Бисмиллахи ррахмаани ррахиим!

Айт: «Алла — бирөө гана,

ал түбөлүктүү». (112-сүрөдөн)

Тамырыма чуркай турган кан тамып,
турпатыма Күндөн алып жан салып
тирүүлүккө алып келдиң кудурет,
аткарамын ишенимиң канчалык...

Шүгүр деймин ырыскыга чачылган,
тагдырыма мөөр тамгаң басылган. Мага түшүп ырайымың, мээримиң, кээде сылап коёсуң сен чачымдан.

Ар бир иштин башатында турасың,
мага келчү ойду мурда туясың.
Капилеттен көкүрөгүм кир болсо,
аян берип тазалайсың, жубасың.

Бассам менин алдымдасың ар убак,
түшүмдү да оңгоросуң аруулап.
Күлсөм менин күлкүм менен жаңырып,
нуруңа жык толуп турат чар тарап.

Эч нерсени сенден ката албаймын,
сенден амир болсо эргип ырдаймын,

  

сөз сүйлөймүн сөздү салсаң дилиме,— эркиң
менен жыргаймын да куураймын.

Капысынан дүйнө-мүлккө кабылсам,
сени унутуп пенделерге жалынсам,
көзүм бүтүп тагдырымды пир тутуп,
мансабы бар паашаларга табынсам,

ошол замат чакчелекей кыласың,
тамырымды омкоросуң, жуласың.
Алааматты алып келип башыма,
жолдорумду жылчыгы жок бубасың.

Капкайдагы кара түнгө кабылам,
ыргытылам алтын таажы, тагыман.
Кечээ күлүп, бүгүн ыйлап шордоймун,
үмүтүмдү үзөм аруу жаныман.

Ак сарайдай болгон үйүм бузулат,
талап-тоноп ууру-кески кызыгат.
Кана, кайда опо болчу дүйнө-мүлк?
Мунун баары сен көрсөткөн кысылат.

«Пендем мындай жаман жолдон кайтсын», —деп,
«сокур болбой, мага тообо айтсын»,— деп,
«акыретти ойлосун!» — деп эң жеңил
берген жазаң ушул тура, кудурет.

Бир мүнөткө чыгып калсаң дилимен,
күнөөлүү деп каарыңа илинем.
Мага мынча маани-маңыз бересиң...
Мен учкан чаң! Андан артык ким элем?

Он сегиз миң ай-ааламды жаратып,
бийлигиңди тегиз, текши таратып
мага көңүл бурбай койсоң не болот
уч-кыйырсыз мейкиндикте баратып?

Жок, антпейсиң! Талаадагы чөп менен,
жылдыз менен, курт-кумурска, ит менен
мени дагы бирдей көрүп сүйөсүң.
Даргөйүңдө жок эч нерсе чектелген.

Сага барчу жол бир гана - ишеним,
бузуп өтүү тозок акыл кишенин.
Адам-Ата жаралгандан бер жакка
билип болбойт тосмолордун эсебин.

Капкан коюп өзүбүзгө өзүбүз,
башыбызга тийет кесир сөзүбүз.
Даңгыраган жолдорубуз байланып
жарылганы турат шишик безибиз.

Кечире көр маң баскан бу кулуңду,
элес албай койгон рух-уруңду,
көкүрөктөн ишенимин кетирип пирге
айланткан өлүү дүйнө, буюмду.

Коркпой жашап уруп кетчү кусурдан,
арам жолго жутунганы жутунган.
Момундардын акысына көз артып,
өлбөй турган кейиптенип кутурган.

Ошентсе да үмүт үзбөй адамдан,
сабыр күттүң ченеми жок жаралган.
Ооруганда мени эстээр бекен деп
оору берип сынап көрдүң сен анан.

Билген жанга бул шыралга, олжо эле. Дүрт эттирип отту жагып дилине ыплас, кир толгон акыр-чикирден тазалансын дегени эле тирүүндө.

Оо, Жараткан! Сенин дартың, илдетиң илдет эмес — мага берген шербетиң, жан тартканың, жарыгыңды чачканың, тагдырыма ыроологон дөөлөтүң.

Түптүз жолго кайтсын деп жан, ыйманым оору бердиң. Бул жакшылык кылганың. Зубаламды бийик жерден жаратып аяганың — кырчын кезде кыйбадың...

Илдетиңди тостум ыйык меймандай, дүйнөлүк чоң, мөөрөй жеңип алгандай. Келдим сенин босогоңо шөмтүрөп, тентип жүрүп кайра келген балаңдай.

Сенсиң менин актоочум да, сотум да. Кылган ишим салынуу бүт чотуңда. Ыраазымын апкирсең да бейишке, күйгүзсөң да тозогуңдун отунда.

Анткени сен бешенеме күн бердиң, кереметүү жер бешикте термелдим. Төрт аяктуу айбан элем, акыры акыл-эстүү чекке жетти деңгээлим.

Жүрөгүмө кирип алдың нур болуп, көмөкөйдөн атып чыктың ыр болуп. Бир мезгилде он сегиз миң ааламда сен жашайсың туйбас, туюк сыр болуп.

Эч ким сени жетип кармап алалбайт, мандайыңа даап тике баралбайт. Ай-ааламдын, чексиздиктин башы сен, сенсиз эч ким төрөлбөйт да, жаралбайт.

Сага барчу санагы жок жол жатат. Жол издеген бут жоорутуп адашат. Бардык жолдун жеткен чеги бир өзүң,— жеткирбестен азгырыктар арбашат.

Сени эстесем чочуп турам уйкумдан, сүкүт салып үн-сөзү жок кыйкырам. Түмөн түйшүк көк желкемен ныгырат, сага жакын болсом, кана, бир кадам.

Жакындаймын деген сайын алысмын. Жарык менен келет тынбай жарышкым. Жандүйнөмдө күрөш бүтпөй келатат, майданымын кырчылдаган чабыштын...

Эрөөл талаа... Эки чекте кыйналам... Бул кандай жан көкүрөккө сыйбаган? Жеңиш колго тийээр кезде капилет чаңда калам, неге сергек турбагам?

Жерге таптап коёр кезде желкемен, атыңды айтып дароо келме келтирем.

Бойго толуп чыгат чымыр күч-кубат, ошол замат дөөдөй болуп серпилем.

Оо Жараткан! Сенин ыйык атыңда адам туйбас керемет сыр катылган. Ал дүйнөгө барсам тосуп алаарым, бул дүйнөдө аккан досум ашырган...

Жетпейт сага, алсыз адам акылы, өмүр бою сайса дагы башыны. Эйнштейн: «Мындан ары Кудайдын карамати бар»,— деп айткан акыры.

Кулкожо Ахмат, Жалалидин, Кабир да сенин терең сырларыңды табарда, өтүп кетти жылдыз болуп жылт эткен, кадимки эле биздей сокур абалда.

Адамзатка сен калтырдың мураска: Бхагават Гита менен Авеста жана дагы Инжил, Тоорат, Забурду. Кураның бар ыйык күчү бир башка.

Берсең дагы ченеми жок илимди, бак-дөөлөттү, мээрим менен сүйүүнү,— карбаластап сени таба албайбыз, чечалбайбыз түбөлүктүү түйүндү...

Табиятың не экенин билбейбиз, жерден, көктөн, өзүбүздөн издейбиз. Ар бир алган дем, илепте, жүрөктө, көз ирмемде жашаганың сезбейбиз.

Чырга толуп дүйнө тилке бөлүндү, жазыгы жок пендеден кан төгүлдү. Дүйнөкорлор алкын бузуп, ырк бузуп эсине албай койду келчү өлүмдү.

Жалаң байлык топтогону, жыйганы... Ыйман эмне? Ыйманды жок урганы. «Күч атасын тааныбайт» деп бакылдап башкаларды тепсеп барат шылдары...

Атминерлер батып калды парага, чындык ыйлап тебеленди жалаага. Карапайым элдин күнүн ойлогон адам чыкса калат көчө, талаада.

Сенин чачкан ырыскыңа ынанбай, ач көздөнүп топук кылып туралбай, адамдарды кара тумоо сыяктуу илдет каптап барат, сакта Кудай-ай.

Түркүк болуп өлбөй калган барбы адам? Өлбөй калса, калаар эле Сулайман. Топуракка кайра айланып кетебиз зубалабыз болгон үчүн ылайдан.

Менменсинип төшүн каккан көбөйдү, элестетет алар кудум дөдөйдү. Сенин улуг даражаңдын астында алабыз деп ойлойт окшойт мөөрөйдү.

Чиренгендер чырпыкка тең келишпейт, чексиздикке сенчелик дан себишпейт.

Искендердей, Чыңгызхандай болсо да акыл-эси чама-чарктуу, кем иштейт.

Кыял-оюм, аракетим, бүт дилим,
өмүр бою алган илим, билимим
багыт алган жалгыз сени туюуга,
жеткенчекти тереңдигим, бийигим.

Сенин оттуу даргөйүңө кабылып,
баратамын нугум издеп агылып.
Баштаган бул эмгегимдин аягы
эмне болот? Бер, берегөр аруулук...

Генийлердин шык, чыдамын, күчүн бер,
миң жылдарга жетчү азык, түшүм бер.
Өлбөс, өчпөс рух затка айлансын
эргүүлөргө толгон бейпил кечелер...

(Мухаммед пайгамбар)