ЖЕЛМОГУЗ КЕМПИРДИН УУЛУ КАРАДӨӨНҮ 
ТӨШТҮКТҮН ӨЛТҮРГӨНҮ

Таң саргарып калганда, 
Угар кулак Маамыты, 
Каарданып бакырып, 
Эр Төштүктү чакырып: 
«Эрдигиң бар, эсиң жок, 
Энөө Төштүк, сен элең 
Мен туйганды туйдуңбу? 
Же туйбай, билбей турдуңбу? 
Мен туйганды туйбасаң, 
Мен билгенди билбесең, 
Туйганым менен билгеним, 
Түгөл айтып берейин. 
Дажаал капыр кемпирдин 
Алты кызы, бир уулу 1

Анык эле мына бу, 
Уйпалып кеткен кемпирдин 
Уулунун аты Карадөө, 
Карадөө жайы ушундай. 
Зордугу тоонун теңиндей, 
Ким көрүнсө жегидей, 
Карадөө балбан дечү экен, 
Бир жылдык жечүү тамагын 
Бир күнү барып жечү экен. 
Калк чуркурап баарысы, 
Карадөө балбан дечү экен. 
Үйүң күйгөн ал Көкдөө: 
«Казанга барып Эр Төштүк, 
Карып болуп калды, — деп, — 
Каны качып, кызталак, 
Арык болуп калды, — деп, — 
Аты болду ыргайдай, 
Өзү болду торгойдой, 
Эсебин эми тапкын — деп, — 
Кесиреттүү * Төштүктү 
Эки бөлө чапкын», — деп, — 
Үйдөй чокмор шайлаптыр, 
Сени кармап союуга 
Карадөөсүн камдаптыр. 
Ал Карадөө кутуруп, 
Сени тосуп чыкканы, 
Каарданып казанды 
Теңизден сууруп алганда 
Тегеретип ийгенде, 
Тегеренип кырданып, 
Ошол казан жетиптир, 
Каары катуу Көкдөөнүн 
Капкалуу шаарын ошондо 
Аралай чаап өтүптүр. 
«Көз көргөндү азгырып, 
Эчен жанды кырдың» — деп, 
Жети баштуу кемпирге 
Каарданып ал казан, — 
Элемандын сырттанын 
Алып келип ушунда, 
Мага да кызык кылдың», — деп, 
Тегеренип жетиптир, 
Упат кылып сөөгүн, 
Жети баштуу кемпирди 
Сексен бөлүп өтүптүр.

Казандан ал Көкдөө 
Өз дүнүйөсүн чачыптыр. 
Өлдүм-талдым дегенде 
Көкдөө качып кутулуп, 
Шаарын казан басыптыр. 
Мал таптырган кайнатаң, 
Көргүлүктү көрүптүр, 
Көп адамы өлүптүр. 
«Элемандын сырттаны 
Каарданып какайса 
Кантсе бирди кылат, — деп, — 
Калтырбай журтту кырат, — деп 
Тозо чыгып жолунан 
Эрикпей согуш салгын, — деп, — 
Энеңдин өчүн алгын, — деп, — 
Атаңдын көрү Карадөө, 
Элемандын Төштүккө 
Талканды кызык салгын — деп, 
Көрсөтпөй өлтүр көзүмө, 
Жолотпой өлтүр өзүмө!» 
Болот калкан кийгизип, 
Тоодой боз ат мингизип, 
Баатырдыгы, дөөлүгү 
Озо чыгып калыптыр. 
Элемандын Төштүгүн 
Тозо чыгып калыптыр. 
Зордугу тоонун теңиндей, 
Каарданып качырса, 
Кармашкан жанды жегидей. 
Беттеп адам баргысыз 
Казып койгон ору бар, 
Кайнатып койгон шору бар. 
Бел байлаган бели бар, 
Бет алдыңан жолугар 
Карадөөдөй эри бар. 
Уга көр, Төштүк, сөзүмдү, 
Ача көр эми көзүңдү. 
Ала айгырдай ат минип, 
Кыл куйругун чарт түйүп, 
Эр Конокбай балбаным: 
«Ажал жетсе өлөм, — деп, — 
Тогуз уулдун кенжеси 
Бир кудайдын бендеси, 
Элемандын сырттанга 
Караан болуп берем, — деп,

Жанды кудай жаратат 
Караан болуп берем», — деп, 
Эр Конокбай келатат. 
Мүшкүл келет, жоо келет, 
Доошунан жан чыгып, 
Карадөөдөй чоң келет. 
Астыңдагы Чалкуйрук, 
Тулпардан эстүү жан эле. 
Мүшкүл менен жыргалды 
Ачык сүйлөп берүүчү 
Адамча тили бар эле. 
Сөзгө кулак сала көр, 
Чалкуйрук тилин ала көр!» — 
Деп ошентип тыңшаары, 
Айтып оозун жыйгыча 
Быяк жагын караса, 
Көңүлү кетип бөлүнөт. 
Зордугу тоонун теңиндей, 
Көчүп келет ошондо, 
Бир боз сеңир көрүнөт. 
Кыймылдаган боз сеңир, 
Тоо десе, ал зоо экен. 
Кулак угуп, көз көрүп, 
Элди-журтту кыдырып, 
Элемандын сырттаны 
Бул өңдөнгөн капырды 
Түк көргөнү жок экен. 
Сөлөкөтү, сөлбөтү, 
Атка минген келбети 
Найзакерден ыктуу экен. 
Өзү жоонун айласын 
Ашкере билген мыкты экен. 
Болумдуу күрмө тон кийип, 
Болот калкан колго алып, 
Карагайдай короюп 
Капырыңдын найзасы. 
«Артык экен, — деп турам. 
Бул капырдын айласы». 
Сыягына караса, 
Мурунуна караса, 
Борчуктуу тоонун бородой, 
Кайраты бийик, заары күч, 
Ал капырга жолуккан, 
Кайран жандан күдөр үз! 
Арбайыңкы колуна

Чапчып алса тим эле, 
Адам уулу киргидей. 
Жалынган менен болбостон, 
Жаның чыккан ал капыр 
Тытып-тытып ийгидей. 
Каш-кабагы капырдын 
Белестүү тоонун буткулдай, 
Кармалашкан адамды 
Ат, тону менен тим эле 
Кармап алып жуткудай. 
Канжардай тиши калкайган, 
Чоңдугу тоодой даңкайган. 
Каарданып бакырып: 
«Элемандын сырттаны, 
Кыйын болсоң, келгин» — деп, 
Казыр келди чакырып: 
«Төрт Маамытың баарың кел, 
Конокбайың дагы кел! 
Угуп тур эми сөзүмдү, 
Көрүп тур эми өзүмдү. 
Чатакташпай-чырдашпай, 
Каарды катуу баштаймын, 
Чатагыма кабылсаң, 
Кылча жаның койбостон, 
Кызыталак Төштүгүм, 
Кыргын кылып таштаймын. 
Баатыр болсоң, эр болсоң, 
Эрдигиңе көнөмүн, 
Алтооңорго беремин. 
Жерден эңип алсаңар, 
Ээр кашына салыңар, 
Кулак салып сөзүңө, 
Куп багынам өзүңө. 
Сөзгө кулак салгын — деп, — 
Баатыр болсоң, эр болсоң, 
Мына, таштайм боз баштык, 
Жерден эңип алгын» — деп, 
Каарды катуу баштады, 
Карадөөдөй ал балбан 
Боз баштык жерге таштады. 
Ал көрөгөч Маамыты, 
Качырып эми ошондо, 
Баштыкты эңе баштады. 
Качырып барып Маамыты, 
Боз баштыкты алды эле,

Аты менен ошондо 
Тоголонуп калды эле, 
Угар кулак, көрөр көз, 
Эки Маамыт жыгылды, 
Секиртпес менен Куюнкөт 
Эки Маамыт барды эле. 
Экөө бирдей тороюп, 
Жыгылып жатып калды эле. 
Төрт Маамыт тең карысы, 
Кыргын тийген эмедей 
Кыйрап калды баарысы. 
Маамыттар жаткан жыгылып 
Сырттан Төштүк көрдү эле. 
Кара көзү кан чалып, 
Элемандын сырттаны 
Карап турду таңданып. 
Кара болот сыр найза 
Кайра имерип карманып. 
Элемандын сырттаны, 
Олбуй-солбуй камчы уруп, 
Оң-тетири теминип, 
Качырып кирип барды эле 
Кол башындай баштыкты 
Жерден эңип алды эми. 
Баштыкты өөдө көтөрүп, 
Күч менен тартып алганда, 
Элемандын Төштүктүн 
Кабыргасы какайды, 
Омурткасы оркойду. 
Астындагы Чалкуйрук 
Багалчагы майышты, 
Бели ийилип ошондо, 
Сөөктөр бүтүн кайышты. 
Карды жерге үч тийди, 
Бели көккө үч чыкты. 
Төштүк турду ошондо, 
Баштыкты кармап тырышып, 
Чалкуйрук менен урушуп: 
«Чалгынга минсе чарчабас, 
Кызыталак Чалкуйрук, 
Чамаң эми кеттиби?» 
Кыймылдабай, былк этпей, 
Чалкуйрук туруп берди эле, 
Кыйындыгын Төштүктүн 
Эр Карадөө көрдү эле.

Эр Төштүккө кубанып, 
Сырттандыгын билген соң, 
Эр Карадөө муну айтат: 
«Жер үстүнөн тентиреп, 
Калгандыгың чын экен, 
Жаан кескен сен, Төштүк, 
Балбандыгың чын экен. 
Көк темирден дөңгөчтү, 
Жаргандыгың чын экен. 
Көкдөөнүн кызы Күлайым 
Алгандыгың чын экен. 
Канга тойбос сырттаным, 
Желип жүргөн сен өзүн, 
Бөрү экениң чын экен! 
Кайран Төштүк аталып, 
Эр экениң чын экен. 
Каарым келген кармашта 
Миң дөөнү жеке сойгомун. 
Атым менен өзүмдүн 
Оорлук өлчөөм болучу, 
Ушу турган боз баштык 
Мөрөйгө таштап койгомун. 
Эңемин деп тыбырап, 
Эси кетип турганда 
Эчен дөөнү сойгомун. 
Элемандын Эр Төштүк, 
Сырттандырсың, эрдирсиң, 
«Бир беттешип калсам — деп — 
Бет алып уруш салсам» — деп, 
Тилегеним сендирсиң. 
Өйүз-бүйүз туралы, 
Бирөөбүзгө бирөөбүз 
Аябай найза уралы! 
Сайышып кумар кандырып, 
Ушундай кызык кылалы. 
Алса болот майлаган, 
Беттешкенди жайлаган . 
Беттеп бенде келбеген, 
Беттешип душман жеңбеген, 
Бек Карадөө мен элем. 
Атышты арбын салалык, 
Издеген жоом келипсиң, 
Бир айкашып калалык. 
Караандашып турушуп, 
Жазайыл * атып, жаа тартып,

Жан кыйышып урушуп, 
Эрен болсоң, шер болсоң, 
Эми күрөш салалык!» — 
Деп ошонтип Карадөө 
Бузулбас боз тон кийип, 
Боз тулпар сындуу ат минип, 
Үйдөй кара балтасын 
Үйрүп кармап колго алып, 
Кайраттанып какайып, 
Боз атына камчы уруп, 
Жазайыл камдап, жаа тартып 
Жан койбоочу эмедей, 
Дөөнү кудай урганы, 
Колоюңку сыр найза 
Элемандын Төштүккө 
Күркүрөтө сунганы. 
Элеман уулу Төштүктүн 
Минген аты Чалкуйрук, 
Кийген тону Чайыңги, 
Бүчүлүгү бир тогуз, 
Бүчүлүгүн бекитип, 
Топчулугу бир тогуз, 
Топчулугун бекитип, 
Ич кийими темир себили, * 
Акырекке ок өтпөс, 
Мээнет катын Кенжеке 
Белекке берген темири, 
Жай-жарагын шайланып, 
Эр Төштүк эми ошондо, 
Бар жарагын камданып, 
Эрте сөзү кеч болуп, 
Элемандын сырттаны 
Эр Карадөө баатырга, 
Бир мушташып алууга 
Эки көзү төрт болуп, 
Заары кыйын Карадөө 
Элеман уулу сырттанга 
Жетип найза салды эле, 
Найза таамай тиерде, 
Астындагы Чалкуйрук, 
Коенчо булт деп алды эле. 
Карадөөнүн найзасы 
Төштүккө тийбей короюп. 
Айла таап жазгырып, 
Аша сайып салды эле.

Бура тартып калгынча, 
Андай-мындай дегиче, 
Ачып көздү жумгуча, 
Эр Конокбай балбаны 
«Ажал жетсе, өлөм — деп, — 
Азып келген сырттанга, 
Өзүм өлбөй турганда, 
Караан болуп берем» — деп, 
Ала айгырга камчы уруп, 
Төштүктүн досу Конокбай, 
Кармап найза бек сунуп, 
Карадөөгө жетти эле. 
«Оң далынын бети, — деп, — 
Омуртка деген сөөктүн 
Бери жакы чети» — деп, 
Конокбай найза салды эле, 
Эки мурду дардактап, 
Эки өңүрү алактап 
Көзү кетип алактап 
Буту кетип салактап, 
Үзөңгүдөн бут тайып, 
Ээрден арт кылтайып, 
Баатырсынып, эрсинип, 
Келген экен Карадөө 
Карадөөдөн ал кетип, 
Калдалактап турганы, 
Кайран Төштүк сырттаның 
Карадөөгө карата 
Качырып найза сунганы. 
Найзага камбыл, өзү эр, 
Элемандын сырттаны 
Найза сунган ошо жер. 
«Чү» дегенде Чалкуйрук 
Жаадай учуп закымдап, 
Жебеден мурун жетти эле, 
Жеткен жерде ошондо, 
Учу болот, сабы жез, 
Карадөөгө келди кез. 
Кармай калып имерди. 
Ал Карадөө балбанды 
Элемандын сырттаны 
Муштап келип өттү эми. 
Төштүк найза сайганы, 
Төбөңдөн тийген Карадөө 
Көзү кетип алайып,

Буту кетип шалайып, 
Боз тулпардын үстүнөн 
Карадөө түшүп калганы. 
Аттан түшкөн Карадөө 
Айры шили ортого, 
Төштүк кылыч салды эле. 
Тээп сууруп алды эле, 
Коркурап дөө жатканда, 
Конокбай жетип барды эле. 
«Такыр колтук өпкө» — деп, 
Конокбай кылыч салды эле. 
Эр Конокбай чоң жөкөр 
Карадөөнүн ошондо 
Башын кесип алды эле. 
Өрттөнгөн дөөнү өлтүрүп, 
Тындым кылып салды эми. 
Куу шилбинин дүмүрүн 
Эр Конокбай балбаны 
Карадөөнүн үстүнө 
Тоодой кылып үйдү эми, 
Карадөөнү Конокбай 
Өрттөп келип ийди эми. 
Тутам сөөгү калбастан, 
Такыр отко күйдү эми. 
Баабедин айтып бакырып, 
Эр Конокбай ошондо 
Карадөөнүн өлүгүн 
Күл кылып эми сапырып. 
Төштүк менен Конокбай 
Бетегелүү ыраңга. 
Белден чыккан тулаңга, 
Тулпарды чалдырып, 
Эми жатты ушулар 
Жатып уйку кандырып. 
Таңга маал мезгил кез, 
Уйкудан чочуп ойгонду, 
Оң жагына толгонду.

  • Түп нусканын башында Желмогуз кемпир «Так он алты уулум бар», — дейт. Мындай карама-каршылык оозеки чыгармачылыкта окуянын өнүгүшүнө жараша боло берүүчү көрүнүш.