ТӨШТҮК КӨКДӨӨ МЕНЕН УРУШУП ӨЛТҮРҮП, 
КОНОКБАЙДЫ КАН КЫЛГАНЫ

Чымын жандан чочунуп, 
Чын тулпарды токунуп, 
Жар-жаракты шайланып, 
Ач болотту байланып,

Ай карарып түн болуп, 
Эки эрендин башына 
Аябай мүшкүл күн болуп, 
Желдүү тунук булакка, 
Чекесине түшүшүп. 
Күлазыктан чайкашып, 
Алмак-салмак ичишип, 
Эс-акылды жыйышып, 
Эске алып атты токунуп, 
Эсил жандан чочунуп, 
Жай-жаракты шайланып, 
Кынсыз кылыч байланып, 
Кайра жаар булуттай 
Каар бетине айланып, 
Ок өтпөгөн кымбат тон 
Сырттарынан кийишип, 
Ок жетпеген тулпарды 
Эми токуп минишип. 
Ээр белдей дөбөгө 
Эр Конокбай ошондо 
Кароол карап турду эле. 
Камбыл экен Конокбай 
Кароолдо туруп бакырып, 
Кан Төштүктү чакырып, 
Белесте туруп бакырып, 
Берен экен Конокбай 
Бек Төштүктү чакырып, 
Боконо сөөгү болкулдап, 
Бокту ичеги солкулдап, 
Айта-буйта дегиче, 
Ачып көздү жумгуча, 
Чалкуйрук оозун бурду эле, 
Сырттан эрдин алдына 
Конокбай барып турду эле: 
«Элемандын эр Төштүк, 
Эрикпей жорткон сен, Төштүк! 
Балбан элең, бөрү элең, 
Жер алдында Көкдөөнүн 
Каарын тарткан эр элең. 
Найзакерден ыктуу элең, 
Жаралган адам уулунан 
Өтө сырттан мыкты элең 
Аябаган дүмөктү 
Баштап келген эр элең. 
Жер үстүндө калкыңды

Таштап келген эр элең! 
Элемандын сырттаны, 
Мен көргөндү көрдүңбү? 
Мен билгенди билдиңби? 
Үзгүлтүк, тоонун урчукта, 
Үңүрөйгөн тумшукта, 
Боз адырдын бетинде, 
Боз мойноктун четинде. 
Казылган калың ор келет, 
Жер жарылып мол келет. 
Колу санга бөлүнөт, 
Калың колун жайнатып, 
Кара нээт чоң Көкдөө 
Айдап алган көрүнөт. 
Сени кармап алууга, 
Кырк аркан бою зынданга 
Алып барып салууга, 
Мени кармап алууга, 
Жол үстүнө сүйрөтүп, 
Даңгыттарга жарууга, 
Бакандуусу бетинде, 
Баатырлары четинде, 
Кылыччандар бетинде, 
Кыйындары четинде, 
Найзачандар бетинде, 
Арстандары четинде. 
Аламан коюп чуркурап, 
Атышты арбын салыптыр, 
Азыр кармап алууга 
Эбин тапса, Төштүктү 
Курмандыкка чалууга, 
Кутургуруң желигип, 
Кармап кырып кетчүдөй 
Калган экен ээлигип. 
Колу топтоп бөлүнбөйт, 
Жан коер чочко көрүнбөйт. 
Боз мунарык, күйгөн чаң 
Болжолун көрсөң, кыйла жан. 
Үркүп-дүргүп дыркырап, 
Көкдөөлөп ураан чакырып, 
Каптап кетер көп келет, 
Колдун түрү башкача 
Кулак-мурун жеп келет. 
Ээлигип бакырса 
Эсине түшөт чоң санаа

Жан коер эме көрүнбөйт.

Сырттан Төштүк, кебимди ук!

Барса келбес эң кыйын,

Дегенине көнгөндө,

Кырк бир чаар тулпарын

Таап келип, бергенде,

Мында да жакпай да сен калдың,

Барса келбес кыямат

Казанына барганда,

Буюрган жети мөрөйүн

Тегиз кылып бергенде

Мында да, Төштүк, жакпадың.

Асман ачык, жер бүркөө

Керик минип бил минип,

Келе жатат балбаны,

Кеңири болгон талаада

Керишти мыктап салганы...

Ааламга татыйт көрүнөт

Бу Көкдөөнүн жаңжалы.

Эченге колу бөлүнбөйт.

Түшүп калса торуна

Жан коёр акмак көрүнбөйт,

Бул Көкдөөнүн колуна.

Кармашты калың кылат го

Кармашса жанды соёт го?

Бул Көкдөөнүн көп балбан

Аламан уруш коёт го?

Туура жанды аябай.

Тутушуп уруш кылбасак,

Туура кармап соет го?

Каптаган экен калың кол,

Калың колго кол салсак,

Кайнайт экен биздин шор?

Балбаны башка Көкдөөнүн

Алпы каптап келатат,

Көкдөө баштап, көмүлгүр,

Жалпы каптап келатат.

Айтканым ушу билип ал,

Ыгын өзүм билемин,

Сырттаным, менин тилимди ал!

Найза имерип ыктуу сай,

Сырттандыгың чын болсо,

Жоонун айласын билип, мыкты сай!

Алайгырчан Конокбай

Ажал жетсе, өлөрмүн.

Амалым болсо мен эми, 
Сырттаным, сенин өзүңө 
Караан болуп берермин», — 
Конокбай балбан муну айтып, 
Айтып оозун жыйгыча 
Кудай бетин көрсөтпө, 
Быкылдап каптап кол келет, 
Азгана эмес, мол келет. 
Абайласа Төштүккө, 
Бир башына зор келет. 
Эрендерин, дөөлөрүн 
Эпсиз айдап алыптыр, 
Чоюнбаш чабар дангылын, 
Найза саяр камбылын 
Алдыга айдап алыптыр, 
Караргандан түнөрүп, 
Катуу жаңжал салыптыр. 
Көкдөө келет күүлөнүп, 
Көп колуна сүйлөнүп: 
«Элемандын Төштүгү, 
Азып келген акмактын 
Казан менен кармашып, 
Мууну кеткен былкылдап, 
Көзү кеткен жылтылдап, 
Эти кетип, сөөк калган 
Каны калган бир кашык, 
Эти калган көк жашык. 
Коркпой-үркпөй, балбандар, 
Такыр каптап калгыла! 
Азып-тозуп тентиреп 
Азып келген Төштүктү 
Тирүү койбой, кылычтап 
Эми башын алгыла! 
Бириң эмес, миң сайып, 
Миң-саның катар кол салып, 
Оодаргыла аз эсин, 
Чыгара чаап мээсин, 
Тигинен уруш салгыла, 
Элемандын Төштүгүн 
Тим эле кармап алгыла! 
Тездик менен өлтүрбөй, 
Кордоп жүрүп өлтүрүп, 
Кордукту койдой салгыла! 
Калың бербей, кыз алган 
Элемандын Төштүгү,

Каргыш тийген кандай жан? 
Эзип эсин кетирип, 
Эмгекти мыктап салгыла. 
Эки колун тең байлап, 
Эки көзүн тең чукуп, 
Чыккыс орго салгыла. 
Тирүү койбой Төштүктү, 
Тындым кылып калгыла!» 
Көкдөө муну айтканда, 
Балбандардын баарысы 
Катар найза сунду дейт, 
Балбандардын баарысы 
Кылычтын мизи кылтылдап, 
Найзанын учу жылтылдап, 
Аламандап кол салып, 
Балбан кайнап кол жүрүп, 
Камгак учкан эмедей 
Азыр кайнап мол жүрүп. 
Мындай дүмөк ким көргөн, 
Түркүн-түркүн сөгүлүп, 
Каптап көп кол көрүнүп, 
Көрүп туруп ошондо 
Элемандын сырттандын 
Көңүлү жаман бөлүнүп 
Элемандын эр Төштүк 
Казан издеп бул байкуш 
Чама чарчап, ал кетип, 
Сууга кирген эмеспи, 
Казандан кайтап тартканда, 
Айыкпаган чоң мүшкүл 
Чууга кирген эмеспи! 
«Түшкөн адам чыккысыз 
Торго түшкөн экемин. 
Жалынсам жанды койбогон, 
Чылгый балаа кан ичме 
Кызыталак бул Көкдөө 
Көргө түшкөн экемин». 
Кан ичмейи чын кармап, 
Сыр найза кармап имерди, 
Канаттуу күлүк Чалкуйрук 
Такымга тартып жиберди. 
Болот найза колго алып, 
Көкдөө кандын көп балбан, 
Көк жал Төштүк кол салган, 
Эңкейиште эр сайып,

Эченин катар тең сайып, 
Баскан жери быркырап, 
Этине келген Чалкуйрук 
Учуучудай дыркырап. 
Жеткен жерин кулатып, 
Көкдөө кандын көп балбан, 
Күндөп-түндөп урушуп, 
Төштүк салды чоң жаңжал. 
Кыргынды кыйла салды эле, 
Кыйын такаат бергенин 
Элемандын сырттаны 
Кылычтап башын алды эле. 
Быяк жагын караса, 
Алайгырчан Конокбай, 
Алайгыр менен ойнотуп, 
Көкдөөнүн алп, балбанын 
Айдап кырып сойлотуп, 
Алган экен Конокбай. 
Элемандын Эр Төштүк 
Жер үстүндө жүргөндө 
Жеке башым зор болгон, 
Жер алдына түшкөндө 
Жерге кирген Көкдөөгө 
Жетимден жаман кор болгон 
Өөдө-төмөн карабай, 
Өлөмүн деп санабай, 
Өлүмдөн жанды аябай, 
Көкдөө жайын караса, 
Көк тулпардай ат минип, 
Көк темир калкан тон кийип 
Көк жамынчы жамынып, 
Көрөр болсоң ал капыр 
Көк камандай чамынып. 
Элемандын сырттаны 
Акыл санап, кеп ойлоп, 
«Көкдөө менен мен эми 
Алышайын» — деп ойлоп, 
Түздөп найза сунушуп, 
Элемандын сырттаны 
Көкдөө менен урушуп, 
Түз беттешип барышып, 
Түз кармап найза сайышып. 
Найза кыйрап чыдабай, 
Тутамы колдо калышып. 
Айбалта менен салышып,

Айбалта башы быркырап, 
Сабы колдо калышып, 
Жарактын баары быркырап, 
Чоюнбаш менен чабышса, 
Башы асманда дыркырап. 
Калктын баары жарданып, 
Көкдөө менен Төштүккө 
Карап турду танданып. 
Кезек менен салышып, 
Кез-кездешип калышып. 
Тулпарлар оозун бурушуп, 
Турду минтип урушуп. 
Чоң дөөлөрү кутулуп, 
Чобурдун баары тутулуп, 
Айгайлашып алышып, 
Көкдөө менен эр Төштүк 
Аркы-терки чабышып, 
Маңдай-тескей турушуп, 
Мылтык атып, жаа тартып, 
Былчылдашып урушуп, 
Тулпардын баары жутунуп, 
Көк темирден туулга 
Көмүрдөй болуп тытылып, 
Көргөндөр жандан түңүлүп, 
Ок өтпөгөн чопкут тон 
Канжыгадай тилинип, 
Элемандын сырттандын 
Сырттандыгы билинип. 
Элемандын сырттандын 
Ысыгына баталбай, 
Суугуна жаталбай, 
Көкдөө жүрөт күйүнүп, 
Аяктай болгон чакмак эт 
Элемандын сырттаны 
Аркасынан Көкдөөнүн 
Найза менен булуптур. 
Чамаа, чарчап, ал кетип, 
Бүткөн бойдон Көкдөөнүн 
Тарам-тарам кан кетип, 
Көктулпар оозун буруптур. 
Көп балбанын чакырып, 
Көмүлгөн капыр ал Көкдөө 
Керээзин айтып туруптур: 
«Көкдөө, Көкдөө болгонум, 
Көкдөө атка конгонум,

Эчен алп менен кармашып, 
Эчен дөө менен алышып, 
Эчендерди соргомун. 
Каза таап өлбөдүм, 
Бул өңдөнгөн балааны 
Жер үстүнөн көрбөдүм. 
Чабышып чама келгисиз 
Кызыталак Төштүккө 
Чарпышкан аман кеткисиз. 
Барган жан аман тартпаган, 
Өлүмгө жумшап кыйнадым. 
Баргандын баарын талкалап, 
Чиймек болду сызыкты, 
Кылмак болду кызыкты. 
Баштамак болду башыма 
Киши көрбөс бузукту. 
Оңтойлоп найза урду эле, 
Омурткамдын бети ооруйт, 
Чоюнбаш менен урганда 
Капкараңгы шум жайды 
Көрүп кала жастадым, 
Ичи-тышым чок болуп, 
Сүйлөөргө тилим жок болуп, 
Кыяматтын кыстоосун 
Көрүп кала жастадым. 
Эрдик менен шердиги 
Элемандын Төштүгү 
Кыраандардын өзү экен, 
Мени кармап союуга 
Өрттөнүп кеткен бул Төштүк 
Өлчөп жүргөн кези экен. 
Төштүк менен кармашып, 
Күпсөрдө * дарым күбүлдү. 
Күркүрөгөн эр Көкдөө 
Кайран жандан түңүлдү. 
Билеги жоон, таш жүрөк 
Миң дөөнү аман коёбу 
Бул өңдөнгөн бадирек?!* 
Дегенине көнбөсөң, 
Журт, багынып бербесең, 
Кашайта көздү ойгудай, 
Калтырбай жанды сойгудай 
Кыргын кылып баарыңды, 
Кызык кылып талкалап 
Кыйын кылып салгыдай.

Өлчөөсүн көрдүм Төштүктүн: 
Кагыш кылып кармашкан 
Жандардын алы жеткисиз. 
Айлап-жылдап чабышсаң 
Арстандын тиши өткүсүз. 
Маа жолугуп калганда 
Кара таз болуп кубулуп, 
Өзү бөлөк түрүндө 
Өрттөнүп кеткен бул Төштүк 
Душман экен зилинде. 
Бир жагынан карасам, 
Коломтодон кор чыкты, 
Конокбай балбан зор чыкты. 
Талаага бирге конушту, 
Биригип жолдош болушту. 
Тартып берди сырымды 
Айтып берди чынымды. 
Жанымдан калдым түңүлө, 
Конокбай балбан ээ болот, 
Түбүмдө менин үбүмө *. 
Элемандын сырттаны 
Жетмек болду түбүмө. 
Казмак болду орумду, 
Кайнатмак болду шорумду. 
Салмак болду башыма 
Бенде көргүс сонунду. 
Эрге эңкейбес мен Көкдөө 
Эсим кетип баратат, 
Ичи-тышым өрт болуп, 
Бүгүн Көкдөө кайгырдым, 
Денеде жети башы бар, 
Эң сыйкырчы акылман 
Кемпиримден айрылдым. 
Жети күн тынбай салышып 
Карадөөмдү союптур. 
Кырк кулактуу казаным, 
Бир бөйрөгүн талкалап, 
Майып кылып коюптур. 
Жети мөрөй мен койсом, 
Жетөөнү катар сомдоду, 
Кулак угуп, көз көргөн

Жер алдында дөөлөрдө 
Кутурган мындай болбоду 
Балбандыгы башкача 
Балаага келген кандай жан?» — 
Арманын айтып элине. 
Айтып оозун жыйгыча, 
Алайгырга камчы уруп, 
Конокбай балбан жеткени. 
Жеткен жерде Көкдөөнүн 
Башында темир калканын 
Ыргыта коюп өткөнү. 
Балбаны каптап баргыча, 
Көкдөө кандын башына 
Көтөрүп кайта салгыча, 
Элемандын сырттаны 
Тозонун тоодой буратып, 
Чалкуйрук менен чуратып, 
Кайран катын Кенжеке 
Каалап берген ач болот, 
Кармаган экен сабынан, 
Суурган экен кабынан. 
Ызырканып ошондо, 
Элемандын сырттаны 
Кылычты колго алды эле. 
Каарданган капырды. 
Кадимки Көкдөө баатырды, 
Какыйып туруп ошондо, 
Шилтеп келип өттү эле, 
Башы кетти быркырап, 
Бадырайган Көкдөөнүн 
Жаны кетти чыркырап. 
Калган журттун баарысы, 
Жашы менен карысы 
Аттан түшүп жүгүрүп, 
Тизеси жерге бүгүлүп, 
Салам айтып сабылып, 
Чуркурашты ошондо 
Эр Төштүккө жалынып: 
«Каныбыз акмак эмеспи, 
Элемандын сырттаны, 
Калың журтта не жазык? 
Бегибиз акмак эмеспи,

3

Бекер журтта не жазык? 
Жер жайнаган эл мына, 
Жеткире кырсаң биз мына, 
Эки тизгин, бир чылбыр 
Эми колго илиңиз, 
Кыргын кылбай эл-журтту, 
Сырттан эр, өзүң билиңиз!» 
Калайык эми ошондо 
Каптап түштү алдына, 
Журт багынып, эл толуп, 
Көкдөөнү жайлап жиберип. 
Калың журт менен эл болуп, 
Жер алдынан Эр Төштүк 
Сырттандыгын билгизип, 
Эр Конокбай баатырга 
Алтын таажы кийгизип. 
Алтын такка мингизип, 
Калкка кабар салды дейт, 
Элемандын сырттаны 
Эр Конокбай баатырды 
Кан көтөрүп салды дейт. 
Эки тизгин, бир чылбыр 
Эр Конокбай баатырың 
Эми колго алды дейт, 
Эр сырттаны Төштүктүн 
Аркасы тийип калды дейт. 
Конокбай жайы ушундай: 
Сандыргалуу * кан болуп, 
Салакалуу жан болуп, 
Ордо күтүп, кан болуп, 
Олуязаада жан болуп, 
Кол кармашкан жолдошу 
Кордукта жүрүп чоң болуп 
Конокбайдай жан болуп 
Оңу менен солунда 
Сүткөл, майкөл бар болуп 
Элемандын сырттаны 
Жер алдында жолду алып, 
Быйтыкүң менен Күлайым,

Эки сулуу кыз алып, 
Ойлогону Кенжеке 
Көп кызыкка эр Төштүк. 
Батпай кеткен эмеспи, 
Жети Күн эле бир туруп, 
Андан ашык жанына 
Жатпай кеткен эмеспи, 
Шамал айдап оодарган, 
Дууга кеткен эмеспи. 
Басылбаган балаалуу, 
Элемандын сырттаны 
Чууга кеткен эмеспи. 
Канаттуу куш каттагыс 
Жерге кеткен эмеспи, 
Азгыруучу азгырып, 
Элемандын сырттаны 
Селге кеткен эмеспи.

  • Түп нускада жазылышы боюнча бул сөз «сырымды», салттык формула, ойдун логикалык ырааттуу өнүгүшү боюнча туурасы «чынымды». 

  • Түп нускада катчы шашып жазганда «кадики» деп ката жазылган. 

  • Түп нускада «билгизди», кийинки ыр саптарынын уйкаштыгына караганда туурасы «билгизип». Жазуу учурунда кеткен ката. 

  • Түп нускада «Конкбай» деп ката жазылган. 

  • Түп нускада «болгон». Ырдын уйкаштыгы боюнча туурасы «болуп». Жазуу учурунда жаңылыш кеткен ката.