Түрк дүйнөсү не бир дөөлөттүү. Түрк тилдүү элдер евроазия ма- теригин камтып, эбегейсиз чоң аймакты ээлеп турат.

Түрк элдеринин ар бири эл өзүнүн улутун, тилин, каада-салт жана маданиятын сактап калуу үчүн кашык каны калганча күрөшүшкөн. Сырт душмандарга сокку урууда казак-кыргыз сыяктуу боордош элдер биригип кетишкен учурлар бар.

Негизинен, түрк тилдүү элдердин көбү Советтер Союзу деп атал- ган империянын курамына кирген. Тарыхтын жазмышы ошондой болгон. Бул империянын курамында кыргыз, өзбек, казак, түркмөн, азербайжан элдеринин чек аралары аныкталып өзүнчө республи- ка болуп түзүлгөн. Алардын республика деген аты болбосо, эл аралык катнаштарда укук берилген эмес. Каракалпак эли автоно- миялык республика катары Өзбекстандын курамында калган. Ал эми терең тарыхы бар, илим дүйнөсүнө улуу Бодуэн-де-Куртэнэ, А.А.Реформатский сыяктуу чыгаан окумуштууларды берген, коом- дук өнүгүүдө шам чырак болуп жанып турган Казань университети менен даңазаланган татар элине да республика деген макам берилип, Россиянын курамында калган. Татар эли улут катары таанылган, бирок өз алдынча жүргүзгөн саясаты, эл аралык мамилеси болгон эмес. Башкыр, балкар, карачай, алтай, хакас, тыва элдеринин шы- багасы да ошондой.

Ал эми тарыхы эң эле терең түрк тилдүү уйгур эли Кытай өлкө- сүнүн карамагында. Калкы да арбын, жер аймагы да кенен улут тарыхтын түшүнө бербеген агымы менен дагы бир чоң империянын колтугуна кысылып калган.

Түрк тилдүү элдерден өзүнчө өлкө болуп өнүккөн жалгыз Түркия эле. Мына ушундай жагдайда түрк тилдүү элдер биригип, жалпы сая- сат жүргүзүү аракети болгонбу? Жок. Болгон эмес. Ал эми идеялар жаралган. Анын башында айтылуу Ататүрк турган.

Ататүрктүн улуулугун, көсөмдүгүн айта келсең айбаттуу, жаза келсең тамгалары өзү эле алтынга айланып кеткендей. Ататүрк жалгыз гана түрк деп аталган элдин тагдырын ойлогон эмес, ал бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн камын көргөн көсөм болгон. Ататүрктүн өткөн кылымдын башында сүйлөгөн сөзү түрк элдери үчүн улуттук манифест катары кабыл алчудайбыз. Тарых барактарына жазылып саргарса да эч качан дараметин жоготпогон, өзү жок болсо да пла- стинкада түшүрүлүп калган Ататүрктүн ичке мукам үнү түбөлүк жаңырып турат. Ал мындай деген: «Бүгүн Советтер Союзу биздин досубуз, кошунабыз, союздашыбыз. Биз бул достукка муктажбыз. Бирок эртең эмне болорун эч ким алдын-ала айта албайт. Ал Осмон империясына окшоп, Австро-Венгрияга окшоп бөлүнүп, мүмкүн майдаланар. Бүгүн колунда бек тутуп турган улуттар мүмкүн уучу- нан суурулуп кача башташар. Дүйнө күчтөрү дагы бир тең салмак- туулукка ээ болор. Так ошондо Түркия эмне кыларын билиши керек. Биздин бул досубуздун карамагында тили бир, ишеними бир, бир боор туугандарыбыз бар. Аларды бейданек таштабай, түркүк болуу- га даяр болушубуз керек. Даяр болуу - тек гана ал күндү унчукпай күтүп отура берүү эмес. Даярдык көрүү зарыл. Улуттар буга кандай даярданышмакчы? Рухий көпүрөлөрдү бек кармануу аркылуу. Тил - бул көпүрө, ишеним - бул көпүрө, тарых дагы көпүрө. Тамырла- рыбызга кайрылып, табигый окуялар болуп жаткан тарыхыбыздын ичине биригишибиз керек. Алардын бизге жакындоосун күтпөстөн, биз аларга жакындашыбыз керек».

Тарых дайра агымында ажыдаарбыз деген күчтөр бири-бири менен кагылышып, дүйнөнү жеке менчигиндей кылып бөлүп алабыз деген гегемондук чакырыктар болуп жаткан мезгилде, менменсинген У.Черчиллдин шылдың, текебер сөзүнө чыдап түрк мамлекети өзү дөгүрсүгөн мамлекеттердин катарына кошула албай жетимсиреп турганда Ататүрктүн боордош элдердин келерки тагдырынын ту- шоосун кесип койгондугу кеменгерлик эле.

ХХ кылым аяктап баратканда түрк дүйнөсүндө болуп көрбөгөндөй улуу бурулуш болду, кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан элдери эгемендүүлүк бактысына эгедер болушту. Мурдагы дүйнө кар- тасында жалгыз жылдыз болуп жанып турган Түркия өлкөсү өзүнүн боордош өлкөлөрүн таап, натыйжада бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн канаты кеңейди. Тактай кетүү абзел, бул элдер айрым билермандар айтып жүргөндөй ислам дининин негизинде жакындашкан жок, түрк тилдүү элдер деген жалпы 

түшүнүктүн алдында жашап калышты. Глобуска жаңы мамлекеттердин аймагы кыюуланып тартылды. Бул жагдай - дүйнө түзүлүшүндөгү мурдатан калыптанып калган ой тутумдарга өзгөртүү кийирүү талабы өзүнөн өзү пайда болуп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдери- англис, араб, ис- пан, орус, француз жана кытай тилдери. Мына ушул жерде бир калпыстык бар экендиги даана байкалып турат. Маселен, араб тили- нин киргизилиши менен араб дүйнөсүнүн кызыкчылыгы корголуп жатат, испан тили менен Латын Америкасында жайгашкан элдер көңүлгө алынса керек, орус тили славян калкынын уюткусу, англис тили ырасында эле эл аралык тил, талашып болбойт, кытай тилин киргизүүдө жер шарында жайгашкан элдердин бештен бирин ээлеп тургандыгы эсепке алынгандыр, француз тили тарыхтын ыңгайлуу шарты огожо болуп кирип калгандыгы ачык эле байкалып турат, анда неге немец тили эсепке алынган эмес. Муну да түшүндүрсө болот, Бириккен Улуттар Уюму уюшулуп жаткан кезде экинчи дүйнөлүк согуш жаңы гана аяктап, фашисттик Германияга дүйнөлүк коомчулук тарабынан каар жана каргыш өлчөмсүз төгүлүп жаткан. Ошондой шартта немец тилин Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилинин бирөөнө айландырабыз деген сунуштун өзү сайпаналык болмок.

Ал эми Евроазия материгин камтып, бир чети Жер Ортолук деңизинен баштап, Түндүк муз океанына чейинки эбегейсиз чоң аймакты ээлеп турган түрк тилдүү элдердин кызыкчылыгы кайда? Бу жерде дүйнө туткасын кармап турабыз деген ошол кездеги теке- бердик көз караштарга чыланган, үстөмөндүк дымактары күчтүү мамлекеттердин дипломаттарынын жасаган иштери экендиги даана байкалып турат.

ХХ кылымдын орто ченинде кабыл алынган бул чечим бүт кылым- дар үчүн кадиксиз боло алат деп эч ким кепил болуп берген эмес. БУУ- нун Жобосунда жазылган бардык саптар түбөлүктүү жана өзгөртүүгө болбойт деп так кесе жазылган эмес. Демек, ошол расмий тилдердин кайсынысы болорун тарыхый жагдайга жараша кабыл алынган болсо дал ошондой эле XXI кылымда түзүлгөн жаңы тарыхый шартты эске алуу менен жаңыча мамиле кылуу талап кылынат. БУУнун расмий тили катары кошумча түрдө түрк тилинин кабыл алынышы бышып жетилген маселе экендигин мезгил өзү көрсөтүп жатат.

Түрк тилдүү элдер тарыхта эч качан биригип курултай өткөрүшкөн эмес. Эгемендүүлүктү алган мезгилде да ар кандай жагдайлар менен бириге алышкан жок, биригүүнүн негизги шарты кандайдыр бир экономикалык карым-катнаштар аркылуу жасайлы деген аракет- тер гана болгон. Бийликти көксөп, кумары канбаган айрым түрк тилдүү мамлекеттин жаңы формадагы хандары менменсинип, каада күтүшүп биригүүнү каалаган эмес. Ал эми өздөрүнчө саясат жүргүзө албаган татар, башкыр, алтай, тыва, хакас 

элдери кайрадан эле Рос- сия империясынын курамында калышып өз үндөрүн кошо алышпайт болчу. Аларга саясый жана экономикалык эркиндик берилген эмес, андыктан улуттук бакыт кушу качан конот, аны божомолдоп эч ким айта албайт.

Ошондой шартта бүтүндөй түрк элдеринин башын кошо тур- ган адам Ч.Айтматов болуп чыга келди. Бүтүндөй түрк элдери Ч.Айтматовдун ысмын туу тутуп, мына ошонун тегерегинде Анкара шаарында чогулушту. Бу саам катышуучулардын арасында менмен- синген куру намыстуулар болгон жок, бу саам руханий дүйнөнүн өкүлдөрү чогулушту. Анын арасында жазуучулар, сүрөтчүлөр, ком- позиторлор, артисттер бар эле. Боордош элдерди таттуу таратып да, алтынга азгырылтып да, атак-даңкка бөлөп да бириктире албаган жагдайды жөнөкөй өнөр адамдары уюштуруп койду. Ошону менен руханий дүйнөдө эч кандай чек ара болбой тургандыгы, менменсинүү маанисиз экендиги, бири-бирине тартылуу күчү кубаттуу боло тур- гандыгы дагы бир жолу тастыкталып калды.

Мындай биригүүнүн чок ордосу «Чыңгыз Айтматов күндөрү-2» деген симпозиум болгон. Симпозиумга түрк тилдүү эгемендүү мамле- кеттерден сырткары Россия империясынын курамында турган түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү да катышты. Алар өз республикаларынын наамын шардана айтышып, алгачкы ирет өз аймагынан сырт жерде төл тилинде доклад жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Сөздүн чыны ушунда, Россия империясынын курамында жашаган элдерге руханий дүйнө гана дем берип, өзүнчө улут экендигин эскертип тура турган дөөлөт экендиги айкындалды. Симпозиумду уюштурган түрк туугандарга баракелде, түрк туугандардын айкөлдүгүн, улуулугун айтып болбойт, алар түрк тилин бийик коюп, мажбурлоо аракеттерин жасашкан жок. Өздөрүнчө мамлекети жок элдерге үстөмдүк кылуу, кемсинтүү мамиледен да алыс болушту.

Ошентип, качандыр бир кезде кыял туткан кеменгер Ататүрктүн ою ишке ашып, өнөр адамдары түрк дүйнөсүн бириктирип турган мезгил келди.

Улуттук тил жөнүндө Ч.Айтматов: «Тил - бул ар бир элдин каны- жаны, тил - анын тажрыйбасынын, дүйнө таануусунун, мадания- тынын, тарыхынын ашташуусу, акырында тил - улутуң кубанса- кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси », - деп таамай жазган.

Мына ушул сөз менен Ч.Айтматов элине кайрылган мезгил адам- дын акыл-эсине анча сыя бербеген маңкурттук саясаттын арааны жүрүп турган мезгил эле. Жер жүзүндөгү эбегейсиз эң чоң өлкөнүн турмушунда жүздөн ашуун улуттардын тили, маданияты, адабия- ты, улуттук каада-салты жерилип, зордук менен оолакталып, унут калтыруунун аракети катуулап, өлкөдө өз ыктыяры менен бир жалпылыкка биригип жатат деген ураан чакырылган. Өз ыктыяры менен биригип жатат деген жаңы улуттун аты «совет эли» деген жа- салма сөз болчу. Бул түшүнүктүн түпкүрүндө ошол 

эбегейсиз өлкөдө жашаган элдердин баары бир гана тилде - орус тилинде сүйлөөсү керек деген усул эле. Ошол шартта Ч.Айтматов совет империя- сында жашап турган элдерге билингвизм теориясын сунуштаган. Жөнөкөй сөз менен айтканда өз тилин унутуп, жатыркап бараткан элдер орус тили менен катар эне тилинин өнүгүүсү шардана кылын- ган. Ч.Айтматов ырасында эле өтө кылдаттыкты, ийкемдүүлүктү, көсөмдүктү көрсөткөн. Учурунда Ч.Айтматовдун мындай идея менен чыгышын бир тарап улутчулдук деп күнөөлөшсө, экинчи тарап орус улутуна жагынгандык деп кине коюуга үлгүрүшкөн. Ошол күнөөнү айта алган адамдар кыргыз тили үчүн күйүп бышып, кыйраткан деле иш жасай алышкан эмес.

Билингвизм теориясынын турмуштагы даана үлгүсүн өзү даңа- залаган. Анын төл тилинде жазылган чыгармалары шиберде мөлтүрөгөн жамгыр суусундай жанга жагымдуу болсо, орус тилинде жарык көргөн аңгеме, романдары мурда калыптанган орус тилиндеги сөздөрдүн көркөмдөлүшүн жаңыча түшүнүк, өзгөчө курамдар менен берүүсү чыныгы новаторлук эле.

Билингвизм теориясынын кыргыз журтчулугуна таңууланышы орус тилине өзгөчө камкордук көрүүнүн бир ыкмасы болсо, негиз- гиси ошол арааны жүрүп турган орус тилинин катарында кыргыз тилин жоготпой сактап калуунун бирден бир жолу болгон. Домоктун кылычындай болуп башты кезеп турган тарыхый шартта, балким, кыргыз тилин сактап калуунун жан үрөгөн жалгыз аракети ушул болгондур. Акезде ачык айтып, ак сүйлөө опурталдуу аракеттерден эле, көптөгөн купуя маалыматтар жекенделген жети мөөрдүн катма- рында туруп ар ким эле биле берген эмес. Ч.Айтматов маалыматтуу инсан болгон. Ал көпчүлүккө кийин тараган, тил жөнүндөгү төмөнкү маалыматтан кабары бар болгондугу үчүн улуттук тил деп жан далбастаган. Жүрөк титиреткен маалымат мынабу: улут маселеси кадиксиз жөнгө салынган деген өлкөдө 70 жыл ичинде 93 элдин тили жок болуп кеткен. Кыябын таап, калган тилдерди жок кылуу арам саясаты улантылып жаткан. Ошол шартта улагасынан алыс үнүн чыгара албаган айрым бир жазмакерлерден кескин айырмаланып, Ч.Айтматов тил маселеси боюнча, дегеле улут көрөңгөсүнө доо келти- ре баштаган чоң империянын сымаптай жылтыраган идеологиясына акаарат жасаган. Улуу жазуучу чоң борбордогу ар ким эле даап каш кайтара албаган идеологиянын чабармандары борбордук гезиттердин орок оргон ооздорун тизгиндеген. А түгүл чоң империянын шови- нисттик саясатынын жүзүн ачып, орус тилине гегемония орнотуп жаткан орус элинин өзү көп улуттуу өлкөнүн элүү пайызынан араң аша тургандыгын айкындаган. Ч.Айтматовдун ошол кайрылуусу масштабдуу ой жүгүртүүнүн алкагынан алып караганда жалгыз гана кыргыз тили үчүн күйүп-бышуу эмес, терең тарыхы бар башка дагы тилдердин жашоосуна өмүр берген улуу чакырык болчу.

Ататүрктүн тагдыры болсо башка. Ал Түркия өлкөсүнө улуттук тилди 

калыптандырууда алтын башын айбалтанын мизине коюп берген адам. Мустафа Кемаль түрк элинин тагдырын моюнуна ал- ганда алгач тил маселесин кылычтын мизине койгон. «Османлы» эли болобуз деп ооз учунан айтылган улуттук вазийпа болгон менен бирдиктүү тил, жалпы адабий жазма чаржайыт эле. Ошол жагдайда жаңыдан жарыя кылынган түрк мамлекетинде түрк тилинен башка тилдердин бардыгына тыюу салынган. Мурдагы мен «османлымын» деген сөздөн оолактап: «Мен түркмүн!» - деп айтуу ар бир жарандын бактысы болсун деп ураан салган. Түркия өлкөсү эки континентте жайгашып, Европа, Азия элдеринин саясий-экономикалык өнүгүү жолунда катарлаш эле. А кезде улут кызыкчылыгын, жеке адамдын укугун коргой турган эл аралык уюмдар жокко эсе болчу. Бирок өлкө ичинде жашап, азчылыкты түзгөн элдерге өз тилинде окутуу, сот органдарына өз тилинде кайрылууга шарт түзгөн, азчылыктын тилин басмырлоого тыюу салынган Лозанна келишими бар эле. Аталган келишимден кабары жок сыяктанып, билген болсо да улут кызыкчылыгын бийик коюп Мустафа Кемаль түрк тилине басым жасалган дагы бир ураанды көтөрүп чыккан. «Түрк тилинде сүйлөө кандай бакыт» - деп улут сезимин ойготкон.

Мусулман дүйнөсү кан-жанына сиңген түрк элин араб алфавити- нен ажыратып, аны танып, латын графикасына өтүү өтө опурталдуу эле. Бул өнөктүктө Ататүрктүн жеке аброю, жүрөктү өрттөп өтчү оттуу сөздөрү, биримдикке чакырган урааны тирек болгондугу та- рых чындыгы.

Түркия мамлекети 1928-жылы латын тамгасына өтүп, өлкө та- рыхы жаңы барактардан башталган.

Бу мезгилде Советтер Союзу деп аталган ХХ кылымдын жаңы империясы түзүлүп, өз жолу менен өнүгүп бараткан. Жаңы империя тоталитардык режимге негизделген. Натыйжада коңшу мамлекет- тердин чек арасы темир тор менен тосулуп калган.

Дал ошол учурда жаңы империянын курамында калган Азербай- жан республикасынын демилгеси менен жаңы заман кура баштаган түрк тилдүү элдердин I съезди өткөн. Бул съезд аныгында эле тары- хый окуя. Дал ушул съездде буга чейин жазуу маданиятында араб тамгасын колдонуп келген түрк тилдүү элдердин латын тамгасына өтүү маселеси каралган. Жыйында өз мезгилинин бүркүтү болуп шаңшыган кыргыз К.Тыныстанов манжа менен саналган билимдүү адамдарын эске албаганда дээрлик сабаты жок кыргыз элинин аты- нан сөз сүйлөгөн.

1929-жылы өкмөттүн атайын чечими менен зор империя кура- мындагы түрк тилдүү элдер латын тамгасына өтүшкөн.

Тарыхтын таш төлгөсүн алдын-ала болжоп болбойт, латын там- гасын өз дүйнөсүнө кабыл алуу менен бириккен түрк элдеринин жалпылыгы узакка созулган жок. Зор империянын гегемон улуту деп эсептелинген орус элине ыңгайсыз жана көп машакаттуулукту жаратып жатат деген шылтоо менен 

1939-жылы латын тамгасы алынып салынган.

Ошентип алфавит жаатындагы Ататүрк жасаган реформа Түркия өлкөсүндө өнүгүп-өстү, жашоо-тиричиликтен ажырагыс орун алды, ал эми чоң империянын тутумунда турган түрк окумуштууларынын эмгектери таш-талканы чыгып талаага кеткен. Латын тамгасы кай- радан кириллицага айырбашталган.

Жазуу өнөктүгү, анын негизинде жашай турган улуттук тил үчүн болгон күрөш тарых барактарында жазылып калды, түрк дүйнөсүндөгү улуу муундар жасап кеткен иштерди эстеп, даңазалап жүрүү парз.

Тарыхта Ататүрк кыял туткан түрк дүйнөсү бар, Ч.Айтматов түптөп кеткен руханий көпүрө бар. Мына ушул эки жагдай түрк тилдүү элдер үчүн түбөлүк жанып турган шамчырак өңдүү.

Түрк дүйнөсүн түзгөн ар бир элдин тили кайталангыс феномен. Андыктан калкы азбы, көппү, ошол элдердин тилин сактап калуу көйгөйүндө эч кимди жалгыз калтырбоо вазийпасы турат. Анүчүн алсырап, жашоодон сүрүлүп бараткан тектеш тилдерге өз учурунда Ататүрк калтырган осуят эскертилсин, Ч.Айтматовдун чыгармалары аз сандагы тектеш түрк элдердин тилинде байма-бай чыгып турсун. Ч.Айтматовдун руханий көпүрөсү мамлекет аралык чек араларга орнотулсун. Ошондо гана эбегесиз түрк дүйнөсү көөнөрбөйт, кубат- туулугу күчөйт.