрүшө) Сен бирөөсүң, алар көп. Кимисин тыясың. Ээрчишкен күндөн тартып көргөн күнүбүз ушул. (ызалуу)— Ушундан көрө туулбай калсачы.Даагы сүйрөп кетишти! — дешип, базардагылар күбүр — шыбыр болушуп...
СЫРГАК: (жулкуна) Ой, энеңди! Эшектер! Эч кимиси эч нерсе дей алышпайт. Корккондорунан көрүшсө да көрүшпөйт. Тигил жан кечтилер каалагандарын кылат да.
АКЫЙКАТ: Базарда семичке саткан аял:  — Денесинин баары көгөрүп калыптыр. Эгер кабыргалары сынбаса, жакшы болуп кетет. Корпогула! — деди го. Ушунча да жүрөгү жок адамдар болобу, Шамшар?! (ыйлап жиберет). Эмне үчүн Ботокөз?.. Эмне үчүн?!
СЫРГАК: (сооротуп)Бул биринчи жолу эмес да. Акыйкат, ыйлабачы. Менин да ыйлагым келип жатат.
АКЫЙКАТ: (жашын аарчып)Бүгүн жамгырда калдым. Оордуман жылдырган киши болгон жок. Кишини киши карабай калган заман ушул. Берген садаканы алып качкандар канча. Көрбөсөм, баспасам, бир тирүү өлүк олтура берем да. Ботокөз... Бото...
ШАМШАР: (ийинден мыкчый)Акыйкат, сен кайраттуу жан эмессиңби. Баары жакшы болот. (өзүнчө) Айбандар! Акмактар! Мен аларды табам.
АКЫЙКАТ: Өзүмдүн тагдырыма кейибейм. Ботокөз пендеден башкача жан. Ал али жаш! Алты саны аман – эсен, тил оозу барлардын арманы аттын башындай, сендей байкуштун арманын ким салмактап айтып бере алат, Ботокөз. Сени кордоп, сени ыйлаткандарды Теңир өзү жазаласын! Аларды тагдыр ыйлатат. Тагдыр жазалайт!!!

Бир топко оор тунжуроо. Акыйкат акордиону менен муңдуу обонду сыздатып ойноп кирет. Ар бири турган жерлеринде жансыз катып, ичтеринен сыздап турушту.

СЫРГАК: (башын мыкчый)Акый! Акыйкат болдучу, суранам. Токтотчу!
АКЫЙКАТ: (тып токтойт)Шаке, Ботону сактап кал!
ШАМШАР: Акыйкат баары жакшы. Тамыры согуп жатат, дем алуусу жакшы. Эсине келгенче күтөлү. (Сыргакка) А, сен бырылдабай токтотчу!
АКЫЙКАТ: Өткөн жамгырда да ушинтип сүйрөп кетишип үйгө түн ортосунда араң араң дегенде жеткенбиз. Ботонун ошондогу боздогону али күнгө кулагымда.
ШАМШАР: Үйгө? Ушул үйбү?!
АКЫЙКАТ: Башыбызды калкалаган соң, үй дейбиз да.

Оор тунжуроо. Кайрадан мелтиреп олтурушуп калышат.

ШАМШАР: (каткыра)Кара, каалаган жагыңа бутуңду сун. Секир! Кыйкыр! Оона! Кааласаң күндө, кааласаң түндө чык. Чердакка чыгып төбөсүнөн ылдый сийсең да кой деген киши жок. Өлүп калсаң, бир келемиштердин иши болбосо, сени менен эч кимдин иши болбойт. Заманың дурайын! Баарын кыйратам, жойротом деген адамың дурайын! Мына жыргал!!! Тогуз этаждын бок – жиндери агып, келемиштер кекиртектеп, ирип – чирип жатабыз. (туурап) О — оо, «Кыргызстан наш общий дом!» — деп.
АКЫЙКАТ: (ачуулу)Общий дом болбой оңкосунан кетсин! Оңкоңдон кет де!!!
СЫРГАК: (сөгүнө) Ой, энеңди! Түңүлттүң тирүүчүлүк, түңүлттүң көр тирлик! Кара башты калкалап түпкүргө кирдик. (далбастай кыйкырат)Тур! Тур, Ботокөз!
ШАМШАР: Турганда ким экенин айтып берсе кана. Эртең өзүм издеп чыгам.
АКЫЙКАТ: Түрмө деген балээден араң кутулганда, башыңа даагы бүлүк салба. Анда кайрадан түрмөгө түшөсүң, тигилердин «крышалары» бар. Ошол «крышалар» дагы кылаарга иш таппай калганда кумар жазабыз деп, Ботокөздү оюнчук кылышат. Алар адам эмес, Кудайдан да коркушпайт. Алар абийирсиз зөөкүрлөр!
СЫРГАК: Анткени аларда акча, бийлик, байлык бар. Бул кыз кимге арызданып, кимге барат. Керек болсо, алар муну өлтүрүп деле салышат.

Оор тунжуроо. Баарынын көздөрү Ботокөздө. Ошол кезде эсине келе калган Ботокөз ачуу чаңырат. Оордунан ыргып тура тигилерге карматбай качат. Катуу корккону дене боюнан кете элек кыз, бул учурда киши тааныбай турду. Алаңдай тура качканда Шамшар араң кармайт.

БОТОКӨЗ: (чаңыра) Аа... аа! А – аа – аа – ааааа!!!

Бото чаңыра туйлап, Шамшарга көзү кадалган бойдон жансыз туруп калат.

ШАМШАР: Эмне?! Ушундан көрө туулбай калбайт белең!
БОТОКӨЗ: (чаңыра) Аа... аа! А – аа – аа – ааааа!!!

Ботокөзкөздөрү алаңдай, Шамшарды кучактап эсинен танып калат.

АКЫЙКАТ: Катуу коркуп калган. Шаке, Ботонун колдогону бар. Жакшы болуп кетет. Жараткан Теңирим колдойт.
ШАМШАР: Көрбөгөнүң менен сенин көзүң ачык. Жакшылык менен жамандыкты алыстан сезесиң. Сыргак, суу даярда. Жуунталы.
АКЫЙКАТ: (чоочуй) Эмне?! Неге сууга аласыңар? Ботодон кол жуудукпу?!
ШАМШАР: Кантет. Жуунтуп койсокпу дейм. Соо жери жок.
АКЫЙКАТ: Тийбегиле! Эсине келгенде өзү жуунат.
ШАМШАР: Болду, болду Акыйкат. Сен айткандай болсун. Тийбейбиз.
АКЫЙКАТ: (кейип) Ээ, балдар. Азыр «барлардын» алдында, адамдан иттин баасы кымбат заман. Адамдар эки жаат болуп сорттолуп калбадыкпы. Бай, кедей. Бардарлар бул замандын баркын билишпейт. Бизге окшогон мусаапырлар...
БОТОКӨЗ: (алаңдай ачуу чаңырат) Аа... аа... ааааа!!!
АКЫЙКАТ: Бото! Ботокөз! Мага келчи.
СЫРГАК: Ал сени да, мени да, Шамшарды да тааныбай жатат.
ШАМШАР: Мени антип карабачы, Ботокөз.
БОТОКӨЗ: (күчөп чаңыра, оордунан тура качат)Аа... аа... аа!!! Ти... ти... ти!!!

Сыргак менен Шамшар экөө эки жактан кууп кармашат. Шамшар жетип кармаган кезде, Ботокөз чаңыра туйлап, бүт ызасын чыгарып жатты. Өпкө өпкөсүнө батпай солкулдаган кыздын жаштуу көздөрү Шамшардын көздөрүнөн өтүп турду. Ушул сапар анын жашагысы келген жок. Ошол эле учурда Шамшарды кыйбай жатты. Шамшар келгени Ботокөздө кандайдыр бир сезим пайда болгон эле. Мени корго дегендей кыз Шамшарга боюн таштайт. Шамшар кызды бооруна кысат.

БОТОКӨЗ: Ммм... ммм... ма... маа...
ШАМШАР: Сен ойлогондой таза адам эмесмин. Караба мени, караба!

Кызды жаткызат. Бото бир аз тынчып калат. Шамшар буулуга алыска тигилет. Аны жанын кейиткен тагдыры муунтуп жаткандай. Бир кезде Шамшар катуу катуу кыйкыра, жертөлонү титирете бакырып алды. Баары тымтырс. Бир заматта айлана тып тынч боло, айлананы оор тунжуроо басты. Музыка токтойт.

ШАМШАР: (алыска тигиле) Тай кулундай секирген балалыктан өтүп, солкулдаган жигит кез. Көзгө эч нерсе көрүнбөй, ааламды алаканга салып, жалгыз өзүм кармап тургандай көкүрөктү чапкылай, – Мен! Мен! – деп, көөп турган учур. Студенттик кез. Көптүм. Көпкөндө да, катуу көптүм. Кайда баспа, Шамшар! Шамшар! – деп, алды аркамдан калбай ээрчиген кыздар. Нечен кызды жандадым, гүлдөн гүлдү тандадым. Шылтоо издеп окуудан качтым, ата – энемдин акчасын оюн – зооктоп кыздар менен жетелешип, не бир кымбат кафе – ресторандарга чачтым. Мугалимдерим:  — Оңол, Шамшар! Түз жолго түш, Шамшар! Адам бол, Шамшар! – деген сайын, көзүмдү кара чел каптап, тескериленип тетири бастым. (тыным) 
Туулган күн. Туулбай өлсөмчү! Тааныганды деле, тааныбаганды деле чакыра берипмин. Андайда досторуң да көбөйүп кетет эмеспи. Анан баягы кырса кырылгыс кыздар. Кайран аракты атымды таппай, эс — учумду жоготкончо ичкен экем... Мени талашып эки экиден мушташкан кыздар. Ошончо кызды көрбөй, досумдун үйлөнөм деген кызын коңшу бөлмөгө сүйрөп кирипмин. Кыз каяша кылса, өпкөсү жок мен акмак арданып кетип...
Башка эч нерсе билбейм. Көзүмдү ачсам милицияда жатам. Ошентип, өз багыма өзүм балта чаптым. (Ботону тиктей) Эх, Бото, Бото. (тигилерге) Кыз эмне болду. Жигити албай койду да,– деп жатасыңар го ээ? (тыным) Андай болсо кана...

Сыргак Шамшарды тиктеп калат. Шамшар буга чейин өзү жөнүндө ооз ачкан эмес эле. Анын ар бир кыймылы буларга табышмактуу болчу.

АКЫЙКАТ: (шашкалактай) Анан эмне болду?
ШАМШАР: Катуу ызалангандан кыз терезеден боюн таштап жибериптир. Жалгыз кыз болчу. Ата — энеси күйүп күйүп кетишти.
АКЫЙКАТ: Мөлтүрөгөн жалгыз кызынан ажыроо, оңой бекен. Ай, ай! Бечаралар! Күймөктөн өрттөнүп кетишкен экен да, бечаралар!
СЫРГАК: Ошончо бийиктиктен куласа, эч нерсеси да калбай калса керек.
ШАМШАР: Ошентип, менин туулган күнүм кызды көргө, мени түрмөгө салды.

Катуу өксүктөн чыга алдай турган Шамшар маңдайында турган Ботокөздү көрүп чоочуп кетет. Анын жалдыраган, шектүү көздөрү Шамшарды селт эттирди.

ШАМШАР: Сен эмне жалдырап карайсың. Баарын уктуңбу?
БОТОКӨЗ: (уктум дегендей түшүнүк берет)
ШАМШАР: Түшүндүңбү?
БОТОКӨЗ: (түшүндүм дегендей башын ийкейт)
ШАМШАР: Түшүнсөң ошол. Өлгөн кыз өлдү, мен тозокту көрдүм. Тагдырымды ташыркаттым, жазамды тарттым. Мен ушундай жаман адаммын. Жалдыраган көзүңдөн сенин. Эх! Бото, Ботокөз! Мына,менин тагдырым ушундай! (кызды кучактай алыска тигилет) Менин тагдырым... (кызга) Береги өңдү бергенден көрө, кулагың угуп, тилиң сайрап турса кана?! Бул сенин тагдырың! Анан ушул аксаган тагдырлар баарыбызды минтип түпкүрдө кошуп олтурбайбы. Ээ, Ботокөз... Эх, бири кем дүйнө! Бири кем дүйнө!
АКЫЙКАТ: Бир жагынан берип, бир жагынан тартып коет турбайбы.
ШАМШАР: Баары жакшы болот Ботокөз. (кызды кучагына бекем бекем кысат).

 

ТӨРТҮНЧҮ КӨРҮНҮШ

Подвалдын ичи. Шамшар менен Сыргак карта ойноп олтурушат. Сыргак кайра кайра чүчкүрүп жатты. Сөгүнгөн Шамшар жерде жаткан желим бөтөлкө менен башка чаап калат. Ошол учурда Акыйкатты сүйрөп Ботокөз кирет. Көзү башы шишиген, чачтары жайылган. Тигилер билишсе да билмексен болуп олтура беришет. Бото да сыр алдырбай бурчка барып чачтарын тарай, өзүн жасап, анан тигилерге жылмая карап коет. Ботокөз тили жоктугу гана болбосо, ачык, тамашакөй, тыпылдаган иштерман кыз.

АКЫЙКАТ: Ой, ой, Сыргак. Сенин чүчкүрүгүң шаардын баш аягына чейин угулуп жатат. Алдыгы жер титиреткен чүчкүрүгүң менен бул жерден эртең эле куулуп чыгабыз. Эптеп кыштан аман – эсен чыксак экен. Кандай болуп калдың, Сыргак?
СЫРГАК: Өлүп калсам сүйүнөт белең. Бир катындан эптеп кутулсам, экинчи катын сен болдуң го. Баспа, турба! Чүчкүрбө!!!

Ботокөз колу менен жаңсап бирөөлөр жүргөнүн түшүндүрө баштайт.

СЫРГАК: Мыкылаган энеңди! Турчу, ары. Окшошкон «кемдер!». Сага эмне жок. Бар, тамак жаса. Тостойгон энеңди! Бул эмне?!

Ботокөзжалтактай Сыргакка колундагы дарысын берет.

СЫРГАК: Ии, дары апкелдиңби. Рахмат. Шамшар даарылап койду. Беркиндей барбы? Ошону чыгар. Оо, сумка толо турбайбы.

Ботокөзбар дегендей башын ийкей, Сыргактын үстүнө жеңил чапан жабат.

СЫРГАК: Азаматсың! Сенин башың иштейт. Кел, өөп коеюнчу.

Ботокөз Сыргакка таарынгандай кыр көрсөтө апкелген пакетти Шамшарга ачып көрсөтөт. Шамшар кызды аяп бир топко карап турат. Ботокөз көзүн ала качат.

ШАМШАР: Сен барып кийин. Карачы, абдан суу болупсуң.

Ботокөз Шамшарды көпкө тиктеп, наздуу басып кетет. Кыздын назданганын
биринчи жолу байкаган Сыргак оозун ача тиктеп калат.

СЫРГАК: Ой, энеңди! Кылыктанганын көр ой! Тили болсо өлтүрмөк бизди. Көзүн кара. Көзүн... Ха – ха – ха! Коркуп кеттим. Ой, боорум ай!
ШАМШАР: (кагып) Ушул сен да, — Адаммын! – деп, басып жүрөсүң ээ?! Э –эй, ал сени өлүп калбасын деп, дары көтөрө келгенин көрдүңбү. «Кемдер!» — деп. Бүтүн болуп сен экөөбүз эмнеге жеттик? Ал бечарага эмне адыраңдайсың. Тамакты өзүң жаса. Бүгүн сенин кезегиң. Бул жерде закон баарыбызга бирдей. Туурабы, Акыйкат?
АКЫЙКАТ: Туура, туура.
СЫРГАК: Ой, энеңди! Ой, энеңди! Эч жерге батпайм. Баары эле мага чоң. Элге – жерге, жада калса түпкүргө да батпаган бир шүмшүк болдуң го, Сыргак! Өлүш керек! Өлүш керек! Эмне кылсам. Этаждан боюмду таштасамбы, же асынып...
ШАМШАР: Сендейди ажал да албайт. Жийиркенет. «Тиги жакка»да таза адамдар керек. Сен барсаң, ал жактын абасын бузасың. Мында эле жүрө берчи, дос. Ха – ха – ха!!! Арактан эмне таптың. Эмдиге өлдү деп, үй – бүлөң кара ашыңды берип олтурушкандыр. Айта берип чарчадым го. Андан көрө, арагыңды токтотуп айылга кет. Уктуңбу, кет!
СЫРГАК: (безеленип жиберет) Мени кечирип койгула. Болдум, мени куубагылачы. Шаке, сени бул жерге мен апкелбедим беле. Эмнеге эле жакпайм силерге.
АКЫЙКАТ: Сен эмес, өзүбүзгө өзүбүз жакпай олтурабыз.
ШАМШАР: Шилекейиңди чуурутпай, бар жатчы.
СЫРГАК: (таңдана оозу ачыла) Ой, энеңди... Тигини карагыла. Энеңди...

Ошол учурда түпкүрдө кийинип жаткан Ботокөз өзүнчө кыялданып бийлеп жаткан болчу. Акыйкат кайдан көрсүн. Шамшар менен Сыргак экөөнүн ооздору ачылып эле калышты. Чынында эле Бото бир укмуштуудай бийлеп жатты. Экөө сактанып, уурданып карап жатышты.

ШАМШАР: (таңдана) Мына сага!
СЫРГАК: Энеңди!.. Укмуш го! Бел жок го мында.
ШАМШАР: Сен эмне биринчи көрүп жатасыңбы?
СЫРГАК: Өлүп кетейин, биринчи көрүп жатам. Балеринадай го.
ШАМШАР: Эмне балетке барчу белең?
СЫРГАК: Телевизордон көргөм да.
ШАМШАР: Бул деген талант! Ким билет. Мүмкүн бир учурда биздин Ботокөз чоң сахнада бийлеп калаар. Тагдыр кай жакка алып бараарын биз билбейбиз да. Бийчи...
АКЫЙКАТ: Эмне деп эле жатасыңар?
ШАМШАР: Акырын. Анан айтып берем.
СЫРГАК: (шуулдай) Ой, андай болсо, муну базарга бийлетсең көп акча берет да. Мына сага! Муну бийлетиш керек!
ШАМШАР: Ит элесиң да! Тогузунчу этаждагы аялдан эч айырмаң жок.
АКЫЙКАТ: Тогуздагы аял келдиби?
ШАМШАР: Акыйкат, бул бир укмуш! Биздин Ботокөз бийлейт турбайбы.
АКЫЙКАТ: Чын элеби? Сурап коем да. Ботокөз! Бото!
ШАМШАР: Акырын. Чоочутпайлы. Өзү токтосун. Бул деген чоң талант!
СЫРГАК: Өзүң деле талант деп жатпайсыңбы. Артисттерге деле акча беришет.
ШАМШАР: Эми Ботону базарга бийлетип акча жасасам дейсиңби? Акмак!
СЫРГАК: (шектүү) Мүмкүн жанагы алып кетип жаткандар муну бийлетип, анан...
АКЫЙКАТ: Базардагылар Ботону жакшы бийлейт дешет.
ШАМШАР: Эмне?!..

Ботокөз бийин аяктайт. Экөө ооздору ачылган бойдон олтуруп калышат.Ботокөз эч нерсе болбогондой чай даярдай баштайт. Шамшар Ботодон көзүн албайт. Ботокөз да астыртадан Шамшарды карап коюп иши менен алек болуп жатты. Өзү менен өзү кыжынган Сыргак түпкүргө барып, кайра келет.

СЫРГАК: Энеңди – ии, Алмаш! Катының жаман болсо. Мына! Мына!
ШАМШАР: Энеңди — ии, энеңди — ии! Кечке энеңди! Ой, сөгүнбөй сүйлөсөң болобу? Ошол Алмаштын аркасынан жүгүрүп, карайлап жеткендирсиң.
СЫРГАК: (кейкеңдей) Ал менин аркамдан жүгүрүп тийген.
ШАМШАР: Тү — үү! Сенин аркаңдан жүгүргөн ошол Алмаш да акмак экен. Кайсы кебетеңе ашык болду дейм да. Ха – ха – ха! Уктуңбу, Акыйкат?
АКЫЙКАТ: Мүмкүн абдан сүйгөндүр. Сыргактын да жакшы жактары жок эмес.
СЫРГАК: Мен кызматта иштеп жүргөндө көрбөй калбадыңарбы.
ШАМШАР: Көргөндө ашык болуп калат белек. Турчу, бутка чалынбай.
СЫРГАК: Акордионуңдун жаагын баса турчу. (кыялдана) Кара папкени кучактап, кайкалай басып ишканадан чыкканда, баары алдыман чуркай чыгышып, кошоматтана колдон папкемди ала коюшуп, — Сакебай! Кандай, Саке! – дешип, жан алдары калбай салам бергенче шашышчу. Атымды айткандан коркушаар эле да. Катындын кесири тийип ошол жүгүргөн кошоматчылар кийин накта катыгымды беришпедиби.
ШАМШАР: Башталды. Эми таң атканча мунун ыр – жомогун угабыз.
АКЫЙКАТ: Жөн гой. Арманын айтса жеңилдеп калат. Бирден ичпейлиби.

Баары бирден стакандарды көтөрүшөт. Сыргак сөзүн улантат.

ШАМШАР: Ии, анан.
СЫРГАК: Пачка, пачка акчаны чачып, “парпырап” жүргөндө, о — оо, Сыргак элем. Эгемди тааныбай эркелеп жүрүп, кантип ээрден шыпырылып калганымды өзүм да билбей калдым. Алмашты мактайсыңар. Силер эч нерсе билбейсиңер да. Энең – ди — иии...
АКЫЙКАТ: Эмне болду? Тигил таза эзилип калды да.
ШАМШАР: Эмне анча эзилдиң. Айт. Чогу каткыралы. Ой, жин тийдиби?
СЫРГАК: (токтойт) Жыргаганымдан каткырып жатат дейсиңерби. Бир катындын амалы миң эшекке жүк болот дегендей... (ызалуу) Көрсө, мени кызматтан кызматка көтөргөн да ошол Алмаш имиш. Кыйын иштегенимден парпырап жүрөм депмин. Арсыз дээрсиңер. Туура, туура. Койнумда жаткан катындын не бир кылыктарын көрбөгөн, сезбеген мендей акмак, арсыз болбогондо ким?! Энеңди!.. Ошол күндү такыр эстегим келбейт. Үйгө кирип барсам, жыргаап менин төшөгүмдө «тигиниси»жатат. Мени, — Эмне карап турасың, тигил үйгө барып жата бер! — деп коет акмак.
АКЫЙКАТ: Ал дагы эр экен!
СЫРГАК: Табаңарды кандыргыла! Шылдыңдагыла! Кекиртегимди тыйып, эс учумду жыйган кезде баары кеч болуп калды. Алмашка эрегишип, аягында минтип калдым. Иш да жок, кошомат кылган баягылардын бири жок. Тагдыр! Тагдыр дейсиңер. Мына, менин тагдырым ушундай! Тагдырың дурайын!!!
АКЫЙКАТ: Болду, эркек киши ыйлабайт. Жашоодо андай нерселер боло берет.

Ботокөз боору ооруй, Сыргакка бет аарчу менен суу сунат. Анан бийлеп берейин деп колун жаңсайт. Шамшар кубана бийле деп кол чаап жиберет. Бото бийлеп кирет. Анын ар бир кыймылы Шамшар менен Сыргакты арбап турду.

ШАМШАР: Көрдүңбү? Канча катуу айтсаң да, Ботокөз сага боор тартып турат.
СЫРГАК: Мени кечирип койчу, Ботокөз? Мен сени жакшы көрөм. Кана, бийлейбиз. Урдум, ушул жашоону! Бийле! Бийле! Оп! Оп! Шаке, Ботонун тегеренгенин карачы. Тим эле кинодогу бийчилердей бийлейт. Жарайсын, Ботокөз! Баары бир өлөм, бир жыргап алалычы. Акыйкат акордионуңду тарт! Оп! Оп! Оп!!!
АКЫЙКАТ: (тыңшай) Балдар акырын! Бирөөлөр келе жатышат.
ШАМШАР: Чын эле бирөөлөр келе жатышат.
АКЫЙКАТ: Силер жашынгыла. Бизге тийбейт.

Шамшар менен Сыргак капталга жашынышат. Акыйкат менен Ботокөз түпкүргө кетишет. Кол чырак менен эки караан көрүнөт.

ЭРКЕК: Бул жерде да бирөөлөр жашап жатышкан турбайбы. Бош подвал калган эмес го. Силер каякты карап жүрөсүңөр. Жоготуу керек!
АЯЛ: Кайда барба, бурч бурчтарды ээлеген алкаштар, бомждар! Тим эле шаарды каптап кетишти. Кууп эле жатабыз.
ЭРКЕК: Тамактын жыты чыгабы, ыя?Буларың тим эле аталарынын төрүндө жашагандай жашап жатышкан турбайбы. Тигинде төшөктөрү жатат. Тү –үү, сасыгын! Мынча эмне сасыйт. Бул жерде кантип жатышат.

Чыдабай кеткен Сыргак сөгүнүп кирет.

СЫРГАК: Сени ушул жерге байлап койсо.
ШАМШАР.Акырын. Сасыбаганда эмне, бейиштин төрүндө олтурасыңбы. Тим унчукпай олтур. Кармалсак курудук.
СЫРГАК: Намыска тийип жатпайбы. Сасык деп! Акмак!
ШАМШАР: Өчүр үнүңдү!

Буркулдап барып тынчып калат. Тигилер дале тинтип жатышкан болот.

ЭРКЕК: Булар эмне? Төшөк, табак – аяк. Жашоолору жаман эмес го...
АЯЛ: Мунун баарын кайыр сурап тапкандары да. Элдер беришет. Бир сокур киши кичине кызы менен кирип, чыгып жүрөт. Боорум ооруганынан унчукпай койгон элем. Башка жактарды тазалап чыкканча туруп турушсун. Көзү да көрбөйт. Кайыр сурап, бир жашоо өткөрүп жүрүшөт.
ЭРКЕК: Андай болсо шаардагы бомждардын баарын үйүңүзгө киргизип албайсызбы. Булардын тагдырын биз чечмек белек. Өкмөт чечсин. Бизге тазалык керек! Сиз да кызык экенсиз. Арендага берип иштеткендин оордуна кайдагы бомждарга боор ооруп. Тез аранын ичинде баарын тазалап чыгыңыз. Тынчтык беришпейт дешип, бизге арызданышып жатышпайбы. Милициялар каякты карап жатышат. Чакыр!
АЯЛ: Кууп эле жатам. Кайдан пайда болуп калышат билбейм.
ЭРКЕК: Чердактан бери жүрөт. Баарын сайрандатып жиберипсиңер. Сокуруңдан башка эч ким жокпу? Жашырбагын. Таап алам.
АЯЛ: Өткөндө бир алкашчогу жүргөн эле, көрүнбөй калды. Сүйрөлүп араң араң жүргөн. Ким билет эмдиге өлүп да калдыбы.

Жерде жаткан төшөктөрдү оодарып жаткан аял арасынан бир одеалды оороп колтугуна кыса салат. Сыргак чыдабай кетет.

СЫРГАК: Энеңди! Тиги катындын айтканын уктуңбу?! Айтканын уктуңбу?
ШАМШАР: Барып мушташасыңбы. Жөнө! Ары жок десе. Тынч олтур!
СЫРГАК: Сенин жаңы жуурканыңды да алып алды.
ШАМШАР: Алсын. Баарын көтөрүп кетсин.Тынч тур.
АЯЛ: Меники. Сураганынан боорум ооруп бердим эле. Алып кетейинчи.
ЭРКЕК: Ары жагын да карасаңыз. Эмне деген жашоо?!..Келемиштердин жүгүрүп жүргөндөрүн кара. Таштандылар... бөтөлкөлөр... каробкалар...
АЯЛ: Фуу! Мындан ары бара албайм, корком. Өзүң кара.
ЭРКЕК: Кереги жок! Жанагы сокуруңузду мындан жоготуңуз. Аның жалгыз эмес. Мынча бөтөлкөнү өзү жалгыз ичмек беле. Текшербейсизби!
АЯЛ: Көчөдөгү бөтөлкөлөрдү чогултуп өткөзсө керек. Эми аны тим кой. Өзү бир күнү кетет. Кышта кууй албадым, тоңуп өлбөйбү. Эми минтип, күндүн көзү ачылбай күндө жамгыр. Каякка барат? Жанында кичинекей кызы бар. Анысы да дудук. Ал аз келгенсип жакшы укпайт.
ЭРКЕК: Эшигин бекем бекитип салсаңыз, өзүлөрү кетип калышат. Кетпей кайда барышмак эле. Буга чейин өлбөй жашап келишкен, дагы деле жашай беришет. Азыр эмне көп, кайыр сурап, тентигендер, сандалган алкаштар көп. Жоготуңуз!

Ошол учурда түпкүрдөн Акыйкатты сүйрөп Ботокөз чыгат. Ботокөздү көргөн баягы эркек оозу ачылган бойдон туруп калат.

ЭРКЕК: Кызың ушулбу?
АЯЛ: Ии.
ЭРКЕК: Бул өзү жөн кыз эмес, перинин кызы го...
АЯЛ: (шашып кетет) Ушул, ушул...
ЭРКЕК: Ушундай кыз ушул жерде жашайбы? Сокуруң ушулбу?
АЯЛ: Ушулар. Кыз дудук. Бирок соодон мыкты түшүнөт. Чыйрак кыз.
ЭРКЕК: Жутуп жиберчүүдөй неме го, ыя эже?
АЯЛ: Керек болсо айтаарсың. Жуунтуп, чайынтып...
ЭРКЕК: Койкойто кийинтип койсо, Пери эмей эмне.
АЯЛ: Мен да бир көргөндө оозум ачылган. Боорум ооруйт.
ЭРКЕК: Алып кетиш керек экен. Атың ким?
АЯЛ: Дудук кокуй. Каякка? Кайда апарасың?
ЭРКЕК: Апарчу жер табылат да эже. Түшүнүп туруп эле сурай бересиз.
АЯЛ: Кокуй, акырын. Тигил неме укпасын.
ЭРКЕК: Ойлонобуз. Кетирбей мында кармап туруңуз.
АЯЛ: Кайда кетмек эле. Бараар жерлери жок эки жылдан бери ушул жерде күн көрүп келишет. Эмне, катуу жагып калдыбы?
ЭРКЕК: Кызыксыз эже. Катуу жакканда эмне, катындыкка алмак белем. Эми, өзүңүз түшүнөсүз да. Бизнес! Бизнес! Бул кыз кып кызыл акча! Бул айтканым сиз экөөбүздүн гана ортобузда болсун. Мага ыраазы болосуз.

Калп эле тамагын жасап, аял үнүн катуу катуу чыгара эркекке жалынгандай сүйлөйт. Тигил ого бетер корс — корс эте кыр көрсөтүп жатты. Акыйкаттын бир нерсеге кабатыр болгонун сезген Бото да алактай баштайт.

АЯЛ: Эми пендебиз да. Аяп кой. Көздөрү көрбөсө, тил деген жок. Башкасын жоготсоңор да, ушул сокурга тийбей эле койсоңор. Өзүлөрү кеткен күнү кетет.
ЭРКЕК: (кыйкыра) Болбойт! Болбойт! Баарын чыгаргын! Эч нерсени түшүнбөйт турбайсызбы. Бул жерди тазалап, оңдоп, түзөп, арендага берүү керек. Ишкана ачабыз деп жатат, Мэриядан. Кенен да экен. Бош жаткан жерлердин баарын иштетүү керек!
АКЫЙКАТ: Амансыңбы, балам? Пендечилик кылып бизди мындан кууба. Күн жылыса кетебиз. Боор ооруп, биздей карыптарга пендечилик кыл, суранам?
ЭРКЕК: Силерден башка киши жокпу?
АКЫЙКАТ: Жок, жок. Биздей карыпты аясаң... Кудайым сени колдосун балам.
ЭРКЕК: Мейли тура бер. Кызың да жаш экен. А, сиз менен...
АЯЛ: Аларды сыртка чыгып сүйлөшсөк кантет.
ЭРКЕК: (шыбырай) Тумчугуп баратам. Чыгалы. Таза тургула.
АКЫЙКАТ: Ырахмат, иним. Кем болбо!
АЯЛ: Бул жердин сасыгынан кускум да келип кетти.
ЭРКЕК: Менин айтканымды эсиңизге алыңыз эже. Мындай жерлердин баарын арендага берип иштетсек канча акча түшөөрүн билесизби. Чууруган акчалар тебеленип, бутубуздун алдында жатат. Чердактагы бомждарыңыздын баарын жоготуңуз.
АЯЛ: (Ьотого) Таза тургула. Кууп чыгам. Анан келип алып кетем.

Аял Акыйкатка жакын келип кулагына бир нерселерди шыбырайт. Ботокөз айттырбай түшүнөт. Катып койгон акчасын сунат.

АКЫЙКАТ: Бото берет. Бер.
АЯЛ: Ушул элеби? Аз го.
ЭРКЕК: Болбойсузбу эми. Аларга тийбей эле туруңуз. Тура беришсин.
АЯЛ: Азыр. Муногуларды таза тургула деп жатам. Түшүндүрүү да кыйын. Бири укпайт. Бири көрбөйт.
АКЫЙКАТ: Ме, карындашым. Муну да алыңыз. Суранам, кызга тийбегиле.
ЭРКЕК: (шектене) Эмне? Эмне дейт?!
АЯЛ: (шашкалактай) Эмне демек эле. Бечаралар, — Бизге тийбегиле. Нан ооз тийиңиз дейт. Өзүңөр эле жей бергиле дедим. (Ботого) Ай кыз, бул жерди таза шыпырып алгын ээ? Ошент. Болбосо кууп чыгам! Кара, баары эле бөтөлкө. Жыйна! Ай жалдыраган байкушум ай. Бул жерди жыйна дейм! Уктуңбу?! Ии, ошент.

Аял шыйпалаңдай акчасын бекитип чөнтөгүнө салат. Экөө бет аарчулары менен мурун башын баскан бойдон жийиркенип чыгып кетишет. Түпкүрдөн уурдана чыгышкан Шамшар менен Сыргак бири бирин жалдырай тиктеп олтуруп калышат.

СЫРГАК: Мына сага! Мени өлтүрүп салышты. Энеңди — ии!
ШАМШАР: Ичкен арагыңа таарын!
АКЫЙКАТ: Акмактын айтканын кара. Келемиштерден коркпой бири биринен коркушсун. Бирин бири жейт! Азыр адамдан адам корккон заман.
ШАМШАР: Уктуңарбы?!— Таманыңдын алдында тебеленип жаткан акчаларды көрбөйсүз! – дейт, тигил катынга.
АКЫЙКАТ: Бул жерди да сатып, нан таап жегиси келет. Акмак!
ШАМШАР: Эмне бырылдайсың?!
СЫРГАК: Ким элем, ким болдум?!
ШАМШАР: Бул суроону мындан эртерээк бергениңде...
БОТОКӨЗ: (тынчсыздана Шамшарга жабышат) Ти... ти... ма...
ШАМШАР: Ой, сага эмне болду?
АКЫЙКАТ: Эми бул бечарага бул жерде да тынчтык болбойт окшойт.
ШАМШАР: Эмнеге?
АКЫЙКАТ: Тигил эркектин көңүлү бузулуп кетти. Бир күнү болбосо, бир күнү уурдап кетээринде күмөнүм жок.
СЫРГАК: (ыржалактай) Эмне, сүйүп калыптырбы?
АКЫЙКАТ: Сенде акыл деле жок.
ШАМШАР: Тийип эле көрсүн. (Ботого) Коркпо, сага эч ким тийбейт. Аялдын жашаган жерин билесиңби?

Бото билем дегендей башын ийкей, колу менен жогору жакты көрсөтөт. Анан кеткендерди жаңсап көрсөтө, Шамшарга жалооруй тигилет.

АКЫЙКАТ: Эси дарттары акча! Акча! Адам эй, адам. Бизнес! – деп коет.
ШАМШАР: Сен жанагы аялга эмне бердиң?
АКЫЙКАТ: Акча. Эки жылдан бери ушинтип акча берип келебиз. Антпесек бул жерден эчак кууп чыкмак. Биз анын көп батирчилеринин бирибиз. Ал мында өзүнчө чоң. Эптеп баш калкалап туралы. Колдон деле жулуп кетип жатышбайбы.
СЫРГАК: Мына, тамак даяр! Эттин майлуусун көрдүңбү, Акыйкат. Шакем болбосо бизге мындаймайлуу эт, майлуу тамак кайдан. Ботокөз, кел, дасторкон салалы. Энеңди, бочкадай болгон. Майрам күнү да тынч койбойт.

Ботокөз түпкүрдөн сумкаларын аңтарып, бир нерсе алып Шамшарга берет. Анан уялгандай наздана жер карайт.

ШАМШАР: Магабы? Ботокөз, сен мага ушуну апкелдиңби? Ырахмат, Ботокөз. Түшүндүм, түшүндүм. Акыйкат, билесиңби, Бото мага эмне берди. Белек!
СЫРГАК: Ким? Ким белек апкелди?
АКЫЙКАТ: Эмне болгон белек?
ШАМШАР: Колго токулган байпак. (тыным) Мындайды мага бир гана энем берген эле да. Ботокөз... Бото... (бооруна кыса) Сен менин бүтүндөй өткөн өмүрүмдү эске салып олтурасың. Энем байкуш... (тыным) Байкуш энем:  — Балам, суукта бутуңдан суук өтүп ооруп каласың. Өзүңдү кара. Жылуу жүргүн! — деп, түрлөп, түрлөп токуп берээр эле. Сен кандай жансың деги Ботокөз. Кудайым сени неге, неге... Келчи бери. Менин кичинекейим. Менин Ботокөзүм! Аялуу жаным! Армандуум!!! Ооба, мен ыйлап жатам. Мен жашоо эмне экенин билгенде, менин адам болгонумду билбей энем кете берди. (аяп) Неге мынча боорукер жаралган жан элең. Ушундай кыз кор болуп жүрөт ээ...(кучактай) Келчи Бото, бетиңден өөп коеюн. Ырахмат!
СЫРГАК: Тууган энеси кандай неме болду экен. Аягы суюк неме болсо, конуп – түнөп жашоонун ырахатын издеп, «күкүк» болуп бир жерде жүргөндүр. Далай эркек жүгүрүп, буттары үзүлгөндүр.
ШАМШАР: Бутары үзүлгөндүр... Сөзүңдү да жөндөп айта албайсың. Эки экиден талашып, бычакташып, жүлүндөрү үзүлгөндүр десең.
СЫРГАК: Ботону биринчи көргөндө эсимди жоготуп кое жаздагам. Акыйкаттын кызы экен депмин. Жолдуу энең дурайын сокур! Кайдан тапканын билбейм, экөө жакшынакай болуп ээрчишип алат. Ха – ха -ха! Кудай таалаа боору ооруп, үй — жайыбыз жок тентип жүрсөк да, минтип Ботодой сулууну буйруп койгонун. Каалагандай кучактап...
ШАМШАР: (ойлуу) Сулуулар... сулуулар... Баары кол жеткенче, жеткенден кийин баары башкача. Капканга түштүңөр дегиче кордоп, көзүңөрдү агызабыз. Ач тырмакты салып, каалагандай мыжып, мыжып... Каалагандай тебелеп, тепсейбиз. «Колго түшкөн коенду, кое берген оңобу?!». (Сыргакка) Сен эмне дедиң? Ботону кучактап...
СЫРГАК: (коркуп кетет) Жок, жок! Тим эле минтип кучактап... Мен буга тийбейм. Тийбейм Шаке. Акыйкат муну кайтарып олтурат. Бул менин бетимди тытып алат.
ШАМШАР: Болду, болду. Бото, кел мында.
СЫРГАК: Энеңди — ии! Жанагы жаман катын, — Арак сасып жатасың, ары жат, бери жат! – деп, катындай болуп жаныма да жатчу эмес эле. Ботокөздөй сулуу болсо кана. Сениби, шашпа! Шашпа! Мен сага алкашты көрсөтөм. Жаткызбаса жаткызбасын, үйдөн неге кууп чыгат. Бүт айылды каратып туруп бозортуп кууп чыкпадыбы. Ошол катынга кор болгон кайран мен! Кайран жаштыгым!
АКЫЙКАТ: Ой, Шаке. Уктуңбу? Өзү боктой, сөзү октой! Ай, Сыргак.
ШАМШАР: Бырылдаган дурайын! Өлбө, өлбө Саке. Өлсөң кайра келбе. Сүйлөсөң, сөзүң сөөктөн өтөт. Кайран гана жаштыгым! Эй, акмак, катындын жаштыгын какшытып, анан жолго түштүң да.
АКЫЙКАТ: Сен го куйругуңду түйүп жолго түштүң. Балдарыңдын азап — тозогун ким тартып жатат? Катыныңды жаман дебе. Кандай болсо да балдарыңдын энеси.
СЫРГАК: Мага, менин тарткан кордугума бооруң оорубай, аны неге коргойсуң! Ал сенин бир тууганың беле. Акшыйган сокур! Коргобо дейм!
АКЫЙКАТ: Сенде акыл жок. Сеникиби, меникиби, башканыкыбы, аялдын баары аял. Жаман болсо да аял! Ээ, Сыргак, Сыргак. — Дүйнө эненинтаманында! — деп, бабалар айтып келет. Аял дегениң бир назик, аруу, аялуу жан. Катуу кармасаң ийилип, таштап жиберсең быркырап сынып калат. Аяш керек, аяш! Ал – Эне!!! Сени да, мени да, тигил тили жок Ботокөздү да, Шакемди да, баарыбызды — Эне тууган. Эне! Энелердин азабы да, тозогу да бизбиз! Байкуш энем... (тыным) Бир шорго жаралган жан белең. Жарым жан туулган менден эмне жакшылык көрдүң. Же өлтүрүп сала албай, же таштап кете албай, өмүр бою менин азабымды тартып жүрүп кете бердиң. Канча көз жаш төктүң...

Баары тунжурай, үнсүз олтуруп калышат. Ботокөз бир нерсени сезгендей тигилерди жалдырап карап турат да, жүгүрүп барып жоолук көтөрүп келип Акыйкатка карматат. Эскилиги жетип калган жоолукту Акыйкат жыттап жыттап, тим мелтирей олтурду. Шамшар бир Ботону, бир Акыйкатты карап, экөөнүн бирибирин түшүнгөндөрүнө таң берип турду. Сыргак дале өзү менен өзү алек.

ШАМШАР: Жүрөктү ооруткан, ойлоно турган сөз айттың, Акый. Энеден артык эмне бар. Биздин тарттырган азап тозокторубузга энелерден башка ким, ким чыдайт. Ким көтөрөт. Эч ким. Бул энеңдин жоолугубу?
АКЫЙКАТ: Ооба. Ушул гана калды. Үйдөн чыкканда белиме ушул жоолукту байлап чыктым. Башкасынын мага кереги да жок эле. Ар кимдин тирлиги өзү менен. Эч кимге оордугумду салгым келген жок. Энем өлгөндөн кийин жашоо токтоп калгандай болду. Бирок, аркасынан кошо өлбөгөндөн кийин жашаш керек экен да. Жаза басып жаңылган нерсени оңдоого болот. Жаратылыш бербеген нерсени кантип оңдомокбуз. Минтип карып кылгандан көрө, жаратпай деле койбойт белең деп, Теңирге арманымды айтып, көзүм агып, көөдөнүм күйүп олтурбаймбы. Ботокөздү сулуу десеңер сурап коем. А, сулуу деген кандай экенин, жарыкчылыктын өңү — түсү кандай экенин мени билип, ажыратат деп ойлойсуңбу? Туулгандан эч нерсе көрбөсөм кайдан билем. Көкүрөгүм менен гана жакшы — жаманды ажыратам. Көзүң менен көрүп туйган менен көрбөй туйгандын айырмасы бар да. Менин энемди да сулуу аял дешчү. Айылдагы келиндер, абысын – ажындар бири — бирин тергешет эмеспи. Сулуу жеңе, сулуу жеңе деп келишчү эле. А, мен, баарын колум менен сезчүмүн. Энемдин беттери жуп — жумшак, а, көздөрү бакыракай эле. Сулуу... сулуу...

Колундагы акордионун сыздата Акыйкат ырдап кирет. Анан аздап токтолот.

СЫРГАК: Сулуулар... сулуулар... Эй, Акыйкат. Менин да энем сулуу болгон. Ии, чын айтам. Өлгөндө аялдар, кемпир кезектен бери баары:  — Айым сулуу! Атаны кокуй, адамдан башка жан элең! – деп, боз үйдү жаңырта кошок кошушуп...
ШАМШАР: А, сенчи?
СЫРГАК: Менби? Мен өкүрдүм да. Койдон баштап, жылкысына чейин аяган жокмун. Эт деген тоодой, шорпосу көлдөй... Баарын чачтым. Энем да! Неге аяйм.
АКЫЙКАТ: Жакшы узаткан экенсиң. Бирок анын баары энеңдин уйкусуз өткөн бир түнүнө татыбайт го.
СЫРГАК: Өзүңдүн колуңдан келбегенден кийин, сен мага көрө албастык кылып жатасыңбы. Мен энемден эч нерсе аяган жокмун. Баарын чачтым. Казан казан эт.
АКЫЙКАТ: Тирүүсүндө да ошондой камкордук көрдүң беле?
СЫРГАК: (селт эте) Эмне?!..

Баары томсоро түшүшөт. Музыка катуулап басылат.

АКЫЙКАТ: Сыргак, ошол энеңди тирүүсүндө жылкы союп, казан казан эт асып, сыйладың беле. Эмне унчукпай калдың? Түшүнөм. Кыргыздар баарын өлгөндөн кийин жасайт. Энемдин, атамдын урматына! — деп. А, алар эч нерсе ооз тийишпейт. Арбак тамак жемек беле. Кеткен адамдын шылтоосу менен, бечаранын көзүнүн тирүүсүндө бир чыны чай бербегендер ооз толтура май чайнашат. Мына, сый! Мына, урмат! Сен өз ата — энеңди эмес, керек болсо, атаң тааныбагандарды сыйлайсың. Өкүнүчтүү! Өкүнүчтүү!!!
ШАМШАР: Ээ – ээ...Кыргыздар жакын адамдарыбызга көзүнүн тирүүсүндө эмес, дүйнөдөн кеткенден кийин чачылабыз. Албетте өкүнүчтүү! (ыңгайсыздана) Чай да даяр болду окшойт. Эшикте майрам. Келгиле баарын унуталы. Бото, чай даярбы?

Ботокөз баарын дасторконго олтургула дегендей колу менен жаңсайт. Төртөө ортого жайылган дасторконго олтурушат. Тынчтыкты Сыргак бузат.

СЫРГАК: Жарайсың Ботокөз. Баарын жайнатып койгонун. Ии – ий! Ушул Ботокөз менен кетип баратканда, жанагы катын алдыман чыкса. Ой, бир ичи күйүп өлөт эле.
ШАМШАР: Катынга көрүнгүсү келет имиш. Кыялдана бер. Ыя, Акыйкат, негизи эркектер ары жок эле жандар келебиз ээ? Бизде ар жок!
АКЫЙКАТ: Жыргаганынан куулуп чыкты дейсиңби. Себеби бар да.
СЫРГАК: Сен эмне мага чоң болосуң, ыя! Эй, сокур! Сен... сен...

Ботокөз алаңдай Акыйкатты коргоп ортого тура калат.

ШАМШАР: Муногу бычакты өпкөңө малып малып алайынбы. Сени үйүңдөн Акыйкат кууп чыкты беле. Олтур! Олтур дейм! Бото чай куя бер.
СЫРГАК: Мен эч кимге жакпадым го.
ШАМШАР: Өзүңө өзүң жакпайсың, анан кимге жакмак элең. Ары олтур. Өлбөй жүргөнүңө ыраазы болуп, оокатыңды кылып жүрө бер да.
СЫРГАК: Мен оңолом, албетте оңолом. Жанагы катынга көрүнүшүм керек.
ШАМШАР: Оңолбосоң тигил досторуңдун аркасынан кетесиң.
СЫРГАК: Менин антип өлгүм келбейт.
ШАМШАР: Акыйкат, карап туруп жанымдан түңүлдүм. Иттей сүйрөп келип, машинага ыргытты дейсиң. Ботокөз коркконунан качып жөнөдү.
СЫРГАК: Сен көтөрүп келбегенде жаткан бойдон мен да кетмек экем да ээ, Шаке? Ушуну сен үчүн ичип жиберейинчи. Айланайын Кудай, ит өлүм менен өлтүрбө. Мен өлсөм, ак кепинге да эч ким оробойт да...
ШАМШАР: Мунун кыялданып жатканын кара, Акый. Шаардын элин аркаңдан ээрчитип, шаан – шөөкөт менен көмөбүз. Ха – ха — ха!
АКЫЙКАТ: Ит — кушка жем кылбай, көмүп койгондоруна ыраазы болушсун. И — и, бооруң ооруса, бир бөтөлкөңдү көтөрүп алып, аркаларынан жетип бар.
ШАМШАР: Кандай өлүм күтүп турат билбейсиң да. Темтеңдеп келе жатканда көлчүктөгү сууга чөгүп өлөсүңбү, же өлгөн чалыңа окшоп казылган арыкта карышып жан бересиңби. Ошону ойло. Тигини кара, сага боору ооруп тигилип тиктеп турганын.

Музыка. Акыйкат акордионун сыздатып кирет.

СЫРГАК: Акыйкат бир азга токтоп тур. Мен тос айтайын. Баарыңарды бүгүнкү жеңиш майрамыңар менен куттуктайм! Ушул тосту бизге жыргал заманды апкелген аталар үчүн алып жиберели ээ? Жеңиш үчүн! Жыргал заман үчүн! Ура! Ура — ааа!!!
ШАМШАР: Жыргал заман?.. Кайсы жыргал заманды айтып жатасың?!
СЫРГАК: Жеңилип калганда азыр немистердин кол алдында жүрөт элек да.
ШАМШАР: Ошол немистердин колуна түшүп бергенибизде цивилизацияга эрте өтүп, маданияттуу болмокбуз.
АКЫЙКАТ: Атып салышмак, же кул болмокбуз да.
СЫРГАК: Акыйкат туура айтат. Анда баарыбызды атып салмак.
ШАМШАР: Кыйраттың! Ал кезде биз эмес, биздин аталарыбыз жарыкка келе элекболсо, бизди кайдан атып салышат. Келгиле ошол чоң аталар үчүн!
СЫРГАК: Раматылык СССРдин баатырдыгы үчүн даичели. Алгыла! Ураа!
АКЫЙКАТ: (каткыра) Сага деги айла жок экен да.Ура! Ура — аа! Алгыла!
ШАМШАР: Даагы эмне болду? Ичиңе бирдеме кирсе эле жаман катыныңды эстеп быр бырың чыгып, бырылдап кирет экенсиң.
СЫРГАК: Үй — жайы жок ушинтип тентип...
АКЫЙКАТ: Эски ооруусу кармады. Сыргак, ошол бар үй – жайыңды таштап, тентип жүрбөйсүңбү.
СЫРГАК: Оозуңду буза коеюнбу. Сандалган сокур! Тийишпе мага!
АКЫЙКАТ: Ой, сага тийишип эмне кылайын. Өзүң козгойсуң. Жыргаган ким бар. Тим кой, Шамшар. Кууп чыккан катынына капа болуп бүткөн. Тиякка кеткен досторун эстеп, ошого бырылдап жатат.
СЫРГАК: (шектене) Чогу жүргөндөрдүн баарын суракка алып жатат дейт.
ШАМШАР: Кайдан уктуң? Суралмак эмессиң, ошолор менен чогу суналмаксың!
АКЫЙКАТ: Неси болсо да бир ажалдан калдың, Сыргак.
ШАМШАР: Толугун уктуңбу, Акыйкат. Эмне болуп өлүшүптүр?
АКЫЙКАТ: Чогу жүрүшчү, чогу өлүшүптүр. Ажалдары бир экен да. Адам өлчү деле чукур эмес экен. Мастыктан болду да. Андан да ачка, кайдагы тамак.
ШАМШАР: Бир жагы ырас эле болду. Эки алкашка азайды. Ар бир өлгөн алкашка минтип ыйлай берсек, жан калабы. Кана, куй. Ошол сенин досторуң үчүн алып жиберели. Арты кайырлуу болсун!
АКЫЙКАТ: Алкаш болушса да Кудайдын сүйгөн адамдары экен. Кышты өткөрүп, жылуу, жумшак, жазда кетишти. Кычыраган кышта өлүшсө, көмгөнгө да кыйын болмок.
ШАМШАР: Аларды ким көмөт эле. Ит — кушка жем кылбай түртүп койгон Өкмөткө ыраазы болушсун. (Сыргакка) Боор ооруганды эмне кылат экенсиң. Бир жерге тоңкоюп өлүп калсаң, каяка апарып тоголотобуз сени. Түрүң болсо алдыгы. Үй – жай, бала – чака, катыныңдан биротоло кечтим деп безип жүрөсүң.
АКЫЙКАТ: Туура сөздү туура деш керек, Сыргак.
СЫРГАК: Сен эмне мага кыйын болосуң!
АКЫЙКАТ: Ушинтип кылжыңдаганыңды койчу, Сыргак. Адам эмессиң.
ШАМШАР: Мунуңар жетпей калды, катканың жок беле. Баса, чалыңдын аягына чыккан жоксуң да.
АКЫЙКАТ: Суу түтүкчөлөрүн орнотконго казылган чукур экен дейт.
ШАМШАР: Тү — үү, иттики! Акмакка акмак өлүм деген ушул да. Чөмүчтөй сууга чөгүп өлүшүптүр болгон экен да.
АКЫЙКАТ: Кайран чал. Айылга кетем деп, кетмек тургай, мына, өлүгү да дайынсыз жайга кетти.
СЫРГАК: Жанагы жанындагылар болбогондо...
АКЫЙКАТ: Жанындагылар жабышып калсын! Арабызда жүрө бергенде өлбөйт беле. Көңүлү жумшак, таарынчаак неме болчу. Сага таарынып кетип калбадыбы.
СЫРГАК: Ой, Акыйкат, ал деген өлүмүш болуп алып, сенин эсебиңден канча жашады. Чөнтөктөрдү тазалап жиберчү эмес беле.
АКЫЙКАТ: Шегим бар. Андайга бара турган чал эмес эле. Болду, болду. Тигил менин баш жагымда бирдеме бар. Апкелчи. (Шамшарга) Бул да оңой Сыргак эмес! Чалга шылтоолоп өзү баарын жайлоочу. Мени көрбөйт, билбейт – деп. Ай, Сыргак, Сыргак...

Сыргак Акыйкат катып койгон бир бөтөлкө аракты апкелет.

СЫРГАК: Акыл аке, философ аке! Ушундай сарамжалдуусуз да. Мына!
АКЫЙКАТ: (күлүп) Азыр бербесем, түн ичинде машкедей шимшилеп чыкмаксың. Тигиндей бөөдө кырсыктан сактасын, амандык үчүн ичели балдар.
ШАМШАР: Акыйкат, мен сенин амандыгың үчүн ичем!
АКЫЙКАТ: Ырахмат, Шамшар. Шаке, тиги Ботокөздү карагыла, суранам. Жаман кор болду бечара. Мунун көңүлүнө карап аяган эч ким жок, колуна тийгени сүйрөп кетишет. Бечара же укпаса, же сүйлөбөсө... Тил болбосо жаман тура. Бирок бекем кыз.
СЫРГАК: Тигини! Назданганы бир укмуш! Ха – ха – ха! Мага жакын олтур. Кел, муну алып жибер. Бийлетпейлиби, ыя? Кол чапкыла. Кана, Бото, бийлеп жиберчи. Бийле!

 

БЕШИНЧИ КӨРҮНҮШ

Ботокөздүн жоголушу. Ботокөздү жоготуп, баары тополоң түшүп, издешип таппай олтуруп калышат. Акыйкат буркурап ыйлап жатты. Шамшар сооротуп жатат. Сырттан аптыга жүгүрүп Сыргак кирет.

СЫРГАК: (аптыга) Жок! Эч жерде жок!
ШАМШАР: Жакшы карадыңбы? Базардагылардан сурадыңбы?
СЫРГАК: Сурадым. Алар көрүшсө да корккондорунан айтышпайт.
АКЫЙКАТ: (шектене) Бир кырсык болду. Эки күн болду али жок.
ШАМШАР: Мен балдарга айттым. Издеп жатышат.
АКЫЙКАТ: Комендант аялда шегим бар.
ШАМШАР: Уктагыла. Эртеге даагы издейбиз.
АКЫЙКАТ: Шаке, тигил аял сатып жиберсе...
ШАМШАР: (селт эте түшөт) Андайга барбас.
СЫРГАК: Акыйкат туура айтат. Азыр адам саткан мал саткан менен бирдей эле болуп калбадыбы. Милиция баладан шегим бар. Бая күнү шектүү карап кетпеди беле.
ШАМШАР: Мен балдарга айттым. Эртеге табылып калар. Жаткыла.
АКЫЙКАТ: (жалына) Шамшар... Шаке...
ШАМШАР: Билип турам. Кой, Акыйкат ыйлаба. Жашык болуп кетипсиң.
АКЫЙКАТ: (токтоно албай) Бото жок кантип жашайм.

Музыка. Түн. Шамшар ойлуу олтурат. Бир кезде кайдандыр кыңылдаган үн чыгат. Алаңдаган Сыргак жаткан жеринен атып тура калат. Анын артынан Акыйкат турат.

АКЫЙКАТ: (алаңдай) Ботонун үнүндөй болуп кетти да.
ШАМШАР: Силер уктабай эмне жатасыңар. Уктагыла.
СЫРГАК: (шектүү) Бирөө кыңылдап жатат.
ШАМШАР: (карап калат) Бото! Ботокөз?!

Музыка. Түпкүрдөн Ботокөз сүйрөлүп чыгат. Шамшар жетип барып шап эле жерден алат. Кыздын араң араң жаны бар. Баары үнсүз тунжурашат.

АКЫЙКАТ: Ботом! Ботом менин! Ботокөзүм!!!

Бир кезде катуу ызаланган Акыйкат акордионун сыздатып көкүрөгүндөгү муңун төгөт. Ботокөз Акыйкаттын тизесин кучактап солуктап жатты.

ШАМШАР: (сооротуп) Болду, болду, Акыйкат! Жүрөктү эзип салдың. Сыргак куй! (стакандагы аракты тартып жиберет) Эмнеге туулдуң? Эмнеге?! Сени ким тууду? Кандай жан?.. Сени көргөнү акылым жетпейт, эсим маң! Маң! Маң!!! (башын мыкчый) Неге... Кантип таштап кетти?!.. Кантип... кантип... Бул эмне деген жашоо?!..
СЫРГАК: (жалдырай, нес)Сени кечке издедик Бото.
АКЫЙКАТ: (тыным) Кагылайыным! Жаман кор болду ээ?.. Сен берген суроону мен да өзүмө миң ирет бергем. Шамшар, Ботокөздү ала кет. Мындан алыс алып кет.

Ботокөз уктап кетет. Шамшар кызды жаткызып, жылуулап жаап, бир топко карап турду.

АКЫЙКАТ: Ботокөздүн күлкүсү кудум булактын шыңгыраган үнүндөй ээ?
ШАМШАР: Күлкүсүн айтасыңда, өзүн, өңү түсүн көрсөң...
АКЫЙКАТ: Базардагылардын баары, өткөн – кеткендерден бери, Ботону сулуу дешет. Чын эле сулуубу, балдар.
СЫРГАК: Сулуубу дейсиң. Чүрөк! Перинин кызындай. Көп эле кыздарды көрүп жүрөм, мындай сулууну көрсөм көзүм кашайсын. Ботокөз, жаратылыштын «чудасы!».
АКЫЙКАТ: Демек чын айтышат экен да. Көрсөм кана, атаганат.
СЫРГАК: Бото уктады. Көрүп азап чеккенче, көрбөгөнүң да жакшы.
АКЫЙКАТ: Башкасын билбейм. Ботонун бир эле шыңгыр күлкүсү билген кишиге жашоонун азап – тозогун жууп кетет. Эх, жашоо... Эх, тирүүчүлүк! Күлкүңдү токтотпочу Ботокөз. Сен токтосоң жашоо токтоп калгандай сезилип кетет. Тоо булагынын шыңгыр добушундай сенин күлкүң, өзүнчө жазылбаган бир керемет музыка! Бул керемет музыкада не деген арман, азап, жыргал, үмүт... Деңиздин күүсүнө айланган толкундуу муң жатат.
СЫРГАК: Перидей сулуу болгону менен сенден ашып түшпөгөн бир бечара.
АКЫЙКАТ: Жаратканым! Баарын түгөл бербеген соң, неге жаратасың?!
ШАМШАР: Шаардын бурч бурчтарында – Мени ким алат? – деп, өзүлөрүнүнбааларын өзүлөрү бычып, суранып, денелерин сатып жүргөндөрдү көрбөй ушул бечарага жабышты да калышты.

 

АЛТЫНЧЫ КӨРҮНҮШ

Көпкө унчукпай башын мыкчый олтурган Шамшар кескиленген плакатты кайра оордуна тага баштайт. Сырттан Акыйкатты сүйрөп Ботокөз кирет. Экөө тең шөмтүрөп суу.

АКЫЙКАТ: Шаке! Шаке барсыңбы?
ШАМШАР: Бармын Акыйкат.
АКЫЙКАТ: Ии — ии, жакшы. Кай күнү үйгө кайтканда сени жок болуп каласыңбы деп коркуп кетем. Шаке бизди таштабачы ээ?
ШАМШАР: Кайдагыларды ойлонуп эмне кыласың. Жамгырга калбай келе бербейт белеңер. Жамгыр өтөр катарыңарга өтүп кетиптир го. Чечингиле.
АКЫЙКАТ: Шаке, тагдыр! Тагдыр! Айтканда эмне. Ох — оо! Тамагыңардын жыты буркурайт. Сен келгени жаңы жашоо башталды. Жыргап эле калдык.Сыргактын үнү чыкпайт да.
ШАМШАР: Нанга кеткен. Ботокөзсага эмне болду?

Ботокөз баягы илинип турган плакатты кармалап ыйлап жатты. Шамшар эми түшүнүп, аны сооротуп кирет.

АКЫЙКАТ: Эмне болду?
ШАМШАР: Ачуум менен илинип турган плакаты кескилеп салганмын. Кечир?
АКЫЙКАТ: Анда эмне деп жазылган экен.
ШАМШАР: «Кыргызстан наш общий дом!» -деп.
АКЫЙКАТ: «Общий дом» болбой оңкосунан кетсин!
ШАМШАР: Ботокөз тамак ичебиз.Та – аа — мак...

Ызасын тез эле унутуп, Бото апкелген буюмдарын Шамшарга көрсөтүп кирет.

БОТОКӨЗ: Му — му... Му — у...
ШАМШАР: Жакшынакай көйнөк экен.

Ботокөз менен Шамшардын көздөрү чагылыша түшөт. Кыздын көздөрү оттуу эле. Шамшар бир азга тайсалдай, анан өзүнө келгендей болду.

ШАМШАР: (кызга тигиле)Атаңдын көрүү! Сулуусун кара. Кудайым неге сени кем жаратып койду. Көзү көр неме эле сени көрбөй калбаса, көзү бар киши сени кантип карабайт. Келишкен мүчө, айдай сулуулук берип, кулак менен тилден кем кылып койгонун кара.
АКЫЙКАТ: Бири кем дүйнө!
ШАМШАР: Бири кем дүйнө! Кийин, кана кийип келчи.

Бото көйнөктү кийип ортого айланып тура калат. Шамшар Ботону бүгүнкөргөн кишидей эсинен тана жалдырады да калды. Анын жаркылдап караганы эле бир укмуш эле.

АКЫЙКАТ: Бото эмне кылып жатат?
ШАМШАР: Көзүң болуп көргөнүңдө… Ботонун сулуулугункөрдүм, Акый.
БОТОКӨЗ: Со — уу... Со – оо — оо...
ШАМШАР: Ооба, эң сонун! Кана айланып койчу.
БОТОКӨЗ: (жаңсай) Ммм... би... би...
ШАМШАР: Бийчи... Түшүндүм. Бийчи болосуң. Сөзсүз бийчи болосуң. (мактай) Момундай бийчи болосуң. Мен сени чооң театрга өзүм жетелеп барам. Жарайбы?
БОТОКӨЗ: (сүйүнө кучактайт) Ммм... ммии... би... биби... (тегеренет) бии...
ШАМШАР: (Ботодон көзүн албай) Сен сөзсүз бийчи болосуң! Бийге тилдин кереги жок. Сени көргөндөр тилсиз түшүнүшөт. Жараткан Теңирим, мүмкүн бул кол жете турган тилек. Ылайым эле ошондой болсо экен. (жаңсай) Сени көп кишилер көрүп, минтип кол чабышат. (кол чаап) Бийле, Бото! Бийле!

Катуу сүйүнгөн Ботокөз үстүндөгү көйнөгүн Шамшарга көрсөтүп, ан сайын күчөп чимирилип бийлеп жатты. Шамшар кошо кубанып кол чабат. Сырттан аптыга Сыргак кирет.

СЫРГАК: Шаке! Өчүр! Өчүр!
ШАМШАР: Эмне болду?
АКЫЙКАТ: Эмне болду?
СЫРГАК: Милиция! Милиция!
ШАМШАР: Эмнени жайлап келдиң? Айт!
СЫРГАК: Эч нерсе. Паспорт, бомждар дегенин гана уктум.
АКЫЙКАТ: Кошуна подвалдагылар аман болушса экен.
СЫРГАК: Аларды коюп, өзүңдү ойлосоңчу.
ШАМШАР: Бирөө өлгөн окшойт. Тынч! Бомждар деп жатышат.
СЫРГАК: Эми кайда качабыз. Тамак да жебей...
ШАМШАР: Кекиртегин ойлоп жатканын кара. Азыр мында келишет.
СЫРГАК: Машина менен жүрүшөт. Терип кетишет го эми.
АКЫЙКАТ: Сен кайдан кирдиң.
СЫРГАК: Коркконумдан үйдүн капталындагы тешиктен жөргөлөп кирдим.
ШАМШАР: Акыйкат сен Ботокөз менен мында олтура бер. Силерге тийбейт.
СЫРГАК: Ботону алып кетишсечи.
ШАМШАР: Туура айтат. Бото сен да жашын. Сураса, базарга кеткен дегин.

Үчөө түпкүргө жашынышат. Сырттагы ызы — чуу көптө басылат. Ичке баягы эркек менен аял киришет. Кызды издегендери байкалып турду.

АЯЛ: Ой, сен эмне жалгызсыңбы? Кызың кайда?
СЫРГАК: (чыйпылыктай) Айтпадым беле. Ботону сурап жатат.
ШАМШАР: Акырын.
АКЫЙКАТ: Базарга кеткен.
ЭРКЕК: Качан келет?
АКЫЙКАТ: Билбейм.
ЭРКЕК: Жашынып калган жокпу?
СЫРГАК: Ботону издеп жатат. Азыр таап алып кетишсе эмне кылабыз.
ШАМШАР: (ачуусу менен) Демиңди чыгарбай олтурчу. Олтур!
АЯЛ: (жан талаша издейт) Карап чыктым. Жок экен.
ЭРКЕК: Качан кирсек тамак бышып жатат? Булардыкы жыргал го.
АКЫЙКАТ: Бото. Азыр келип калса керек.
АЯЛ: Казанды плитадан чыгарып койдум. Сак бол.
ЭРКЕК: Сак болбосо өрттөнүп өлөт да. Бизге кыз керек эмес беле.
АЯЛ: (шыбырай) Коркпо. Кызды алдырбайм. Кечинде кирип кетем.
СЫРГАК: Акча сурап жатат. Ит эле катын да.
ШАМШАР: Тынчып калчы сен. Азыр баарыбызды алып кетет.
СЫРГАК: Болдум, болдум. Тынчыдым.
АКЫЙКАТ: (аялга сунат) Ким өлдү?
АЯЛ: (шыпылдай акчаны алып) Кантет. Келе! (эркекке)Ким өлдү дейт.
ЭРКЕК: Эмне кыласың?! Аман олтурганыңа кубанып, олтура бер.

Тигилер чыгып кетишет. Шамшар, Бото, Сыргак жашынган жерлеринен сактанып акырын чыгышат. Бир нерседен шекшинген Бото Акыйкатты кучактап ыйлап жиберет.

АКЫЙКАТ: Коркпогун. Сени мен эч кимге бербейм.
СЫРГАК: Кудайым бир сактады, ээ? Ким өлдү болду экен?
ШАМШАР: Жараткандын иши да. Тамагыңды апкел.
БОТОКӨЗ: (алаңдай) Ө — өө — өөл...
ШАМШАР: Коркпо. Ким болсо да, кетээр киши “оо дүйнөгө” кетти.
АКЫЙКАТ: Баарыбыздын бараарыбыз кара жер.
БОТОКӨЗ: Мы – ыы — ыы...
СЫРГАК: Ой, энеңди! Мына туз. Мунуэмне каттың.
ШАМШАР: Ал кызга эмне жулунуп жатасың.
АКЫЙКАТ: Сакемдин күчү Ботокөз экөөбүзгө гана жетет.
СЫРГАК: Тим олтурчу. Телтейте тээп салам.
АКЫЙКАТ: Тагдырдын тепкисинин алдында Сыргак сеники жаш баланын топ тепкениндей эле эмеспи. Тепсең тээп сал. Ха – ха — ха...
ШАМШАР: Кенедей кылган ишиң жок, кыйкырганың бир укмуш. Качан адам болосуң, Сыргак?! Тамагыңды апкелбейсиңби!
СЫРГАК: Болдум, болдум. Мени кечирип койчу, Акыйкат.
АКЫЙКАТ: Сенин кабак кашың менен жашап калдык го, иши кылса өлбөй аман болчу. Канчадан бери ээрчишип, бир туугандай да болуп калдык. Бомжбу, соодагерби, чоңбу же кичинеби, байбы же кара нанга жетпеген бир шордуубу... Берегидүйнөгө баарыбыз батабыз. Кенен болчу, Сыргак дос!

Баары дасторконго олтурушат. Бир кезде Сыргак бырылдап кирет.

АКЫЙКАТ: Ой, сага эмне болду.
СЫРГАК: Баары бүттү! Куй!
ШАМШАР: Эртең турбай каласың. Иш бар. Мындан башка ичпей эле койчу.
СЫРГАК: Арактанбашка,менин эмнем калды. Ыйым да, ырым да ушул арак! Ээ, Шаке, катындын аркасы менен «кара папкеге» жеткен бир эле мен эмес экем. Айланамдын көбү ошондой экен көрсө. Жашоонун «айлакердигин» кеч түшүндүм. Баягы мен үйүндө иштеп жаткан чоңдун катыны да менин Алмашымдан кем калбайт. Тим эле сымаптай кылтылдап, кундуздай жылтылдап турат. Бир заматта көздөн кайым, жок болот. Эри эч нерсесин билбейт. Баркылдаган жакшы киши. Аны карап туруп өзүмдүн өткөнүмдү эстейм. Айтып жиберейин дейм. Көңүлүн ооруткум келбейт.
АКЫЙКАТ: Кой. Кереги жок. Билбей эле калсын.
СЫРГАК: Мени да ушинтип билбей калсын дешип, анан аркамдан баары күлүштү да. Эмне күлбөйсүңөр? Эмне шылдыңдабайсыңар?! Катын аттууну кара жинимдей көрөм. Баарын чогултуп туруп, тегирменге салып жибергим келет. Же, болбосо жиликтеп... ШАМШАР: Бир Алмашка эрегишип, аял аттуунун баарын каарыба. Сени да, мени да эне тууган. Баары бирдей тегиз болсо, анда бул тирүүчүлүктүн деле кызыкчылыгы болбосо керек. Туурабы, Акыйкат?

Стакандагы аракты шыпкай ичип жиберип, Сыргак түпкүргө кетет. Акыйкат акордионунун сыздата телмирет. Шамшар ойлуу. Оор тунжуроо.

АКЫЙКАТ: Шаке, өз жаныңды кыйуу оюңа келди беле?
ШАМШАР: Түрмөгө жаңы түшкөндө болгон.
АКЫЙКАТ: Канча ирет өлгүм келди, бирок...
ШАМШАР: Кайда барба, «бабайдын көрү»! Чыда, Акыйкат. Теңирдин берген жашоосун акараат келтирбей жашайлы. Өлүп калыш оңой эле.
АКЫЙКАТ: Көзүм көрбөгөнү менен замандын кууралын наалыган адамдардын кептеринен, сөздөрүнөн, бири – бирине кылган мамилелеринен байкайм. Бирин – бири тепкилеп, сөккүлөп, түртүшкөн адамдар. Анан, — Акча! Акча! — дегендерин гана угасың.
ШАМШАР: Ээ, Акыйкат. Азыр баарын акча чечип калбадыбы.
АКЫЙКАТ: Жарыкчылык ушунча балитпи, Шаке?
ШАМШАР: Таза адамдарды караңгыда чырак менен издеп тапкан заманга туш келбедикпи. Түрмөдө жатканымда эркиндикке чыкканча шашкам. Эми, минтип...
АКЫЙКАТ: Аттиң, арман! Кандай дүйнө болсо да, бир көрсөм не.
ШАМШАР: Көрүп түтөгөндөн көрө, көрбөй түтөгөнүң оң.
АКЫЙКАТ: Тирүүчүлүктүн жарыгын жок дегенде бир саамга, бир эле көз ирмемге көргүм келгени туулгандан чоң арманым экенин сен түшүнөсүңбү, Шамшар? Чоң арман! Меникимдер гана жетелеген жок. Түрдүү адамдар жетеледи. Өңдөрүн көрбөгөнүм менен мамлелеринен баарын сезчүмүн. Эмне гана кылышкан жок акмактар. Бул сокурга акчанын кереги эмне дешкендер болду. Тоногондор болду.
ШАМШАР: Жүрөгүмсыгылып кетти Акыйкат. Кел.
АКЫЙКАТ: Анткени менен жарыкчылык деген, жарыкчылык да! Түн менен Күн. Ай, жылдыздар. Баарынан да мени жетелеп жүргөн Ботокөздүн сулуулугун көргүм келет. Сулуу, сулуу дейсиңер. Көрбөсөм кантип түшүнөм.
ШАМШАР: Ал да сендей бир шордуу.
АКЫЙКАТ: Бирок көрөт да. Жашоонун түркүн боекторун көрүп жатпайбы.

Ботокөздүн кыңылдаган үнү. Шамшар түпкүрдөн Сыргакты сүйрөп чыгат.

СЫРГАК: Анын эмнесин аяйсың. Базардагы рекеттер тарпын чыгарып, көк бөрү кылып жүрүшөт го. Мени өлүп кет дейсиңби. Өлөйүнбү?! Мен да тирүү жанмын да.
ШАМШАР: Иттин гана баласы. Мен сага өлгөндү көрсөтөм. Ме! Ме, сага!
СЫРГАК: Энеңди! Бетимди да тытып салган тура. Шымым кайда? Тийбе! Тийбе! Дап даяр болуп алдыңда жатса... Тал чыбыктай буралып турса, буга жабышпаганда талга жабышамынбы. Куураган куу даракты кучактаймбы! Акмакты тапкан экенсиңер. Мен тийишкеним жок, уктап кеткен экем, жөн жата бербей туйлап өзү жабышты. Шымым кайда кеткен. (Ботого) Энеңдурайын тостойгон! Кучактап турганын. Алдыгы шымымды бербейсиңби! Силер эле эркек бекенсиңер. Менин да укугум бар.

Шамшар ачуусу менен Сыргакты жапшыра чабат.

ШАМШАР: Мына сага эркек! Ушул шымың менен муунтуп, асып салайынбы. Чириктериңди алгын да, аман – сооңдо мындан кет.
СЫРГАК: Кетсе кетем! Сасыган кепени силерге бердим! Ой, энеңди... Мен неге кетем? Силерди мен апкелгем. Эй, сокур! Калп дечи? Эмне күлөсүң. Күлбө дейм!
АКЫЙКАТ: Күлбөгөндө ыйлайынбы. Анда ырдайын.
СЫРГАК: Талкалап салам, үнүңдү өчүр! Сенин булбулдугуңа тигил базардагы ары – бери өткөндөр эле ээрип кетпесе. Мени ээрите албайсың. Акылмандыгыңдан тажадым! (бейжайлана ыйлап кирет) Мен ит болдум, мен акмак болдум. Мени кечир?
АКЫЙКАТ: Кекеткениңди да койбойсуң, кечирим сураганыңды да койбойсуң. Таң атсын. Жат, эртең жай сүйлөшөлү.
СЫРГАК: Мага тийишпе! Кечирим сурабайм! Көзүңдү чукуп салам!
АКЫЙКАТ: Жок көздүн эмнесин чукуйсуң.
ШАМШАР: Эй, Сыргак! Бул ит турбайбы.
АКЫЙКАТ: Көзүңдү чукуйм! Көзүңдү чукуйм! Көрбөгөн көздүн эмнесин чукуйсуң. Ичкенде адамдар ушундайбыз. Акмакчылыкты кыла беребиз, аркасынан кечирим сурай беребиз. А, көңүл менен эсептешкен эч ким жок. Кечирдим! – дегенде, көңүлдүн кири кетип калса кана...
...Мен туулгандан, — Сокур! Сокур! – деп, жан кейиткен сөз дене башымды солкулдатып, жүрөгүмдү сыздатып, жүзүмдү ачуу жашка жууп келет. Саргайып олтуруп саадака алам. Бири аяп берет, бири каргап берет. Жан кыйганга жеткирип жашоо кыйнайт, бирок да, даагы жашагысы келип курган жан жарыкчылыкты кыйбайт! Жарыкчылыкты кыйбай жүрөк ыйлайт. Туңгуюкка кептелген мен шордуунун көргөн күнүн эч ким туйбайт!.. Жаралгандан Жараткан берген белек, мендей сокур, мендей көр кимге керек?! Кимге?! Соолор тентиген бул жашоого мендей “көрдү” жаратпай деле койсо болмок.
ШАМШАР: Акый, Акый, болду. (кыйкырат) Мээси жок алкаш!
СЫРГАК: (алаңдай) Мен... мен...
АКЫЙКАТ: Калыс сөзүң айтчы, Шаке. Кандай эне мендей кемди каалап туусун. Алты саны аман болбосо да, өлбөй жашасын деп багып келген энеме неге таарынам. Анда эмне күнөө. Менин күйүтүмдү тартып жүрүп, оо дүйнөгө кете берди шордуум. Ал мен үчүн жашоо менен күрөштү. Калп айткан менен болобу, таттуусуң жашоо! Таттуусуң! Бир гана эч нерсеге тойбогон, кеңди тар кылган, барды катып кол жеткизбей зар кылган баягы эле – Адам! Адам деген... Эх, Сыргак! Сыргак! Жоругуң жолдо калсын. Бүркүт боло калганын көр. Качан болсо баса калып чокчоңдойсуң. Жок көздүн эмнесин чукуйсуң?! Туулгандан чукуй берип доктурлар эч нерсе кыла алышкан жок. Тубаса сокурдун көзүн чукуп салыптыр деп, сага баатырлыкты беришсе, чукуп сал! Оорду түбү менен омкоруп салчы, Сыргак. Качан болсо, — Көзүңдү чукуйм! Көзүңдү чукуйм! Ме! Ме!!!
ШАМШАР: Кантет! Акыйкат олтур. Сабырдуу жан сендей болобу. Кой!
СЫРГАК: (жойпулана) Менден ката кетти.
ШАМШАР: Ката болбой кара жерге кир! Эшек экенсиң!
СЫРГАК: Мындан кийин ооз ачсам ит болоюн. Бул жер баарыбыздын үйүбүз. Сеники, Шакемдики, Бото... Ошондойэмеспи, Ботокөз. Сага тийбейм Ботокөз. Кечир? АКЫЙКАТ: Бизди апкелген сенсиң. Бир гана суранаарым, кордобочу? Мен сокур, тигил дудук... Түбүң түшкөн дүнүйө! Көөдөнүм күйүп турат, көр көзүм күлүп турат. Өңдөрүн көрбөсөм да, өзөгүм өрттөнгөнүн бир Кудай билип турат. Кантейин Жараткан. Бул — менин Тагдырым! Менин... менин тагдырым!
СЫРГАК: (ыйлактап) Кечирчи, Акыйкат? Экинчи менин үйүм дебейм.
ШАМШАР: (ыргып турат) Үйүм! Ушул сенин үйүңбү?! Сеникиби?! Тигил жүгүрүп жүргөн келемиштер да сенин менчик «койлоруң» чыгаар. Момундагы агып жаткан байлыктар... Булар да сенин менчигиңби, урматтуу алкашым! Трубадагы агып жаткандарды сатсак, анда сен миллионер, биз «кул»! Ха – ха – ха!!! Мына, мына аксакал, кай жагына бурайын. Оңгобу же солгобу? Айтпайсыңбы! Кайда?! Кайда?!..

Шамшар трубаларды ургулап кирет.

СЫРГАК: Мен кечирим сурадым го, Шаке. Трубаларга тийбе, Шаке. Араң эле турушат, мында каптап кетсе... Мен мас болуп калдым.
ШАМШАР: Сен «түбөлүк» көзүң ачылбаган массың!Мас бойдон өлөсүң! Даагы, — Мен да адаммын да! -деп коет. Жоктордункатарында экениңди билесиңби. Тигил жүгүрүп жүргөн келемиштердин запасындагы оокат экениңди билесиңби?! Сени бейишке ошолор чыгарат.
АКЫЙКАТ: Эртең элекыш келе жатат. Тим койчу, Шаке.
ШАМШАР: Ошол кышка жеткирбей жоготолу. Тигил алкаш досторундай бир жерге тоңкоюп өлүп калса, кайда апарып тоголотобуз. Бырылдабай, туржыйнал! Тур! АКЫЙКАТ: Бир ачууңду мага бер, Шамшар. Шаке?..
ШАМШАР: Үйүм! Үйүм! Богу — жиниң аралашып жатасың. Сага үйдү көрсөтөм. Жетээр жериңе жеттиң. Мээң жетсе муну «общий дом» дейт! Тигини сен илдиң беле? Жакшылап оку! Оку дейм!
СЫРГАК: Общий дом...
ШАМШАР: Жакшылап толук окугун!
СЫРГАК: Кыргызстан — наш общий дом!
ШАМШАР: Анан эмне бизге келжеңдейсиң. Шаардын ар бир бурчунда. Кычык – кучуктарда, чердак – подвалдарда, баарында сага окшогон алкаштар, мага окшогон элге жат көрүнүп батпагандар, Акыйкаттай сокурлар, Ботодой дудук, кереңдер... тентигендер...
...Баары! Баары!!! Баары сенин «общий домуңду» талашып келет. Өз элинде, өз жеринде баш калкалаганга кепе таппагандарчы?! Ха – ха — ха!!! Биздики хан сарай! Бир тыйын төлөбөйбүз. Жыргал эмеспи. Тиги квартирадан квартирага көчүп, кийим эмес кара курсактары тың тойбой, беш – алтыдан балдарын, өлөйүн деген кемпир – чалдарын жетелеген «мен кыргызмындарды» айтпайсыңбы. Менин үйүм! – деп коркутасың. Капачылык жок досум. Коңшу жертөлөгө көчүп кетебиз. Туурабы, Акыйкат? Мен тапкам! Мен апкелгем! Эй, мээң жетпесе даагы түшүндүрөйүн. Кыргызстан наш общий дом!!!

Баары үнсүз. Жымжырттыкты Ботокөздүн ачуу чаңырыгы бузат.

БОТОКӨЗ: А – аа – аай!Апа – аа – аа — аа!
АКЫЙКАТ: Апа? Апа дедиби? Ботокөз! Ботокөз сүйлөдү! Бото...
ШАМШАР: Бото!Ал кайда жүрөт. Ботокөз?!

Катуу чоочуган Бото боз ала болуп чыга келет.

БОТОКӨЗ: Ба – ба – ба... Баа — ла – ааа... Өө – өөө – өлүү! Ө — өөлүк!!!
ШАМШАР: Чын эле,Ботокөз сүйлөп жатат. Ал жакта эмне кылып жүрөт.
БОТОКӨЗ: Ба – аа — ла... ө — лүү...
АКЫЙКАТ: Бала дейби? Кайдагы өлүк?! Шамшар! Бул эмне титирейт?!
СЫРГАК: Эй, сен чын эле сүйлөп жатасыңбы?
АКЫЙКАТ: Кудайым ай! Айланайын Кудай, кулагым укканы чын болсо...
ШАМШАР: Кайдагы бала? Шашпай айт. Кайда?
БОТОКӨЗ: Бала – аа... Бал — аа...

Баары Ботонун сүйлөп жатканына ишене бербей тиктеп калышат.

АКЫЙКАТ: Оо, Теңир! Эмне унчукпай калдыңар? Бото! Бото сен сүйлөдүңбү?!
ШАМШАР: Эмне сасыйт десе, мына сага! Даагы мага өлгөн келемиштер деп коесуңар. Ушул сасып жаткан турбайбы. Тү — үү, ата! Курттап да кетиптир. Эч нерсеси да калбай калган го...

Шамшар жаш баланын өлүгүн ортого коет. Коркконунан Бото Акыйкатка жабыша калат. Дене — башынжыйрып Сыргак да артка кетенчиктейт.

АКЫЙКАТ: Эмне болуп жатат? Мынча сасык, чын эле өлүкпү?
ШАМШАР: Өлүк! Туулбай калса эмне. Жап жаңы ороосу менен экен.
АКЫЙКАТ: Оокат таап келем деп, энеси байкуш кайтпай калгандыр. Же...
СЫРГАК: Жеп салгандарын кара. Эми эмне кылабыз.
ШАМШАР: Келемиштерден калганын сага куурдак кылып берели. Эмне кылмак элек, адамсыңбы? Көмөбүз да. Мына сага жыргал жашоо... Тигил туш кийизиңди сыйрып кел, пендечилик кылып, ороп коелу. Жок дегенде ушул бечаранын керегине жарап кетсин. СЫРГАК: Андан башкалары да бар. Илинип турган жерлеринен сыйрып алгам.ШАМШАР: Бу дүйнөдөн эч нерсе көрбөсө да, “общий домдун” килемине оролуп кетсин. Ата – Мекендин жытын, демин сезип жатсын. Эмне аңырайып… Оробойсуңбу!
СЫРГАК: Коркуп жатам. Ботокөз оросун, кыз эмеспи.
АКЫЙКАТ: Эмнеге ороп жатасыңар. Жетпесе, менин көйнөгүмдү ал.
ШАМШАР: Кыргызстан наш общий домго! Сенин көйнөгүңө бул наристе батпайт. Бул келечек — турмушту оңдоого, кыргыз тукумун улантуу үчүн келген бул жарыкка! Биз батпаган «общий домго» оронуп... кененирээк жатсын.

Баланы баягы илинип турган килейген плакатка ороп, ортого коюп коюшат. Ар кимиси чаташкан коркуучтуу ойдон чыга албай турушту.

АКЫЙКАТ: Аябай жыттанып кетиптир ээ? Жатканына көп болгон го.
ШАМШАР: Жыттанмактан эч нерсеси калбай калыптыр. Жеп кетишиптир.
АКЫЙКАТ: Кайсы эне баласын таштасын. Мүмкүн, ал дагы өлүп калгандыр. Жакшылап карагыла. Бизге чейин канчалар жашаганын кайдан билебиз.
СЫРГАК: Мен корком, карабайм. Баланы эле карап турайын.
ШАМШАР: Ал бала бир жакка басып кетмек беле. Бас! Сенин тапкан үйүң!
СЫРГАК: (алаңдай) Мен мындан кетем. Биротоло кетем. Мындай шумдукту көргөн эмесмин. Биз өлсөк да ушинтип келемиштерге жем болот турбайбызбы.
ШАМШАР: Сенден баарын күтсө болот экен. Карааныңды көрсөтпөй кет!

Сыргак жыйнала баштайт.

АКЫЙКАТ: Энеси да өлүптүрбү? Эмне унчукпай калдыңар? Шаке, Шаке!
ШАМШАР: Биз мындабыз. Энеси жок. Оокаттары бар экен. Сен айткандай бирөөлөр жашаптыр. Мындагы оокаттарына караганда жалгыз аял тургандай.

Шамшар менен Бото түпкүрдөн оролгон төшөк, бир чемодан, бир пакетти алып чыгып ортого таштайт. Баары үнсүз.

СЫРГАК: Ачпайсыңбы.
ШАМШАР: Кетпей калдыңбы? Сен ач!
СЫРГАК: Ачкандын окуусу бар дейсиңби. Келе. Жок! Жок! Өзүң эле ач.
ШАМШАР: Аял жашаганы көрүнүп турбайбы. Бечаранын кийимдери бүт калыптыр. Ал, Бото. Кийип аласың. Чемоданы менен алгын.
СЫРГАК: Сасыгына киши чыдагыдай эмес. Муну эртерээк жоготолу.
ШАМШАР: Мусулмансыңбы? Бир жерге көмүш керек. Төшөктөрү таптаза бойдон экен. Оокаттарына караганда баласын таштап кетчүдөй көрүнбөйт. Кырсыкка кабылган окшойт. Сен эмне кетпей турасың.
БОТОКӨЗ: Ак – а — ча! Ак — ча! Кө — өп ак – а – ча!!!

Ошол учурда Ботонун үнүнүнөн баары катып калышат.

СЫРГАК: Эмне?! Кайдагы акча?! Ой, энеңди – ии! Чындап эле акчалар го...
ШАМШАР: Тур мындай!
СЫРГАК: Шаке, тигилерге кереги эмне, экөөбүз бөлүп алалы.
ШАМШАР: Карыптардан талашкандан көрө, өлсөңчү. Акмак!
СЫРГАК: Сен экөөбүздөн кайыр сурагандар көп акча табат. Неге бооруң ооруйт. ШАМШАР: Тарт колуңду акмак! Ботокөз саначы, канча экен. Сана!

Көзү акчадан өтүп, алактаган Сыргак, колуна тийген темир менен бейкапар турган Шамшарды чаап жиберди. Экөө жакалашып, Шамшар орто жерде жаткан баланын өлүгүнө чалынып жыгылат. Учурдан пайдаланган Сыргак Шамшарды бычак менен сайып жиберип, баланын өлүгүн тигинден ары тээп жиберет. Шамшар үнсүз жатып калат. Коркуп кеткен Ботокөз баарын таштап чаңыра Акыйкатка жабышат. Өзүн жоготуп койгон Сыргак эми Акыйкатты коляскасы менен көңтөрө тебет. Анан кан болгон бычакты кызга такай алактай кыйкырып кирет.

БОТОКӨЗ: Ап – ап — аа!!! Ак -ыы– аа — ай!!!
СЫРГАК: Чыгарба үнүңдү! Аркасынан кошо жиберем. Олтур. Ой, энең – ди — ии! Тирүүсүңбү. Ме, ме сага! Боорукердигин мунун! Мени акмак деп...
АКЫЙКАТ: Атаңардан калган алтынды талашып жатасыңарбы. Бото? Шамшар, сен кайдасың? Шаке, Шаке?!
СЫРГАК: Чыгарба үнүңдү! Аркасынан сени да кошо жиберем! Керек болсо, мууздап салам. Жан керек болсо, үнүңөрдү чыгарбай олтургула. Мунун баарын Ботокөздү кийип ал! — деп. Буларды базарга апарып сатсам ого эле көп акча болот. Эмне, тиктейсиң? Караба! Азыр санап көрөм, кытып алган болсоң өлдүң керең! Ии, алган жоксуңбу.
АКЫЙКАТ: Акмак болбо, Сыргак. Эсиңе кел. Кудайдан корксоң боло.

Сыргак жан талаша акча санап кирет. Бото жек көрүп карап турат.

СЫРГАК: Ошо Кудайыңды сага эле бердим! Жөн олтур. Болбосо ээрчишип чыгып кеткиле. Жолуңарга түшкүлө! Жогол! Жаңылтып салды, канча болду эле? Көптөн бери мынча акча санабай, колдон сыйгаланып кетип жатканын көр, ой! Кудай берет деген ушул. Мен өлбөйм! Өлбөйм!
БОТОКӨЗ: (Шамшарга жабышат) Ба — ке... б — аа — ке... Тур! Тур!
СЫРГАК: Байке жок! Байке өлдү! Тостойгон көзүң дурайын! Эми мени, -Байке! Байке! — дейсиң! Уктуңбу?! Бир кезде так ушундай пачка — пачка акчаларды ушул колум менен санагам. Сапыргам! Мени адам эмессиң дешип... Силер ким экенсиңер? Бириң сокур! Бириң дудук! Тигиниң түрмөдөн чыккан. Мени деген, -Интелегент! – деп коет. Акмактар! Силер мында арам өлөсүңөр. Ха — ха! Тигинтип келемиштерге жем болосуңар. Чыгаргыла, жаныңардагы болгон акчаңарды. Тез! Тез! Азаматсың! Бул жерден кетем, эл барган Россияга мен бара албайт бекем. Кетем! Сыргак өлбөйт! Сыргак өлбөйт! Көрдүңбү муногу акчаларды. Ха – ха — ха!!! Ботокөзмени менен кетесиңби? Эмне экен, киймимди жууйсуң, тамагымды бышырасың, түндөсү...Тигини. Ага деле макул. Муногу акча бар, сен да, мен да бар! Түшүндүңбү?!Акча! Акча! Энеңди гана урайын ушул акча мени тентитип, таш талканымды чыгарды ээ?! Бери бас!
БОТОКӨЗ: Ап – аа — аа! Ап — аа – аа... Ап – а – аа — аа — аа!
СЫРГАК: Сен мени менен кетесиң. Сокурду ташта. Уктуңбу?! Бас бери!

Шамшар Сыргакка экөө бир топко алышат. Ботокөз Акыйкатка жабышат. Акыйкат жыгылган жеринде экөөнө жалынып жатты. Сыргак Шамшарды бычак менен сайып жиберет. Ага удаа баягы темир менен чапкылайт.

СЫРГАК: Мага тийишпегиле дебедим беле. Эми жат. Кара жерди кучактап. Кош, Ала– Тоо, уулуң кетти майданга! Эмне карайсың?! Бул да согуш! Мурда сырттан кирген жоолор менен сайышсак, эми алдуулар алсыздарды өлтүргөн заман. Бул согуш эмеспи?! Эмне турасың, жыйнал! Мунун баары биздики. Сен экөөбүз кетебиз. Булардын баары керек. Ашык оокат болбойт. Сен мени кечирип кой, Шамшар. Өзүң тийиштиң, өзүң!
АКЫЙКАТ: Айланайындар! Чатак чыгарбагыла. Токтоткула!
БОТОКӨЗ: Ме, сага! Өл! Өл!(Шамшарга) Тур! Тур!
СЫРГАК: Сен мени бычак менен сайдыңбы, Ботокөз?! Акмак десе! Мен сени алмакмын. Менин жашагым келет. Мен… мен…
БОТОКӨЗ: Сен жаман! Жаман!
СЫРГАК: Ой энеңди, ушул заманда жакшыны кайдан табасың? Өлгүң келбесе менин этегимди карма. Мен сени өлтүрбөйм.

Ботокөз Шамшардын жанына баланы кошо жаткызып,үстүлөрүнө төшөк, анын үстүнө илинип турган плакаттын бирин сыйрыпжаап, Акыйкатты сүйрөп жөнөйт. Жерде оонап жаткан Сыргак тигилерге жалынып жатты.

АКЫЙКАТ: Кайда бара жатабыз, Ботокөз?
БОТОКӨЗ: Билбейм.
АКЫЙКАТ: Эч нерсе түшүнбөй калдым. Шаке, Шамшар! Үнүңдү чыгарчы. Эй, Сыргак! Сен кайда жоголдуң? Кайдасыңар?!
СЫРГАК: Акыйкат! Ботокөз, мени таштабагыла! Мен... мен тирүүмүн! Мени таштасаңар өлүп калам. Акыйкат, таштай көрбө.
АКЫЙКАТ: Кем акыл! Жазаңды Кудай берсин! Өз тагдырыңды өз жазаңды өзүң тандапсың. Эми ушул жерде биротоло кал. Кайда барабыз? Кайда бара жатабыз, Ботокөз?
БОТОКӨЗ: Билбейм... билбейм...
СЫРГАК: Келемиштер... Жо — оок! Корком! Корком! Акыйкат, мени таштаба! Ботокөз айланайын, таштабагыла! Акыйка – аа — аат?! Акыйка – аа – аат!!!

Сахнанын түпкүрүндө кетип бараткан эки караан. Светтин жарыгынан «Кыргызстан — наш общий дом!» — деген ураан даана көрүнүп турат. Музыка.

АЯГЫ

 

19-февраль. 2004-жыл.
Бишкек шаары.

 

© Чынар Калыбекова, 2004