Эки соодагер кездешип,
Саламдашып жай сурашты.
Базар наркын чечмелеп,
Ар кайсы кепти улашты,
Эпилдешип жацылыктычубашты.
Андан киши биринчиси,
Мурдун суртуп, 
Ыйламсырап ушкурду.
— Тоокторум жумуртка бербей,
Соодамды төмөн тушурду.
— Эмнеге туубай калды,
Же корозуц өлуп,
Тоокторуц жесир калдыбы?
— Жок, корозум шаарга, Ээлигип заматта,
Парламентке кетти.
Отуз мекиян
Аздык кылат,
Аны жузгө жеткирем,
Чечип берсин,
Датымды угуп,
Жуйөмду билсин -
Деп, корозум,
Сыланып, сыйпанып кетти.
— Эмнеге ээлигет
Ээн баштанып, өзу билеби?
Тооктун тагдырын Парламент чечеби?
— Жо-ок, андай эмес,
Менин корозум акылдуу,
Парламент чечип туйунду,
Эки аялдуу болобуз - деп
Адамдар бекем суйунду,
Менин да оюм эгиз болду,
Алардан кем белем, -
Деп корозум куйунду.
Намысына келди,
Кой дегениме болбой,
Шаарга узап кетти.
Ошентип, тоокторум туубай,
Жумурткасы кемиди.

Корозумдун тилегин берсе,
Намысы колго тийсе,
Жузду артынан ээрчитсе,
Жумурткасын сегиздеп берсе,
Соодам көкөлөду дей бер.
Курбум «акылдуу» корозум,
Ушундай камдуу,
Тилегине жетсе
Тоокторум эмес,
Суйунуч да менде.