БАШ СӨЗ

Элибиздин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосу өзцнцн көп варианттуулугу, ашкере көлөмц менен эле эмес, ошого ылайык жаралган жогорку көркөмдцгц, кооз поэтикасы аркылуу дцйнөгө таанымал. Көп бөлцмдөн куралган бул зор чыгарманы цчилтик формасында жаздырып калтырган манасчылар анча көп эмес. Алардын ичинен эң көрцнцктццсц, кыргыздын улуу инсаны - залкар манасчы Саякбай Каралаев (1894-1971). Анын варианты жөнцндө кыргыздын чоң окумуштуу уулу Б.М.Юнуса-лиев өз учурунда: «...уникалдык, жападан-жалгыз вариант. Муну Саяк-бай карыянын өз элине, бцткцл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек» - деп макаласын «Улуу эпос, укмуштуу жо-мокчу» (Ала-Тоо, 1967, № 1) атаган эле. Мына ошол укмуштуу жомокчу-нун баскан жолу кандай болгон? Ал 1894-жылы Ак-Өлөңдцн Семиз-Белин-де кцз маалында төрөлгөн. Ата-теги Ысык-Көлдцн Керме деген жеринде-ги арык тукумунан болуп, жетишпеген куу турмуштун айынан улам жер которуп, көчцп-конуп жцрццгө туура келген. Жашаган социалдык чөйрөсцнө, коомдогу тарыхый татаал бурулуштарга байланыштуу 16-17 жаштар-дагы өспцрцмдцн Манаска дитин коюп өз алдынча аракеттенип жцрц-шцнцн өзц да бир кылка, зымга тарткандай абалда өткөн эмес. Агасы менен бирдикте малайлыктын ачуу даамын эртелеп таткан. Көптцн бири катары айыл ичиндеги чарба иштери менен да алектенген. Кыска-сы, эли эмнени көрсө, болочок манасчы да ошону өз көзц менен көрцп жетилген. «Манаска» болгон дилгирлик, кызыгуучулуктун учкуну акы-рындап тутана берген. Саякбайдын манасчылык өнөрцнцн калыптаны-шына чоң энеси Дакиш аркылуу өткөн Суранчынын айтымынан тар-тып, Көл айланасындагы Байдалы, Назар, Акылбек, Тыныбек, Чоюке (жер-дештери Чойке дешчц экен) ж.б. өңдцц ошо кездеги чоң манасчылардан уккандары өрнөк болуптур. 1918-1922-жылдар арасында Кызыл Аскер-дин катарына өтцп, өзц айткандай, көрбөгөнц көр болуп, «Томуктай болгон тоо жок, токумчалык коо жок, куу жцрсө кулагы, кулан жцрсө туягы көрцнбөгөн» Кара-Кумга чейин барган. Ошондо да маал-маалы ме-нен «Манастан» цзцндцлөрдц айтып такшалган.

Манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз? -деген суроого «чоң манасчыдан» Акылбекке (1840-ж. туулган) кезиктим.

«...Сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. ...Ошондо да кебел-бей айтып турат («Манасты» - А.Ж.) кайран киши» - деп, бир кезде улуу манасчы С.Орозбаков Назар, Нармантай, Келдибек, Балык, Тыны-бектен жогору турат деп баалаган Акылбек манасчыны С.Каралаев да бекеринен эскерип отурбаган чыгаар. Буга кошумча - С.Каралаев уста-тым деп Көл өрөөнцндөгц Чоюке Өмцр уулун эсептейт. Чоюке да айрыкча психологиялык деталдарды жеткире аткарган артисттик жөндөмц би-йик, чыгаан манасчы болуптур.

С.Каралаев да «Манаска» дилгир болуп жцргөн кезинде башка манас-чылардай эле «кереметтцц тцш көрцц» салтынан четте калбаптыр. Ал мындайча: «1916-жылы Орто-Токой тараптан келе жатып, мурдагы көрцп жцргөн чоң кара таштын ордуна ак боз цй тигилип калганына таңыр-кап турса, кандайдыр бир ачуу кыйкырык чыгат да эси ооп жыгылат. Саякбай ошол абалында цйгө кирип, Каныкей сунган аяктан даам ооз тийип, сырттан Бакайга жолугат. Ал: «Казатка бараттык эле, Манас сага бер деген кцлазыкты берейин» - деп, оозун ачтырып бир нерсе берип, өзц Бакай экенин айтып, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргакты бирден сыпаттап тааныштырат. Мына ушул аян берген «кереметтцц тцш» жаш жигитке демөөр берип, биротоло чыгармачылыкка дем байлайт. Буга чейин эле өз алдынча кыйналып буулугуп жцргөнцн байкаган тууга-ны Саадабай Саякбайды Кочкорго ээрчитип барып, эл алдына айттырып жолун ачат. Бара-бара «Манаска» баш-оту менен кирип кетишине уста-ты Чоюкени ээрчип жцрцп (1924-ж.) эпостун текстин толук өздөш-тцрцшц да себеп болот. 1930-жылы жетилген манасчы катары коомчу-лукка таанылат. 30-жылдары эл арасынан оозеки чыгармалардын цлгц-лөрцн чогултуу маселеси көтөрцлгөндө ошонун шарапаты менен профес-сор К.Карасаев 1931-жылы табат. (С.Каралаев жөнцндө Сары-Камыштык Кайдуу деген адам ага төмөнкцдөй кабарлайт: «Ошол кишинин аты Саякбай Карала уулу. Ал илгерки Чоюкеден цйрөнгөн. Өзц далайды башы-нан өткөргөн жигит. ...Ошол Саякбай «Тайторуну чапкан жерин» ук-муштуу айтат («Семетейден» - А.Ж.). Тегеле эч бир манасчы Саякбай-дай айта алган эмес. «...Саякбай «Чоң казаттан» («Манас» - А.Ж.) да бир топ жакшы айтат. Эмики калган манасчы эле көл башында ошол». Бул ошо кезде эле бир топ даражага көтөрцлцп калган талантка берил-ген акыйкат баа, кагазга катталган алгачкы (эл өкцлц тарабынан ай-тылган) сын пикир болгон. Демек, С. Каралаев өзцнө чейинки чоң манас-чылардын салтын тцз жана кыйыр тцрдө болсо да өздөштцрцп, өркцн-дөтцп бизге жеткирген зор талант. Анын варианты шарттуу тцрдө цчилтик («Манас», «Семетей», «Сейтек») аталганы менен Манас баа-тырдын акыркы тукумдары Кенен, Алымсарык, Кулансарыктар жөнцндө да айтымдары бар. Ушул вариант аркылуу «Манасты» эпикалык жанр-

дын бардык эволюциялык жолун басып өткөн классикалык формадагы «тарыхый-баатырдык эпопея» деп билебиз. Океандай эпосту алмадай башына батырып, канча бөлцмгө жеткирип айтпасын, сюжеттик маз-мун ар дайым өз орду менен, терең логикага баш ийдирилген. Эпостун эң бир артыкчылыгы - ал камтыган тема, көтөргөн элдик идея өлбөс-өчпөс тцбөлцктццлцгц менен кылымдар бою актуалдуу. Качан болбосун бирөө-лөрдцн алдында тизе бцкпөй, тең ата жашоо, жашаганда да жыргал турмушта жашоо, ынтымакта биргелешип өз Ата Мекенин жат душ-манга тебелетип-тепсетпей жашоо - эпостогу элдик идеал. Эпос ошону-су менен ардактуу. Ал ким тарабынан, кандай вариантта айтылбасын, анын башкы максаты - эл-жердин эркиндиги цчцн тик турган, анын туусун ыйык сактаган өз уулдарынын иш-аракетин сыймык менен даңа-залоо.

С. Каралаевдин «Манасы» да, негизинен, жалпы кабыл алынган салт боюнча байыркы кыргыз элинин кылымдарды кыдырып басып өткөн тур-муш жолун, тагдырына туш келген далай кыйын кезеңдерде жеңип чык-кан мекенчил кцрөштөрцн эпикалык арымда көркөм жалпылаштыруу-дан турат. Согуштун мцнөзцнө жараша ага катышкан эпикалык каар-мандын портрети да, психологиясы да калыптанган традицияга бекем таянып өзгөрөт. С.Каралаев өзцнө чейинки манасчылардан уккандарын жайынча көнцмцш катары кайталап айтпастан, өзцнцн талантына таянып, жогорку чыгармачылык эргцц менен өркцндөтцп, тереңдетип, кеңейтип берццгө жетишкендиктен, эпостун көркөмдцк кудурети эле эмес, көлөмц, масштабдуулугу артып, жарым миллион сапка жеткен. Ырас, ушул саптын баары эле бирдей жогорку көркөмдцктө десек кал-пыс сөз болмок, анткени эч бир жазуу-сызуусуз, жалаң гана өз мээсине ишенген адам кандай тцйшцк тартпасын, буга жетише коюш мцмкцн эместиги белгилцц. Бул оозеки чыгармачылыктын өсцп-өнцгцп отуруп эл арасына тарап, кылымдар бою жашашына жол бере турган мыйзамче-немдццлцк. Ошондой эле эпоско таандык баатырдык духка байланыш-туу согуштук эпизоддор өтө узак кайталоолор аркылуу баяндалган учур-лар бар. Көбцнчө баатырлардын жекеме-жеке беттешццлөрцнөн орун ал-ган мындай көрцнцштөр согуштун катаалдыгын, ошого катышып жат-кан каармандыктын деңгээлин ачып берццгө жардамдашат. Бул да болсо оозеки чыгармачылыктын өзцнчө бир жашоо өзгөчөлцгц экендигин ырас-тайт. Эпостун өнцгцп-өсцшц жылдар менен эмес, кылымдар аркылуу ченелсе, анын көпчцлцгц да миф-фантастикага таянса да, жашоонун агымы, ага карата болгон философиялык көз караш, адамдык жеке мами-лелер, айталык улууну урматтоо, кичццнц эмгегине жараша баалоо ж.б. реалисттик аспектиде чагылдырылган. Ошондон улам «Манас» эпосу баштан-аяк өзцнцн жомоктук оң каармандарын гана бир жактуу даңа-

залап отурбастан, анын каршысындагы душман баатырына да калыс мамиле көрсөтөт. Айрым кездерде душманына алдырып, алы кетип тур-ган каармандын трагедиясы карапайым адамдын эле тизе бцгцп мцңкцрөгөн учуру катары ачуу чындык менен айкашат. СКаралаевдин варианты кайсы тарапка таандык баатыр болбосун, анын сын-сыпа-тын, курал-жарагын, кийген жоо кийимин минген тулпарына чейин терең берилгендик менен сцрөттөйт. «Манаста» айтылгандай:

Көбц төгцн, көбц чын, Көрцп келген адам жок. Бири төгцн, бири чын, Билип келген адам жок. Илгеркиден биздерге

Келе жаткан ушу кеп. (СК. «Манас»)

Ошентсе да эпостун мазмунунда элибиздин башынан өткөн оош-кы-йыш замандар, алдуураагы алсызын басмырлаган «ит жыгылыш» тур-муштун духу сезилээрлик абалда орун алган.

Адатта, эпикалык сюжет башынан оор тагдырды кечирип отурган улуттун зор кубанычы катары келечекте өч ала турган уулдун жарык жашоого (көп кцттцрцп) келишин даңазалоо менен башталып, анын эр жетиши, алгачкы эрдиктери, цйлөнцшц, сырткы өчмөндцц душманына жасаган жортуулдары, акыры чыккынчылыктын курманы болушу менен бцтөт. Ушул туруктуу схема кыргыздардан башка элдердин эпостору-нан да орун алган. Ал эми «Манаста», анын бөлцмдөрцндө бул схема баштан-аяк кайталанып, качан болбосун далай кармаштарда сындал-ган эр жцрөк, шамдагай жоокер бардык сын-сыпаты боюнча идеализация-ланган. Элдин эстетикалык муктаждыгын канагаттандырган андай эпикалык образдардын элестери математикалык формулалардай салт-туу стилдик айкалыштарга айланып, манасчы цчцн эң негизги көркөм каражат катары кызмат өтөп келген. Манасчынын эстутумунун өзгөчөлцгцнө көп кырдуу таланты, артисттик жөндөмц, цнц, фантазиясы ар качан угуп отурган аудиториядан жогору турган. СКаралаев эмнени гана сцрөттөбөсцн, элдин жашоо-шартына, цмцт-тилегине ылайыктап, кандай апыртылган жомоктук көрцнцштөр болбосун, улуттук салтка, црп-адатка баш ийдирип, эл турмушун кеңири, терең чагылдырууга ба-гыт алдырган. Ошондуктан манасчынын жана ал ырдап отурган текст-тин эстетикасы угуучуларга өтө тцшцнцктцц жана жакын.

СКаралаев «Манасты» башка эпикалык баатырдын өткөн ата-баба-ларынын санжырасынан баштап, Каракандын өлгөнцнөн пайдаланып, жаш калган тукумун туш-тарапка айдап кордук көрсөткөн кытай кан-

дары Алөөкө, Молтонун зордук-зомбулугун баса белгилейт. Булардын эң кенжеси Жакып Алтайга айдалып барып кен казып, кырк цйлцц кыргыз-дын турмуш шарты оңолуп кетет, бирок Жакып балалуу болбойт. Ошол учурда кытайдын каны Эсенканга сыйкырчылары келип, кыргызда Ма-нас аттуу уул төрөлөт, ал аман чоңойсо Бээжинди соо койбой турган баатыр болот - деп, аны таап, эртелеп жок кылууну сунуш кылышат.

Манас төрөлгөндө берилген чоң той кытай, калмактардын тынчын кетирип, Жакыптын сандаган малы жердин чөбцн жеп койду деген шыл-тоо менен Эсенкан жер коругуч Кочку балбанын жети жцз колу менен кыргыздарга жөнөтцп, Жакыптын жаш баласын эптеп тартып алууга аракеттенет. Ошондо он экиге чыгып калган Манас Кочку балбанды аттан оодара саят. Биринчиден, өзцнцн коопсуздугунан, экинчиден, Ма-настын келечегинен чоң цмцт кылган эл бел байлап, Акбалтайдын акы-лына көнцп:

Жыйгандын баарын чачалы,

Бул Алтайдан качалы.

Ала-Тоо артык жерине,

Кетели кыргыз элине! (С.К. 1. 84) -деп, бир чечимге келишет. Ушундан баштап Манаска болгон элдик ише-ним кцчцнө кирет. Анын милдети - «эл четинде, жоо бетинде туруу». Бир сөз менен айтканда, эпостун эң негизги идеясы болуп эсептелген эркиндик, көз каранды эместик идеясынын башаты ушул жерде. Дөңгө менен Жолой Манасты байлап кетццнц көздөп кыргыздарга кол салы-шат. Акбалтай, Жакып Манаска болушуп, катуу кагылышта манжуу, кытайлар чоң зыянга учурап, ушул окуядан кийин Манас кырк чилтен, Кызыр даарыган чыныгы баатыр катары шер атагын алат. Эли-жери-нин кабарын Акбалтайдан угуп тцшцнцп, Кошой менен жолуккандан кийин Манас чачылган журтун чогултууга бет алат. Бул учурда Эсен-канга Манас колдуу Дөңгөнцн өлгөнц, Дөөдцр менен Жолойдун араң ка-чып кутулганы жөнцндөгц кабар жетет. Эсенкандын буйругу боюнча Жолой көп кол баштап, кыргыздарга каршы кайра аттанат. Ушул со-гушта эки тарап тең чоң жоготууга учурайт. Манас минген биринчи тулпары Торучаар урушта Каражойдун огунан мерт болот. Манас кыр-гыздарды Таласка көчцрцп келип, Кошой менен коңшу конуп, бирок ата-сына нааразыланып өз алдынча Анжыян тарапка кетип, бабадыйкан менен орток эгин айдап, нойгуттун каны Карачадан Аккула тулпарды сатып алат. Ак сакалдуу думана болуп кезиккен адам асмандан тцшкөн алты курчту тапшырат. Тууган издеп Бакайды табат, Ажыбай өзц келип кошулат, кырк жерден кырк чоро куралып, Анжыянды сурап тур-ган Алөөкөнцн залимдигин Айкожодон угуп, ошону карай жөнөйт. Алөөкө Бээжинге качып, Манас чоролору менен кытайдын изине салып кууп

отуруп, Аксынын жанында, Кум-Арык дарыянын боюна жетип согушуп, өзцн колго тцшцрцп, дцнцйөсцн калкка кайтарып алып берет. Ушул окуядан кийин кандарга кабар айтылып, Кошойдун сунушу боюнча Ма-нас алтын гцлдцц ак килемге салынып, алтын такка минип, эл алдына кан шайланат.

Манастын кадыр-баркы өйдөлөгөн сайын тегерегиндеги кандардын көрө албастыгы ашынат. Төштцктцн тоюнда он эки кан топтолуп, жалгыз эле өзц кыйратып жаткансып көөп кетти, Манастын жазасын берели - деп кеңеш курушат. Бирок Манастын сцрцнөн корккон кандар Кытайга жортуул жасайлы деп келдик эле, - деп кайра тайсалдашат. Манас казатка камынып, Алмамбет баштаган калың кол Бээжинге ат-танат. Алмамбет менен Сыргак чалгынга барып Бээжинге кирип, кы-тайдын жылкысына тиет. Кытай куугунчулары менен катуу согуш бо-луп, кытай колуна жаңы кцчтөр кошулуп, далай алптар окко учат. Манас баатыр Алмамбет, Чубак, Сыргак, Музбурчак, Бокмурун өңдцц эрлерден айрылып, Аккуласын окко учуруп, оор жараты менен элине кай-тат. Согуш учурундагы оор жараттан Манас көз жумат. Манас өлгөндөн кийин анын сөөгцн Каныкей киши билбегендей, Эчкиликтин кара зоосуна жашыруун көмдцрцп, эл көзцнө көрцнцктцц кцмбөз салдырат.

Мындай трагедиялуу учурда эпостун тили менен айтканда:

Кайың ыйлап, тал ыйлап, Караган жандын баары ыйлап, Кычыраган шер ыйлап, Кцңгцрөп кара жер ыйлайт.

Көпчцлцктцн кайгысына жалпы аалам органикалык бирдикте шай-кеш көрсөтцлцп, элдик кайгы-капанын оор басымы сезилет. Бирок эпика-лык мейкиндикте да турмуштагыдай кайгы менен кубаныч жанаша жцрөт. Башкы баатыр каза болгондо «Карагайдын бутагын кайрып цзцп алып, табылгынын бутагын тартып цзцп алып, Жер энеси менен кин-диктеш жаңы баатыр жарыкка келет. Жашоонун тцбөлцктццлцгц мына ошондо. Эпос мына ушул идеяны туу тутат.

Кыскарта айтканда, улуу манасчы С. Каралаев өзцнцн өлбөс-өчпөс «Манасы» менен дцйнөлцк маданиятка эли сыймыктанаарлык салым кошуп кетти. Колуңуздардагы китеп С.Каралаевден 1936-жылы катчы-лар К. Жумабаев, Ы. Абдыракманов тарабынан жазылып алынган вариант. Бул вариант 1952, 1968-жылдарда жазылгандарга караганда толук тцрдө биринчи болуп кагазга тцшкөндцгц менен баалуу. Мында манасчыга таандык диалект көбцрөөк сезилет. Биз тараптан сюжетке эч кандай алымча-кошумча киргизилген жок.

Бул басылышта, негизинен, манасчынын говору сакталган. Азыркы адабий тилге көнгөн окурманга бул варианттагы айрым диалектилик өзгөчөлцктөр тааныш эместей сезилээр. Мисалы, С. Каралаев «з»чыл айтуучу, ал Манас эмес «Маназ» деп айткан, «м», «б» тыбыштары алмашылып, ошондой эле сөз башындагы «н» тыбышы айтылбай калган учурлар бар (окто-нокто, огой-ногой, амаз-намаз, амыз-намыз, аадан-наадан, менде-пенде, бар-пар, бери-пери, бил-пил, бусурман-мусулман, ар-нар, бир-пир ж. б. сыяктуу). Ошондой эле айрым каармандардын ысым-дары да өзгөчө айтылат. (М.: Алөөкө-Алооке, Акбалтай-Акбалта, Бал-тай-Балта»). Кыскасы, текстти тцрдцц катчылар жазгандыктан, ар кандай цлгцлөр жолугат. Анткени бири манасчы айткан сөздөрдц ада-бий тилдин нормасына салып оңдоп жазса, бири манасчыныкындай жа-зат. Кандай болгондо да С.Каралаев өзцнө чейинки мыкты манасчылар-дын салтын улап, чоң манасчылардын өлбөс-өчпөс плеядасынын акыркы улуу өкцлц экендигин ырастап турат. Ал 1971-жылы өзцнцн эли менен тцбөлцк коштошуп, «Манасын» мураска калтырып кетти.

«Манасты» сыйлаган, ага кызыккан окурмандарга кош колдоп суна-быз.

Айнек ЖАЙНАКОВА,

КРнын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреа-ты, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин

кандидаты.