Yazdır
Üst Kategori: Kardeş Edebiyatlar
Kategori: Kırgız Edebiyatı
Gösterim: 2349

Çingiz Aytmatov

АСМАН ЖАНА СӨЗ

(Алардын кош жаңырык цндештцгц)

Асман менен Сөз бири-бирине коошпогон тцшцнцк чыгаар, анан калса бийик цн, кош цндцн жацырыгына жалгашып чыгышы кандайча?! Ыра-сында эле, Сөз — адам акыл сезимин, ой жцгцртццсцн чагылдыруучу кере-мет нерсе, Асман — өлчөмсцз аалам мейкиндигинин көп кырдуу чексизди-ги болуп жцрбөсцн...

Бир караганда бул улуу тцшцнцктөрдцн ортосунда кандай байла-ныш болушу мцмкцн, жаңырып чыккан кош цндц кандай тцшцнццгө мцмкцн? Улагалаш чыккан цн эки адамдын бир ыргакка кошулуп жалпы сезимди, кыялданууну, дилгир кумарлануусун удургутуп чектеш кылган добуш эмеспи. Бул жолу Асман, Сөз жалгашып цн чыгарат... Кеп каймана элестетццнцн бар жогунда эмес. Ошентип чындыктын болгонун болгон-дой айтсак, кадимки Сөз жана кадимки Асман, мен эми окуянын кцбөсц катары көргөнцмдц көргөндөй төкпөй-чачпай айтып бергенге аракет кы-лып көрөйцн.

Ал тцгцл Асман да айраң-таң болду деп айтышкандай, бул окуядан улам ал ойдун бекеринен айтылбаганына чынында эле ишенгендей бол-дум...

Кылымдардын касиеттцц өзөгцнө айланган көөнөрбөс элдик Сөздцн сырын өз көөдөнцнө уюткудай кармап, байыркы кыргыздын обондуу поэзия-сын Сөзгө айландырган, «Манастын» айтуучусу ошол кцнц, ошол маалда Асманды удургутуп, кулак тундурган жаңырык кошуп, табышмактуу жанданышына себепкер болду.

Ошол окуянын кцбөсц болгонума курсант болуп, сыймыктанам... Бцгцнкц симпозиумда, эл аралык жолугушууда ошол окуя жөнцндө ай-тып берццнц чечтим.

Андан бери көп убакыт өттц. Бул окуя XX кылымдын экинчи жары-мына таандык.

Бирок кепти баштаардан оболу мифологиянын тарыхына кайрылып, тарыхтын цзцлбөгөн көчцндө ар бир эл оозеки чыгармачылыгын жара-тып, кылым карыткан казынасын укумдан-тукумга калтырып, өнцктцрцп келгени туурасындагы талкууну бцгцнкц форумда көтөргөнц отурганыбызды эсиңиздерге салып кетццнц ашык көрбөңцздөр.

... Баягы көч улам алыстап мунарыкка айланып бараткан сайын, изин кубалап ар бир кадамын тескеп, мезгил таразасына салганча, муна-ралар кыйрап археологиялык урандыларга айланып, ошол эле убакта дцйнөлцк империялар жаңыланган конъюнктуралык өнөкөттөрдц изде-генин токтотпой, адамзат качан да болсо ишке ашпас социалдык уто-пияларга берилип алданып, адашканын койбой, качан болбосун урунуп беринип келээрки дцрбөлөңдцц согушту баштап, аргасы тцгөнгөндө соң-кусуна кабылып, ошол эле маалда кыйсыпырын чыгарган төңкөрцштөр жасалып жатса дагы жумурай журттун салттуу оозеки чыгармачылы-гына айланган байыркы Сөз баяны, өзцнцн мурастуу дцйнөсцндө жашоо-сун улантып көөнөрбөй да, бөксөрбөй да, кылым кезген ырларда, санжы-раларда, болумуштарда, балладаларда шамдай жанып, кайталангыс улут-тук маданияттын тарыхын сактап, ошону менен бирге дцйнөлцк өнцгццнцн тцйшцктцц сапарынын ар бир этабына таандык Сөз менен Рух мурасын жаратып келе берццдө.

Алиги мен айтайын деген кайталангыс укмуш окуя эпикалык баян-дардын дцйнөсцнө мцнөздцц уңгуга окшош.

Ошентип, 20-кылымдын экинчи жарымы өтцп жаткан. Убакыт өтцп кеткенден кийин бардыгын ойго калчап, кцндөлцк жазып жцрбөгөнцмө абдан өкцнцп калдым. Качан болбосун эмки жолкуга калтыра бермей адатыбызга салып отуруп, унутуп коёбуз. Ал кезде идеологиянын добул-басы дцйнөнц дцңгцрөтцп турган тапта, мен «Правда» газетасынын Кыргыз ССРи жана Орто Азия боюнча өздцк кабарчысы болуп иштеп жцргөм. Тагдырдын буйругу менен акыркы классик айтуучу, оозеки чы-гармачылыктын деңизин бир заматта чалкытып буюккан бурганакка, бир заматта кой оозунан чөп алгыс момунга айланткан, кыргыз тилин билбеген адамга да шумдуктай таасир калтыра алган биздин мекенде-шибиз, улуу гений манасчы Саякбай Каралаев менен таанышып калдым. Ысмы баш тамга менен белгилөөгө мцмкцн болгон, чыгармачыл дараме-ти залкар талант дцйнөдө дагы кайталанаар бекен...

Улуттун миңдеген кылымдар бою аздектеп сактап келе жаткан ру-ханий казынасын мезгилдин класстык мцдөөсцнө төп келбеген: «Элге каршы чыгарма», — деп жарыя кылып таштаган саясый катаал маалда Жараткан тартуулаган улуу талант пайда болгон. Илим жаатында бул сыяктуу тыянак кедерги таасирин тийгизбей койгон жок. Буларды эске салып отурганымдын себеби, Саякбай Каралаев өзцнцн айтуучулук залкар талантынын кцчц аркылуу тоталитардык факторлордон кады-ресе бийик болуп, мифологиялык ички кудуретине байланышкан ченем-сиз чындыктуу ишеними кыргыз журтчулугун муютуп, улуу баянды угууга элди кцсөтцп келген. Телевидение жаңыдан пайда боло баштаган. Ошол себептерден улам манасчыны өз көзц менен көрцп, өз кулагы менен

уккусу келген замандаштарыбыз көп эле. Демек, Саякбай цчцн «Манас» адамдык негизги парзына, жашоосунун маңызына айланганы бекер эмес эле, анткени «Манас» эпосундагы улуу Сөз баатырлыктын тарыхын эле айтпастан, улуттун дцйнө таануусун, тарыхый ордун, ишенимин чагылдырган. «Манас» Теңирдин бизге берген чоң бактысы экендигин өз замандаштарыбыздын оозунан далай уккам. Ал эми Саякбай Каралаев доордун айтуучусу болуп калды.

Чындыгында эле бул калети жок бцтцм. Бул адам башкалардан айыр-масы жок кадимки эле пенде, болгону дцйнөлцк аспектиден алганда улут-тук поэтикалык чыгармачылыктын маани-маңызын көөдөнцнө жазбай сактап, жаңыртып келген, нукура эпикалык инсан. Ушундайча айтууга мцмкцн болсо, биз мамлекеттик эгемендццлцккө «Манас» деген эпика-лык байрак менен келдик. Саякбай Каралаев өңдөнгөн залкар айтуучу-лар азыркы кцнгө чейин бизге Сөздцн табигый маанисин төкпөй-чачпай жандуу тцрдө жеткирип отурушат.

Саякбай Каралаев кең далылуу, кара тору, бакырайган сцйкцмдцц көздөрц бар, ички абалына жараша тез эле өң-далалаты өзгөрцп турган жандуу жайдары мцнөз, ачык, сымбаттуу адам эле. Манасчы эпостун маанисине терең берилип, бир заматта падышага, өтцкчцгө, бир замат-та аялзатка, наристеге, баатырга, жцзц карага, махабатка арзыганга, ирмемде ат минип жоого аттанып, деги койчу өзгөрцп тураар эле.

Мунун баарын текшилеп айтып жатканым, башында берген убадам-ды аткарып, «Манас» эпосундагы улуу Сөз өзцнө окшош асман стихия-сын чакыра алган кцчкө ээ экенине кцбө болгонумду айткым келет.

Кечиресиздер, болгонун болгондой айтып бергенге аракеттенип көрөйцн.

Анын цстцнө ал кездерде Саякбай Каралаев экөөбцз бир цйдө, биз цчцнчц, ал киши биринчи кабатта жашаар элек. Албетте, тез-тез жолугуп кал-чубуз. Мындан мурдараак айтып кеткендей, мен «Правда» гезитинде кабарчы болуп Фрунзеге каттаганымда, жакын катыштарыбыз, кай бирде чет элдик кызматкерлер менен жолугуп калганда кошуна иретинде Саяк-бай Каралаевди чакырып алаар элек. Айтылуу Манасчыны уккандарга ал киши өзгөчө бир экзотикалык кызыгууну туудуруп, айрыкча суктан-дыраар эле.

Мухтар Ауэзов менен Дмитрий Шостакович «Манасты» укканда абдан катуу таасир алгандары алигиче эсимден кетпейт. Д.Шостако-вич Фрунзе шаарына 60-жылдардын ортосунда келген. Тилди билбесе да Саякбайды ыракаттанып суктануу менен уккан.

Кцндөрдцн биринде цйдцн алдынан Саякбай аксакал жолугуп калып, Чцй боорундагы колхоздордун бирине чакырылганын, тцштөн кечке дей-ре «Манас» айта турганын айтып, машина менен жеткирип коюумду суранды. Унаанын себепкер болгону ал кездерде колхоздордо жцк тарт-

кан машиналар, тракторлордон башка транспорт болчу эмес. Колхоз башкармалары, парторгдор атчан жцрцшчц. Ал кезде айыл жеринде эмес, шаарда да машина маселеси каат болуп, азыркыдай быкылдаган маши-налар жок болгон.

Кыскасын айтканда, эртеси эртең менен менин «Победама» тцшцп жөнөп калдык. Кайсы колхозго барганыбыз эсимде жок, калыбы Токмок-тун цстц жагындагы тоо этектери туштап, Ысык-Ата тарапка бар-дык окшойт.

Белгилцц манасчы Саякбай Каралаевди кцтцп жаткан айылга жет-киргениме өзцмчө ыраазымын. Бцт колхоз, айыл-ападагылар калбай чо-гулган экен. Саякбай Каралаев кыргыз элине аттын кашкасындай таа-нымал экенин билчцбцз, бирок бул жолку көргөнцм делебемди козгоп тол-кундатпай койгон жок. «Манаска» жаны-каны менен берилгендиги цчцн мекендештериме миң мертебе ыракматымды айта бергим келет, антке-ни ал мамиле алардын терең маданиятынын, тарыхый жана уруулук тектцц патриотизминин кцбөсц эмеспи.

Экинчиден, Саякбайдын «рэп-манасы» ачык асман алдында өтмөк болду, клубдун чоңдугу чогулгандар цчцн караандамак да эмес. Ошентип, кол-хоздогулардын чоңунан кичинесине дейре кеңсенин алдында каалашынча жайланышты. Айыл аксакалдары алдыга бири отургучка, бири дөңгөчкө отурушту, тегеректе ак жоолукчан аялдар, абдан көп балдар чогулду. Эң кызыгы эркек балдар жакын жердеги тал-теректердин бутактарына чымчыктардай конуп алышты. Көпчцлцк механизаторлор машинанын бортун ачып жиберип, бир далай кишини жайгаштырып, кай бирлери ат цстцндө, бирлери эшекчен угууну чечишти. Өспцрцм бала минген төөсцн чөгөрцп өркөчцнө мамык креслого отургандай жайма-жай отурушу кцнц бцгцнкцдөй эсимде калыптыр.

Тегеректегилерди көрцп ичим жылып, улуттун улут болуу артыкчы-лыгына бир эле ирет берилццчц ата-бабалардын эпикалык баалуу мура-сына ак дилдцц берилгендик менен мамиле жасап, кыргыз элимдин көкцрөгцндө дайыма эле ушундай биримдиктин болушун эңседим. XX кылымдын тынчы жок сансыз кцндөрцндө деле көп нерсеге жетишип, көп нерсени жаратса болмок, бирок «Манас» эпосуна окшогон кайталангыс цлгцлөрдц, улуу шедеврди жаратууга мцмкцн эмес.

Ал кцнц Саякбай Каралаевдин «рэп-манасы» чоң ийгилик менен өтөөрцнө кцмөнцм деле жок эле, анткени манасчы эл алдына нечен ирет чыгып, небак таанымал эле. Кцн дагы алда недей ачык болуп, жайдын толук саратан кези болучу. Эгин-тегин чапкандар, чөп чапкандар да жумушун токтотуп, бардыгы эл арасына кошулган.

Көптөн кцткөн убакыт келип жетти. Саякбай Каралаев кабалтең чоң жылкы минип, Манасты баштады. Чынын айтсам айтуучунун ат

цстцндө элге кайрылганын биринчи көрцшцм. Кийин сцйлөшкөнцбцздө манасчы өзц да биринчи жолу ат цстцндө манас айтканын билдирди. Бир эсептен ошондойчо чечкени абдан ыңгайлуу болгонун байкап, дилим-де тан бердим, анткени окуянын шартына жараша, манасчы тегеректеп угуп отурган элге тизгин буруп кайрылып баяндын учугун цзбөй узат-канга оңтойлуу болуп жатты. Анын цстцнө ал убактарда цн кцчөткөн микрофондор да жок эле.

Эпостун баяны башталганда поэтикалык тцрмөктцн кцчтцц таа-сири ушунда белем, сөздцн өзөктцц кубатын дубалагандай сырдуу тара-та алган манасчы менен угуучулар дцйнө кабылдоонун табышмактуу чөйрөсцнө айланып кеткендиги туюлду. Айтуучу менен угармандардын Жаратканга бел байлап, Манастын сырдуу дцйнөсцн, кыргыз улутунун кылым кечирген тарыхын, теңдеш өткөн окуяларын, ирегелеш көчмөн калк менен карым-катышын, жумурай журттун бийик рухун, баатыр-лык жцрцштөрцн алар менен бирге Жараткан да цңцлцп угуп жаткан-сып цмцт туткан эпостун нагыз триумфу эле.

Албетте, тема жөнцндө көптөгөн ой жцгцртццлөрдц, божомолдоолор-ду, мифологиялык тармактагы далилдерди келтирсе болоор эле.

Менин далалатым, Сиздердин көңцлцңцздөрдц бургум келген негизги тцшцнцгцм, бул «Манас» эпосунун өзөгц ааламдык (космический) ма-ңызга ээ экендигинде.

Кыскасы, жайдын бышкан саратан кцндөрцн, айыл кеңсесинин ал-дында каалашынча жайланышып угуп жаткан элди, ат цстцндө баян-дын сырдуу тцрмөктөрцн берилип айтып жаткан манасчы Саякбай Ка-ралаевди элестетип көрсөңцздөр. Эч кимдин оюна келбегендей, алиги эл топтолгон жерди туштап кара булут каптап, заматтын ортосунда алай-дцлөй тцшцп, чагылган жарыша чартылдап, кцндцн тцбц тцшкөндөй шатыратып жамгыр нөшөрлөп төгцп жибербеспи. Отурган ордумдан секирип туруп кеңсенин ичине умтулуп, босогодон чалынып жыгыла жаздап калдастап калдым. Саамга бой токтотуп, жадымда, ошентип колхоз олимпиадасы соңуна чыкты окшоду, отургандардын кай бири кеңсеге пааналап, калгандары туш-тарапка таандай тарап качып, ма-насчы аттан тцшцп эл артынан кеңсеге кирет го, антсе көңцлцн көтөрцп кубаттап коёюн деп ой кылдым...

Бир эмес бир нече мцнөт өттц, кеңсеге кирген эч ким да болгон жок. Эмне болуп кетти? Саякбай кайда? Ээрден ооп тцшцп калган жокпу? Эл эмне болду? Эшиктеги нөшөрлөгөн жамгырга кайра атып чыгып, көргөн көзцмө ишенген жокмун. Бир дагы адам, жадесе бак бутактарына конуп отурган жаш балдар да ордунан козголгон эмес экен. Кеңсенин босогосун-да отурушкан колхоздун башкармасы, парторг шөмтцрөп суу болуп кан-дай отурса дал эле ошондой былк этпей ордунда калгандарын көрдцм.

Баарынан мени манасчынын өзц таң калтырды! Саякбай Каралаев ат цстцндө отурушунан жазбай, баягыдан да көбцрөк кцч-кайратка толуп кубаттанып алган. Ал башынан бутунун учуна дейре суу болуп, дцңгцрөп тцшкөн чагылганды, шатыратып жааган жамгырды таназар албай аалам-дын асмандан тцшкөн жомокчусундай «Манастын» сөзцн, болгон та-рыхты, кайгы менен азапты атырылтып баяндап жатты. Анын бийик цнц тегеректе жаңырып, жааган жамгырга, чартылдаган чагылганга цндөш куюлуп, зарылдыгы мени таң калтырып; асмандан кыргыз сөзц улам жаңыланып, кайрадан жаралып жаап жатты. Эркек да, аял да, жадесе балдар да орундарынан козголгон жок, бир гана мен далдоо издеп качка-нымды байкадым. Жамгыр да, чагылган да Саякбайдын «Манасына» дилдцц ыргак болуп улам эргип, улам кцчөп жаай берди. Уялганымды айтпа, жаны артыгы эле мен белем... Асмандын кыргыз тагдырына болгон сына-гына, элдин эркине туруштук бере албай...

Уятыма чыдабай, Саякемдин жанына чуркап барып, эч нерседен камы жок аттын тизгинин алып, алардын кыймылына кошулдум. Кандайдыр таасирлерден улам, ошол тапта Асман менен Сөздцн ушунчалык ыргак-туу чектеш, киндиктеш тургандарын, «Манастан» жаралган Сөздц, жамгырдан төгцлгөн Асманды сезгендей болдум. Кыргызча айтканда: «Нөшөрлөп төккөн калың жаан манасчынын кцчцнө кцч кошуп, шерик-теш болуп турду!» Асман менен Сөздцн дуэти ушундайча угулуп турду. Кошоктош чыккан цндц «Манас» эпосун сцйгөндөр кыйкырык сцрөөнгө алып коштоп турду. Саякбай Каралаевдин цзөңгцсцн кармап, кош цндц мен дагы көпчцлцк менен кошо сцрөп жаттым. Асман менен Сөздцн улуу кубулушу касиеттцц цндөш дуэтке айланып, укумдан тукумга өтцп, «Манас» эпосунда унутулбай айтылган баян ай-асмандай кцчкө ээ бол-гон саатты, мцнөттц жаздым кетирбей, көөдөнцмө бекем сактап кал-дым. Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгцлцп айтылган Сөзгө кошулуп кады-ресе жашоодогу турмуштук өзгөрццлөрдцн жеңиши менен кыйроосу, баа-тырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлцгц, арзуусу ме-нен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жырга-лы, өлцмц менен төрөлццсц, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албас-тыгы агын болуп жаап жатты...

Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук...

Акырында айтаарым, жамгыр алдында аттын чылбырын Манас ру-хунун байрагын кармагандай кармап турдум. Мен кармаган тизгин эпос-тун ички демин жана тцбөлцктццлцгцнөн кабар берген белги болгонуна тагдырыма миң мертебе ыраазымын...

Чыңгыз АЙТМАТОВ