Жартылыш жаңырып үйлөп отту,
Көктөм тосту табият, көктөм тосту!
Дарыядай агылып мезгил өмүр,
Дагы бир жыл жашыма өткөн жокпу?!

Нооруз келип көк чыкты жарылып жер,
Желин айрып сүт толуп, камынып эл.
Жазды тосуп жаркылдап, өлбөгөн кул,
Баба дыйкан чекеден агызып тер.

Даркан талаа чакырып сүрөп өктөм,
Ооз тийип аттанып сүмөлөктөн.
Көтөрүлүп көңүлдөр көккө умтулуп,
Нооруз майрам элдики тилеги өскөн.

Көп ичинде өзүмчө өрөпкүдүм,
Көлдөй толкуп жээкте сени эстедим.
Нооруз күндүн нурунан жол түшүрүп,
Толкун кечип күлүңдөп келет дедим.