КӨКӨТӨЙДҮН АШЫНДАГЫ КҮРӨШ ТУУРАЛУУ 

Көкөтөй ашы болгондо, 
Капыр менен мусулман 
Кара курттай кыжылдап, 
Кайнап жерге толгондо. 
Көкөтөйдүн ашында, 
Капыр менен мусулман 
Каш кайтарар бир жан жок, 
Кабылан Манас башында. 
Ар ким назар түк салбай, 
Капыр менен мусулман 
Укурук кайырар түк калбай. 
Алп-дөөлөрдүн барысын 
Атынан түшүрүп шаштырып, 
Далпылдатып барысын 
Ашта жөө бастырып. 
Коржоңдогон жан калбай, 
Кыя басып кире албай, 
Кылым дөөнүн барысы 
Кыран Манас көкжалга 
Каяшак бере албай, 
Калк каратып турганы, 
Ошондо Көкөтөйдүн Бокмурун 
Калкка жарын угузуп: 
«Миң карача төө сайдым, 
Буттап алтын зер сайдым, 
Капыр менен мусулман 
Бир тамаша салсын деп, 
Кан атамдын тоюнда 
Калк кармашып калсын деп, 
Кулак угуп, журт көрүп, 
Кан атамдын сөөлөтү

Доор кыямат болгуча, 
Унутулбай калсын деп, 
Капырдан чыгып бир балбан, 
Мусулмандан бир балбан, 
Жөө күрөштү салсын деп, 
Жыкканы байып калсын деп, 
Жыгылган куру калсын деп. 
Атамдан арбын дүйнө, илек * мал 
Ушул аштан түк калбай. 
Ада болуп калсын» — деп. 
Манжуулардын Нескара 
Бул сөздү угуп алыптыр, 
«Калмактардын кан Жолой 
Качан байдаң тиет», — деп, 
Кайрат айтып барыптыр. 
«Калың дүйнө, сансыз мал 
Көкөтөйгө сайды», — деп, 
Жолой угуп калыптыр. 
Мына ошондо кан Жолой 
(Даңкы катуу таш жарган, 
Жолу каткан Жолойго, 
Жолойго адам жолойбу?!) 
Кармашканды калдайтып 
Алып турган кези экен, 
Балакетти дөөлөргө 
Салып турган кези экен, 
Күрөшкөндү талкалап, 
Чалып турган кези экен. 
Жети жылы жөө басып, 
Жетик найза майлаган, 
Жетимиш алпты жайлаган. 
Жети батман буудай жеп, 
Дан жыттанган чоң Жолой, 
Жетимиш алпты бир союп, 
Кан жыттанган чоң Жолой. 
Жөөгө балбан, атка жок, 
Жолой өңдүү капыр жок,. 
Калбайып оозу бирикпейт 
Кандалчынын * кабындай. 
Бириндеген муруту 
Айбалтанын сабындай, 
Жылаңаяк, жылаң баш 
Айбаты 1 кыйын ушундай.

Бу Жолойдон оолак кач. 
Балбандыгы башкача, 
Балбанды жыккан бир канча 
«Көкөтөйдүн көп байге, 
Бир күрөшүп көрөм, — деп, — 
Балбанга чыккан бурутту 
Көтөрүп уруп салам, — деп, — 
Көкөтөйдүн көп байге 
Жеке өзүм алам, — деп — 
Балбанга чыккан буруттун 
Бир эсебин табайын, 
Улактай жерге чабайын. 
Чындап каарым кармаса 
Бөлүп-бөлүп салайын, 
Колу-бутун суурайын, 
Сан кара сайган буруттун 
Заманасын куурайын, 
Чабалы чыкса буруттун 
Чапчып кармап жутайын. 
Балбаны келсе буруттун 
Башын кармап жулайын, 
Кызыталак буруттун 
Башына кыйын кылайын, 
Беттешкенди койбоюн, 
Бурут, калмак экөөнө 
Оюнду мыктап ойноюн». 
Жолой жайын сурасаң, 
Бука моюн, буура сан 
Булкушканды куураткан. 
Калмактардын боз кисе * 
Жылма болгон чоң Жолой 
Жылаңач белге чалыптыр, 
Алтымыш теке терисин 
Сырттан кылган кандагай * 
Аны кийип алыптыр. 
Каарданып бакырып: 
«Чык балбан», — деп чакырып. 
Карыпчыны камынып, 
Көрөр болсоң Жолойду 
Көк камандай чамынып, 
Алышканды алгыдай 
Адамдан бөлөк бул Жолой 
Беттешкендин барысын 
Узунунан салгыдай, 
Кармашып бенде баргысыз,

«Катылышам» — деген жан 
Өлбөй тирүү калгысыз. 
Туурасы жоон, бою бас, 
Боз жалпак тарткан жыластын 
Бүткөн бою кара таш. 
Көрсө көңүл бөлүнөт, 
Көрөр болсоң Жолойду 
Көк дөбөдөй көрүнөт. 
Калмактардын кан Жолой 
Балакетти салганы: 
«Казыр чыккын мага», — деп, 
Жерди чапчылаганы. 
Капыр менен мусулман 
Карчалышып турганы. 
«Балбанга Жолой чыкты, — деп, 
Кандай туулган мыкты», — деп, 
Карап турду жарданып, 
Кан Жолойго таңданып. 
Көкөтөйдүн ашында, 
Көп мусулман барысы, 
Айран калды Жолойго 
Кошой баштык карысы: 
«Беттеп адам барабы? 
Беттешкен аман калабы?» — 
Кыргын болчу эмедей 
Кызык болду барысы. 
Как майдандын түбүндө, 
Кан Манастын зор ордо 
Калк ортого тигилген, 
Бир жагына ордонун 
Манас баштык кырк чоро 
Оюн баштап жаткандай, 
Бир бурчуна ордонун 
Аккула менен кырк тулпар 
Байлап койсо баткыдай. 
Бир жагына кырк чоро 
Ойноп ордо аткыдай. 
Кабарчысы береги, 
Кырк чоронун ичинде, 
Кабар айтар Сереги, 
Көкжал шердин өзүнө 
Ошо Серек барганы. 
«Келди Жолой балбан», — деп, 
Кабар айта салганы. 
Бул кабарды укканда

Жаадай учуп ордунан, 
Жалаңкычтай эр Манас 
Шашып-шушуп көкжалын 
Аколпок тонун кийди эле, 
Айбанбозду минди эле, 
Кайнап жаткан көпчүлүк — 
Колго карай жүрдү эле. 
Кырк чоронун барысы, 
Өлүмдөн коркпос жыластар 
Кызык болуп барысы, 
Ажыбай, Бакай эки кан, 
Алмамбет, Чубак эгиз эр, 
Серек, Сыргак тегиздер, 
Каражолтой канкордун, 
Калк чайкаган анткордун, 
Күтүп алган чоросу. 
Ар кайсысы эгизден 
Кыргылчал, Бозуул, Кутунай — 
Кан Манастын кырк бөрү 
Камбылдагы ушундай. 
Айбанбоз минип калдайып, 
Ачууланып эр Манас 
Ачайкырык салды эле, 
Кырк чоронун барысы, 
Кыргыл, Бакай карысы: 
«Жоо кайдалап?» — ошондо 
Даяр болуп калды эле. 
Кырк чоро карап турганда, 
Манас буйрук кылды эми: 
«Байге алганы чыгыптыр, 
Тапкын Жолой дарысын, 
Барып жыйып, айдап кел, 
Дин мусулман журтунун 
Дөө алпынын барысын». 
«Айт» дегенде кыйт койгон 
Чорону кудай урабы? 
Айдап келбей Манаска 
Чоролор карап турабы? 
Он эки кан мусулман, 
Алп — дөөлөрдүн барысын 
Арстан Чубак, Алмамбет 
Койбой айдап калганы. 
Канкор эрдин алдына: 
«Каалаган алптар мына», — деп, 
Чубатууга салганы.

Он эки кандын бары бар, 
Ортосунда калдайып 
Аксакал Кошой дагы бар. 
Кутпа жагы бетинен, 
Оң кол жак быяк четинен, 
Кандын 2 жээни Жүгөрү 
Жоору көр тулпар аты бар, 
Бенденин алпы каркыбар. 
«Катылганды жейсиң сен, 
«Алп — дөөлөрдүн барысын 
Тынбай алты ай урушуп, 
Алып салдым дейсиң», — сен, 
Күпүлдөп жооп кебиң бар, 
Күрөшө турган эбиң бар. 
Капыр менен мусулман 
Тирелишкен жер экен. 
Балбанга чыгып отурган, 
Балбан Жолой эр экен. 
Көп жыйындын кашы экен, 
Көкөтөй кандын ашы экен, 
Көп ичинде, Жүгөрү, 
Бир керекке жарап бер. 
Көкөтөйдүн көп байге, 
Мындай кызык кайда бар. 
Эки өркөчүн коркойтуп, 
Өрдөктөй мойнун койкойтуп, 
Төөдөн сайды бир миңди, 
Бары тегиз капкара, 
Маңдайында кашкача. 
Бээден сайды бир миңди, 
Анжыяндын аркары жоон сарала 
Таңыгы менен сайыптыр. 
Көкөтөйдүн санаты 
Жер үстүндөгү адамдан 
Кайдан чыга калыптыр. 
Сен кандайсың балбанга, 
Жыгып мөрөй алганга? 
Опол тоодой чоң Жолой. 
Түп этектен алууга, 
Эптеп кармап чалууга,

Сен кандайсың барууга?» 
Жолу болгон Жүгөрү 
Эси чыгып шашканы, 
Жоору көрдөй тулпардын 
Үстүнөн түшө качканы. 
«Астыңа тартуу берейин 
Жоорукөр тулпар малымды, 
Куткарамын жанымды. 
Жолойго барсам оңбоймун, 
Журтка шылдың болбоймун, 
Ачууң келсе, баатырым, 
Кылычың колго алыңыз, 
Күрөшпөйт десең Жолойго 
Кылычтап башым алыңыз. 
Өз колуң менен, баатырым, 
Жерге көмүп салыңыз! 
Калайманды баштаса, 
Калмактын каны чоң Жолой 
Кармап тытып таштаса, 
Жарты татаал кыядан, 
Жалгыз элем уядан, 
Элим алыс, журтум жок, 
Ушундай экен дүйнө бок, 
Өлүп калсам калмактан, 
Чуркаарыма бутум жок, 
Жыланга чалыш мен элем, 
Шыйпанаарга куйрук жок, 
Куланга чалыш мен элем, 
Тоодой Жолой капырга 
Күрөшпөйм, Манас, күрөшпөйм! 
Башымды өзүң кесип ал, 
Мен барбаймын тегеле. 
Күркүрөгөн капырга». 
«Кандын жээни Жүгөрү

Катын кайрат, суу жүрөк 
Жара жерге кирсин!» — деп, 
Канкор Манас кабылан 
Кадыры жаман калды эми. 
«Жаманды кудай жан кылбай 
Алып салса боло», — деп, 
Андан ары өттү эле, 
Таздын уулу эр Үрбү 
Эр Үрбүгө жетти эле. 
«Эки Кемин жердеген, 
Эсеби жок чечен эр деген,

Күрүчүн күздүк айдаган, 
Күрүчүнүн күрмөгүн 
Күлүккө берип байлаган. 
Кара тилин кайраган, 
Кан алдында сайраган, 
Кара үңкүрдү үй эткен, 
Кара токой мал эткен. 
Эйбит таздын эр Үрбү, 
Сен кандайсың балбанга, 
Тоодой болгон Жолойго 
Бир серпишип калууга?» 
Баатырлыгын байкап бил, 
Барынан жаман качты эми. 
«Үрбү болбой жерге кир!» 
Анда Үрбү муну айтат: 
«Кокуй, канкор, не дейсиң? 
Налат канкор не дейсиң? 
Жарды жүрүп байыдым, 
Жалгыз жүрүп көбөйдүм, 
Кулаалы багып куш кылдым, 
Курама жыйып журт кылдым, 
Телик куш багып куш кылдым, 
Тентиген жыйып журт кылдым. 
Байгесин мен албаймын, 
Калмагыңа барбаймын. 
Жолойго барам деп бөөдө, 
Өлүм болуп калбаймын. 
Жолоюн кармап албайбы, 
Башымды үзүп салбайбы, 
Мен өлгөндө жыйган журт 
Сан карасын чачпайбы, 
Сапырылып баарысы 
Тарап алып качпайбы. 
Кулаалы кетер жерине, 
Курама кетер элине, 
Телик куш кетер жерине, 
Тентиген кетер элине. 
«Күрөш, — десең, — калмакка», 
Үрбүнүн бели сынбайбы, 
Үрбүнүн бели сынган соң, 
Журтумду кудай урбайбы. 
Үрбү туруп түгүлдү, 
Үрбүнү көрүп эр Манас, 
Эр Үрбүдөн түңүлдү. 
Ары карай өттү эле.

Казактардын кан Көкчө, 
Кан Көкчөгө жетти эле: 
«Адырдуу талаа Сары-Арка, 
Ал жерлерди жердеген 
Көкчө менен Манас дейт. 
Айдаркандын эр Көкчө 
Сары-Арканы жердеген, 
Салмагын, оор эр деген. 
Иткелдүү сорпо, майлуу эт, 
Мен каалап алам өлүп кет. 
Таруусун таштай актаган, 
Катынын кыздай мактаган, 
Беттешип бенде барбаган, 
Айдаркан уулу алп Көкчө 
Эңкейтип адам албаган, 
Калк атасы Көкөтөй, 
Көкөтөйдүн ашы экен, 
Көпчүлүктүн кашы экен, 
Сен кандайсың балбанга? 
Жолу каткан Жолойго 
Бир беттешип калууга, 
Жыгып мөрөй алууга? 
Казактардын кан Көкчө, 
Каалап турам балбанга, 
Калмактардын Жолойго 
Күрөш кылып барганга, 
Арыстандай сүрүшүп, 
Ач бөрүдөй жулушуп 
Мунтип намыс алганга. 
Кыймылдатпай, камынтпай, 
Камтый кармап алганга, 
Кара жерге салганга». 
Безге сайган эмедей, 
Безилдеди эр Көкчө: 
«Сары-Арка деген жерим бар, 
Сары-Арканы жердеген 
Сандаган казак элим бар. 
Жолойго салып Көкчөнү 
Кылайын деген экенсиң, 
Сала берип жолборско 
Тынайын деген экенсиң, 
Сары-Аркадай жеримди 
Алайын деген экенсиң. 
Аким болуп казакка 
Калайын деген экенсиң.

Кокуй, Манас, кордугуң, 
Күрөш деп турган зордугуң. 
Басып барсам мен Көкчө, 
Калмактардын чоң Жолой 
Башымды үзүп албайбы. 
Алакандай мусулман 
Намысы кетип калбайбы». 
Анда Манас муну айтат: 
«Баатыр Көкчө деп жүрсөм, 
Катын Көкчө экенсиң. 
Аябаган эң чабал 
Бакыр Көкчө экенсиң. 
Көп жер менен салышып, 
Көнгөн Көкчө деп жүрсөм, 
Өлгөн Көкчө экенсиң. 
Кыяматты сен эчак 
Көргөн Көкчө экенсиң. 
Ышкы жокто, ыйман жок, 
Намыс жокто, ары жок, 
Сени кудай урабы? 
Жан алуучу жалаңкыч 
Ал калмактын жанында 
Жанаша бирге турабы?» — 
Каарданып жемелеп, 
Кан Көкчөдөн өттү эле, 
Эштектердин Жамгырчы 
Жамгырчыга жетти эле: 
«Жети-Өзөндү жердеген 
Жеткилең кыйын эр деген, 
Аккөкүл тулпар ат минген, 
Эштектерге дөө болгон, 
Качкан-бозгон калыкка 
Кан Жамгырчы ээ болгон. 
Баатырдыгың башкача, 
Балбандыгың бир канча, 
Кынсыз кылыч байланган, 
Жердин үстүн түгөтүп, 
Жортуп жүрүп айланган, 
Эр Жамгырчы кыраакым, 
Эрдиги журтка сынаакым, 
Кан Көкөтөй ашында, 
Калың жыйын кашында 
Жолой менен беттешип, 
Кармалашып калганга, 
Сен кандайсың балбанга?

Мусулмандын арбагын

Бир көтөрүп салганга?»

Мына ошондо Жамгырчы

Көзү кетти алактап,

Буту кетти салактап,

Билегинен сап кетип,

Жүрөгүнөн кан кетип,

«Оо, Манас, журт атасы Көкөтөй,

Көкөтөйдүн бул тоюн

Көргөлү келген экенмин,

Көр дүйнөгө кабылып,

Көкжалым сенин өзүңдөн

Өлгөлү келген экенмин.

Кашайта көзүм оюп сал,

Колуң менен союп сал.

Мен Жолойго барбаймын

Балаасына калбаймын».

Жамгырчы качып балбандан

Аны да кудай алды эми.

Андан ары канкор шер

Эр Төштүккө барды эми:

«Эр Төштүк сага кезигип,

Жок экен менин арманым,

Жаралган алптын сырттаны

Жарашыктуу балбаным.

Алакандай мусулман

Сырттаны элең сен Төштүк,

Алакандай мусулман

Кутманы элең, сен Төштүк.

Найзакерден эрендин

Ыктуусу элең, эр Төштүк.

Алакандай мусулман

Мыктысы элең, Эр Төштүк.

Эрдикти эпсиз салып бер, Төштүк,

Мен айткан жакка барып бер, Төштүк,

Балбанга башың тыгылсын, Төштүк,

Алышкан калмак жыгылсын, Төштүк,

Тогуз бир уулдун кенжеси, Төштүк,

Бир кудайдын бендеси, Төштүк,

Элемандын эркеси, Төштүк,

Күн тийген чөлдүн чатыры, Төштүк,

Дин мусулман баатыры, Төштүк,

Оң далың опсуз кең кылган, Төштүк,

Жараткан сүйүп шер кылган, Төштүк,

Жалпы журтка эр кылган, Төштүк,

Тан, атар салкын бозумсуң, Төштүк. 
Жаныма жакын досумсуң, Төштүк, 
Алты айлык чөл көргөн, Төштүк, 
Адам көрбөс жер көргөн, Төштүк, 
Улуктурсуң, шердирсиң, Төштүк, 
Катуу кыйын түйшүккө 
Бир чара таап эрдирсиң, Төштүк, 
Чалкуйрук тулпар минип бер, Төштүк, 
Айтканымды билип бер, Төштүк, 
Чоң Жолойго кирип бер, Төштүк, 
Кан Көкөтөй ашы экен, Төштүк, 
Калың жыйын кашы экен, Төштүк, 
Байгеси арбын, олжо көп, Төштүк, 
Эр болсоң ишке канып бер, Төштүк, 
Опол тоодой Жолойду 
Узунунан салып бер, Төштүк, 
Калмактын Жолой балбанын, Төштүк, 
Күрөшүп кызык салып бер, Төштүк, 
Алп-дөөлөр карап бу турсун, Төштүк, 
Дин истам эли чуу турсун, Төштүк, 
Эригип турган элиңди

Эми көөнүн чечип бер, Төштүк. 
Энеси талак чочконун 
Эптеп башын кесип бер, Төштүк, 
Көтөрө уруп сала көр, Төштүк, 
Көкөтөйдүн көп байге 
Өзүң жеке ала көр, Төштүк, 
Долдойгон бопбоз калмакты 
Толгоп бир кыя чала көр, Төштүк. 
Толгоп бир кармап жыга көр, Төштүк, 
Топого башын тыга көр, Төштүк, 
Көмүрдөй таптап баса көр, Төштүк, 
Көөдөндөн аттай кача көр, Төштүк, 
Кармашып түпкө жете көр, Төштүк, 
Аттап бир башын кете көр, Төштүк, 
«Төштүгүбүз жыкты», — деп, 
Мусулман журту сүйүнсүн, Төштүк. 
«Төбөңдөн тийген кантет», — деп, 
Капырдын калкы күйүнсүн, Төштүк. 
Кармашкан Жолой түз болсун, Төштүк, 
Акыр заман журтуна 
Айтылгандай иш болсун, Төштүк, 
Кулактан кармап булкушкун, Төштүк, 
Кулжуңдашып жулкушкун, Төштүк, 
Багелектен алышкын, Төштүк,

Балбандарча чалышкын 3 , Төштүк, 
Катуу кайрат кыла көр, Төштүк, 
Капча кармап калмакты 
Тоо кулаган эмедей 
Калдайтып жерге ура көр, Төштүк, 
Кыйыктуу жерге сүзө көр, Төштүк, 
Кыйла сөз айттым биле көр, Төштүк, 
Кыйыгы менен кире көр, Төштүк, 
Алп күчүңдү сала көр, Төштүк, 
Кааладым сени бара көр, Төштүк, 
Калмакка бүлүк сала көр, Төштүк, 
Желкеден алып жыга көр, Төштүк, 
Баткакка башын тыга көр, Төштүк, 
Алдырып салсаң калмакка 
Аябаган жаман ат, Төштүк, 
Мусулман көөнүн тындыргын, Төштүк, 
Капырдын белин сындыргын, Төштүк, 
Айттым намыс ала көр, Төштүк, 
Балбанга басып бара көр 4 , Төштүк, 
Эр намыстан өлүүчү, Төштүк, 
Намысы жок арамдар 
Өлбөгөн күндү көрүүчү, Төштүк, 
Баатыр болсоң көк болгун, Төштүк, 
Балбанга буюруп мен турам, 
Бары-жокко бек болгун, Төштүк, 
Жолойдун белин сындырсаң 
Жонуңдан кайрат кылайын, Төштүк, 
Көкөтөйдүн сан байге 
Талап алып тынайын, Төштүк. 
Артык эптүү эренге 
Аркаң тийсин ошого, Төштүк, 
Алтыдан атан дөө алсын, Төштүк 
Алалбаган кополдор 
Аңырайып жөө калсын, Төштүк». 
Манас мындай кордуктап, 
Сырттан тууган Төштүктү 
Күрөшкө түш деп зордуктап,

Төштүктү мындай дегенде, 
Алптарды кудай урганы, 
Кайраты качып зирилдеп, 
Кан Манаска жолобой 
Качып жүрөт зирилдеп. 
Алптар шашып антаңдап, 
Алптарды кудай урганы. 
«Кара жолтой бул канкор 
Кокус кармап алат, — деп — 
Айтканына көнбөсөк, 
Кордук кылып бул башка 
Такыр чаап салат», — деп 
«Балбанга түш» — деп Төштүктү 
Баатыр Манас күркүрөп, 
Көрүп турган алптардын 
Бүткөн бою дүркүрөп. 
Элемандын эр Төштүк 
Чалкуйруктун үстүнөн, 
Чайыңги тондун астынан, 
Тизеси жерге бүгүлүп, 
Чуркап түштү жүгүрүп, 
Окоро түйгөн чылбырды 
Моюнуна салганы, 
Канкор шердин алдына 
Чалкуйрук тартып калганы: 
«Баатыр Манас көкжалым, 
Капыр менен мусулман 
Кайнап турган жеринде 
Каарданып бир атсаң 
«Балбанга айтсам түшпөйт», — деп, 
Канымды төксөң мен мына. 
Түшпөй турган себебим, 
Ырдап берем ырымды, 
Ыймандай айтам сырымды, 
Бар десең Манас барайын, 
Балбанга түшө калайын, 
Сенин шагың сынгыча, 
Өлсөм өлүп калайын. 
Айыкпай жүргөн жарам бар, 
Айыкпаган балаам бар. 
Жер алдына түшкөнүм 
Жети жылдар болду эле, 
Жер үстүнө чыкканым 
Жети күнгө толо элек. 
Жер астына түшкөнүм

Алты жылча болду эле, 
Жер үстүнө чыкканым 
Алты күн араң болду эле. 
Менин каным калды бир кашык 
Этим калды көк жашык. 
Чарпыша турган чамам жок, 
Алыша турган айлам жок, 
Кыйла айтар кебим бар, 
Устукан сөөктө кемим бар. 
Жер алдына барганда 
Алпкаракуш зымырык 
Чын достошуп алганда, 
Канатка салып көтөрүп, 
Кыяматтан өткөрүп, 
Бери карай чыгарда, 
Сүйлөсө далай кебим бар, 
Жырткыч ылдый бүгүлүп, 
Жылма болгон Төштүгүң, 
Жыргалдуу жандан түңүлүп, 
Алапайым табалбай, 
Такымымдын чуңкур эт 
Аяктай кылып колума 
Алган жерим дагы бар. 
Алп каракуш оозуна 
Салган жерим дагы бар. 
Такымдан калмак албайбы, 
Дардайтып жыгып салбайбы, 
Уруучу кудай урбайбы, 
Мусулман шагы сынбайбы, 
Жаралуу такым этимди 
Кармаса калмак жулбайбы. 
Сүлдөрүм бар, алым жок, 
Опол тоодой капырга 
Сүрүшө турган алым жок. 
Күркүрөп Жолой жеткенде, 
Күрпөңдөшө кеткенде, 
Кудайга үнүм угулат. 
Такымга тепсе чоң Жолой 
Томпоюп Төштүк жыгылат. 
Каардуу калмак кармаса 
Кабыргам кетер бөлүнүп. 
Ал калмактан жыгылса, 
Арстан туулган Төштүгүң 
Өлөр түрү көрүнүп. 
Бул тилиңди албаймын,

Бул Жолойго барбаймын. 
Капыр менен мусулман 
Калайыктын алдында, 
Калдайып Төштүк жыгылып, 
Калың кара мусулман 
Убалына калбаймын.

  • Түп нускада «айбатын» деп ката жазылган. ↑

  • Түп нускада «Кан» деп жазылып, муун жетпей ырдын ыргагы бузулган. Туруктуу формула катары «Кандын жээни Жүгөрү» деп башка жерлерде колдонулгандыктан ошол боюнча калыбына келтирилди. ↑

  • Түп нускада «алышкын». Мындай болгондо мурдагы ыр сабындагы сөз кайталанып көркөмдүк төмөндөйт. Кыязы, катчы «Балбандарча чалышкын» дегендеги биринчи сөздүн аягындагы, экинчи сөздүн башындагы «ча» лардын катар келишинен чаташкан. Муну кийин аңдаган катчы өзү 1938-жылы жарыялаган эпостун текстинде «чалышкын» деп оңдогон. ↑

  • Түп нускада «бара кой», бирок ырдын уйкаштыгы, логикалык ырааттуулугу боюнча бул жерде «көр» деген сөздүн келгени зарыл кыязы, жазуу учурунда, абайсыздыктан кеткен ката.