КӨКДӨӨ ТӨШТҮКТҮ: «БАРСА КЕЛБЕСТЕГИ 
КЫРК КУЛАКТУУ КАЗАНДЫ АЛЫП КЕЛ»,— 
ДЕП ЖУМШАГАНЫ

Эң кийинки мөөрөйүн 
Эң эле катуу кылыптыр: 
Барса келбес жак экен, 
Ал Көкдөөнүн өзүндө 
Кырк кулак казан бар экен: 
«Сырттан болсоң, эр болсоң, 
Ааламды буй кылган 
Аябаган шер болсоң, 
Тогуз уулдун кенжеси, 
Элемандын эркеси, 
Сырттан Төштүк, сен болсоң, 
Зордугум тоонун теңиндей, 
Ким көрүнсө жегидей. 
Кайнатаң Көкдөө мен болсом, 
Кечээ жер үстүнөн токсон алп, 
Жер алдынан токсон алп, 
Жыйын кылып калганда, 
Кырк кулактуу казанды 
Колумдан тартып алганда, 
Ит ичпестин Ала-Көл 
Алып барып салганда, 
Колумдан кетти казаным, 
Казандын өттү азабы, 
Ал казанга барып кел, 
Казанды мында алып кел. 
Айткан тилди албасаң, 
Ал казанга барбасаң, 
Көрүнбөгүн көзүмө, 
Жолобой кет өзүмө. 
Казан жайын сурасаң, 
Кырк кулагы кырк жакка 
Тилек тилеп ачылган,

Ал казандын үстүнө 
Бакты килем жазылган. 
— Кайнагын! — деп казанга, 
Кабар берип турганда, 
Дүйүм тамак бар болуп, 
Дүнүйөсү жайнаган, 
Кайнаса ашы коюлган, 
Аалам журттун баарысы 
Бир казандан тоюнган. 
Кереметтүү кең казан 
Эмине айтса бул болгон 
Телегейи тең казан 
Андай казан кабылбайт, 
Адамга мындай табылбайт. 
Ал казанга барып кел, 
Куру келбей алып кел! 
Касиетин көрүп кел, 
Ала албасаң казанды, 
Тирүү жүрбөй өлүп кел. 
Кандыра калың бербесең, 
Тойдура той бербесең, 
Сенин Төштүгүң кайда экен? 
Кырк кулактуу казанды 
Көрсөтпөсөң көзүмө, 
Кыйноону кызык көрөсүң 
Кызыталак сен, Төштүк, 
Ажалдан мурун өлөсүң. 
Элемандын сырттаны 
Өлбөймүн деп жүрдүңбү? 
Өлбөсүңдү билдиңби? 
Казанга жарап келбесең, 
Казылуу жаткан оруң бар, 
Кайнатылуу шоруң бар. 
Сени кармап союуга, 
Балбаным бар, эрим бар, 
Бул башым жерге киргиче, 
Элемандын Төштүгү, 
Арбын жерде кегим бар! 
Жетинчи мөрөй ушу» — деп, — 
Айтып берди чоң Көкдөө. 
Элемандын Төштүгү 
Бул мөрөйүн кылууга, 
Ал казанга барууга, 
Каза жетсе өлүүгө, 
Кармаш кылып алп менен

Казанды алып келүүгө,

Казанга чама келбесе,

Элемандын сырттаны,

Кайып болуп жоголуп,

Ошо бойдон өлүүгө.

Кыяматты көрүүгө,

Элемандын сырттандын

Кара көзүн кан чалып,

Кандуу бетин нур чалып:

«Өткөн иштин казабы

Өтүп кетти артыкча

Бул Көкдөөнүн азабы.

Кай жорукка көнөйүн?

Кызыталак Көкдөөнүн

Казанын алып берейин.

Алалбай калсам казанды,

Ошондон ары өлөйүн!»

Кайраттанып карарып,

Кайран жанды аябай,

Эр сырттаны кайран эр

Желикмек болду ошондо

Элемандын Төштүгү

Ээлигип токтобой

Ок өтпөгөн Чайиңги

Күндө силкип кийди дейт.

Ок жетпеген Чалкуйрук

Күндө баптап минди дейт.

Төштүк минтип турганда,

Эрдикти эпсиз кылганда,

Күлайым менен Быйты күң,

Кабарчыдан кеп угуп:

«Элемандын сырттаны

Казанга барат», — деп угуп, —

Быйты күң менен Күлайым

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Көздөн жаштар төгүлүп,

Караргандан түнөрүп,

Какшап ыйлап чыркырап:

«Канча сөз айтам, тилимди ал, Төштүк,

Какшаттырбай, билип ал, Төштүк!

Жер алды сага жер эмес, Төштүк,

Бул Көкдөө сага эл эмес, Төштүк!

Кулак угуп, көз көргүс

Белге жумшап жатыптыр, Төштүк.

Барган жан кайра тарткысыз

Жерге жумшап жатыптыр, Төштүк. 
Чалыңган кайта чыккысыз 
Торго жумшап жатыптыр, Төштүк. 
Жыгылган кайра чыккысыз 
Орго жумшап жатыптыр, Төштүк. 
Барганыңдан келбейсиң, Төштүк, 
Базарыңды көрбөйсүң, Төштүк. 
Кеткениңден келбейсиң, Төштүк, 
Кербениңди көрбөйсүң, Төштүк! 
Кайтканыңдан келбейсиң, Төштүк, 
Карабетиң көрбөйсүң, Төштүк. 
Кыл куйрук жылкы чыдагыс 
Чөлгө кетип барасың, Төштүк. 
Кыйналып эрен кечпеген 
Селге кетип барасың, Төштүк. 
Мындан ары жол жүрсөң, 
Ат аябай, мол жүрсөң, Төштүк, 
Кырк күндүк кызыл чөлү бар, Төштүк, 
Ит жүрбөс мойнок бели бар, Төштүк. 
Андан ары барганда, 
Ит баспастын бели бар, Төштүк, 
Андан ашып түшкөндө, 
Ит ичпестин көлү бар, Төштүк. 
Ошол көлдүн четинде, 
Кайтпастын кара ташы бар, Төштүк. 
Канча дөөнүн башы бар, Төштүк. 
Сөзүмө кулак сала көр, Төштүк. 
Чалкуйрук сөзүн ала көр, Төштүк. 
Айтканым — ушул, билип ал, Төштүк! 
Күлайымдын тилин ал, 
Күйүткө салбай билип ал, Төштүк! 
Казанга сапар баштапсың, Төштүк. 
Күлайым менен Быйтыны 
Такыр каран таштапсың, Төштүк! 
Саламат барып, сак келгин, Төштүк. 
Сагындырбай, бат келгин, Төштүк! 
Кырк күнү күйүп көрөрмүн, 
Ал кырк күндөн сен калсаң, 
Ажалдан мурун өлөрмүн, Төштүк. 
Казанды иши — каран иш, Төштүк, 
Кайрылып кайта келгиче, 
Башыма түшөт каран иш, Төштүк, 
Боздоттурбай, кубартпай, 
Болжошум эсен келе көр, Төштүк! 
«Алыс жолго кетти», — деп, —

Ай сырттаным, мен эми

Алтымыш күнү күйөрмүн, Төштүк.

Алтымыш күндөн сен калсаң,

Ажалдан мурун өлөрмүн, Төштүк.

А дүйнө жүзүн көрөрмүн, Төштүк!

Сырттан элең, эр элең,

Казанды барып сен алсаң,

Айтканына көнбөгүн, Төштүк,

Көкдөө канга бербегин, Төштүк.

Көкдөөгө берсең казанды,

Эгерде сени оң кылбайт,

Эзелде сени соо кылбайт, Төштүк

Менин атам Көкдөөнүн,

Буйткасы турат сөзүндө

Бузугу турат көзүндө, Төштүк,

Чалыры турат көзүндө, Төштүк,

Чалгырты турат сөзүндө, Төштүк!

Көкдөө менен оң болбо

Көп уруш кылып соо болбо, Төштүк!

Менин атам бул Көкдөө,

Эңкейип билчү эр эмес, Төштүк,

Эзилип бирге жүрүүчү,

Сени менен эл эмес, Төштүк.

Сен казандан кайтканда,

Арык болуп ал кетип,

Кайра бери тартканда,

Менин атам бул Көкдөө

Жолдон кармап алууга,

Кесип башын салууга

«Кол камдады, — деп уктум, Төштүк, —

Калтырбай балбан, баатырын

Мол камдады, — деп уктум, Төштүк, —

Түшүрүп сени ийүүгө

Ор камдады», — деп уктум, Төштүк,

Айтканым — ушу, билип ал,

Сырттан болсоң тилимди ал, Төштүк!»

Анда Төштүк муну айтат:

«Жети жыл болду, нак быйыл

Жер азабын көргөнмүн,

Жер үстүнөн түшкөндө,

Ошондо мен өлгөмүн.

Тирүү эмес, өлүпмүн, 
Алты жыл болду нак быйыл, 
Атаңдан кордук көрүпмүн» — 
Деп, ошонтип эр Төштүк, 
Кынсыз кылыч байланып, 
Кайра жаар булуттай, 
Элемандын Төштүгү 
Каар бетине айланып, 
Ажалы жетсе өлүүгө 
Амалы болсо казанды 
Койбой алып келүүгө. 
Көкдөөнүн жети мөрөйүн 
Түгөл кылып берүүгө, 
Арыстандай чамынып, 
Артыкча акыл табылып, 
Ал казанга барууга, 
Элемандын сырттаны 
Эми чыкты камынып. 
Төштүк жөнөй бергенде, 
Быйты күң ыйлап буркурап, 
Күлайым ыйлап чыркырап, 
Төрт Маамыттын баары ыйлап, 
Конокбай балбан дагы ыйлап, 
Ал Конокбай муну айтат, 
Эр Төштүктүн өзүнө 
Адам билгис шумду айтат: 
«Баатыр Төштүк сырттаным, 
Кара жолтой казанга 
Барган бенде көп болгон, 
Барган жандын баары өлүп, 
Келген бенде жок болгон. 
Каражолтой казанга 
Кубарлап канча кан өлгөн. 
Каттаган жандын баары өлгөн. 
Кезиккен кайра тартпаган, 
Баргандар аман кайтпаган. 
Кайынатаңыз бул Көкдөө 
Өзү каардуу күнүндө, 
Элемандын Төштүгү, 
Сизге душман зилинде. 
Кызыталак Көкдөөгө 
Жолоп бенде барбаган, 
Жолуккан өлбөй калбаган. 
Кайра тартпас өлүмгө, 
Кара жолтой бул Көкдөө

Каалаганын көрдүңбү?

Кайра тартпас өлүмгө

Баалаганын көрдүңбү?

Элемандын эркеси,

Сырттан да элең, эр да элең,

Кай жорукка көнөсүң?

Эми, Төштүк, аман бол,

Казанга барсаң, өлөсүң!

Өлбөсөң да, сырттаным,

Өлгөнчөлүк балааны

Ал казандан көрөсүң.

Кайран Төштүк жан досум,

Этиң калар көк жашык,

Каның калар бир кашык,

Кечээ жер үстүнөн токсон алп,

Жер алдынан токсон алп,

Бирөө калбай жыйылган,

Ал казанды алалбай,

Токсон алптын баарысы

Бирөө калбай кырылган.

Алптар барган, эр барган,

Сенден мурун, эр Төштүк,

Албан түрдүү шер барган.

Чакташып чама келбеген,

Кызыталак казандан

Кыйланын баары сордурган.

Уламадан уласак,

Билгичтерден сурасак,

Бир кулагы казандын —

Жандарды сорчу ажыдаар.

Бир кулагы казандын —

Ааламдын баарын өрттөгөн,

Кудайдыр жети каары бар.

Бир кулагы оолугат,

Оолукканда кулагы,

Барган жандын баарысы

Өлүмгө чындап жолугат.

Сапар жүрдүң казанга,

Кудай билет келишти,

Кудай билет өлүштү,

Атың тулпар, өзүң эр Төштүк,

Айласыз сырттан ургурсуң, Төштүк.

Айласын тапсаң, өзүң тап, Төштүк,

Жоголсоң, мүшкүл жаманат, Төштүк,

Жаратканга сырттаным,

Жалгыз башың аманат, Төштүк.

Камоодо жаткан эрендин

Кайгысын жазган сен элең, Төштүк.

Бекүүдө жаткан берендин

Белин чечкен сен элең, Төштүк.

Элемандын эри — деп,

Эгемден сурап жүрүүчү элек, Төштүк,

Кааладым, билдим өзүңдү, Төштүк,

Мага чаптыра кеткин көзүңдү, Төштүк.

Ал казанга барып кел, Төштүк,

Чамаң келсе чапчышып,

Казанды мында алып кел, Төштүк.

Казандан аман сен келсең,

Бир жакшылык көрөрбүз, Төштүк.

Аман келбей сен калсаң,

Тирүү болбой өлөрбүз, Төштүк.

Казандын жайы ушундай,

Кабары кыйын, жолу күч,

Кабылганды кылган түз, Төштүк,

Чалкуйрук чаркы келбесе

Өз жаныңдан күдөр үз, Төштүк,

Деген сөзгө көнө көр.

Кенжеке берген күлазык,

Бара замат токтотпой,

Чалкуйрук атка бере көр, Төштүк.

Атышып алыш кылуучу,

Найзалашып туруучу

Анык адам жоо эмес, Төштүк!

Өткөрө жуткуч, чоң кыргын

Өлүмдү каалап калыпсың, Төштүк», —

Конокбай айтып мындай сөз

Элемандын сырттанын

Коштошуп жолго салды дейт.

Дагы айтты Конокбай:

«Казанга сапар баштаба, Төштүк,

Казанга сапар баштасаң,

Төрт Маамытты таштаба, Төштүк.

Бир Маамыттың, сырттаным,

Ажалды угуп көрүүчү.

Бир Маамытың, сырттаным,

Азаптын баарын билүүчү.

Бир Маамытың, сырттаным,

Төгөрөктүн төрт бурчун

Тегиз чалып берүүчү.

Жаныңдагы жарагың,

Ушу турган төрт Маамыт 
Жаныңа жолдош карааның». 
Конокбай мындай дегенде, 
Элемандын сырттаны 
Чайыңгидей тон кийип, 
Чалкуйрук сырдуу ат минип. 
Ээрчиткени Маамыттар 
Күндөп-түндөп жол жүрүп, 
Ат аябай мол жүрүп, 
Ээрчиткени төрт Маамыт, 
Адыр-күдүр белди ашып, 
Боз мунарык күйгөн кум 
Адам өлөр чөл басып, 
Чөлдү басып оолугуп, 
Элемандын Эр Төштүк 
Ит ашпастын жонуна 
Эми жетти жолугуп. 
Ит өтпөс белин ашты эле, 
Ары жагында Ала-Көл, 
Ала-Көлдү басты эле. 
Ала-Көлгө барганда, 
Кайыпчы кара таш экен, 
Кара ташта каты бар: 
«Жер үстүнөн токсон алп, 
Жер алдынан токсон алп, 
Бул казанды алууга 
Баары келип жыйылып. 
Кыргын болду», — деп жазган, 
Кара ташта аты бар. 
Кайыпчы кара таш экен, 
Тегерегин караса, 
Калдырап куурап жыйылган 
Алп-дөөлөрдүн башы экен. 
Төштүк оозун жыйгыча, 
Күн бүткөндөн, түн бүтүп, 
Чалкуйрукка тил бүтүп, 
Артыкча тулпар мал экен, 
Адамча сүйлөп Чалкуйрук, 
Элемандын Төштүккө 
Кыямат жолдош мал экен. 
Чалкуйрук анда муну айтат, 
Элемандын Төштүккө 
Жан билбеген шумду айтат: 
«Жолдош да элең, эр да элең, 
Элемандын Төштүгү,

Жолугуп минген сен элен, 
Мен билгенди билдиңби? 
Мен көргөндү көрдүңбү? 
Күбүнгөндө мен өзүм 
Күндө жүнүм чачуучу элем. 
Терең болгон дайраны 
Кургак жердей басчу элем. 
Оозумда жайсам мен өзүм 
Учуп жүргөн адатым. 
Самаган жерге жеткирген 
Капталымда канатым. 
Башыңа мүшкүл иш түшсө, 
Ар качандан бир качан 
Жолдош болгон адатым. 
Ээримди алып жайдакта, 
Эми карап туруңуз, 
Эми ойлон ар ишти 
Энөөлүк болот мунуңуз. 
Чалкуйрук эсен чыгарын 
Эгемден сурап туруңуз. 
Кара болот ооздук, 
Кайышы мыкты жүгөндү 
Башымдан тартып калыңыз. 
«Аманат» — деп өзүмдү 
Айдап көлгө салыңыз. 
Энөөлүк болот мунуңуз, 
Ак тасма менен оролтуп, 
Кулакты бекем бууңуз. 
«Курбалдаш эле Чалкуйрук, 
Кургурум кантер экен?» — деп, 
Ошону сурап туруңуз. 
Кырк кулактуу казаның 
Ушу дайра түбүндө, 
Ал казанга барышам, 
Казан менен алышам, 
Мыкты болсо көрүшөм, 
Ары-бери тебишем. 
Казан менен мен эми 
Абыдан жатып челишем. 
Элемандын сырттаны, 
Чоң эстенип жатыңыз, 
Өрттөнгөн ошо казандын 
Серпиндиси тийбесин, 
Жаныңды эсен катыңыз. 
Энөө Төштүк, оңбой кал,

Эгерде эки болбой кал. 
Эрдигиң бар, эсиң жок. 
Энөө Төштүк экенсиң. 
Тамашага батканда, 
Күлайым менен экөөңөр, 
Эч бир уйку көрбөстөн, 
Ойноп-күлүп жатканда, 
Таң кашкайып сүргөндө, 
Жерге жарык тийгенде, 
Уйкуга көзүң кетиптир, 
Ошол кезде баякы 
Сыйкырчы кемпир жетиптир. 
Көкдөө жумшап көп берсе, 
Ал тозоку жетиптир, 
Жаның болот өгөөнү, 
Тының * болот өгөөнү 
Кемпир уурдап алыптыр. 
Кырк кулактуу казанга 
Тутанып өлгөн ал кемпир 
Туура бере салыптыр. 
«Төштүктүн жаны экен», — деп 
Муну менен эгөөңдү 
Казан басып калыптыр. 
Аны билип ал Көкдөө, 
«Барса Төштүк өлсүн, — деп, — 
Кыямат жүзүн көрсүн», — деп, 
Казанга жумшап салыптыр. 
Мен киремин казанга, Төштүк, 
Катып калган казанга 
Калайманды саламын. 
Ал казандан өгөөнү, 
Өлбөсөм, жулуп аламын. 
Бекип жаткан казанга 
Мээнетти бекем саламын. 
Көлдөн көбүк кан чыкса, 
Өөдө-төмөн жүгүргүн, 
Ошондо менден түңүлгүн. 
Көбүк кара кан чыкса, 
Чалкуйрук тулпар өлгөнү, 
Кыямат жүзүн көргөнү. 
Агарган көбүк оргуса, 
Кадиктүү тулпар Чалкуйрук 
Казанды сүйрөп келгени, 
Тилекти кудай бергени. 
Казан суудан көрүнсө,

Камбылдыгың сала көр, Төштүк, 
Төрт Маамыт менен бешөөлөп, 
Бир болушуп кала көр!...» 
Чалкуйрук мындай дегенде, 
Айтканын кылып эр Төштүк, 
Ээрин алды жайдактап, 
Элеман уулу эр Төштүк 
Моюнга курун салынып, 
Бир кудайдын бендеси, 
Чалкуйруктай тулпардын 
Жүгөнүн алып турду эми, 
Кулагын мыктап бууду эми. 
Көкүлүн көк шайы менен бууду эми, 
Куйругун куу шайы менен түйдү эми. 
Элемандын сырттандын 
Көөдөнгө батпай көп санаа, 
Көзүнүн жашы он талаа: 
«Кагылайын Чалкуйрук, 
Кара кылып отурган 
Алыста калды тууганым, 
Айбан да болсо жаныбар, 
Каралашкан бууданым. 
Өлүм орток, жан бирге, 
Сенден калып айрылып, 
Кантип тирүү турамын? 
Көкдөөнүн мөрөй казанын 
Албай калсак жаманат, 
Ай жаныбар бууданым, 
Бир Алдага аманат. 
Көкдөөнүн мүшкүл тозогун 
Көргөлү келген экемин, 
Кор болуп жүрүп, мен эми 
Сенден калып айрылып, 
Өлгөлү келген экемин. 
Тозок тартып бул жерге, 
Кеткели келген экемин. 
Кыйланып жүрүп мен эми, 
Кызыталак дүйнөдөн 
Өткөлү келген экемин. 
Казанга айбан жолуккан 
Кабарда болбойт мындай иш.

Убара болгон экемин, 
Уктаса кирбейт мындай түш. 
Учарына куйрук жок, 
Канаттан чогуу айрылсам, 
Кандай күн болот, Төштүккө 
Чалкуйруктан айрылсам?! 
Кыямат жүзүн көрөбү? 
Элемандын эркеси 
Кысталып жүрүп өлөмбү? 
Чалкуйруктан айрылсам, 
Кармап минер буудан жок, 
Азып шордуу мен болдум, 
Же кара кылар тууган жок. 
Шорго чумуп баратсам, 
Тартып алар ага жок. 
Эңкейип кетсем казандан, 
«Эсил атам кайда?» — деп, 
Эсине алар балам жок. 
Корчулук келип башыма, 
Ичим кайнап, боорум чок. 
Эңкеймек болдум мен Төштүк 
Алда таала кудурет, 
Өзүңдөн башка алы * жок. 
Көңүлүм жаман бөлүндү, 
Кара жолтой бул казан 
Кайсачуудай көрүндү. 
Чалкуйрук мурун өлөбү? 
Жер силкинип, көл толкуп, 
Төштүгү менен таптакыр 
Төрт Маамытты соробу? 
Капырдын каардуу казаны, 
Катуу болду азабы. 
Тик басып чыгар тоо эмес, 
Тиктеше кетер жоо эмес. 
Барган жан кайта кайтпаган 
Балакет казан соо эмес. 
Казаны бизге жоо болгон 
Капырай Көкдөө соо эмес. 
Бендеңе жыргал заман кыл, 
Бендем десең, Төштүктү 
Чалкуйругум аман кыл. 
Чалкуйруктан айрылса,

Өлүүчүдөй Төштүк кайгырса, 
Бел ашалбай көз жайнап, 
Белде калар бекемин? 
Суу табалбай акактап, 
Чөлдө калар бекемин? 
Чалкуйруктан айрылсам, 
Жаным чыкпай алайып, 
Белде калар бекемин?..» 
Зарын айтып эр Төштүк, 
Чалкуйруктай тулпарды 
Көкүлдөн кармап бек жыттап: 
«Кайта айланып келгиче 
Төштүгүңдү көргүчө 
Аман болгун, — деп жыттап, — 
Ай Чалкуйрук бууданым, 
Сен өлгөндө, мен өлдүм, 
Адам жүрбөс ач белде, 
Кузгун учпас куу чөлдө, 
Сен экөөбүз тең өлдүк. 
Акылдашым, сырдашым, 
Акыр заман салдың го 
Айбанда болсоң сырдашым. 
Жаныбарым Чалкуйрук, 
Кошулуштук жашыңда. 
Акыр заман салаңдап, 
Азыр турат, Чалкуйрук, 
Бул Төштүктүн башында. 
Капа болуп кайгырсам, 
Караан кылып отурган, 
Чалкуйрук, сенден айрылсам, 
Какшаган кызыл тилибиз, 
Караан кылган бир жан жок, 
Тутам болду күнүбүз!» 
Зарланып Төштүк ошондо 
Далайды айтып калды эми. 
Бенде келбес азапка, 
Кырк кулактуу казанга 
Чалкуйрукту салды эми. 
Отко салса күйбөгөн, 
Сууга салса батпаган, 
Элемандын сырттаны 
Эси кетип, ич күйүп, 
Чалкуйруктай тулпарды 
Эми сууга салды эми. 
Чалкуйругу курусун,

Караса көзгө илинбейт, 
Кайсы экени билинбейт, 
Кайып болуп калды эми. 
Жер тыңшаган Маамыты 
Жер танабын билүүчү. 
Жерди тыңшап калды эми. 
Тыңшап турган ал Маамыт, 
Алаканын шак оюп, 
Көтүн жерге так коюп, 
Байкуш Маамыт канетсин, 
Мурутун булкуп ыргытып, 
Сакалын жулкуп ыргытып: 
«Үч Маамыт менен эр Төштүк, 
Мен көргөндү көрдүңбү? 
Мен туйганды туйдуңбу? 
Сормо көлдүн түбүнө, 
Сопол куйрук, сом туяк 
Ал Чалкуйрук барыптыр, 
Чалкуйрукка ал казан 
Азапты артык салыптыр. 
Талкалашып тебишип, 
Талыкпастан урушуп, 
Канаттары кайрылып, 
Катуу мүшкүл иш көргөн, 
Жаныбарым Чалкуйрук 
Күч-кубаттан айрылып, 
Ал Чалкуйрук буудандын 
Каны калган бир кашык, 
Эти калган көк жашык...» 
Капа болуп чуу туруп, 
Жөө эле күлүк Маамыты 
Өөдө-төмөн жүгүрүп, 
Көрөгөч менен Куюнкөт 
Эки бирдей Маамытты 
Эми жандан түңүлүп. 
Элемандын сырттаны 
Болкулдай басып аянып, 
Боз балтаны таянып, 
Эң тиштенип ич күйүп, 
Эсеби жок эрикти, 
Кылган экен эр Төштүк: 
Эл билбеген эрдикти: 
«Кызыталак сен казан, 
Ит ичпестин Ала-Көл, 
Кыргынды кызык салбасам,

Бака чардап жатуучу, 
Баткактуу чалчык кылбасам, 
Төштүк болбой өлөйүн, 
Туубай туна чөгөйүн!.. 
Дегениме көн деймин, 
Чалкуйругум бер деймин! 
Дегениме көнбөсө, 
Чалкуйрукту бербесе, 
Сабап көлдү чачпасам, 
Ар бир жакка агызып, 
Кыян кылып салбасам. 
Төштүк болбой өлөйүн, 
Туубай туна чөгөйүн». 
Кара жаак булдурсун, 
Кармай калып имерди, 
Ит ичпестин Ала-Көл 
Карсылдатып жиберди. 
Каарданып Эр Төштүк, 
Көлдү сабап турганда, 
Төрт Маамыты биригип, 
Жерди сабап турганда, 
Жер титиреп, көл толкуп, 
Жеткилең кыйын иш болду, 
Көлдүн баары чачылды, 
Жердин баары казылды. 
Көп күйүт тартып турушуп, 
Көл, жер менен урушуп, 
Угар кулак Жер тыңшаар 
Жерди тыңшап калды эми. 
Жерди тыңшап сүйүнүп, 
Каарданып бакырып, 
Үч Маамыт менен Төштүктү 
«Бери кел!» — деп чакырып. 
Козголуп эгер койбогон, 
Ичсе канга тойбогон, 
Кырк кулактуу казанды 
Кыйын тулпар Чалкуйрук 
Кыйшайта тартып салыптыр, 
Сенин кереметтүү болот эгөөңдү 
Чалкуйрук жутуп алыптыр. 
Ал казанга дүмөктү 
Салган экен Чалкуйрук 
Каражолтой казандын 
Бир бөйрөгүн жара тээп, 
Калган экен Чалкуйрук,

Башын жерге абыдан, 
Салган экен Чалкуйрук. 
Казанды тиштеп калдайтып, 
Калган экен Чалкуйрук. 
Ал казанды оорунан 
Чалкуйруктан ал кеткен, 
Кармашып жатып казанга, 
Ооз менен мурундан 
Өжөктөп кара кан кеткен, 
Каны калган бир кашык, 
Эти калган көк жашык. 
Ай жаныбар Чалкуйрук 
Омуртка сөөгүн оркойтуп, 
Опсуз күчкө салыптыр. 
Кабырга сөөгүн каржайтып, 
Катуу күчкө салыптыр. 
Ай жаныбар Чалкуйрук 
Казанды жеңип калыптыр. 
Кырк кулактуу казанды 
Көтөрүп тиштеп алыптыр. 
Баракелде Чалкуйрук, 
Мураадына жетиптир. 
Төрөм Төштүк, сен үчүн, 
Курман болуп кетиптир. 
Аргымак жыйгын, тулпар жый, 
Чалкуйруктай буудан жок». 
Жер тыңшаар Маамыт ошондо, 
Төштүккө кепти урду эле, 
Баабединин бат айтып, 
Сырттан Төштүк турду эле. 
Антташканда Төштүккө, 
Чалкуйрук айткан кеби эле: 
«Казанга чамам келе албай, 
Алдырып салсам бул көлгө 
Кандуу көбүк ал көлдөн 
Кайнап чыгат» — деди эле. 
Бул белгимди сырттаным, 
Күдөрүң үзүп күлүктөн 
Өлө бергин» деди эле. 
Ит өлбөс көлүн кааласа, 
Чалкуйруктун белгисин 
Көл үстүнөн караса 
Элемандын сырттаны 
Көңүлү жаман бөлүнөт. 
Кан аралаш жин көбүк

Оргуп чыгып көрүнөт. 
Бул көбүктү көргөндө, 
Элемандын Төштүктүн 
Көңүлү кетип бөлүнүп, 
Көзүнүн жашы төгүлүп; 
«Капа мүшкүл иш тартып, 
Жер алдына түшкөндө 
Кайгырганы келипмин. 
Барса келбес казанга 
Ай жаныбар Чалкуйрук, 
Сени берип мен эми 
Айрылгалы келипмин. 
Канатым элен, Чалкуйрук, 
Канатымдан айрылып, 
Сопол болот экемин. 
Мүйүзүмдөн айрылып, 
Токол болот экемин». 
Кан көбүк көзгө көрүнүп, 
Көңүлү жаман бөлүнүп, 
Асманда Алданын күнү бүркөлүп, 
Сырттан эрдин башына 
Алтымыш санаа бир келип, 
Мүшкүл болбой эмине? 
Бел байлаган белги жок, 
Бекип жаткан жери жок, 
Мүшкүл көрүп түн тартса, 
Чалкуйруктан айрылып, 
Катуу кыйын иш тартса, 
Кабак ачып, көөн ачар, 
Караса урук, заты жок. 
Эш тутуп минген ошондо 
Чалкуйрук тулпар аты жок. 
Аны ойлонуп эр Төштүк, 
Муруту кетип суюлуп, 
Эки көздөн аккан жаш 
Акырек ылдый куюлуп. 
Жана дагы караса, 
Сырттан эрдин көзүнө 
Кандуу көбүк көрүнөт 
Ал ошондо Төштүктүн 
Көзүнүн жашы төгүлөт. 
Чалкуйрук айткан кеп эле: 
«Каза болсом казандан, 
Кара жолтой ал көлдөн 
Кайнап алып ошондо

Кара кан чыгат, — деди эле, — 
Кара кан чыгып жаттыбы? 
Кадемим эми каттыбы? 
Караргандан түнөрүп, 
Башынан капа бөлүнбөй, 
Көкүрөктө чымын жан, 
Жалгыз кылча көрүнбөй, 
Казанга келип тамтайып, 
Жаман өлмөк экемин. 
Чалкуйрук, сенден айрылып, 
Арам өлмөк экемин. 
Эт бышымдай жан кыйбай 
Тилек тилеп турайын. 
Чалкуйруктай тулпардын 
Анык билип өлгөнүн, 
Анан жанды кыяйын, 
Жараткандын буйругу 
Ушундай экен көрөйүн 
Анык билип өлгөнүн 
Чалкуйруктун артынан 
Көлгө түшүп өлөйүн!» 
Каарданып Эр Төштүк, 
Кайран жандан түңүлүп, 
Жанында болот кылычты 
Кабынан сууруп алды эми. 
Эми жанды кыюуга 
Элемандын сырттаны 
Даярданып алды эми. 
«Түшкөн чыкпас чуңкур ор, 
Кайнаган экен биздин шор. 
Жеримден ооп азганда, 
Жети тозок, мен тартып, 
Жердин астын басканда: 
Арышым жазган бууданым, 
Чалкуйрук менин тууганым. 
Эгерде эстен чыкпайт го 
Көөдөнгө бүткөн бушманым. 
Аркамдан аңдып турат го? 
Башымды алып алууга, 
Каардуу Көкдөө душманым. 
Чалкуйруктан айрылып, 
Калдайып жөө мен калсам, 
Кашайтып көзүм оёт го? 
Касташып турган бул Көкдөө 
Кармап алып соет го?

Бул балааны көргөздүң, 
Жарык жүздүү жакшы аттуу. 
Жаркыраган заман кыл, 
Төштүк — деп, кудай, жаратсаң, 
Чалкуйрукту аман кыл!» 
Капа болуп каранып, 
Эр сырттаны кайраның 
Айбалтаны таянып, 
Жана көлгө көз салса, 
Көңүлү кетип бөлүнөт, 
Бая кандуу көбүк жоголуп, 
Төштүктүн иши оңолуп, 
Ак көбүк чыккан көрүнөт. 
Ал көбүктү көргөндө, 
Элемандын сырттаны 
Баабединин бат айтып; 
Байкап Төштүк туралбай, 
Акылы айран бөлүнүп, 
Как Төштүктүн алдынан, 
Калдайтып казан көтөрүп, 
Чалкуйрук тулпар көрүнүп, 
Казанды көрүп төрт Маамыт, 
«Баабедин» — деп бакырып, 
Баары текши ошондо 
«Төштүк!» — деп ураан чакырып, 
Элемандын сырттаны 
Бир кулагын казандын 
Эңкейип кармап калды эле. 
Камчы саптай имерип, 
Кулактан тартып алды эле. 
«Желмогуз болсоң сен, казан, 
Көкдөөнүн шаарын басчы!» — деп, 
Тегеретип салды эле. 
Кырк кулак жандуу казанын, 
Көлдөн сууруп алганда, 
Жер титиреп, көл толкуп, 
Жетик мүшкүл иш болуп, 
Ыргытып ийсе эр Төштүк, 
Эчен белди ашыптыр. 
Күүлөнгөндөн ал казан 
Тегеренип калыптыр. 
Ачып көздү жумгуча, 
Андай-мындай дегиче, 
Тегеренип ал казан, 
Көкдөөнүн шаарын басыптыр.

Көкдөөнүн калкы чуркурап, 
Ал казанды көргөндө, 
Аманат жандан түңүлдү. 
Элеман уулу Төштүктүн 
Сырттандыгы билинди, 
Мына ошондо Чалкуйрук, 
Омуртка сөөгү оркойгон, 
Кабырга сөөгү каркайган, 
Каны калган бир кашык, 
Эти калган көк жашык. 
Төштүк баштап төрт Маамыт 
Ничке жолду төтөлөп, 
Чалкуйрукту жетелеп, 
Көп жетелеп отуруп, 
Көөдөнүн чөпкө толтуруп, 
Так жетелеп отуруп, 
Таз кардын чөпкө толтуруп, 
Элемандын сырттаны 
Жатып жанбаш талдырып, 
Жанбаштап уйку кандырып, 
Тилекти кудай берди — деп, — 
Чалкуйрук аман келди» — деп, 
Эс алып Төштүк турганда, 
Эсине түшөт бирдеме, 
Баякы кайран катын Кенжеке; 
«Артык тулпар Чалкуйрук 
Арып кетсе жесин» — деп, 
Аманат берген бир буюм, 
Ал буюмду караса, 
Калк аманын кааласа, 
Чалкуйруктун суп жабуу, 
Ылайыктуу куп жабуу, 
Жылаан боор бүктүргөн, 
Жылас катын Кенжеке 
Жымырата тиктирген. 
Уздан узга уздаткан, 
Жез оймоктун кыйыны 
Иштүүлөргө сындаткан. 
Аркагын артык бек кылган, 
Билими башка Кенжеке: 
«Сырттан төрө Төштүгүм 
Жер алдына түшөт» — деп, 
Жети жыл мурун шек кылган, 
Ичин кымбат иштеткен, — 
Сырттаным сапар кетет», — деп

Жыйып алып Кенжеке, 
Сан келинге тиштеткен. 
Калагын калган жабууга, 
Табылгы жакса чок өтпөйт, 
Жаткырып атса ок өтпөйт, 
Ысыкка койсо буу өтпөйт, 
Дайрага салса суу өтпөйт, 
Кечээ эгөөгө Төштүк келерде, 
Бул мүшкүлдү көрөрдө, 
Берен катын Кенжеке 
Сырттанына ошондо, 
Берген экен аманат. 
«Жапалуу жанга күч келсе, 
Жатып уйку кандыр — деп, — 
Саа беремин аманат, 
Ушу жабуу ичинде, 
Катып койгон күлазык, 
Чама кетип баратса, 
Чалкуйрукка чалдыр», — деп, 
Кара жанын Кенжеке, 
Кыйнап берген эмеспи. 
Кайрат айтып ошондо, 
Ыйлап берген эмеспи! 
Кайран катын Кенжеке, 
Чыбык тартып шырыган, 
Жети имерип толгогон, 
Жети жылы оңдогон, 
Ургаачыдан эң билгич 
Мындай бейбак болбогон. 
Элемандын сырттаны 
Жабууну сөгүп алдырып, 
Кенжеке берген күлазык 
Чалкуйрукка чалдырып 
Алты чайнап бир жутуп, 
Ай жаныбар Чалкуйрук, 
Жерге жата калды эле, 
Жети жол оонап алды эле, 
Ачкан курсак тоюнуп, 
Арыган жаны семирип, 
Ооруган жери басылып, 
Бул Чалкуйрук жаныбар 
Умачтай көзү ачылып. 
Семирип сергип нак толду, 
Энеден жаңы туулуп,

Телчигендей чак болду. 
Элемандын сырттаны 
Чалкуйрукту минди эми, 
Чайыңги тонду кийди эми. 
Кынсыз кылыч байланып, 
Кайра жаар булуттай 
Каар бетине айланып. 
Азып барып Эр Төштүк, 
Жерден көрүп аңгеме 
Казандан кайта тартканда, 
Оюна түшөт бирдеме. 
Ээр белдей дөбөдөн, 
Эңкейип Төштүк түштү эле, 
Кайран катын Кенжеке 
Желмогузга жөнөөрдө, 
Каалап берген күлазык, 
Кайра байлап кабыштап, 
Берген экен Төштүккө! 
Аманат байлап табыштап, 
Өткөрө кыйын күлазык 
Элемандын сырттаны 
Күлазык, оозун ачты эле, 
Жан казанга чачты эле, 
Чайкап ийип ошондо, 
Сапарга чыкса алуучу 
Уйбаш кара жан аяк 
Төрт Маамыт менен эр Төштүк 
Бөлө жутуп калды эле. 
Күлазык жайы мамындай: 
Кургаган таңдай сууланат, 
Чарчаган жан ошондо 
Жай алып жаны кубанат. 
Коолдоп көңүл ачылып, 
Кордуктун баары чачылып, 
Умачтай көздөр ачылып, 
Ооруган жерлер басылып, 
Астыңдагы Чалкуйрук 
Семирип, сергип ык болуп, 
Үстүндөгү эр Төштүк 
Жоо жоолоого нык болуп, 
Күчүнө келип күүлөнүп, 
Албан түрлүү түрлөнүп, 
Көргөндүн көөнү бөлүнүп, 
Сырттандык сыны көрүнүп, 
Урунарга тоо таппай,

Элемандын сырттаны 
Урушарга жоо таппай, 
Чайнарына таш таппай, 
Чабарына баш таппай 
Адыр-күдүр бел өтүп, 
Капка ташка токтоду, 
Эр сырттаны ошондо 
Кенжеке түшүп оюна, 
Качанкы дартын жоктоду: 
«Аташканым Кенжеке, 
Саламчыдай жолгошуп, 
Аташканга жете албай, 
Каар бетине айланган, 
Жер алдына байланган, 
Төштүктөй шордуу бар бекен? 
Жакшы болсо Кенжеке 
Аманатым койгондур, 
Жаман болсо Кенжеке 
Чаар ингенди сойгондур. 
«Сырттаным кайып болду» — 
Күдөрүн үзүп койгондур. 
Жакшы болсо Кенжеке, 
Саргарып күйүп өткөндүр. 
Көзүнүн жашын төккөндүр. 
Жаман болсо Кенжеке, 
Чаар ингенди сойгондур. 
Сан дүнүйө мүлкүмдү 
Сапырылтып тоздуруп, 
Сарыбай кирип кеткендир!» 
Элемандын сырттаны, 
Күнгүрөнүп күүлөнүп, 
Өз ичинде сүйлөнүп 
Акыл ойлоп аянып, 
Алтын жаак айбалта 
Оң бөйрөккө таянып. 
Караргандан түнөрүп, 
Кайран Төштүк келатса, 
Оң тарабын караса, 
Мелтиреген талаада, 
Адыр-күдүр салаада, 
Көрсө, көңүл бөлүнөт. 
Ар кимиси миң-миңден, 
Бөкөн менен куланы 
Аралаш жүргөн көрүнөт. 
Куланды кууп турууга

Кызыкты мыктап кылууга, 
Элемандын сырттаны 
Көңүлү ооп бөлүндү, 
Жерди тыңшар Маамыты 
Ушу жүргөн куландын 
Качар жагын алды эми. 
Жейрен секиртпес Маамыты 
Кулан, бөкөн кубалап, 
Артык кызык салды эле. 
Кулан айдап, бөкөн кууп, 
Элемандын сырттаны 
Кутура турган күнү тууп, 
Жетик экен азамат, 
Жейрен секиртпес күлүгү 
Кууп жүрүп куландын 
Кысырагын союшуп, 
Куландардын этине 
Эркин жатып тоюшуп.

  • Катчы шашып жазганда «эл» деген сөздү таштап кеткен. Эпостогу туруктуу формула катары да логикалык ырааттуулук, ырдын ыргагы боюнча бул жерде «эл» деген сөз болушу зарыл. 

  • Ушул саптан кийин ойдун логикалык ырааттуулугу үчүн «Казанды тартып ала көр». — дегендей ыр сабы келсе туура болмок. 

  • Түп нускада «кыйат» деп ката жазылган. 

  • Түп нускада «Маамыт» деп жазылган. Ырдын ыргагы, логикалык ырааттуулугу көрсөтүп тургандай «Маамыты» туура. Катчы айтуучунун темпине жараша шашып жазганда кеткен катачылык.