БЕТ АЧАР

Бисмиллахи ррахмаани ррахиим!
«Кармаган калем, жаэдырган илхам менен ант берем». (68-сүрө, 1-аят)

Кайда күндөр шапар тээп ойногон, кумар-отко канбаган да тойбогон?
Түккө арзыбас азгырыктар кылактап, көздү боёп салган экен ордодон.

Жетеленип жердеги жок кыялга, жел сыяктуу атак үйүп жыярда этегимди кагып,
басып кеттим мен чырт түкүрүп пайда менен зыянга.

Майда-барат жеңиштерге шыктанып жүрө бербей, жанды аман куткарып,
келдим мына буудай өскөн айылга улуу дастан баштаганы кут даарып.

Далай күндү өткөрүпмүн обу жок, жаныма бир кайрымы жок, сообу жок.
Шарап ичип дуулдапмын, катыгүн, эске келбей эртеңки күн, болочок.

Элүү жашка келейин деп калыпмын. Ырыскысын терип жедим кайыптын.
Бул дүйнөдө не бир даңгыр жол жатса, өз башымды шорго алпарып сайыпмын.

Ырга гана берипмин баш отумду, ыр менен мен көтөрүпмүн тосумду.
Магдыраткан мактоо сөзгө кул болуп, аябапмын касымды да досумду.

Азайбастан ошол курчтук үрөнү, өмүрүмдү өргө тартып сүрөдү.
Акындыктын оомат келген учурун жылчыгы жок нөшөр кылып төгөлү...

Сөзгө айланып жандүйнөмдүн жарыгы, улам ысып саптарымдын тамыры
миллиондордун жүрөгүнө өрт коер мен тандаган жылдызымдын жарыгы.

Ант кыламын: дилимди бүт беремин, өзүмдү өзүм жууруп миң бир ийемин.
Актыктын бул эң бир улуу жолунда билем далай чычаладай күйөмүн.

Оңой жолду тандабадым атайы, өзүмдүн бир алкагымды ачайын.
Буга чейин бермет болсо тизгеним, эми алмаз чачыламды чачайын.

Өмүрүмдүн ширин, шербет асилин, рухумдун бүткүл турпат, насилин
коштум ушул дастаныма кош колдоп, окуп калсаң улуу олжо, насибиң!

Медет болоор жаныңа күч аласың, туңгуюктан чыгаар жолду табасың.
Кулу болбо күнүмдүк көр курсактын, мөлт деп бир күн кара жерге тамасың. 

Ошол күндү ойлобостон дууладык, жандүйнөбүз көөлөнүп, ууланып.
Чындыгында өзүбүздү алдадык алдайбыз деп бирөөлөрдү кууланып.

Кесепеттүү көп иштерди жасадык, билип, билбей арам тамак ашадык.
Чектен аштык малы-пулду пир тутуп, дүйнөгө биз түркүкпүз деп жашадык.

Кудай Таала, кечире көр, кечиргин! Келди менин эл-журтума чечилгим.
Чоң дастанды тобокел деп баштадым, кеч баштадым, кеч жетилдим, кеч билдим.

Жерде калбайт, тарайт акыр чет тилде, жабалактап окуйт балдар кеч кирсе.
Чоң аталар жасап алат кайыштан эгерде көп мукабасы эскирсе...

«Ким эле»? — дейт. «Эгемберди», - дешет эл. Низамиден окуган дейт билсе эгер.
Бул дастандын түбү миң жыл арт жакта, устат мага кажыбас күч, дем берээр.

Устат менен жети жылы таймашкам; жети жылы сөз талашып чырдашкам.
Ушул жолго алып келди акыры, устатыма берген жообум шул дастан.

Гянжабадда жатса дагы табыты, бет алдымда жүрөт рух-чабыты.
Уктап кетсем: «Тур! Жазгын!» — деп ойготот өлбөстүккө баштап ырдын багытын...

Көкүрөктө дил тазарып, агарып, ортобузда калбайт эч бир аралык.
Ошол улуу байланыштын үзүрү шоола болуп жатат мына таралып.

Сөздүн баары касиеттүү, сыйкырдуу, миң тамырлуу, миң өзөктүү, миң кырдуу.
Мен тандаган сөз өзгөчө... Бул сага өмүр бою болот ынак жан курбу.

Андыктан сен пейилиңди кенен сал, жандүйнөңдө болсун ыраат, сарамжал.
Алдастаба, алда кайда шашылба, ишиң бүтпөйт келгичекти шум ажал.

Бүт бардыгын алтын дештен алысмын, кимге кандай керектигин алышсын.
Ай-ааламды жууруп салдым тулкуна, алптар менен атаандашып жарыштым.

Бул дастанга түз жол менен келбедим, келгенчекти азап тартып, тердедим.
Башка акындар даай албай коркушкан Эверести багынтам деп мелжедим.

Рухумду түптүү кылып чыңалтып, Кудай Таала кубат кошту шык артып.
Буга чейин эч ким мындай дастанды жазган эмес, ошондуктан куну артык.

Миңдеген жыл адамзаттын акылын, көкүрөгүн ээлеп алып жашырын
келе жаткан туюк суроо, сырга бай... Мен дайрадай буркан-шаркан ташыдым.

Күрпүлдөгөн шоокум салып узактан көк деңизди эңсеп актым башаттан.
Агымына кулак салсаң тазарып өмүрүңдү арылтасың азаптан.

Тирүүлүктүн миң бир сыры кубулган, авазынын угулганы угулган.
Чыйраласың, көтөрөсүң бооруңду, маңдайыңа жарык чачат улуу таң.

Бул дүйнөгө келип кетүү чоң сынак; бирөө бийик дабаандарга жол салат,
бирөө өтөт аты-жыты билинбей, бирөө жыргайт бүткөн ишти талкалап.

Жараткандын буйругуна көнөсүң, чыйырынан чыкпай басып жүрөсүң.
Түшүмө да кирген эмес бул дастан, эми менин болду бүтпөс күрөшүм.

Мен тандаган тагдыр башка, бөлөкчө, жашап келет санак жетпес жүрөктө.
Аны менен оозданып таң атат, эстейт аны бул дүйнөдөн ким өтсө.

Ошондуктан оку таза дил менен, барактаба колуң менен кирдеген.
Эсте дайым: экөөбүз тең пендебиз, бул ааламдын сыры көп биз билбеген...

...