Чынында жүрөк ээсин алдабайт дейт,
сен мени алдап койдуң ушул ирет.
Ушул ирет сен мага душман болуп,
уу сундуң иче койгун таттуу бал деп.
Турамын жараланып, кайда сенин,
көңүлдү көтөрүүчү зирек сөзүң?
Тааныбас адамымдай тетир карап,
мурчуюп, чырт түкүрүп, керилесиң…
Ушул кыз издегеним карма дедиң,
артынан сая куугун калба дедиң.
Ал мага канча жолу каарын чачып,
көрсөттү жез тырмагын, уу тилдерин.
Чынында жүрөк ээсин алдабайт дейт,
сен мени алдап койдуң ушул ирет.
Жетишет, эми мени алдабай жүр,
болбосо салып алам башка жүрөк