КИРИШ СӨЗ

Түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири «Эр Төштүк» 1 . Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу, версиялуу чыгарма. «Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү элдердин бир катарында (түмөндүк татарларда, казактарда) жолугат. Булардын ичинен С. Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос «Сырттан Төштүк» классикалык үлгүсү болуп саналып, орус француз 2 сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн элдерге белгилүү боло баштады.

«Төштүктүн» ар кыл варианттарынын, версияларынын негизги сюжеттик линиясы, борбордук каармандарынын атынын окшош болушу, ал турсун айрым учурда бири-бири менен тексттик дал келиши алардын генетикалык бир негизге жатарын көрсөтөт. Дегинкисин айтканда, Борбордук Азия, Түштүк Сибирдеги түрк-монгол элдеринин көптөгөн эпосторунун сюжеттери, мотивдери жана образдары окшош, типтеш келишип, баяндама фольклордун бирдиктүү ареалын түзүшөт. Кыргыздын «Төштүк» эпосу жеке аталган ареалдагы эпикалык чыгармалар менен 
жакын турбастан, өзүнүн тарыхый өсүп-өнүгүш жолунда Орто-Азия, Иран элдеринин фольклордук чыгармаларынын көптөгөн элементтерин өз боюна сиңирген 3 .

«Төштүк» чыгармасынын эл арасында популярдуу болуп түрк тилдүү, тектеш элдерде кеңири тарашы өткөн кылымда эле окумуштуулардын көңүлүн өзүнө 
буруп, алар тарабынан тексти кагаз бетине түшүрүлүп, илимий көз караштар айтыла баштаган. Европалык окумуштуулардын ичинен «Төштүккө» биринчи болуп 
назар салган академик В. В. Радлов өзүнүн «Образцы народной литературы тюркских племен» — деген көп томдуу, атактуу эмгегинин IV томуна Батыш Сибирдик татарлардын «Йир Тошлык» жөө жомогун, V томуна Кыргыздын баатырдык архаикалык эпосун жарыялап жана ушул томдун кириш сөзүндө эки чыгарманын сюжеттик системасын салыштырып карап, жалпылыгын белгилеген. «Төштүктү» андан ары изилдөө, жыйноо Г. Н. Потаниндин фольклористтик ишмердиги менен байланышкан. Ал «Төштүк» жомогун англо-франктын, Кавказдын, Монголдун, славяндын фольклордук чыгармаларынын сюжеттери менен салыштырып: «...бул жомоктун варианттары (типтеш мотивдери — Р. С.) Монголиядан тартып Батыш Европага чейинки бүткүл аралыкка тараган» 4 — деп белгилеген. Бул изилдөөлөргө бурят окумуштуусу М. Н. Хангаловдун «Балаганский сборник» деген эмгегин кошсок болот. Анда буряттардын «Гесер» эпосунун айрым эпизоддору «Төштүккө» салыштырылган 5 . Эпостун чыгыш теги, жанрдык мүнөзү жөнүндө айрым байкоолор советтик доордо П. А. Фалев 6 В. М. Жирмунскийдин 7 эмгектеринде жолугат X. Г. Короглы эпостун мотивдеринин семантикасын, образдарын Иран мифологиясы менен байланыштуу караган 8 .

Советтик доордо эпосту калк арасынан жазып алуу, жарыялоо жана изилдөө өтө интенсивдүү жүргөнүн белгилей кетүү адилеттүүлүккө жатат. Бул ишти алгалоодо улуттук интеллигенциянын өз элинин көркөм маданиятын изилдөөдө кадимкидей илимий деңгээлге өсүп жетиле келиши да өз салымын кошкон. Азыркы учурда 
эпостун улуттук (кыргыз, казак, татар) варианттарынын түрдүү эпикалык версияларына, түрдүү проблемаларына арналган көптөгөн эмгектер жаралган.

Казактардын «Ер Төстик» жомогу М. Ауэзов, А. Маргулан, М. Габдулин, А. Коңратбаев, Р. Бердибаев, С. Саырбаев ж.б. эмгектеринде каралса, татарлардын «Йир 
Тошлик» Ф. А. Ахметованын, Ф. И. Урманчеевдин ар түрдүү эмгектеринде анализге алынган. Аталган окумуштуулардын эмгектерин жалпылай келгенде эпостун негизинен генезиси, жанрдык өзгөчөлүгү жана ар түрдүү улуттук версияларынын сюжеттик параллели изилденгенин көрөбүз.

«Эр Төштүктү» кыргыздар өздөрү ушул кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып кагаз бетине түшүрө башташкан. Чогултулган материалдарга таянганда чыгарма эл арасында кара сөз менен айтылган жомок жана чылк ыр менен айтылган баатырдык архаикалык эпос түрүндө параллель жашап келгенин көрөбүз. Булардын ичинен Ж. Жамгырчы уулу 9 , Ы. Шамен уулу 10 , Ж. Казакбай уулу 11 тапшырган материалдар кара сөз түрүндө айтылган жомоктор. Булардын бардыгы Кыргызстандын түндүк регионунда жашаган өкүлдөрдөн жазылып алынган. Ошондуктан К. Мифтаковдун түштүктө «Эр Дөштүк» эң көлөмдүү эпос болуп айтылып келгени жөнүндөгү маалыматы өзгөчө кызыкчылык туудурат 12 . Чыгарманын чылк ырдан турган баатырдык архаикалык вариантын 1937-жылы улуу манасчы Саякбай Карала уулунан кыргыздын чоң фольклорист – жыйноочусу Ыбрай Абдрахман уулу жазып алган 13 . Эпосту изилдөөчү С. Кайыповдун так эсептөөсү боюнча бул варианттын толук тексти 16559 сап ырдан турат, б.а. кыргыздын башка кенже эпосторунун эч бирин көлөм жагынан астына салбайт, дегинкисин айтканда, жалпы эле түрк элдеринин эпосторун көлөм жагынан эң ирдүүсү «Төштүк». Мисалга салыштырып көрүңүз: казактардын «Кобланды баатыры» 6490 сап ыр, алтайлыктардын «Маадай карасы» 7735 сап ыр, хакастардын «Алтын Арыгы» 10371 сап ыр, өзбектердин «Алпамышы» он төрт миңге жакын сап ыр. Бул эпостор аталган элдердин эпикалык чыгармаларынын эң көлөмдүүлөрү болуп саналат. Кантсе да «Төштүктүн» башка элдерде жомок түрүндө ал эми бизде эң көлөмдүү эпос болуп айтылышы кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыкка өтө ыкташып кеткенин дагы бир жолу ырастап турат. Ырас, кыргыздын башка кенже эпосторуна жана «Төштүктүн» өзүнүн жомоктук варианттарына салыштырганда ыр менен айтылган эпостук варианты азыр сейрек учурайт, болгону революцияга чейинки В. В. Радлов жазып алган жана С. Каралаев айткан эки вариант гана илим дүйнөсүнө белгилүү. Бирок, бул, «Эр Төштүк» бир кезекте эл ичинде кеңири белгилүү көп варианттуу эпос болгонун жокко чыгарбайт. Мунун далили катары кыргыз фольклорун алгач изилдөөчү В. В. Радлов «Манас» менен катар атап айтканда, ушул эпосту жазып алышын, К. Мифтаков көрсөткөндөй түштүктө кеңири айтылып келишин Төштүктүн өзү «Манаска» белгилүү каармандардын бири болуп калышын, «Көкөтөйдүн ашы» баяндалган бардык варианттарда анын жер астына түшүшү эскерилишин жана ал эскерилиштерде Төштүк беттешкен жер астындагы персонаждар бири-бирине окшош эмес түрдүүчө аталышын көрсөтүүгө болот. Кийинки мезгилдерде эл арасында «Төштүк» эпосунун варианттарынын сейрек кездеше башташын угуучу аудиториянын табиятка, коомго көз караштарынын улам жаңы баскычка көтөрүлүшү менен көркөм табити да өзгөрүлүп, эпикалык чыгармаларга да жаңыча суроо таламдар кое башташышы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. В. В. Радлов бул тууралуу минтип жазат: «Кыргыз өзүнүн (эпикалык) ырларында кандайдыр бир тири укмуштуу жана коркунучтуу жомоктук дүйнөнү эмес, тескерисинче, ал анда өзүнүн жеке турмушун, өзүнүн жеке сезимдерин жана умтулууларын, коомдун ар бир мүчөсүндө жашаган идеалдарды ырга салганды жогору баалайт14 . «Демек, сюжеттик негизин, системасын мифтик-фантастикалык элементтер түзүп, «тири укмуштуу жана коркунучтуу жомоктук дүйнөнү» сүрөттөгөн «Төштүккө» кийинки кездерде угуучулардын кайсы бир бөлүгү анча ыклас койбой кала башташкан деп болжоого болот. Ошондуктан, анын варианттары да сейрек учуроого өткөн.

Кыргыз илимпоздорунан «Төштүктүн» айрым маселелерине өздөрүнүн макалалары менен С. Мусаев, Ж. Таштемиров, С. Байкожоев, К. Кудайбергенов, Э. Абдылдаев ж.б. кайрылышкан ага алгач ыраттуу кайрылгандардын бири маркум Ж. Субанбеков. Ал бул эпос боюнча алгачкылардан болуп кандидаттык диссертация жактаган, анын ар түрдүү маселелерине кайрылган бир катар макалаларды жарыялаган. Эпостун өзүнө атайы арналган монографиялык эмгектин алгачкысы С. Закировго таандык. Б. Кебекова өз эмгегинде «Төштүктүн» кыргыз-казак варианттарын салыштырып караган. Б. Кебекова эң зор фактылык материалдын негизинде түрк-монгол ж.б. элдердеги «Төштүктүн» генетикалык, типологиялык окшоштуктарын изилдеп чыккан. Бирок, фундаменталдуу ушул монографиясына «Кыргыз, казак акындарынын чыгармачылык байланышы» (Фрунзе, «Илим», 1985) деп жупуну атаган. Чындыгында, эмгекте жалаң кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланышы эмес, бүткүл түрк-монгол элдеринин архаикалык эпикасын (жөө жомогу, баатырдык жомогун, көөнө баатырдык эпосун) «Төштүккө» салыштырып илимий анализ берген.

Кыргыз илимпоздорунун «Төштүккө» кызыгуусу күүсүнөн жана элегине соңку кездерде эле удаасы менен эки (С. Кайыпов, К. Ж. Садыков) кандидаттык диссертациянын окакталышы күбө. Булардын ичинен С. Кайыпов диссертациялык ишин кайрадан иштеп чыгуу менен көлөмдүү монографиясын жарыялаган. 15 Автор китебинде эпикалык сүрөттөөнүн маанилүү көркөм каражаттарын ачуу менен бирге алардын эпостун көркөм мазмунундагы ролун анализдеп чыккан. «Эр Төштүктүн» поэтикалык каражаттары башка түрк элдеринин ар кыл жанрлуу эпикалык эстеликтери — казактардын, Батыш Сибирдик татарлардын «Эр Тештик» («Йир Төшлик») жөнүндөгү баатырдык жомоктору менен салыштырма анализ жүргүзүшү эмгектин салмагын бир кыйла арттырган. Автор мында эпостун поэтикалык структурасынын жанрдык — стадиалдык жана улуттук спецификалык элементтерин ачууга айрыкча көңүл бурган.

Эмгектин дагы бир артыкчылыгы азыр библиографиялык сейректикке айланган (айрыкча, кыргыздардын эч бири өз кезегинде кабарсыз болгондуктан алардын 
колуна тийбеген) В. В. Радлов жарыялаган «Төштүктүн» тексттин азыркы кыргыз алфавитине транслитерациялап, орусча илимий котормосун берүү менен бирге 
(орус тилине изилдөөчү С. Кайыпов өзү таржымалалаган), азыркы фольклористикалык-текстологиялык жетишкендиктеринин деңгээлинде, тексти териштирип, 
комментарийлер менен жабдышы болду.

Дүйнө элдеринин фольклордук чыгармаларынын типологиялык окшоштугу жөнүндөгү маселени чечүү ар убакта актуалдуу боюнча кала бермекчи. Анткени мындай изилдөөлөр фольклордук чыгармалар чексиз вариациялана берерин, типологиялык жалпылыкка ээ болуу менен бирге аларды мыйзам ченемдүү бирдиктүүлүгүн ачып көрсөтөт. К. Ж. Садыков ушул маселеге кайрылган.

С. Каралаевдин айткан варианты боюнча «Төштүк» мындан мурда төрт сапар жарык көргөн. Аларда тексти жарыялоонун деңгээли ар кандай. Муну мындай жөнөкөй фактыдан да абайласа болот. Айтуучунун оозунан жазып алынган толук текстти 16559 сап ырдан турса, 1938-жылкы жарыяланышы 16017 сап ырдан, 1956-жылкы жарыяланышы 12311 сап ырдан, 3-4-басылыштары (1969, 1981-ж.) 14154 сап ырдан турат. Демек, түп нуска ар түрдүү кыскартууга туштугуп жарыяланган, анын үстүнө текстке түзүүчүлөрдүн кийлигишүүсү мол (айрым ыр саптары, сөздөрү өзгөртүлүп, башка менен алмаштырылган, түп нускада эч кезикпеген айрым ыр түрмөктөр, саптар киргизилген). Аталган жарыяланыштардын ичинен анча кыскартылбай, текст, оңдоого аз учурап түп нускага жакын турганы 1938-жылы Ыбрай Абдрахманов түзүп жарыялаган китеп. Мында кыскартуулар айрым кайталоолордун эсебинен жүрүп, диний терминдер, уяттуу эсептелген айрым сөздөр гана оңдолгон. Ал эми кийинки басылыштар жөнүндө муну айтууга болбойт, түзүүчүлөрдүн кийлигишүүсү өтө арбын. Келки-келки ыр саптарын, ал турсун бүтүндөй эпизоддорду кыскартуу диний терминдерди, эл-жер аттарын өзгөртүү, түп нускада жок ыр саптарын киргизүү сыяктуу фольклористика — текстология илимине жат, орой бузууларга жол берилген. Ырас, мындай «тазартууларга», «оңдоолорго» жол берген китепти түзүүчүлөрдү күнөөлөө да бир жактуу болор эле. Алар өз заманынын адамдары катары ошол кезде үстөмдүк кылган идеологиянын талаптарын аткарышкан, өз заманынын суроо-таламдарына ылайык ак ниеттери менен эпосту «жакшыртышкан».

Биз азыркы басылышты мүмкүн болушунча фольклористикадагы текстология илиминин азыркы кездеги теориялык-методологиялык жетишкендиктерине таянып, илимий басылышка ылайыкташтырдык. Анткени мындай басылышка бир жагынан эпосту изилдөөчү окумуштуулар муктаж болсо, экинчи жагынан азыркы кыргыз окурмандары ар кандай көркөм чыгарманы ошол чыгарманы жараткан замандын эстетикалык табитине, идеологиялык көз караштарына жараша тарыхый-адабий баа бере талдап окуй алышка жарамдуу.

Биз латын тамгасы менен жазылган түп нускадагы бүткүл тексти катуу тартипте (тамгасына тамга бойдон) азыркы кыргыз алфавитине транслитерациялап чыккандан кийин, аны фольклордук-текстологиялык илимий көз караштан кайрадан талдап, жазуу учурунда айтуучу же катчы тарабынан кетирилген кемчиликтер белгиленип, керек учурда четте тилди, бирок анын баары өз ордунда шилтемдер аркылуу атайы көрсөтүлүп жүрүп олтурулду. «Эр Төштүккө» текстологиялык анализ жасоодо ушул эле айтуучу С. Карала уулунан ушул эле катчы Ы. Абдрахман уулу жазып алган «Манастын» вариантынын 1981—1984-жылдары кыскартылган түрдөгү 5 томун, 1994—1995-жылдары академиялык басылышынын 2 томун жарыялоого катышкан тажрыйбабызга да таяндык. Айтуучунун тилиндеги диалектикалык өзгөчөлүккө таандык айрым сөздөрдү аны менен салыштырылып такталды. Айталы, адабий тилде сөз башындагы «п» тыбышы «б» менен («пери» эмес «бери», «пир» эмес «бир» ж.б. ) же «м» менен («перзент» эмес «мерзент») эки эпосто тең бирдей. (Катчы мындай сөздөрдү бирде «п» бирде «б», «м» менен жазат.) Ошондой эле айтуучу этиштин өткөн чагындагы «ну» мүчөнүн ордуна «лу» (мис., «болгону», «келгени», эмес «болголу», «келгели») деп колдонушу да анын тилиндеги диалектилик өзгөчөлүк катары сакталды. Катчыга мүнөздүү кемчиликтердин бири — созулма үндүү менен кыска үндүүлөрдү орун алмаштырып жазуу (мис., «уучунун» ордуна «учуу», «баруучу» «конуучунун» ордуна «баручуу», «конучуу»). Биз көзүнүн тирүүсүндө көп эле бирге болуп баарлашкан Саякбай аксакал мындай сөздөрдү адабий тилдин нормасында эле сүйлөөчү. Анын айтуусундагы (ишенимдүү болсун үчүн) теле-радиодогу тасмалардагы жазылыштарды кайталап угуп, катчыдан кеткен жогоркудай кемчиликтер китепте четтетилди.

Р. САРЫПБЕКОВ

М. МУКАСОВ

  • Эр Тоштюк. Киргизский народный эпос. Фр., 1955 г. ↑

  • Aventures mervilleuress Seus terre et ailleurs de Er ToshtЇk Parus, 1965. ↑

  • Короглы. Взаимосвяэи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана. М., 1983, с. 45. ↑

  • Потанин Г. Н. Восточные мотивы в средневековом европейском эпосе. М., 1899, с. 68. ↑

  • Хангалов М. Н. Балаганский сборник: Сказки, поверья и негкоторые обряды у северных бурят. Томск, 1903, с. 260, 272. ↑

  • Фалев П. А. Введения в изучение тюркских литератур и наречий. Ташкент. 1922., с. 17. ↑

  • Жирмунский В. М. Народный героический эпос. М. Л., 1962, ю. 201. ↑

  • Короглы X. Т. Взаимосвязи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана. М., 1983, с. 45. ↑

  • Эр Төштүк жазган Жума Жамгырчы уулу, КРУИА КФ. инв. № 14 (207), 1—20 б. ↑

  • Көчпөс бай (Эр Төштүк). Жыйнаган Ыйманбек Шамен уулу. КРУИА КФ инв. № 8 (201), 87-108-б. ↑

  • Элеман байдын Төштүгү (жомок). Жазган Жанжигит Казакбаев. КРУИА КФ инв. № 629 (52—67). ↑

  • Сырттан Төштүк. Айткан С. Каралаев. Жазган Ы. Абдрахманов. КРУИА КФ. инв. № 18, 48, 54. ↑

  • Мифтаков К. «Манас», «Семетей» эпостору боюнча Ноокат экспедициясынын материалдары. КРУИА КФ. инв. № 1767. ↑

  • Радлов В. В. Образцы народной литературы северных тюркских племен. Наречие дикокаменных киргизов., — Спб. 1885, с. VI. ↑

  • Кайыпов С. Проблемы поэтики эпоса «Эр Тештюк». Часть 1 Гиперболй, Сравнение. Фр., 1990., с. 117.